Кайырын чайыр кылуу

“Кайырын чайыр кылуу” деген сөз бар. Жакшылыкты жамандык менен жокко чыгаруу, жакшылыктын аягын жамандыкка айлантып жиберүү деген маанини билдирет. “Так ошол чала молдолор көбөйгөнү диндин чайырын кайыр кылып жиберди” дейт.

“Зылдын кара ташы” дейт. Абдан оор, киши көтөрө алгыс, кыймылдата алгыс оор нерсени “Мунуңду ким көтөрөт, айланайын, зылдын кара ташынан да оор неме турбайбы” деп коет.

“Доңуз айбат” деген сөз бар. Кыйратып жибергендей эчтекеси жок, куру кайрат, куру опуза” деген сөз. “Эч нерсеге алың жетпегенден кийин доңуз айбатыңдын кимге кереги бар эле” дейт.

“Дини кара” деп коет. Ниети бузук, арам ойлуу, кара ниет деген мааниде. “Мындай дини кара немеге жолобой жүр деп канча айттым эле?” дейт.

“Дини караруу” деген да сөз бар. Бул ниети бузулуу, кара ниеттик кылуу, мүнөзү жаман жагына айлануу дегенди түшүндүрөт. Каапырдын дини карарып калыптыр сак боло көр?” дейт.

“Диңкеси соолуу” деген да сөз бар. Муну бүгүн көбүбүз билбей калдык.“Диңкеси соолуу” деген абдан чарчады, жүрбөй калды, дарманы, күч-кубаты кетти, шайы кетти дегенди түшүндүрөт. Ушул иштин аягына чыгам деп жүрүп диңкем соолубадыбы” дейт.

“Көр чеңгел” деген да сөз бар. Биринчи мааниси олбурлуу, чоң чеңгел дегенди түшүндүрөт. Мисалы, “Ал тууралган этке көр чеңгелин сала сугунду” деп коет. “Көр чеңгелдин” экинчи мааниси жегич, алдым-жуттум, кара жемсөө кишилерге айтылган сөз. “Бул бийлик мамлекеттин мүлкүнө көр чеңгелин салгандарга катуу жаза көрбөсө болбой калды”дейт.

“Көрдөн чыга калгандай” деген да сөз бар. Адамдын жүрөгү түшкөндөй түрү суук, көрүнүшү начар дегенди билдирет. “Көрдөн чыга калгандай болгон атаңдын оозугу урайын, жүрөктү түшүрүп салбадыңбы” дейт.

“Бүкөнбара болуу” деген сөз бар. Майдаланып жок болуу, ысырап болуу деген маанини билдирет. “Ал базарга эртең чыкпайт, ошондуктан сатылбай калганынын баары бөөдө бүкөнбара болуп жок болот эмеспи”дейт.

“Баш териси бузук” деп коет.“Агасы жаркылдаган сонун жигит эле, мунусу кайдан чыкканын билбейм, баш териси бузук экен” дейт. Көңүлү түз эмес, жаман ойлуу, начар деген маанинин билдирген сөз.

Өз жаздыгын өзү ала жатуу” деген да сөз бар. Өзү менен кошо касташкан кишисин да күнөөкөр кылуу же өзү өлө турган болгон соң, касташкан адамын да өлүмгө дуушар кылып өчүн ала кетүү дегенди билдирет. “Буларың тынч кала бергиси келбей, өз жаздыгын өзү ала жаткысы келип, эми күнөөсү жокторго асыла баштады” дейт.

Өлүктүн алаканындай” деген да сөз бар. Тыйтайган, кичинекей, кенедей, жарытпагандай деген мааниде. “Атаң чириген бай болгон менен өлүктүн алаканындай куучуйган зыкым болучу” дейт.

Шайлообек Дүйшеев, “Азаттык”, 07.09.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.