Биз өлбөстүккө өттүк

Биз эми өлбөстүккө өттүк дайым
– кыйырсыз кылымдардын өмүрүбүз.
Ааламда жылдыз толуп ошол кезде,
Деңиздер турган эле толкуп –ташып.
Дүйнөдөн өчөөр кезде –
Дүбүртү кылчактатып…

… Кеткенбиз кезип бүтүп тиричиликти,
Кейиште узатты эле жер жандары.
Учканбыз учсуз-түпсүз аалам-жайга,
Угулбай уу-дуу түшкөн армандары.

Деңиздей оодарылып ошол кезде,
Деңиздей калган эле биздин өмүр –
Дүйнөгө агып кирип дайра сымал.

Жадырап калган эле жаздар, жайлар,
Жаш гүлдөр жаңы бүрдөп ачыла албай.
…Кеткенбиз кыйыры жок жолду баштап,
Кеткенбиз кыяматтык жардай таштап.

Кызарбай өчкөн эле күндүн шары,
Кыямат кеткен эле көңүлүбүз.
… Биз эми өлбөстүккө өттүк дайым –
Кыйырсыз кылымдардын өмүрүбүз.

Ырлары Шербет КЕЛДИБЕКОВАныкы

Бул жашоодо канчалаган инсандын бейнесин ачып бердим. Көпчүлүгү окурмандар тарабынан кубаттоого алынып келди. Эсимде мага ачык айтып, менин көз алдымда сын айткан бир гана адам бар эле. Ал журналисттердин төрөсү Алым Токтомушев эле. Мен ал кишинин айтканына ынанчу эмесмин, анткени мен да ал кишиге түз сын-пикирлеримди узатып турчумун. Экөөбүздүн ортобузда жакындыкты үзбөй турган, дагы бир мээрман адам бар эле. Ал Шербет Келдибекова болчу. Кызыгы, Шербет эжекемдин өмүрлүк жубайы, өзү жетелей кеткен Алым Токтомушев да, анын иниси күнүгө 40-50 материалга чейин сайтка чыгарып турган Азизбек Келдибеков да журналист эле. Эмнегедир маараке убагында каалоону эсептебегенде, Шербет Келдибекова тууралуу да, Алым Токтомушев тууралуу да эч нерсе жазылбаптыр.

ООКУМГА ДҮЙНӨ ТЫМЫП, ЖЫЛТЫРАЙТ ТҮПКҮРҮНӨН – УЛУУ ТИРЛИК!

Ошентип карегиңе жашоо күйдү,
Ошентип жүрөгүңдө жашоо жүрдү.
Адамсың, Адамсың да,
Көп ирет өңү түсүң өзгөрүлдү.

Каныңда кайнап турган турмуш ошол,
Өңүңдө жайнап турган турмуш ошол.
Жаныңды тынчытпаган – тирүүчүлүк,
Жарыңдан ысык турган – тирүүчүлүк.

Кыялдай көкөлөгөн турмуш ушул,
Кыялдай өсө берген турмуш ушул.
О, алар – жомок – анын үзүндүсү;
Жазмыштай тороп үнсүз сулк селейет.
Жашоодой толкуп күңгүрт шоорат берет.
Оокумга дүйнө тымып, Жылтырайт түпкүрүнөн – улуу тирлик!

Шербет эжекемди ойлосом, мен кыргыз кыздар поэзиясынын Корифейин эмес, бир тууганым катары ойлойм. Ал өткөн кылымдын 70-жылдары эл оозуна алынып калган кези экен. 2-классты аяктап, жайкы каникулду Шербет эжекем жашаган Панфилова 222-де өткөрүүгө туура келди. Анын мүнөзүн аңдаганга да убакыт жок, азыркы КГБ имаратынын ордунда «Первомайский» деген дүкөндөр болот эле, ошол жерге жетелеп барып үзбөй «мороженое» алып берчү, жетелеп алып бир топ ал мезгилде улуу көрүнгөн 20 жаштын тегерегиндеги кыздардын үйүнө барат элек, кыздар үйгө келер эле. Эми ойлосом кыздар поэзиясы үчүн алектенип жаткан акын кыздар экен. Ар кандай альманахтарга чыгып, теле берүүнүн ар дайым мейманы болуп, СССР мейкиндиктерин кыдырып, өзү да китеп чыгарып калчу. Анан талантты аздектеген, курч калеминен улам 60-жылдардын ортосунда эле элге таанымал болгон Алым Токтомушев менен бирге өмүр сүрдү. Ашып кетсе Алым жездем 8 ай узак жашаптыр. Бирок ал, 2013-жылы ноябрдын аягында Шербетин жоготту. Шербет эжекемдин ал-ахыбалын билип коёюн деп барып калсам Азат, Жалын, Фарида жеңем, Ишен, Гүлайым (үзүлөр менен келди) жездемдин туугандары, үй толо киши бар экен. Шербет эжекем толгон айдай суналып барып, бул жарыкчылык менен биротоло кош айтышты. Түнү бою аны күзөтүп көз ирмебеген Алым жездемди бир аз көз ирмеп алсын дешкен экен, Шербет эжекемдин бул турмуш менен кол үзүшүн жездем абдан оор кабыл алды. Анын ыйын угуп отуруш да каңырыкты түтөтөт. Ошондо Алым жездем жыл айланбай өзү жатып каларын сезди бекен? Алым жезде бир топтон кийин, сооронгон соң: «Эжекең Берметтин жанына койгула деди эле» – дегени бар. Ушул жылы 3-июнда Дамир байкемдин көзү өткөн, Шербет эжекем 2011-жылы 8-июнда көзү өткөн Бермет эжекемдин жанына коюлду. Кызыгы, эки жарым жыл өтсө да так коюла турган жер так Бермет эжекемдин жанына келиптир. Апам бутун операция кылып, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери атам да ошол мезгилде чегинен чыгып, менин жубайым жумушун таштап, биз аларды карап калганбыз. Аларга Шербет эжекем тууралуу айтканыбыз жок, Шербет эжекемди жашырып келген соң гана угузушту. Кийинчерээк, Алини ээрчитип жездем келди, атам, апам, Алым жездем ботодой боздоп жатышат. Ушул элес калыптыр, 8 айдын ичинде жездем менен көп эле жолуктук. Акыркы ирет мен ооруканадан чыгып келгенде келип: «Ой, сен да ооруйсуңбу?» – деп тамашалап кеткен. Мен ойлоп койгом Воронцовкага үйгө барсам Алым жездем менен кенен сүйлөшөрбүз деп. Бирок, Алым Токтомушевди Шербет Келдибекова жетелеп кетти…

Балдарыма айттым, Алым да, Шербет да жөн кишилер эмес, кыргыз элинин таланттары, «Алым, Шербет» адабий фондун түзүп койгула, алардын талантын жайылталы деп. Акыркы мезгилдерде булардын талантын жакындан билген мен да дарыланып жүрдүм. Дарыланган адам деле, ошол жакка талапкер болуп калат экен. Жакында «Алым, Шербет» фонду конкурс жарыялады, конкурстун жыйынтыгы 2015 – жылы күзүндө чыгат. Мыкты журналистке «Алым Токтомушев» жана мыкты акынга «Шербет Келдибекова» сыйлыктарын берели деп жатабыз. Алым Токтомушев менен Шербет Келдибекованын таланттарын кадырлаган адамдар үчүн бул дагы жакшы нерсе.

КАНЧА ӨМҮР КҮЙҮП –ӨЧТҮ…

Ак-кара, өмүр-өлүм, чындык-жалган,
Абалтан ажырашпай жашап калган.
Эки кол, эки буттуу, жалгыз баштуу –
Сен Адам, жашоо үчүн жүрөктү алган!
Сен Адам, жашоо үчүн күрөштү алган…

Төгүлө албай канча суу шарпылдады,
Көрүнө албай канча учкун жаркылдады.
Канча түн күндүн түшүн сүйлөп кетти,
Канча өмүр күйүп-өчтү…
… Бир гана суудай тунук жомок калган!

Алым жездем бала кезинен чыгармачылык менен алек болгондуктанбы, эркектер жасай турган чарбачылык жумуштарга мажүрөө эле. Алар Аламүдүн кичи районунда жашагандабы, же политех тарапта өзү айткандай Болот байке берген үйдө жашагандабы, мен көп ирет бардым. Оңой менен ийибеген жездем мени көргөндө жаш баладай сүйүнүп кетчү. Себеби, биринчиден мен бир тууган катары жездем жасай турган майда-чүйдөлөрдү заматта бүтүрө койчумун. Эч нерсе жасабаган жездем мактап эле жатып калчу. Экинчиден, мен ишти бүтүргүчө жездем күйүп-бышып, бирди дасторконго даярдап койчу да, бирин Шербет эжекемден жашыруун жерге коюп койчу. Үчүнчүдөн, жездем өтө окумал адам болгон, үйү толтура китеп эле. «Бирдеме» ичсе да жездемдин айткандарын түшүнгөн адам керек эле, анан жездемди кээде мактап, учур келсе сын айтыш керек эле. Төртүнчүдөн, ал окуган китептери тууралуу маалымат ала турган адамга куштар эле. Чындыгында, Алым Токтомушев Акаев доорунда алдыңкы калемгерлердин эталону болгон. Мен мектепте иштеп жүргөндө Алым Токтомушевдин сөзүн эле угайын деген адамдар болгон. Балким, мага кайниси катары айтышпайбы, бирок канчалаган кыргыздын залкар журналисттеринин оозунан Алым Токтомушев тууралуу жаман сөз укканым жок.

Шербет эжекем болсо шак эле тамак жасай баштоочу. Жездем экөөбүз, дасторкондо өтө сыпайы, «сен ал, сиз алыңыз» – болуп, анан тамеки чеккени балконго чыкчубуз да, чоң-чоң стакандар менен уруп алчубуз. Кайрадан дасторкон үстүнө келип, кызуу талашка кирчүбүз. Эжекем дасторконду бир карап, ичилбей турган бөтөлкөнү бир карап: «Ушул сен келсең эле жездең бат эле кызуу болуп калат» – деп калчу, эми андай кишилер жок. Биз талашпаган сөз болгон жок бир убакта Ястребжемскийден баштап, Достоевский, Толстой, «Славянофилдерге» чейин кирип кетчүбүз. Кызыл чеке болуп урушкан күндөрүбүз да болду. Бир жолу жездем: «Толстой – гений» – дейт. «Толстойдун эмнеси гений?» – дедим. «Анда эмне сен генийсиңби?» – деп ачуулана кетти. «Жок! Үй-бүлөдө Толстой да гений эмес. Ал гениалдуу томдорду жазган. Жазган жагынан эч ким теңеле албайт. Бирок, кемпиринен качып, талаада тоңуп өлгөн чалды кантип гений дейбиз» – дедим жездеме тийиштик кылып. Жездем калчылдап кетип: «Үйүң барбы?» -деди. «Ооба» – дедим. «Давай, үйүңө» – деди, мен да шар эле ордумдан туруп чыгып кеттим. Шербет эжекем кухняда экен, аркы үйгө төшөк салып жаткызып койду. Эртең менен эрте туруп, бир аз жумуш бар эле жездем тургуча, бүтүрө койдум. Жездем кыйпычыктап келиптир: «Кел, башыңды жазып ал» – деп. Менин жасаган иштеримди көрүп алып мактайт, анан: «Кечээ эмне деп сүйлөштүк?» – дейт. «Билбейм» – дедим, мага да куюп бергени жагымдуу болуп турат да. Анан кайра отурдук, талашып отуруп Достоевскийге келдик. Бир кезде жездем: «Эй, Достоевский кара жерге кирсин, бир туугандан артык бекен?» – дегени эсте калыптыр. Чындыгы Алым Токтомушевдер окубаган гениалдуу китептер жок болсо керек. Ал эмнегедир акындарга көп сын айтчу, бирок өзү акын менен жашоочу. Шербет эжекем журналисттерди катуу сыйлоочу, жездемди «Алыкем» – деп, кайсы жерде болбосун экөө эгиз козудай ээрчишип жүрчү. Кыргыздын залкарлары Жолон Мамытов, Аман Токтогулов, Беганас Сартов, Табылды Муканов, Турар Кожомбердиевдер жездемдин эң ынак адамдары эле. Жездем аркылуу дүйнөлүк классикага чыгып кетчүбүз. Совет мамлекети тараган соң жездем «Асаба» гезитинин белдүү журналистине айланган. Бир ирет Шайлообек байкелер менен биздин үйдө конок болуп кетишкен. Ал мезгилде мен мектепти жетектеп, козу-корпо сойсом керек, эптеп акындарды жактырбаган жездем, бул кайним деле бирдеме шилтей калат деп, ошондо айтып жатпайбы. Кийин Воронцовкага көчүп келдик, ошондо Шербет эжекем: «Сен деле бизден тайсалдап жүрүп жазбай калдың, бирок талантың бар экенин билебиз. Бизден чоочубай эле жаза бер» – деген. Ал эми жездем менин жазгандарымды окуса эле итатайы тутулуп кетчү. Бир жолу Шайлообек байке: «Жездең жокто чыгардык» – деп, «Аласка» ырларымды чыгарган. Чынында Алым Токтомушев ошол учурда менин чыгармачылыгыма ичи толбогону менен, зор көмөк көрсөткөнүн өзү да, мен да билбептирмин.

Акаевдин доору аяктап бараткан эле. Анткени, Алым Токтомушевди сыйлагандар, талантына таазим эткендер, анын кайниси Азизбек Келдибековдун да пикирлештерине айланды. Акаевдин доору узак болсо да «Асабаны», Алым Токтомушевдин атын чыгарды. Бакиевдин доору кыска болду, оппозициялык гезиттер да аз болду. Мен ар бир оппозициялык гезиттер менен кызматташтым, бирок башкысы Бакиевдин доору ортолоп калганда Алым Токтомушевдин жакшы баа берип калганы чоң сыймык деп эсептейм. Жездем айтты да: «Сен оңолдуң, эл сенден көчүрө баштады» – деп. Эмнегедир, Бакиевдин заманында мурунку «Асаба», «Агымдын» калемгерлери бири Бакиевди мактап, бири жамандап, оңду-тетири кете баштады. Алым жездем кумир туткан Мелис Эшимканов Бакиевдер тарапка ооп кетти. «Агым» гезити баш-оту менен Бакиевдерге өттү. Апрель революциясы болоор алдында «Айат» гезити 100 миң нуска менен Ынтымак курултайын мактап, оппозицияны жамандап чыкты. Бул гезитте Алым Токтомушевдин да кол тамгасы бар эле. Революция болгон жылды жыйынтыктап жатып, Алым Токтомушевге «Маданиятка эмгек сиңирген ишмер» наамын бере турган болуп калды. Алым жезде баш тартты, ошондо барып жездемди көндүргөм. Тагдырдын тамашасыбы, дал ошол тизмеге президент Роза Отунбаеванын эрки менен менин тизмем да кирип калат. Алым жездем экөөбүз президенттин сый коногу катары шампан кагышып жолугуп жатпайбызбы. Дагы бир ирет, Төлөгөн Карыкеев экөөбүз барганбыз, Төлөгөн кеткенден кийин Черномырдиндин айткандарын окуп берип, күлдүрүп отурган. Алым Токтомушев да Байтикке Шербет эжекемдин жанына коюлду. Эми ойлоп көрсөм Алым Токтомушев да, Шербет Келдибекова да бул жашоодо жок экен! Ишенбегенге айла жок. Менин сезимимде Бишкекте эле мурункудай жашап жүргөнсүйт…

УЛУУ ӨМҮР ТОЛКУП ТУРДУ, УЛАНЫП УЛАМ ЖАҢЫ ТҮЙШҮК МЕНЕН

Жылдыздар толуп турду зор ааламда,
Нурлары жерге –сууга сиңип кетип.
Чайпалып ташып турду улуу турмуш,
Толкуну жүрөктөрдү дирилдетип…

Бакытты издеп жүрдүк башаламан,
Бакытты издеп жүрдүк бардык жактан.

Улуу өмүр толкуп турду, бүтпөс сапар –
Уланып улам жаңы түйшүк менен.
Чындыкты издеп жүрдүк башаламан
Чындыкты издеп жүрдүк бардык жактан.

Дүйнөнүн бирдигинен жылдыз көрдүк,
Дүйнөнүн бирдигинен көрдүк МҮРЗӨ.
Дүйнөнүн бирдигинен чындык көрдүк:
Дуулады бакыт, сүйүү бардык тилде
Дуулады сан-саат өмүр… доор – дооран
Дуулады акыл-сезим, Адам-заман.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «Айбат», 08.12.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.