Кожогелди Култегин: «Сооронбай доору»

Куштармын чалкар тоолуу мекениме,
Курсантмын тоолорумдун бекемине.
Ишенем биздин тоолор бабалардын
Түбөлүк эстелиги экенине.
Мага да тоо эстелик болуп турсун –
Койгула мени тоонун этегине!

Баатыр акыныбыз, байманалуу устатыбыз Сооронбай Жусуевдин элүү жыл мурда так ушинтип жазганы бар. Шаардын шаңын, тоонун демин сезчүдөй минтип эми тоо этегиндеги Бишкектин Ала-Арча көрүстөнүнөн түбөлүк жер алды. Ооба, бир жагынан өзүнүн тоодой эмгектери, бир жагынан кыргыз тоолору ага түбөлүк эстелик! Анын үстүнө тоону тоодой ырга салган, тоонун толук поэтикалык образын түзгөн да кыргыз адабиятында Сооронбай Жусуев эмеспи!

Устатыбыз сөздү сөөлөтүнө чыгара жазуу жагынан, ыр техникасындагы кыйын айкалыштарды кыр чыгарбай кынаптоо жагынан жана поэзиянын музыкалуулугун музыканын музыкалуулугунан да ашыруу жагынан алдына киши салбады! Адамдын сезим-туюму кармап-кармабас лиризмди ырларында алаканга салгандай конкреттештирип, абийир сымал так алдыга коюп койчу го, чиркин! Ошол лиризмди чыгармачылыктагы талыкпас өжөрлүгү, чаалыкпас кашкөйлүгү менен эпикага чейин – “Курманжан Датка” романына чейин энчи, кенч кылып жеткирбедиби! Демек, Сооронбай Жусуевдин акындык чеберчилиги – түбөлүк, түбөлүк, түбөлүк мектеп!

Кыргыз адабиятында Сооронбай Жусуевчелик алды-артындагыларга камкор, айрыкча жаштарга жанын төшөгөн калемгер устат да болбоптур. Үйүндө дасторкон жайып алып, поэзия кечелерин өткөргөн, сабак берген, кимдин чыгармачылыгынан бир жакшы нерсени көрсө – ошону жазмайынча, жарыяламайынча жаны өзүнө келбеген башка ким бар? Салибай Шатманов, Токтосун Самудинов, Төлөгөн Мамеев, Анатай Өмүрканов баштаган акындардан баштап жаштарга чейин устатыбыздын дасторкон-кечесинде канча мерте чер жазбадык! “Кудайберген Жуманазаров жөнүндө же тирүүсүндө, же өлгөндөн кийин бир макала жазып койбопмун. Ушу да адамгерчиликпи…” – деп кейигенин уккам. Кийин китебинен макаласын окудум. Көрсө, ал адамгерчилик менен калемгерликти бир бүтүндүк сыңары карманып жашаптыр.

Сокеме арнаган менин бир ырымда мындай саптар бар:

Көл сыяктуу кенен жүрөк менен сиз
көз сыяктуу элпексиз да беленсиз.
Ала-Тоодо канча чоку көк чийсе
шончо калем ээсин тапса деген – Сиз!

Анын сыңарындай, өзү көл сыяктуу чалкып кенен, ошол эле кезде көз сыяктуу элпек, жөнөкөй эле. Кыргыздын классиктеринен баштап кыбыраган жаш акындарына чейин макала жазды. Казак менен орустун классиктеринен баштап кыйкырган жаш акындарына чейин кыргызчага которду. “Бир күндө жок дегенде 500 сап ыр окубай калсам кадимкидей башым ооруйт…” – деп калчу.

Сооронбай акынды сарсанаа кылган бир гана нерсе бар эле – ыр жаза албай калгандан айрыкча коркчу. Ошон үчүн минтип жазып атпайбы:

Тагдыр, сурап, жалбарып сага айтканым:
Жакшы бүтүр күнүмдүн аяк жагын –
Жүрөгүмдү какшытып ыр чыгарбай,
Башкаларга өзүмдү аятпагын?

Ооба, жалбарып сураганын Жараткан берди. Токсон жашында дагы калеми колдон түшкөн жок. “Эргүү келди жаз болуп толукшуган/мен тал элем, мен чынар болуп турам!” – деп өзү жазгандай, өмүр бою чынар болуп жашап өттү! Андан да улуулугу – башкалардын өмүр бою чынар болуп жашап өтүшүн өзүнөн кем эмес каалады!

Кээде мага ушундай ойлор келет, анын улуу акын болушуна атасы Жусу-Казы дагы айрыкча жардамчы болгондой. Сооронбай Жусуев дээринде ушунчалык так, пакиза, ушунчалык жоопкерчиликтүү, билимдүү, бөтөнчө кагаз иштерине, уюштуруу иштерине бүйрө инсан эле. Мындай киши совет доорунда табылгыс кадр эмеспи. Кызматтан кызматка, бийликтен бийликке көтөрүлмөк. Кудай жалгап, казынын уулу деген жарлыктын айынан андай тизмеге илинбептир. Илинсе иштен бошомок эмес да, мынчалык улуу поэзияны жарата алмак эмес. Бирок, анда сөөгү жаркыраган жаңы үйдөн чыгат эле…

Ал эми биз үчүн, анын ичинде жеке мен үчүн Сооронбай Жусуевге шакирт болгонум, аны менен бир басып, бир турганым – өзүнчө доор болгон экен, аттиң! Өмүрү унуткус нарк-насилдүү күндөр, кызыктуу окуялар көп өтүптүр. Бирден чубасам – аягына жетчүдөй эмесмин. Айрымдарын эскерүү катары ортого сала кетейин деп турам.

Ошто Шамшы Кадыров деген кадырлуу аксакал бар. Те бир жылы Сокеме бир кеп айтмакчы болуп, бирок, истала кылып, айта албаптыр. Мага айтты ошо кебин: “Кожогелди, ылайыгын таап, менин сунуш-пикиримди жеткире көр сөзсүз. Аксакал жакшы карманыптыр. Жүзү тунук, нурлуу, бою түз, сымбаттуу. Кийингенин карачы кычырап. Бирок, карылык да, бут шилтеши мажирөөлөнүп баратыптыр. Сактыкка кордук жок дейт. Оор бойлуу киши болбогон нерсеге мүдүрүлүп – жыгылып түшүшү мүмкүн. Ошондуктан, менин ак дилден сунушум бар. Биз сүрөттөн көрчү элек го Пушкин кооз балдак кармап жүргөнүн, кийин Токомбаев колунан түшүрбөй алып жүрдү, ошондой кооз, модалуу балдакты сөөнчүк кылып жүрбөсө болбойт. Бу кишиге ал аябай жарашат дагы.”

Аманат кепти Сокеме айттым бир күнү. Анан мындай жооп уктум: “ Тэ-э, илгери биздин айылда бир киши болор эле. Аябай начар кийинчү. Бир күнү бир шумпай айтып калды:

— Аба, чапандын мындан да эскирээги жок беле? Ошол сизге сонун жарашмак?

— Куп гана билем мен эмне кийиш керек экенин. Какшыктаба. Мындан эскирээги да, мындан жаңыраагы да, кашайып, жок болуп атса кантейин… «Анын сыңарындай, мен дагы куп гана билем балдак алып жүрүштү. Бирок, балдактан өткөн жаман нерсе жок. Бир кармасаң, болду – биротоло көнүп, ансыз жыла албай каласың. Ошондуктан балдакты кармабаш үчүн күрөшүп келатам.»

Сокем бул күрөшүн 85-86 жашка чейин улантты. Анан багынып берди. Тизесинен катуу жабыркабаса күрөшү дагы уланмак.

“Серьезныйлардын” куудулу эле кайран киши. Тамашасы назик, бирок, ташка тамга баскандай. Калемдеш карындаштарынын дээрлик көпчүлүгүнө ыр арнабадыбы. Ылайыгын таап, аларды окуп бергенди да жакшы көрчү. “Кыз-келиндерге эле ыр арнай берет экенсиз. Жашырып-жаппай, аттарынан бери жазып салат экенсиз?..” – деп “тийишип” калды бир профессор жолугушуудан кийинки чайда. Сокем тамашаны ого бетер күчөттү: “Ушинтип кыз-келиндердин баарысына ыр арнап жазып, баарысынын атын атап салганыңда эл-журт сенин кимиси менен “мамилең” бар экенин биле албай калат…” Дуу каткырык залды жарып кетти.

Ошол ыр арналган кыздар да, жигиттер да – жалпы шакирттери устатыбызга аябай эле эркелеп жүрүптүрбүз. Бир жылы Сооронбай Жусуевди 80 жаш мааракеси менен куттуктап Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев атайын белек жибериптир. Аны тапшыруу үчүн а кездеги Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Мухтар Шаханов элчиликке чакырды.

Сокем Жалил Садыков баштаган жакын санаалаш калемдештерин, анан адатынча унутпай, бизди – айрым жаштарды ээрчите барды. Президент белеги атайын жайылган дасторкон үстүндө салтанаттуу тапшырылып, Сооронбай Жусуев жөнүндө, кыргыз-казак жөнүндө, Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаев жөнүндө жылуу, кооз сөздөр айтылды. Ырлар окулду. Көңүл көтөрүңкү. Салтанаттан кийин Сооронбай Жусуев, Фатима Абдалова, Бактыгүл Чотурова менин машинеме түшүштү. Үйүнө жеткирип келсек, Сокем: “Эл акынынын үйүндө элүү грамм бардыр…” – деп, болбой үйүнө киргизбеспи. Эч ким жок экен үйдө. “Барчигинен” бир жакшы ичимдик алып бузду. “Барчиги” ошол ачылган боюнча турат. Бир маалда Сокем башка бөлмөгө чыгып кетти – кыздарга арнап жазган ырын издеп. Ылайыгын таап, кыздарга ыр окуп бергенди жакшы көрөрүн айтпадымбы жогоруда. Мен кыздарга үн каттым:

— Силердин 80 жашка чыккыңар келеби?

— Келет… келет…

— Силердин Эл акыны болгуңар келеби?

— Келет… келет…

— Силердин Токтогул сыйлыгын, бүгүнкүдөй Президенттердин белегин алгыңар келеби?

— Келет… келет…

— Анда тетигил оозу ачык “барчиктен” ырым кылып бир бөтөлкө уурдап алгыла, үчөөбүз өзүбүзчө тилек кылып ичебиз.

Кыздарга сунуш аябай жакты. Тыпырашат тимеле. Бирок, “барчикке” жакындай албай калтырашат. “Сен… сен… сен алып чык, эркек эмессиңби?!” – деп сүйрөштү. Мен оңой эле алып, сумкеге салып койдум. “Барчикте” ичимдиктер толо – уурдаганыбызды эч ким байкабайт. Үчөөбүз аны ошол эле күнү кечинде, укмуш-укмуш тилектерди айтып, олуттуу салтанат менен жайлап салдык. Кийин Сооронбай Жусуев Кыргыз Республикасынын Баатыры болгондо кыздар ого бетер корстон болушпаспы: “Баягыны… баягыны ырас кылган экенбиз…” – деп.

Сокемдин Баатырдык атак алган күнү да мен үчүн эстен кеткис. Жарлык алдын ала чыкканы жок. Андыктан мен эч нерсе билбейм. А кишини Ак үйдө боло турган маданият ишмерлери менен Президенттин жолугушуусуна үйүнөн алып кеттим. Рулдамын. Машинеде баратып түнү бою уктабагандыгын айтты. “Жыйналышта анан уктап калбайсызбы?” – дедим эч нерседен оюм жок. “Кайдан уктамак элем – сен мени Ак үйгө жөнөкөй акын катары алып кирип, Баатыр кылып алып чыкканы жатсаң…” Жакшы кабарга жарыла кыйкырып жиберипмин. Рулда бараткан бойдон, оңго бой суна, өпкүлөп ийдим. Ошол менин реакциямды устатым көп жерде айтып жүрдү.

А кезде Сокемдин ден соолугу, басып-турганы жакшы. “Сизге Ак-Шумкар өзгөчө белгисин тагып алып, түштүктү бир кыдыртып келейин?” – деген сунушума токтоосуз макул болду. Адегенде Ошко учак менен кетмек болгонбуз. Кийин кайра сунушту өзгөрттүм: “Май айынын соңунда табигаттын кулпурган учуру. Табигатты кандай жакшы көрөсүз сиз! Ден соолугуңуз жаман эмес. Машине менен кетели. Адегенде Токтогулда өргүйбүз, жолугушууларды өткөрөбүз. Анан бир-эки күндөн кийин Жалал-Абадга, анан Ошко…” Ага да макул болду.

Токтогулда Дастан Бердиев деген филолог-аким, Жалал-Абад университетинде адабияттын анык күйөрманы Маматкадыр Ашыралиев деген ректор Баатырдын айрыкча ажатын ачты. Сапар андан ары Ош шаарында, Кара-Кулжа районунда уланды. Кара-Кулжага дагы бир кадырлуу агабыз Орозбек Акимбаев коштоп жөнөдү. Жердештердин аттуу-баштуулары жабыла жарым жолдон ыр-күү менен тосуп алышканы, Акимчиликтин алдына тиккен Ак өргөөдөгү, акимчилик залындагы салтанат-шаң азыр да кемибестен көз алдымда.

Ошто бир ыңгайсыз нерсе болду. Кыргыз-өзбек университетинде Сооронбай Жусуевге «Ардактуу профессор» наамын тапшыруу аземи жүрүп жаткан. Устатым катар олтурган мени капыстан нукуду да, көкүрөгүнүн сол жак ыптасын акырын чапкылаганча: “Жок… – деди. – Ак… Ак… Ак-Шумкарым жок… Жана олтурганда эле бар болчу…” Мен деле көргөмүн – тагылуу турган көкүрөгүндө. Кечени токтоттук. Ректор баш болуп издеп атабыз кыйсыпырга түшүп. Олтурган орундуктарды ары-бери жылдырып издедик, кийимдерин силкип-кактык, университеттин атынан кийгизилген кооз мантия-чапанды аңтарып карап чыктык. Эч нерсе жок. Кеченин жүрүшүндө а кишини куттуктагандар, көкүрөк кагышкандар, кучактагандар болгон. “Муну уюштурушту!..” – деп колду бир шилтеди да, четтеги бир орундукка лак олтуруп алды Жусуев. Элдин баары алайды. Ректордун эси ооду. Бир аз мурда эле өз көзү менен көргөнүн айтып, анан: “Эч ким сыртка чыкпасын! Ордунардан козголбогула?!” – деп жарыя кылды. Сыягы, милийса чакырта тургандай. Аңгыча элдин арасынан эле бир эжеке ордунан тура калып, колдорун жаңсай бирдеме деп атат, же сөздөрү бизге угулбайт. Ректор кол булгап чакырды аны. Ал: “Чөнтөгүн карасаңар деп атам, чөнтөгүн…” дегенче буркулдап олтурган аксакалдын бешмантынын көкүрөк чөнтөгүнө колун сала коюп, Баатырдык белгини илип чыкса болобу! Ба-а-а деп эле жатып калдык баарыбыз. Сокемдин бешмантынын жакасы башкачараак – модалуу экен. Көкүрөк чөнтөктүн так үстүнө тагылат экен Ак-Шумкар. Кишилер кучактап-неткендеби, сарпай кийгизип аткандабы, чечилип кетиптир да, култ деп ошо чөнтөккө түшүптүр. Анан кечебиз кайра уланды.

Сүйүү ырларынын ичинен “Кош жылдыз” деген ыры жүрөгүнө өзгөчө жакын эле, медер эле. Таржымалын сурасак, татынакай жылмаюусун гана жооп кылып сунчу. Ал ырын обону жок окуганды жакшы көрчү.

Жетимиш жаш маараке-кечесин А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында мен алпарып калдым. Кечедеги атактуу төкмө Тууганбай Абдиевдин элдин баарын, Сооронбай Жусуевдин өзүн да күлдүргөн ыр саптары али кулагымда жаңырып турат:

Бу Сокем аккуратный басат дейт, аккуратный шашат дейт,
Аялынын койнуна аккуратный жатат дейт.
Бу Сокем аккуратный турат дейт, аккуратный жуунат дейт,
Алдыдагы жүз жашка аккуратный чыгат дейт.

Жүз жашка жетпесе да, жүз жаштын алдына Сооронбай Жусуев өтө “аккуратный” келди. Ал тургай, жүз жаш мааракесине айрым даярдыктарды өзү жасап салды. Ушунчалык узак жашка, негизгиси, өзүн-өзү өзгөчө аспиеттеп караган үчүн жетти. Кылым тогошоордун алдыңкы жылдары болсо керек, Кадамжай районунда эл менен жолугушууларга ал кездеги район акими Азим Карашев чакырган экен. Эртең жөнөйбүз деп аткан күнү кечинде ашказаны ооруп, Ошто ооруканага түшүп калбаспы. “Бишкекке – үйдөгүлөргө айтпа ооруканада экенимди. Шааркүл баштап баарысы Ошко келип алышат. Анткени, мен согуштан бери ооруканага жатып көргөн эмесмин…” – деп мени таң калтырган.

Сооронбай Жусуевдин дүйнөдөн өтүшү – башка жакындары тургай, көзү өткөн калемдештеринин аялдарына да айрыкча оор тиерин ойлоп, алыстан аларды да аяп турдум. Түмөнбай Байзаковдун, Байдылда Сарногоевдин, Олжобай Орозбаевдин, Акбар Токтакуновдун, Жалил Садыковдун, Эсенгул Ибраевдин… деги койчу, бардык көзү өткөн калемдештеринин жарларын, эмне жакшылыгы, эмне шылтоосу болсо, бөжүрөтүп чогултуп, өзгөчө көңүл буруп турган ушу киши эмес беле.

Сокем өзү кечиккенди өтө жаман көрөт эле да, келбей калганды кечирчү. “Шартка жараша” деген сөздү көп айтат эле. Менин шартымды карасаңар эми. Көздөн жашты аарчыбай туруп айтайын, бул эскерүү макалам Сооронбай Жусуев менен Кыргызстанда коштошуу зыйнаты жүрүп жаткан кезде, сөөгү жерге коюлуп жаткан маалда Түркиянын Анкара шаарында жазылды. Устатыма мен үчүн уулум топурак салды…

Кожогелди Култегин, “Эркин тоо”, 12.02.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.