Термин “жасоодогу” алаңгазарлыкты качан токтотобуз?

Тил тирүү организм сыяктуу дайыма кыймылда болуп, өсүп-өнүгүп турчу кубулуш. Тигил же бул тилдин ар кандай тарыхый жагдайга байланыштуу жашоосун токтотуп, өлүү тилге айланган деген фактыларды биз угуп, көрүп келебиз. Кыргыз тили андай тагдырга эч убакта дуушар болбойт. Качан бир система башкасы менен алмашканда, турмуш бир сапаттан экинчи бир сапатка өткөн кезде бардык экономикалык, саясий, социалдык жана башка өзгөрүүлөр менен процесстер баарынан мурун элдин тилинде чагылдырылат да, анда сакталып калат. Тилдин өнүгүү закону ушундай: бир тил башка бир өнүккөн тилдин (тилдердин), көпүрө тилдин эсебинен байыйт, өзүнө керектүү жаңы түшүнүктөрдү алат. Мындай процесс кыргыз тилинде мурун да болуп келген, бүгүн да жүрүп жатат. Мына, алып көрөлүчү. Кечээ эле элге белгисиз болуп келген акционер, акциз, аудит, бакалавр, брокер, билборд, бисмейкер, ваучер, вотум, дайджест, диджей, дивидент, диверсификация, гастарбайтер, индикативдик, интернет, ипотека, институционалдык, инвестиция, инвестор, кампус, квота, компьютер, ипотека, консенсус, мажоритардык, маклер, менеджмент, меценат, мониторинг, мэр, мэрия, люстрации, нанотехнология, ноутбук, отель, офис, омбудсмен, промоутер, плаза, плюрализм, приватизация, преференция, реструктуризация, рестутиция, секвестр, санация, сэндвич, сити, спикер, стагнация, спонсор, субаренда, субвенция, риэлтор, тендер, терминал, трансферт, толеранттуулук, унитардык, чартер ж.б. сөздөр-терминдер тилибизге кирип, турмуштун бардык катмарында, тармагында колдонулуп жатат.

Биз булардын жолун тосо алабызбы же түшүнүксүз тилге которууга аракет кылышыбыз керекпи? – Жок, мүмкүн эмес – деп айтышыбыз керек. Алар бизге орус тили аркылуу даяр формасында келип, тилибизден орун алып жатат. Башка жол жок. Ушуга улай эле дагы бир ойду айта кетели. Глобализация доорунда ар күнү аң-сезимибизге ондогон, жүздөгөн жаңы терминдер аркырап кирип жатканын жашыра алабызбы? – Жашырууга эч мүмкүн эмес.

Мындай бир жөнөкөй мисалды алып көрөлүчү. Кай жерде болбосун бир аптекага кирсек ушунчалык көп: артронол, вагилок, вовилон, камагра, кваматель, конакион ММ, керкавит, карум, нотта, ротацев, цефган, эска-лон, севлатек, слезавит, чампикс, демонтон-Т, де-нол, индометацин, сановит, бьюти, эмфетал, ланторол, ротавит, ройал, флемоксин, салютаб, юлидан солитаб, фезам, омник, сималгель, торвитин, примекор МR, эмкор, тромбоас, диалин, актовегин сыяктуу дарылардын, медициналык каражаттардын аттарын көрөбүз. Булар кайсы жерде, кайсы өлкөлөрдө болбосун өз аты менен колдонулуп, жумшалышы керек. Ушундан улам башка тилдерден өздөштүрүлгөн интернационалдык терминдер ушул принцип боюнча таралышы, өнүгүшү, башка тилдерден орун алышы илимий талаптарга туура келерин айта кеткенибиз туура болот. Ошого болбой, эчактан бери элге кызмат кылып, төл сөзүбүздөй тилибизде бекем отурган терминдерди ордунан коз-гоп, ылайыгы жок, мааниси боюнча да, берген түшүнүгү боюнча да алмаш-тырууга эч жакындыгы жок диалекттик, реликттик терминге окшобогон түшүнүксүз сөздөрдү сүйрөп келип, зарылчылыгы жок которуп, маанисин эки-үч сөз менен берип жатканыбыз билимсиздигибиздин, ошол проблеманы жакшы түшүнө бербегендигибиздин ачык бир көрсөткүчү десек болот. Мындай жол тилдин өнүгүүсүндөгү прогресске эмес, абсурдга, хаоско алып барат. Ушул жаатта жыйырма беш жыл ичинде көптөгөн каталыктарды кетирдик. Кийинки эле учурдагы контролсуз, ойлонулбай жасалган иштердин бир кичинекей чекесин эле келтире кетеличи. Эчактан бери тилибизде колдонулуп, сөздүктөрүбүздө жазылып жүргөн интернационалдык терминдерди жаңы “түшүнүктөр” менен алмаштыруу аракетин жасагандардын “табылгаларын” көргүлөчү: аккумулятор (лат.) – жыйнагыч; аргумент (лат.) – ыспат; аттанция (фр.,лат.) – авточордон; габарит (фр.) – тыш өлчөм; конденсатор (лат.) – коюланткыч; клапан (нем.) – сарпбашкаргыч; компостер (фр.) – тешкич; конвейер (англ.) – ташыгыч; насос (ор.) – сор кыскыч; материал (лат.) – текзат; модуль (лат.) – ченемат; план (пол.) – мерчем; платформа (фр.) – секи; процессор (англ.) – жараяндагыч; резонанс (фр.) – өөрчүн; радиостанция (лат.) – радиочордон; режим (фр.) – шарттам; траншея (фр.) – сай казгыч; энергия (гр.) – зарде; трансформатор (лат.) – көмөк чордон; электрические линии (ор.) – электр чубалгылары; цифра (ар.) – санарип; патруль (фр.) – кайгуул. Булар жанагы термин “жасагычтардын” ар кандай жолдор менен радиодон, телеберүүдөн, массалык басма сөз каражаттарынан айттырып, жаздырууга кылган аракеттери, сөздүк сыяктуу басылмаларга киргизип коюшканына карабай алар бүгүн элибизден колдоо тапкан жок, нааразычылыкты гана жаратып жатат. Биз бул жерде айта турган фактылардын ондон бирин гана сөзгө тартып, аз да болсо элибиздин көңүлүн дагы бир жолу ушул маселеге бура кетүү ашыктык кылбайт го деп жатабыз. Кыргыз радиосу менен телеберүүсүнүн кабарчыларынан баштап, дикторлоруна, алып баруучуларына чейин айтып, окуп жаткан сүйлөмдөрүндө туура эмес колдонулган сөздөрдү, терминдерди угуп, тилибиздин кандай деңгээлге түшүп калганына, мындай абалга кандайча келип калганыбызга өкүнүү менен жооп издейбиз. Мисалы, Россияны – Орусия, гарантияны -кепилдик, процентти – пайыз, методду – усул, адрести – дарек, квартираны – батир, заказды – буюртма, врачты – дарыгер, рекламаны – жарнама, колективди – жамаат (кээде жаамат деп айтып, күлкүңдү келтирип жатпайбы), медсестраны – медайым, мээрман айым, заявканы – табыштама, талапкат, планды – мерчем, финансыны – каржы, штрафты – айыппул, группаны -тайпа, машинаны – унаа, конкурсту – сынак, шайлоо участкаларын – шайлоо тилкелери ж.б. ушул сыяктууларды, кыйратып салгансып, эртеден-кечке айтып жатабыз да. Ушуларды айттырууга аракет кылып, калп-чынды койгулаштырып, ишеничке киргендерге түшүнүү менен жооп таап: – “Мындай болбойт го, жазуу эрежелерин карагылачы, Юдахин, Карасаев ж.б. тилчилердин сөздүктөрүндө кандай берилип жатат, карабайсыңарбы, ар кимдин айткандарын ээрчибейли, элибизди туура, сабаттуу сүйлөөгө үйрөтө турган радио менен телевидение экенин эсибизден чыгарбайлы” – деп айткан ошол мекемеде бирөө болуш керек эле да. Тилекке каршы андай жетекчи болбой жатканын көрүп жатабыз. Жогоруда көрсөтүлгөн терминдердин ичинен “орусия”, “санарип”, “унаа”, “кайгуул” жөнүндө бир аз болсо да пикирибизди билдире кетели. Цифра термини араб тилинен чыгып, кылымдарды кыдырып, материктен материк багындырып, кыргыздарга келип, алардын орфографиялык эрежелеринен, сөздүктөрүнөн орун алып, колдонулуп жатса, аны санарип (адегенде, “арипсан” делген) деп алабыз дештин өзү сабатсыздыктын ачык көрсөткүчү, термин жаратуунун элементардык талаптарын билбегендик. Кыргыз тилинде сан – число, арип-тамга. Цифрада тамга болбойт. Цифралык маалыматтар, цифралык телефон, цифромания, рим цифралары, цифралык диктафон, цифралык система, контролдук цифра, цифралык фильтр дегендерди санарип менен берүүгө мүмкүн эмес, зарылчылык да жок. Кыргыз тилинин жаңы жазуу эрежеси да буга жол бербейт. Өткөн жылдын башы ченде, жаңы жыл алдында Жогорку Кеңеште бюджетти талкуулап жатканда ошол кездеги Премьер-министр Ж.Оторбаев сөзүнүн арасында: “…цифраны көрсөк…”, “конкреттүү цифралар боюнча…”, “…номиналдык цифра”, “..ошол цифра көбөйүп жатат” – деп айтып жатпадыбы. Ал жерде аларды башкача айтууга мүмкүн эмес эле. Кечээ жакында гезитке жарыяланган Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн бир токтомунда: “…жогоруда аталган токтомдун тиркемесинин 14-пунктунда: “55”, “55”, “65” жана “45” деген цифралар тиешесине жараша “100”, “100”, жана “110” деген цифралар менен алмаштырылсын” деп жазылып жатпайбы. Бул туура. Эгер ошол жерде санарип менен алмаштырылсын деп жазсак, ким түшүнөт эле. Ойлонсок боло. Цифра менен кошо цикл, шифр, штраф, фраза, сыяктуу терминдерди бүгүнкү кыргыздын тили келбей же түшүнбөй калчудан бетер болбогон бир сөздөр менен алмаштырып берүүгө аракеттер болуп жатканын кандай түшүнсөк болот? Мисалы, “Сөздүк” деп чыгарылган бир китепте штрафты – жазана, шифрды – шартар, циклды – бүтүл, фразаны – айтыма, цикл экономический дегенди – эгечарбалык бүтүл деп берсе, экинчи бир сөздүктө циклды – мерчем, цикл экономический дегенди – экономикалык мерчем деп берип жатпайбы. Карап көргүлөчү. Мен унчукпай эле коёюн. Ушулардын кереги барбы? Дегеле ушул жерде зарылчылык көрүнүп жатабы? Академик К.К.Юдахиндин “Кыргызча-орусча сөздүгүндө”: кайгуул ист. дозор (конный); разведка (военная); “карып калган бээден, кайгуулга минер ат туулбас” – От старой кобылицы не родится конь, на котором можно выехать в дозор; “Кароол карап жер көргөн, кайгуулга чыгып жол чалган” – Он караул смотрел, местность осматривал, в дозор выйдя, путь разведывал; алдына салып чалгынды, артынан коюп кайгуулду фольк. вперёд он направил разведку, за нею поставил дозор; кайгуулчу – разведчик деп жазылып турса, эми аны жол контролуна, патруль кызматына алып келип, элдин башын маң кылыштын кереги бар беле? Бул кайсы акылмандын жасаган иши. Патруль мурункудай эле колдонула бериши керек болчу. Кыргыз тилинин улуу корифейлери Юдахин, Карасаев өздөрүнүн “Сөздүктөрүндө” патруль, патрулдук, патрулдоо деп беришкен. Эл ошондой кабыл алганынан “Сөздүктөргө” жазып жатышат. Ички иштер министри М.Турганбаев 25-октябрь күнү кечинде телекөрсөтүүдөн интервью берип жатып: “Патруль, патрулдарыбыз, опер кызматкерлерге 24 квартиралуу (батир дебей) үй бердик” деп туура айтпа-дыбы. Премьер-министр Т.Сариев 14-ноябрда өткөн кеңешмеде ….патрулдук-постовой кызматы….деп айтып жатпайбы. Туура, ушундай айтылышы керек, эл ошондой айтылышына көнгөн. Ошондой кабыл алынган.

Кыргыздар эч убакта революциядан мурун да, кийин да Россияны “Орусия” деп айткан да, жазган да эмес. Эски кол жазмаларда, эч бир сөздүктө жок. Кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмонов: “Эй, Россия, Россия! Бир боор энем, Мен өңдүү тоо кушуна койнуң кенен…” – деп 1945-жылы Кой-Сарыда жүрүп жазып жатпайбы. Эми ушул Россияны эч убакта Орусия деп айтпаган, жазбаган биздин замандаштарыбыз “Азаттыкка”, “Би-Би-Сиге” кызматка барган сааттан баштап эле “Орусия” деп, тили жакшы келбей, сүйлөй албаса да, оозун чормойтуп жатып эптеп айтып жатышпайбы. Аларды ээрчип биздикилердин эртеден-кечке айтканы – Орусия. “Кыргыз тилинин жазуу эрежесинде” Россия Федерациясы деп жазылып турат. Ал баарыбыз үчүн закон. Башкача айтууга, жазууга укугубуз жок. Элибиздин эсин эки анжы кылган дагы бир “табылга” жөнүндө эки ооз сөз айтпай койсок болбос. Жоктон тапкансып, нечен кылымдар изденип, адам акылынан жаралган “машина” деген терминди жок кылып, анын ордуна “унаа” деп айттырып, жаздырып жатканыбызды кандай түшүнсөк болот? Унаа деген ансыз да тилибизде жашап жатпайбы. К.Юдахиндин “Кыргызча-орусча сөздүгүндөгү” унаа дегенди таап, карап койгулачы. Оозеки тилде машинанын ордуна унаа деп айтууга кээде жол беребиз: “Кантка барып келе коёлу, бир унаа тапчы!” – деп айта коёбуз. Түрктөрдө да автомашинанын, таксинин ордуна көп учурда “араба” деп айта беришери белгилүү.

Жогоруда биз белгилеген жана айтылбай калган тилибизде адашып жүргөн көптөгөн термин сыяктуу жолбун сөздөрдү байкаган Эл жазуучусу Бексултан Жакиев “Эне тилди бузгандар” деген ат менен ушул газетанын 2-3 санына макала басып (19-, 22-, 26-ноябрь, 2013), “бардыгын баштан-аяк эп-теп-септеп эле которо берүүгө өтсөк, дөөрүп калышыбыз мүмкүн” – деп жаз-бадыбы. Анын: – “дөөрүп калышыбыз мүмкүн” – дегени ошол биз жогоруда айткан алаңгазарлык кылбайлы дегендей эле сөз. Дүйнөдөгү чоң, бай тилдер-дин бири болгон орус тили сырттан кирген 80-90 миңдей сөз терминдердин бирине тийбей, өзүнө сиңирип, колдонуп, байлыгын арттырып жатат. Ушунун өзү эле орус тили – улуу тил, аны алып жүргөн орустарды улуу эл деп айтууга жол берип жатпайбы.

Четин ЖУМАГУЛОВ, “Фабула” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 16.02.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.