Италиялыктарды кыргыз музыкасына кызыктырган ырчы Орозбек Бакытов

Учурда Италиянын белгилүү Улуттар аралык музыкалык академиясында опера жаатында билим алган Орозбек Бакытов, италиялыктардын кыргыз музыкасына кызыгуусу жогору экенин айтат. Мындан улам, азыр өзү сабак алып жаткан Маэстро Сержио Олива менен чогуу кыргыз музыкасын эл аралык концерттик программаларга алып чыгуунун аракетинде жүргөнүн да кошумчалайт.

Операны тандоого атам себепчи болду

“Балалыгым Баткен облусунун Лейлек районунун И. Раззаков айылында өттү. Үй-бүлөдө беш бир туугандын кичүүсүмүн. Кичинекей кезимден эле музыка менен чогуу өстүм. Анткени үй-бүлөдө атам аккердеон тартып, апам экөөбүз ырдап калчубуз. Мындан улам менин ыр дүйнөсүнө аралашканыма атамдын салымы чоң деп билем”.

Чокморовдой актер болгум келчү…

“Баштапкы билимди өз айылымдагы И. Раззаков атындагы мектептен алдым. Маданий иш-чараларга активдүү катышып, ошол кездеги «Мээрим» фондунун ийримдеринде ырдап жүргөм. Ошого карабастан эмнегедир белгилүү актер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов сыяктуу кино жылдызы болгум келчү. Бирок, атам менен кеңешип 2006-жылы орто мектепти аяктаганда Бишкектеги М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырдым. Анда “Жеке ырдоо” бөлүмүндө КР Эл артисти С. Алмасбеков жана “Хордун дирижеру” бөлүмүндө Э. Адракаевалар мага устат болушту.

Эл аралык мамилелер боюнча адисмин

“2009-жылы К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясына «жеке ырдоо» фокультетине тапшырып, 2014-жылы аяктадым. Ошол эле учурда параллелдүү түрдө Тышкы иштер министрлигине караштуу Казы Дыйканбаев атындагы дипломатиялык академиясынан «Эл аралык мамилелер» боюнча билим алдым”.

Римдеги Улуттар аралык музыкалык академияда окуйм

“Окууну аяктаган соң, эмгек жолум А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык опера жана балет театрынын солисти катары башталды. Ал эми Италиядан опера жаатында билимди улантуу пландарымда бар болчу. Мындан улам интернет аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ырдаганымды аудио жана видео түрүндө жөнөткөм. Ошентип, Италиянын борбору Рим шаарындагы Улуттар аралык музыкалык академиясына сынакка чакырылып, «вокал» бөлүмүнө кабыл алындым.

Окуу жайда азыркы тапта вокал боюнча белгилүү, италиялык опера ырчысы маэстро Сильвано Карролиден сабак алуудамын. Опера партияларын болсо Римдин опера жана балет театрында 40 жылдан бери башкы дирижер болуп эмгектенген италиялык Маэстро Серджио Олива менен жасап жатам.

«Roma music festival» менен Италиянын үч ири шаарында ырдадым

Өткөн жылы окуу жайда чакан концертке катышып, ошол жерден Рим, Неаполь, Сорренто шаарларында отуучу «Roma music festival» иш-чарасына чакыруу алдым. Аталган фестиваль эл аралык деңгээлде болгондуктан, Германия, Франция, Швейцария, Италия, жанан Япония, Кытай мамлекеттеринен ырчылар катышты. Алар менен чогуу Италиянын үч ири шаарында фестиваль өткөрүлдү. Бул фестивалда чыгып ырдаганымды жергиликтүү калк колдоп, жакшы маанайда кабыл алды.

Буга чейин опера ырчысы катары КМШ өлкөлөрүнө чыгып келгем. Анын арасында Өзбекстандын Ташкент шаарында, Казахстанда, Орусиянын Москва ж.б шаарларындагы концерттерге катышканмын. Анда кыргыз операларынан «Айчүрөк» операсында Семетейдин жана Кан Чоронун партияларын аткаргам. Дүйнөлүк классикадан Моцарттын «Дон Жуан» операсынан Дон Жуандын партиялары репертуарымды толукташкан.

Кыргыз музыкасын концерттик программаларга алып чыгуу аракетиндемин

Мен көпчүлүк учурда кыргыз классикалык ырларын Муса Баетов, Атай Огонбаев, Алтынбек Жаныбеков ж.б композиторлорубуздун ырларын опера жанрында ырдап келем. Азыркы тапта мага вокалдан сабак Маэстро Серджио Олива менен чогуу кыргыз музыкасын концерттик программаларга алып чыкканга аракеттенүүдөбуз. Анткени ал өзү да кыргыз классикалык музыкасын өтө кызыгуу менен кабыл алды.

Италиялыктар тоолуу өлкөбүзгө кызыгышат

Бул жакта италиялыктар Кыргызстан тууралуу көп маалыматтарды билишпейт. Бирок ошого карабастан, Кыргызстандын тоолуу мамлекет экенине кызыгышат. Мен азыр Римде окуу менен алектенип, Кыргызстанга жакын арада баруу планымда жок.

Аягында операга кызыккан жаштарга “Биринчиден каалоо керек, экинчиден ой максатка тынымсыз умтулуу жана талыкпаган эмгек гана ийгиликке алып келет”,-демекчимин.

Орозгүл Арстанова, «Марал ФМ», 02.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.