Прокаттагы рекорд жана көрүүчү чогулта албаган тасмалар

Кыргыз киносу өнүгүп жатат дейбиз. Бирок канчалык? Жылына 40 тасма жарыкка чыкканына кубанышыбыз керекпи же ал көрсөткүч бизди, тескерисинче, ойлонтуш керекпи? Акыркы кезде тасмалар биринен-бири өтүп көп тартылууда. Андан да башкысы, фильмдердин сапаты талапка жооп береби, өзүн актап жатабы?

Кино тартуу модага айланганда…

Кыргызстан эгемендик алгандан бери далай тасмалар жарыкка чыкты. Алардын арасында дагы деле теледен көрсөтүлүп, элдин сүймөнчүгүнө ээ болгондору бар. «Беш кемпир», «Айыл өкмөтү», «Боз салкын» тасмалары алгачкылардан болуп эгемендүү мамлекет тарабынан каржыланып, тартылган. Бирок алар пираттык дисктерге тарап кеткендиктен, чыгашаны актаган эмес. 2006-жылы тартылган «Министрдин кызынын махабаты» тасмасы биринчи бөлүгүнөн эле 1 миллион сом киреше алып келгени маалым. Андан кийин байма-бай кассалык тасмалар тартылып баштады.

Азыр чынында режиссёрдук билими бары деле, жогу деле тасма тартууну кесип кылып алышты. Айрымдары өздөштүрүшсө, өздөштүрө албай жүргөндөр да жок эмес. Бирок сапат жагынан чет өлкөлүктөрдөн кем калбаган тасмаларыбыз чыгып, жадакалса айрымдары беделдүү сынактарга катышып жаткандары бизди кубандырбай койбойт.

Биз акыркы 5 жылда тартылган тасмалардын рейтингин түздүк. Ал үчүн Бишкек, Ош шаарларынын кинотеатрларына кайрылып, көп убакыт бою сатыкта кармалган жана «өмүрү кыска» тасмаларды тизмектедик. Жыйынтыгын өзүӊүз көрүп, өзүӊүз чечим чыгарыӊыз, окурман.

kino2

«Манас» кинотеатрынын маркетологу Нурбек Мамакеевдин берген маалыматына ылайык, «Гу Чжун Пёго кантип турмушка чыгууга болот?» тасмасы 9 айдан ашык сатыкта турган. Андан кийин эле «Салам, Нью-Йорк!», «Бир тууганчик», «Курманжан датка», «Түндүктүк келин», «Көк салкын» тасмалары 8-9 ай коюлган ийгиликтүү тасмалардын катарына кирген.

Ал эми 5 жыл аралыгында 1 жума, 1 айга да жетпей сатыктан алынып салынган тасмалар да бар. Алардын арасында эӊ эле аз көрүүчү келген, 3 күнгө гана кармалган «Жек Пот» тасмасы болгон.

«Кыргыз киносу» кинотеатрынын директору Толкун Дайырбекова аларда эки гана зал болгондуктан, кээде тасмаларды аргасыз сатыктан алып, ордуна жаӊы чыккан тасманы коюуга туура келгенин айтат. Ошентсе да кайра кайталанып коюлган тасмаларды кошуп алганда акыркы 5 жыл ичинде «Салам, Бишкек», «Салам, Нью-Йорк!», «Курманжан датка», «Бир тууганчик», «Сүйөм дечи», «Напарниктер», «Түндүктүк келин», «До+Фа»тасмалары эӊ көп көрсөтүлүп келген.

«Бишкек-Ош жолунда», «Кыздардын өчү», «Орхидея», «Күйөө балам – водовоз», «Жапайы селки», «20дагы чал-кемпир», «1+1=3», «Баарын кайрадан баштайлы», «Туугандар», «Оштуктун 11 досу», «Айылдан айга», «Ээнсиреген үй», «Аялдык бакыт», «Ботан жана Купидон», «Гонщик таксист», «Асел», «Шайлоо-жайлоо», «Баары бир звезда болом», «Мурас сыры, «Талисман», «Сүйүү жазы»… санай берсек өтө эле көп. Буга чейин чыгып жүргөн афишалардын архивине ылайык, аталган тасмалар Бишкектеги кинотеатрлардан 2-3 айга чейин көрсөтүлүп, сатыктан алынган.

kino3

Ал эми Оштогу «Ак-Буура», «Семетей» кинотеатрларынын администратору Ренат Нарматовдун берген маалыматына таянсак, Бишкектегидей эле көрсөткүчтөр ал жакта да бар.

Ош боюнча көрүүчү чогултуу жагынан рекорд койгон «Курманжан датка» тасмасы болгон. Ага элдин агымы көп болуп, 4 ай бою көрсөтүлгөн. Кийинки кезекте 3 ай «Бир тууганчик», «Напарниктер» тасмасы берилген. Ошондой эле «Рэкетир», «До+Фа», «Салам, Бишкек», «Миллиондук мелдеш», «Атымды башка коёмун», «Султан Сулайман» тасмалары 2-2,5 ай көрсөтүлгөн.

Ал эми киши келбей, көрүүчүлөрдү чогулта албаган тасмаларга «Сынган тагдыр», «Бейиш куштары», «Супер айым», «Бархатный сезон», «Жек Пот» сыяктуу бир катар тасмалар кирип, 10 күнгө араӊ көрүүчү чогулта алышкан.

Акыркы 10 жылдыкта киноиндустриябыз кайра жанданып, бир кезде иштебей, чатырынан суу тамчылап турган кинотеатрларыбыз ишке кирип, эл киного кайра барып баштаганы кубандырат. Бирок элдин маанайын көтөрөбүз деп жеӊил-желпи тасмаларды тартып, кыргыз кинолорунун баркын, сапатын кетирип албасак эле. Биз тизмектеген тасмалардын сатыкта канча кармалганы кинолордун сапатын көрсөтүп турат эмеспи. Андыктан сандан сапатка өтчү маал деле келди окшойт…

Гүлжамал Бөрүкулова, “Супер-инфо”, №694 19-февраль-25-февраль, 2016-ж

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.