Жашоо сабактары

«Бакдѳѳлѳт» коомунун «Жашоо сабактарынан»

Тазалануу

Жашоо жолунда адам көп нерсеге кабыл болот. Бирде адам бийикте, бирде адам төмөндө.

Төмөндөгөн учурда адам илдетке, сарсанаага, жүккө дуушар болот же болбосо азапка, кайгыга, түмөн түйшүккө кирептер болуп, андан жалаага, айыпка, докко дуушар болот. Ошондон улам адам кичирейип, бүрүшүп, сынышы мүмкүн. Ушундай жагдайда, абалда адам тазалануусу зарыл.

Тазалануу негизинен эмнени камтыйт?

  1. Эң биринчи тазалануу ойдон башталышы зарыл. Ойду карадан акка буруусу зарыл.
  2. Андан соң адам ишенимин өзгөртүүсү зарыл. Мисалы: Мен күчтүүмүн, кубаттуумун. Мен бул жагдайды көтөрүп, мүңкүрөбөй, сынбай ушул жагдайдан чыгам. Же болбосо, мага жарык болгон күн келет, ага Кудай өзү жеткизет. Мени алдымда дагы көп ийгиликтер күтөт жана башка ушул сыяктуу.
  3. Адам санаадан акылы менен чыкканы оң. Мисалы: Мен санаа тартсам кубатым кетет. Мен санаа тартсам төмөндөй берем, ошондуктан мен санаадан арылышым керек, мен кубатка толушум керек, дагы көп кызматты кылышым керек. Дүйнө ушул күн менен токтобойт, алдымда чоң кубанычтар болот. Мага Кудай өзү жардам берет. Мен ошого ишенем.
  4. Мени адамдар айыптаса да, мен Кудай алдында тазамын, мени Кудай айыптабасын (айыбы жок болсо), мен өзүм адашпайын, менин жүзүм жарык болсун. Адамдардын туура эмес оюнун жүгүн мен чыдап көтөрөм, мен мөгдүрөбөйм, мага Кудай күч берет, Кудай өзү алгалатат ж.б.у.с.

Бул жагдайлар – адам төмөндөгөндөгү жагдайлар.

Адам бийиктегендеги жагдайлар:

  1. Көз, сөзгө калуу (көз тийип, көзүгүп калуу).
  2. Ичи тардык менен жасалган жолтоолор.
  3. Көрө албастыктан болгон тоскоолдор.

Бийиктик ар кандай түрдө болот:

  1. Сын-сыпатка тийиштүү бийиктик.
  2. Жагдайга тийиштүү бийиктик. Жагдайга тийиштүү болгондо: үй-бүлөлүк жагдай, тууган арасында, эл алдындагы жагдай ж.б.у.с.
  3. Учурга тийиштүү бийиктик. Учурдагы жагдай – эл астында өзгөчөлөнгөн учур (таасирлүү сөз сүйлөйт, таймашка чыгуусу, өнөк болуусу ж.б.)

Бул учурда тазалануу эмнеден башталат?

Тазалануу иш-аракеттен башталып, ырым жасалат же шарттарды аткарат, деңгээлине жараша (көз тийгендин, жолтоолор менен тоскоолдордун).

Тазалануу эмне үчүн керек?

Эгер адам учурунда тазаланбаса жүктүү болот, кубатка толбойт, өтүшүп кетсе мерт болот.

Бул өтө керектүү, адамга таасири жана пайдасы өтө көп жасалчу иш аракеттер (дуба болгондо шарт жасалат – мазар таюу, кан чыгаруу, арчалоо, суу менен тазалоо, ач-сук чыгаруу ж.б. иш-аракеттер).

Ар бир элдин, адамдын өзгөчө таасирин берген ырым шарттары бар. Жалпы жонунан баардыгына таасир берчү шарт – бул суу менен, от менен тазалануу, оттон секирүү да абдан жакшы таасирин берет (мурда оттон секирген балдардын оюну болгон).

«Бакдѳѳлѳт» коомунун байланышуу телефондору: 0771 144- 820; 0552 853- 555

«Көк асаба», 27.01.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.