Айнура Канзаева, Мыскал Өмүрканованын кызы: “Апамдын комуз үйрөнүп ал дегенин аткара албай, жүрөгүм ооруп келет”

Даңазалуу ырчы Мыскал Өмүрканованын кызы Айнура Канзаева Сокулук районунун Асылбаш айылында жашап келет. Убагында жогорку билим албай калганы менен, атактуу ырчынын кызы маданият тармагынан алыстап кетпей, китепканада иштеп, “КР маданиятынын мыктысы” болууга жетишкен.

– Айнура эже, телеканалдардын бириндеги көрсөтүүдө ырдаганыңызды угуп, үнүңүздү даңазалуу ырчы, апаңыз Мыскал Өмүрканованын үнүнө окшоштурдук… Буга чейин ырдабай кайда жүрдүңүз эле?

– Ооба, ырдап калсам, баары эле үнүмдү апамдыкына окшоштурушат. Бирок мага апама жетиш кайда! Баары эле 60 жашыңызга чейин кайда жүрдүңүз эле деп сурап калышат. Улуубуз апамдын Жумгалдагы биринчи жолдошу Сагыналыдан. Күйөөсү согуштан кайтпай калгандан кийин апам Москва районундагы Бешкөрүк айылында башкарма болуп иштеген атама турмушка чыгып, эки эркек, бир кыздуу болгон. Мен сегиз айлык кезимде апам Кытайга гастролго баратып, чоң энем Каличага калтырып кетиптир. Ал кезде артисттер 2-3 айлап гастролго кетишчу экен. Ошондон кийин “Өзү кыз бала болсо, чоңойгуча дагы кимдерге калтырып кетет деп” чоң энем мени бербей коюптур. Мен 14-15 жашка келип калганда атам менен апам ажырашып кетип, мен чоң энемдин колунда калдым. Чоң энемдин айтуусу менен атам мурунку аялына кайра үйлөндү. Чоң энем катаал, кыйын киши болгон. Апам менен жакындаштырайын деп деле ойлобоптур.Турмушка чыкканымдан кийин апам менен өзүм катыша баштадым. Эки баламды тарбиялап калды. Бирок пенсияга чыкканда деле, меникине келсе, эл үйлөрүнө алып кетип, коноктоп, ырдатып турушчу. Жай олтуруп сүйлөшүүгө такыр мүмкүнчүлүк болчу эмес.

Окубай калган турбайсызбы ээ?

– Онунчуну бүткөндөн кийин мени окутушкан жок. Бирок ошол кездеги артисттердин турмушунанбы, айтор чоң апам мени апамдыкына жиберчү эмес. Шаарга барса, кыз киши бузулуп кетет деп окууга да жибербеди. “Сөөк жаңыртабыз деп бөлөлөрүбүзгө алып берип коюшту. Ошону менен жаш кезимде бала-чакалуу болуп, үйдө олтуруп калдым. Окубай калганыма апам арман кылып өттү. Бирок өзү деле окубай эле, кудай берген таланты менен атак-даңкка жетишти да. Кадимки Кожомкул ата айыл башчы болуп туруп, апамды Нарын драмтеатрына орноштурган экен.

Кичинеӊизде же азыр деле Мыскалдын кызы дегенде сыймыктанып каласызбы?

– Ананчы! Менин дагы ырдагым келчү. Мектептердеги кароо-сынактарда ырдап чыгып калсам, баары “Мыскалдын кызы” деп турушчу. Кээде республикалык сынактарга чейин катышып, алдыңкы орундарга ээ болчумун.

Айылдагы дүкөндү сатып алып, 15 жылдай соода тармагында жүрүп, кийин китепканада иштеп калдым. Ошол китепканага иштегенимден кийин маданият тармагына жакын болуп, айылдагы майрам салтанаттарына алып баруучу болуп, ырдап жүрдүм. Ушул жерден “Кыргыз маданиятынын мыктысы” деген төш белги менен сыйландым. Ошондо апамдын өнөрүнө кичине болсо да жакындаштым деп койдум.

Бирок эненин баркын жаш кезиңде анча билбей, жашың өтүп баратканда бөтөнчө баалап калат экенсиң. Жаш кезимде апам менен сырдашып деле сүйлөшүп, көп эскерүүлөрүн алып, жазып калбаптырмын. Апам ак көңүл, бала кыял эле. Бир жылдары жолдошум мал бакчу, апам меникине, жайлоого келгенде карынды кантип кургатып, сары майды сактаганды, быжы жасаганды, ичегини сегиз кылып өргөндү үйрөткөн. Апам жасаган тамактардын баары даамдуу болчу, же энемди кечирээк таап, моокумум канбай калгандыктан ошондой сезилчүбү, билбейм. Апам “Комуз черткенди үйрөнүп алсаң жакшы болоор эле” деп көп айтчу эле. Комуз менен ырдап калсам, “Кайран Мыскал өлгөн эмес турбайбы“ деп калышаар беле деп коем. Бирок чыгынып комузду үйрөнүүгө бел байлай элекмин. Жашым да алтымыштан ашып барат.

Артисттерден Экия Мукамбетов, Нуркан Турсунбаев, Сүйдүм Төлөкова концерт менен айылга келгенде көрүп калдым. Сүйдүм эже менен кийин да катташып турдум.

Сиз апаңызга түспөлдөшүп кетет экенсиз…

– Баары эле апама окшоштурушат. Бирок апам жапалдаш бойлуу, толмочураак эле. Мен арыкчырай, боюм атамдыкына окшоп узун.

Таякелериңизди таап алган турбайсызбы?

– Ооба, апам таякелериңди таап алсаң жакшы болот эле дечү. Ал убакта өзүм жашыраак болуп, анча элес албаптырмын. Эки жыл мурун кичүү кызым интернет аркылуу таякелерибиз Айбек Шамшыкеев менен таанышыптыр. Ошону менен катышып калдым. Анын чоң атасы менен менин таякем бир тууган. Айбек жакында апам тууралуу китеп жазып, көзүн көрүп калгандардын эскерүүлөрүн чыгарыптыр. Апамдын кандай даңктуу ырчы болгондугу тууралуу жазылган биринчи китеп.

-Апаңыз кийинки кездери ким менен жашады?

-Бектурсун агам менен жашады. Апам атам менен ажырашканда 6 бөлмөлүү үйдү бөлүп алышкан. Бишкектеги Киев-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде.

– 100 жылдык юбилейине чуркап жатасызбы?

– Кыз бала болуп, көп нерсени жасай албайт экенбиз. Айбек бардык уюштуруу иштерине чуркап жүрөт. Биз да колубуздан келген жардамыбызды берип жатабыз. Менин апам болсо, калың кыргыз эли сүйүп уккан Мыскал Өмүрканованын 100 жылдык мааракеси –жалпы кыргыз элинин мааракеси. Мына, 100 жыл өтсө да аты унутулбай, кайталангыс талант боюнча келатканы баарыбыздын сыймыгыбыз.

 

Айбек Шамшыкеев, Мыскал Өмүрканованын 100 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча өкмөттүк комиссиянын мүчөсү, журналист:
“Кылымдын авазы” тууралуу китеп жаздым”

Быйыл залкар ырчы, Кыргыз ССРинин эл артисти, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин эки жолку депутаты Өмүрканова Мыскал Дүйшө кызынын 100 жылдык мааракеси белгиленгени турат. Ырчынын жакын иниси, мааракени өткөрүү боюнча өкмөттүк комиссиянын мүчөсү, журналист Айбек Шамшыкеевди сөзгө тарттык.

Айбек мырза, Мыскал Өмүрканованын мааракеси алдында сиз жазган “Кылымдын авазы” аттуу китеп тууралуу маалымат берсек…

– Буга чейин залкар ырчы тууралуу жеке авторлор китеп жазышкан эмес. Мыскал эжебиздин кыскача өмүр баяны энциклопедияларга, ар кандай китептерге киргизилип келгени менен, андагы айрым маалыматтар такталбастан, туура эмес берилип келген. Мисалы, ырчынын туулган айылы Жумгал районунун Эпкин айылы деп жүрөт. Бирок бул айыл кайын журтунун айылы, ал эми өзүнүн киндик каны тамган айылы ошол жерге жакын жайгашкан Баш-Кууганды деген айыл.

Андан тышкары, Мыскал эже 1939-жылы Кыргыз ССРинин 1-декадасына катышып, “Алымканды” айтылуу төкмө акындар көркөмдөп ырдагандай “6 эле мүнөт созгондо” Сталин тура калып кол чаап: “Мындай керемет үн үчүн тост көтөрүү керек деп айткан” (аттарын атабай эле коёюн) деп өздөрүнүн китептерине кыскача жазып жиберишкен. Чынында бул туура эмес маалымат. Мыскал эженин жакын иниси болсом да, анын даңкын дагы да ашырып, апырылтып айтылган бул маалыматты колдоп, тарыхты бурмалоого барган жокмун. Анткени Кудай алдында ар бирибиздин тарыхты бурмалоого акыбыз жок. Бул китепте ырчы эжебиз1939-жылы декадага катышпай калганын далилдер менен жаздым. Айрым жазмакерлерден тышкары, элибиз дагы Өмүрканованын 1958-жылы Москвада өткөн Кыргыз ССРинин 2-декадасына барганын жогоруда айткандай 1939-жылдагы 1-декада менен алмаштырып, ал эми эжебизге кол чаап, таң калуусун жашырбаган Хрущевду Сталин менен алмаштырып алышкан. Ошондой эле, эл ырчынын атасы Өмүркан деген киши деп ойлойт, Өмүркан өз атасы эмес, кайын атасы, өз атасы Дүйшө деген киши болгон.

Маектешкен Айгүл Бакеева, “Политклиника”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.