Нокот кошулган куурдак

Нокот (нут) – бир жылдык буурчак өсүмдүгү. Мекени болуп Орто Азия эсептелет.

Нокот буурчак сыяктуу белокко жана углеводго бай. Өз ченеми менен колдонууда организмде холестерин азаят. Курамында иммунитетти көтөрүүчү калий менен магний, сөөк ткандарын бекемдөөчү кальций менен фосфор бар. Ошондой эле жүрөк-кан тамыр ооруларында профилактика үчүн колдонулат. Кандын курамындагы канттын өлчөмүн бир калыпта кармайт. Мындан сырткары арыктоого, организмди тазалоого жана минерал, витаминдер менен байытууда эӊ керектүү азык.

Бирок нокоттон жасалган тамакты көп жегенге болбойт. Балдарга жумасына 1-2, чоӊдорго 2-3 жолу жеген жетиштүү. Болбосо ичти көптүрөт, тамак сиӊүү кыйындап ашказанга оорчулук алып келет. Бул нокоттун курамында олигосахариддин (адамдын организми эритүүгө күчү жетпеген кант) болушу менен байланыштуу. Ошондуктан аталган данды сууда көпкө чылоо өтө маанилүү. Сууда көп болгондо, биринчиден, олигосахарид сууга чыгып кетет да, дан зыянсыздалат, экинчиден, тамак тез бышат. Эреже боюнча 12 саатка чейин сууга чылап, 1,5 саат бышырыш керек.

nokot_kuurdakКеректелүүчү азыктар:
Эт – 500 грамм
Нокот – 200 грамм
Пияз – 1 даана
Өсүмдүк майы – 150 грамм
Болгар калемпири (кызыл, сары) – 3 даана
Сарымсак – 4 тишче
Чили калемпири – 1 даана
Соя соусу – 2 аш кашык
Томат ширеси – 100 грамм
Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:
Алгач нокотту сууга 10-12 саат чылап, андан соӊ кайнатып бышырып алабыз. Этти кичине бөлүктөргө бөлүп, көмөч казанга май куюп 30 мүнөттөй куурабыз. Эт куурулгуча пиязды ичке, болгар калемпирин чоӊ-чоӊ, сарымсак менен чили калемпирин майда туурап казанга салабыз. 30 мүнөт демделген соӊ соя соусун, томат ширесин кошуп, татымына жараша туз кошуп, жай отто дагы 5 мүнөт кайнатабыз. Аягында нокотту кошуп 5 мүнөт демдейбиз. Бышкан тамакты тарелкага салып, ар түрдүү көк чөптөр менен кооздоп, коногуӊузга узатыӊыз.

Сүйүн Кулматова, «Супер-инфо», №690 22-январь-28-январь, 2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.