К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын доценти Зарылбек Молдобакиров: “Кара жоргону талашпайлы”

Январь айында Индия мамлекетинде болуп өткөн фестивалга Кыргызстандын маданият ишмерлери катышып, өлкөбүздү дагы бир жолу таанытып келишти. Фестивалга кыргыз элинин байыркы тарыхын чагылдырган Манасты бий түрүндө көрсөтүп келишти. Өнөрлөрүн тартуулаган маданият ишмерлерин коштоп барган Зарылбек Молдобакиров төмөндөгү жетишкендиктер туурасында маек куруп берди.

– Зарылбек мырза, Индияда болуп өткөн фестивалга катышып келипсиздер? Ушул туурасында кеп салсаңыз?

– Кыргызстандын маданият ишмерлери 18-25-январга чейин Индия өлкөсүндөгү Нью-Дели, Калькутта деген шаарларында 6-7 мамлекет катышкан чоң фестивалга барып келдик. Фестиваль мамлекеттик деңгээлде өтүп, аэропорттон тосуп алгандан баштап Индиянын маданият ишмерлери коштоп жүрдү. Биринчи эле күнү Делинин чоң театрында фестивалдын ачылышы болуп, Кыргызстандын элчи айымы Самаркүл Адамкулова өзү тосуп алды. Фестивалдын негизги максаты – Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы достук байланыш, анын ичинде чыгармачылык байланыш болду. Биздин консерваторияга Индиядан атайын чакыруу келген. Фестивалга катышкан 6-7 мамлекеттин ичинен эң мыктысы болуп кайттык деген ойдомун. Себеби, кыргыз музыкасын, бийин жогорку деңгээлде көрсөтүп, барган шаарлардын театрларында кыргыздын желеги желбиреп турду. Вахиди жана Калькутта шаарында бизди Индия парламентинин сенаторлору тосуп алышты. Фестивалда Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы достук маанидеги, анын ичинде искусство тармагында жакшы сөздөр айтылды. Жаштарыбызга башка өлкөлөрдү көрсөтүү алкагында, биздин студенттерибизге чоң сабак болду десем жаңылышпайм. Биринчиден, башка өлкөнүн маданиятын, искусствосун анын ичинде бий искусствосун көрүп, өздөрүнө жакшы нерселерди алды деген ойдомун. Экинчиден, быйылкы Тарых жана маданият жылына карата, кыргыз элинин тарыхын, Манасты бий түрүндө көрсөтүп келдик. К.Молдобасановдун музыкасына жазылган “Манас жайыты” деген балеттен үзүндү, Ч.Айтматовдун “Маңкурт” чыгармасынан үзүндү көрсөтүлүп, азыркы этно-фольклордук бийди чагылдырдык.

Биздин кыздарыбыздын аткарган бийлерин көрүшүп таң беришти. Катышкан башка мамлекеттерди мен байкап отурдум, алар дагы албетте искусствосун көрсөттү, бирок өздүк көркөм чыгармачылык сыяктуу болуп туюлду. Биздики бийик деңгээлде көрсөтүлдү деп мен эле айткан жокмун, ошол жердеги көрүүчүлөр, элчилер музыкабызга, бийлерибизге “ушундай мамлекет бар экен, жогорку деңгээлде көрсөтөт экен” деген баа беришти.

– Кыргыздын бийлерин камтыган китеп чыгарайын деп жатыптырсыз. Кандай кылып топтойсуз?

– Быйылкы жылыбыз “Тарых жана маданият жылы” болгондон кийин кыргыздын бийлеринин атагын алыска чыгарууга аракет кылсак деген ойдомун. Анткени 28 жылдан бери кыргыздын этно-фольклор бийлери үчүн чыгарма жазып жатам. Мен биринчилерден болуп жазып жатам десем жаңылышпайм, анткени буга чейинкилер китеп жазышкан эмес. 28 жылдан бери кыргыздын нукура элдик бийлерин издөөдөмүн. Ноябрь айында бет ачарын өткөрсөкпү деген ойдомун. Китепке кыргыздын этнографиялык таза бийлери жазылат. Ага талма бий, инди, шаман, бакшы, аян ж.б.. 60ка жакын бийлерибиз каяктан эмне болуп чыккандыгы туурасында чагылдырылат. Ноябрь айында атайын бир күндү бий күнү деп белгилесек деген оюм бар, себеби Опера балет театрынын 90 пайызы, “Ак Марал”, “Шаттык” бийчилер тобу биздин консерваториянын студенттери. Китептин ичине кесипкөй балетмейстрлердин чыгармачыл өмүр жолдору, койгон бийлери жана таза кыргыздын бийлери жазылып, ага классика же башка бийлер кошулбайт.

– Башка өлкөлөрдө атайын улуттук бийди үйрөтө турган элдик бийлер мектеби болот экен. Бизде андай жок, ачса болобу?

– Бул туура. Жогоруда айтылган Индия жергесинде бий боюнча 300дөн ашык жанр бар экен. Ал эми Казакстан, Өзбекстан, Россия, Украинада өздөрүнүн элдик бийлеринин мектеби бар. Ошондуктан Маданият жана маалымат министрлигине КМШ мамлекеттеринин ичинен жалгыз Кыргызстанда элдик бий мектеби жок экендиги жөнүндө айткам. Буга аракет кылбасак, эртеңки күнү жаштарыбыз “бизде бий болгон эмес” деп Европанын бийин бийлеп калышат. Андыктан элдик бий мектебин ачуу зарыл, ал үчүн бир аз каражат керек.

Мына акыркы 3 жылдан бери «Кара жорго» деп чыгып жатат. Анын башында эксперт катары мен болдум. «Кара жоргону» казактар, башкырлар, монголдор, татарлар биздики деп чыгышты. Бирок мага келип сурашканынан “муну талашпайлы, жөн гана көчмөндөрдүн бийи деп коёлу, ошондо баарыбызга тегиз болот” деп айткам. Эмне үчүн лезгинканы кавказдыктардын, грузини, армяны “меники” деп талашпайт, жөн гана «кавказ бийи» деп коюшат. Ошондой эле биз дагы кара жоргону “көчмөндөр бийи” деп койсок болот. Талаша бергенден эч нерсе чыкпайт. «Кара жорго» деп эле талаша бербей, жогоруда айтылган 60тан ашык бийлердин арасынан жакшыларын бийлетип чыгарса болот. Изилдеп келсек “Кара жорго, кырк чоро” деген бий болгон. Муну Кыргызстанда боло турган көчмөндөрдүн экинчи оюнуна койдуруп берейин деп, министрликке да айткам.

Айнура ШАЙКЕЕВА, “Эркин тоо”, 29.02.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.