Дүйшеке Дөкөнбаев. “Көрөр күн…”

(аңгеме)

Калың салынган төшөктүн аяк жагында күрсүйгөн таргыл мышык бейгам көшүп жатты. Анда-санда «гыр-гыр» этип дабыш чыгарганы болбосо тарам-тарам жүн баскан жону дүгдүйүп кыймылсыз, кулактары да демейдегидей «зырп-зырп» этип шыбыш искебей жайылып бошоң, арткы буттарын баса жатканга кош жамбашы толук денесинен бөлүнүп өз-өзүнчө, жоон куйругу кемердей ийрилип мултуйган тумшугуна жете бир өңүрүн бүтүндөй ороп алган. Ушу бөк түшүп жатканы өзүнө ыңгайлуубу биротола катырып койгондой көптөн бери ордунан козголбой уйкусун улай берди.

Үй ичи да тынч, шырп эткен дабыш, былк эткен кыймыл билинбейт. Таң жаңы гана атып келаткан, антсе да түндүн үрүл-бүрүл баскан ушул акыркы үзүмүндө таттуу уйкуга чөмүлүп, бардыгы мемиреп көшүп кеткендей.

Көп өттүбү, аз өттүбү белгисиз, кокусунан мышык баш көтөрдү. Алиден бери уктабай эле башын төмөн салып узун ойдун учугун келептеп, оңдуу бир жыйынтыкка келалбай жаткандай жаргак көздөрүн бадырайта ачып алакандай төрт айнекти бириктирген маңдайкы терезеге карап койду. Андан күңүрт жарык түшүп турган.

«Аа, таң атып калган турбайбы. Кой турайын» – деген кеипте түйшөлүп аппак майда жүн баскан алдыңкы буттарын сунуп, жонун дүгдүйтүп оозун араандай ачып эстеп да, керилип да алды. Жууркандын аягынан кийизге түшүп уйкудан биротола арылгысы келгендей дагы бир ирет буттарын керип-чоюп эки-үч жолу кийизди тытмалаган болду да анан шашпай отуруп алып уйпаланган жүндөрүн жалаганга киришти.

Анда-санда төшөк башын карап коёт.

– Ми – и…

Демейде калың жабылган жууркан кыймылга келип, кемпирдин үшкүрүгүнө аралаш онтологон добушу чыкчу, башына оронгон жоолугун оңдоп салынып өзүнчө кобурап ордунан турчу, кыйлада. Төшөк аягындагы кепичин бутуна илип эшикке бет алчу, а сыртта аны күрөң уй күтүп турат. Сере алдынан жетелеп чыгып ортого байлачу, шашылбай. Саан бүткөнчө тамдын түбүндө күтүп отуруп, мышык аны менен кайра үйгө чогуу кирчү.

Бул сапар анын бири жок, дымыраган өлүмсүк тынчтык.

– Ми – и…

Жука эриндери болор-болбос тартылып сызылган жумшак үн чыгарды: таң атты, турбайсыңбы эми, деген тейде. Күтүп турду төшөк башына көз жиберип, бирок кемпир кыймыл каккан жок, жамынган төшөгү да тартылбады.

– Мө – ө!..

Сырттагы күрөң уйдун үнү, ал дагы күтө берип чарчаган окшойт. Мышык сүйүнүп кетти.

– Мя – уу!

Эки аттап терезеге жетип айнектен сырттагы уйга тигилди. Эриндерин кыбы- ратып актангандай акырын үн чыгарды:

– Турбай жатат. Эмнеге экенин билбейм… – деген тейде.

Бул маалда күн тоо артынан көтөрүлүп, анын нурлары жер бетине текши төгүлүп келаткан. Көчөдө да кыймыл күчөп, кобур-собур үндөр, өйдө-ылдый жүргөн унаалар, аларга кошулуп малдардын добуштары угулат.

Жакында баданын уйлары өтөт чубап, а күрөң уйду ордунан которуп байлап сааган киши жок. Кемпирге эмне болду? Эмне үчүн күндөгүсүндөй туруп эшикке чыкпайт? Таргыл мышык гана жамандыкты алдын ала сезгенсип өзүнчө бүлүк түшүп, бирде төшөктүн башына барып, мойнун созуп кооптуу кемпирге көз жиберип саам отурат да кайра терезеге шашылат, уй бошонгон жокпу, алардыкына сырттан бирөө келатпайбы…

– Ми – и..

Сызылган муңайым үн. Аны уккан киши жок.

Көп өтпөй баданын уйлары өтө баштады чубап, чыгып кетчүдөй тостой – гон көздөрүн көчө тарапка тигип, муңкана «Му – у..» деп жалооруй үнүн созуп байланган ордунда кала берди, күрөң уй.

 

* * *

Анда жаш кези эле, чарчап-чаалыктым деген жок, таң-азандан туруп базга барып уй саайт, күндүз башка жумушка чыгат. Күндүн кандай өткөнү да билинбей калчу. Анын колу тийбеген, ал аткарбаган чарбанын жумушу деле калган жок окшойт. Анткен менен эмгеги бааланып районго анан облуска депутат болуп шайланды, чогулуштарда эпкиндүү деп ар кандай сыйлыктардан да куру калган эмес. Орден, медалдарды да алды. Анын сүрөтү район, облустук ардак тактада илинип турчу.

Трактирис болуп иштеп жүргөн күйөөсү ажалы экен, жардан кулаган трактиринин астында калып эртелеп келгис сапарына жол тарткан.

– Сабыр кыл! Уучуң кур эмес, артында уулу калды, андан көрө ошонун өмүрүн тиле. Эртең эле эр-азамат болуп жетилет, ушул уулуң багат сени. Эл журтуң бар, көп эле өксүбө! – деп сооротушкан эле келгендер. Кайгы тартып, кан жутуп турганда көңүл көтөргөн жылуу сөз да чоң дем, эбегейсиз кубат экен, аял кайрат кылды. Бүк түшүп калган жок, уулун караан тутуп, аны колунан келишинче тарбиялап, бапестеп өстүрдү. Эмгеги текке кеткен жок, бала да эстүү, аламгерчиликтүү болуп чоңойду. Орто мектепти бүтүргөндөн кийин энесин сыйлашып чарба өз эсебинен аны жогорку окуу жайына жиберди. Өзү да тың окуучу, сабагынан камчы салдырган жок. Энеси да не деген ширин ойлорго батып, уулунан үмүтү абдан чоң эле.

– Оо, айланайын Алла Таалам! Ушу жалгызымдын өмүрүн узун кылып, багын ача көр. Окуусун бүтүп үйлөнсө, келин жумшасам, балалуу болушуп небере эркелетсем, куда-сөөк күтүп уучум узарса, бул дүйнөдө арманым болбос эле. Тилегимди кабыл кыла көр, секетиң кетейин кудай!..

Уулу да энесинин ойу менен болуп, аны менен кеңешип, өз максатын айтчу:

– Окуумду бүтүп бир жыл иштейм, керектүү каражат топтоп алып анан үйлөнөм. Буйурса үй да салам зыңгыратып, азыркы шартка ылайык келген. Сени да бөпөлөп багып алабыз, ансыз да кыйналдың, апа… – дечү.

Өңүндө да, түшүндө да уулунун эртеңки күнүн элестетип, айткан сөзүнө маашыр болуп ал өзүнчө эле ичинен кубанып жүрчү.

Анан эле балээ басып, уулу институтту бүткөн жылы Ооган согушу баш- талып калды. Айыл-айылдан бирден-экиден балдар узап жатты. Эки-үч ай иштеп калган эле уулу, повеске менен ал дагы чакырылды. Үзбөй эле кат келип жаткан, жарым жылча.

Аялдын жалынганы эле кудай, баласынын амандыгын тилейт. Төлгө тарттырат, ат арытып көзү ачыктарга барат. Анда да тың кези эле, мурдагыдай оор жумушка чыкпаса да кырман, кампага барып колунан келген иштер менен алек болчу. Үйдө кантип жалгыз отурат, алаксыганы эле жумуш. Бир айча кабар үзүлүп калып, күндөрдүн биринде эки солдаты менен бир офцер машинеге сундуйган жашик салып келип калышты, аларды ээрчиген толгон-токой кишилер.

Көзүң жамандыкты көрбөсүн, уулунун сөөгүн алып келишиптир…

Канчалык оор болсо да өлгөндүн артынан өлүп кеталбайт экен адам, беш- энеге эмнени жазып койсо аны көрбөскө аргасы да жок тура.

– Жазуу-буйрук ушундай экен, эмне кылабыз. Кайрат кылып, белиңди бекем байла! Кудай кылса кубарыңдын акысы барбы дейт, Алла жасаган иштен ашып кеталбайт экенбиз. Эстүү жансың, кайгыга алдырба, өз ден соолугуңду сакта! – деген болушту көңүл айтып келгендер. Башка эмне дешет? Көз жашылап үшкүрүнүп, улутунуп тим болушту. Аялдын башына чыныгы мүшкүлдүн эми түшкөнүн баары эле сезип да, билип да турушту. Билгенде эмне, куру сөз менен кайрат айтышканы болбосо, түтүнү башканын түйшүгү башка дегендей ар кимиси өз оокат-тирлиги менен алпурушуп кетишти.

Колхоз аз да болсо каралашып турду, жазында уюнун музоосун контрак деп алып кетет да анын эсебинен күзүндө эки мүшөк ун, уюна саман-чөп аралаш тоют, андан тышкары жардам бергенибиз ушу деп көмүр, бир аз жыгач отун түшүрүп кетишет. Алаксысын дешеби чогулуш-жыйындарынан да калтырышпайт. Майрам, башка белгилүү күндөрдө мурдагыдай эле клубга чакырып, эмгегиңиз бар дешип белекке таттуу-паттуу, чай-чамелек аларга кошуп тыйын-тыпыр да беришет. Анысына да рахмат, кышкысын үйү жылуу, уйу экөөнүн курсактары ток, ошентип күндөр өтө берди. Кошуна-колоң, ымалашкан адамдар менен аралашып, айылдагы жаман-жакшылыктан калган жок, тирүү жан болгондон кийин баарлашуу, катышып-катнашып, алышып-беришип туруу адамгерчиликтин жогорку чеги эмеспи.

Мезгил деген чоң даарыгер, анын өтүшү менен баары унутулат, эстен чыгып убагында кыйналганың да, көңүлүң жанчылып кайгы тартканың да билинбей артта калат дешет тура билгендер. Мүмкүн ошондойдур. Көрсө адамдардын жашоосунун ыргагы агымы катуу суудай бирде азайып бөксө-рүп, жайлап уюлгуп ирим тартып, кайра өз нугуна батпай толкуп-ташып, өңгү-дөңгү болуп өтө берет тура. Мелмилдеп тунуп калганында эч нерсе эмес, непада добул согуп, өркөчтөнгөн толкун тиги эле түбүнөн бери аласалдырып албууттанып каптап келгенде талдын бүчүрүндөй кайсы учурда жээкке серпип жиберерин сезбей да, алдын ала даярданып аны күтпөй да жашап жатам, өмүр сүрүүдөмүн деген ойдо жүрө берет тура адам деген.

Ошентип жүрөк өйүгөн капасы сары зил болуп көкүрөгүнө уюп, эл катары оокатын улап жүрө берди, кемпир.

– Эне, бу мышыкты атайы алып келдим, эрмек болсун деп, сизге. Чоңойсо үйүңүздү чычкандардан тазалап берет, – коңшунун тестиер кызы көздөрүн жаңы ачкан муштумдай мышыкты көтөрүп келиптир, бир күнү.

Кемпир башынан мышыкты жек көрчү, себебин деле билбейт. Анча көңүлдөнбөй бүжүрөп араң баскан мышыктын баласына итиркейи келе карады.

– Бу какмар качан чоңоюп, качан чычкан алып берет мага?!

Кемпирдин сөзүнө кыз боору эзиле кыткылыктап күлүп алды.

– Бул какмар, хи – хи, бат эле чоңоёт эне. Өз алдынча тамак ичет, сизди кыйнабайт. Ай, уктуңбу, сенин атың эми «Какмар» Билип ал! Хи-хи.

– Мейли… Бу да Алланын амири менен жарыкчылыкка жаралган жан да. өлбөсө чоңоёр… – Оор улутунуп мышыкты өзү отурган көлдөлөңдүн четине тартып алды. Албай коёбу деп чочулап келген окшойт кыз, сүйүнгөн бойдон дароо эле эшикти көздөй жөнөдү.

Те, кыйлада ордунан козголуп, кайдандыр чөмүчтүн сынган башын таап келип өзүнүн чайга деген сүтүнөн куюп анын алдына койду, кемпир.

– Ме ич, какмар десе.

Мышык чөмүчкө башын салып алгачы жыттап көрүп, аз өтпөй жалбырак- тай жука тили менен шылпылдатып иче баштады,

Мына ушу күндөн баштап бу кенедей жандык кемпирге жаңы түйшүк алып келди: убагында тамак берүү, кыбырап эшикке чыгып кетеби же бир нерсеге басылып калган жокпу деген ойдо сыртынан болсо да көз салып кечке аны менен убара. Убакыттын кандай өткөнүн да байкабай алаксып калат. Күндөрдүн биринде эшиктен кирип келип анын чычкандын чалажан баласын ары бери түрткүлөп ойноп жатканын көрүп:

– Ие байкуш, чычкан кармаганга алың келип калдыбы? – Алгач ирет мышыкка ичи жылый карады.

Чынында эле үй ичи көк чычканга толо болчу, буруксуп жыты да көңүл жипкирте турган. Дүбүрөшүп булуңдан булуңга жарыша чуркап, күн-түн тыным алышчу эмес. Кээде кемпирдин табагындагы сүтүнө да түшүп калышчу.

– Деги ошентип баарын кырып жоготчу, каргыш тийгирлерди.

Бара бара кемпир мышыкка, ал болсо кемпирге көнүп бири биринен алыс- табайт, издешип калган учурлары да арбын. Түнү жаткан төшөктөрү бир. Бир жакка кетип кемпир көпкө кармалып калса атайы эле сыртка чыгып, дарбазанын түбүнө отуруп алып суукка карабай күтүп отура берет.

– Ээ Какмар, кайдасың?

– Ми – и..

Ушул эле чакырыкты күтүп тургансып кайдан-жайдан дабышсыз басып келип дасторкондун четине көчүк басат, өз орду бар.

Атайы эле аны менен кобурашып отуруп кемпир чайын ичет, жай баракат.

Колхоз, совхоздор тарап заман өзгөрдү. Мурдагыдай дуулдаган, күр-шар түшкөн убак жок, ар кимдин өз түйшүгү арбын. Ортодогу жер, мал-мүлк, башка болгон байлыктар элге таратылып, эми жеке менчик чындап күчүнө кирген. Чарбага бириккени биригип, бирикпегени тырмалаңдап өз күчү менен тиричилигин өтөөдө, ар кимиси өз алына жараша.

– Кара кемпирдин үлүштөрү боюнча кагаздарын мага бергиле, ал биздин карамакта! – деп кошунасы болбой жатып контордон тийиштүү документтерди алып кеткен. Кемпирге бир кой, сексен сотых жер бөлүнүптүр, андан тышкары кайсы бир базда, техникада үлүшү бар дешти, кандай кылып эсеп- тешип бир жыйынтыкка келишет ал ошого ээ болгондордун өз иштери экен.

Кара кемпирди кошунасы үйүнө чакырып кой союп конок кылып, ортодогу бөлүштүрүү боюнча чал-могол кеп кылган болду.

– Сизге да үй ордундай жер тийиптир, өзүңүз айдап-сээп иштете аласызбы? – кемпирге сынай карады эле:

– Мага айланайын, эки эле метр жер жетет, өлсөм көөмп койгонго. Калганын өзүң эле иштете бер, садагасы, – деди кемпир чын дилинен.

Тамак ичилип үйүнө кетээринде кемпирге бир сан, эки-үч кабырга салып беришти.

– Сорпо-шилең кылып ичип туруңуз, – дешип.

Кемпир ыраазы, болгон алкышын айтып жөнөй берди.

Күндөрдүн биринде почточумун деп башка келин келип калды, кемпирге тиешелүү пенсиясын алып келиптир. Ал жерде иштегендер алмашкан көрүнөт.

– Бул акчаң өтө эле көп го, тегеренейин же эки айдын пенсиясыбы?

– Жок эне, ушул эле айдыкы! Мурун канча алчу элеңиз?

Кемпир саамга ойлоно калып:

– Канча экенин так билбейм айланайын, беш жүзүн колума алчумун санап, калган майда акчасын балдарыңа таттуу-паттуу ала бар деп кайра берчүмүн, өзүнө, – деди.

Почточу келин колун шак коюп чочуп кетти.

– Беш жүз? Э кокуй, сизди алдап жүргөн турбайбы ал келин! Пенсияңыз эне, көп кишилердикинен жогору экен – миңге бир аз жетпейт, тогуз жүз сексен беш сом. Жарым-жартылайын алып жүргөн тура!

Кемпир болгону башын ийкеди, болгону оор улутунуп алды.

– Ага деле буюрсун… Аргасыздан ошондой ишке барып жүргөн чыгаар. Ал байкуштун күйөөсү иштебейт экен, ичет дейт. Дагы урат имиш. Кургурдун атасы да ошондой аялына кызыл камчы, ичкиликти жакшы көргөн неме эле, ал дагы арактын айынан эрте кетип калды. Баса тиги келиндин биринен бири кичине беш баласы бар экен сураштырсам, аларга тамак, кийим – кечек деген керек. Бир эле батиңке канча сом турат. Убал эле айланайын.. Ишин сага өткөрүп берсе, эми кантип жан багышат байкуштар? Кап, жаман болгон тура . Балдарына да кыйын болот ээ эми… Өзү да азап тартып… Атаны шоруң каткыр ай – е… Деги эмнеси болсо да аял дегенди кор кылып жаратып койгон экен, кудайым.

Кемпир шыпшынып отуруп калды.

Келин ордунан турду.

– Мен кайтайын, эне. Дагы пенсия таратуучу жерлерим бар. Чайыңызга чоң рахмат! Күүлү туруңуз…

– Ай, айланайын! – байбиче дагы ордунан козголду. – Сен жанагы келинге жолуга аласыңбы? Тиги, мурунку почточуга?!

– Жолугам! Ишин толук өткөрүп берелек. Эртең менен келет, почтого.

Байбиче өзүнчө эле сүйүнүп кетти.

– И, анда ырас болот тура! Секетиң кетейин, ага жакшылап ишенгидей кылып айтчы, үйгө бир келип кетсин. Мага жолуксун! Эч нерседен чочубасын, мен ага колумдан келген жардамымды эле берейин деп жатам. Чынын айтсам, ушу беш жүз сом эле жетет, чай – чамелек, кантыма. Башка эмне алып жаттым эле? Келип акчасын алып кетсин, тартынбай…

Почточу келин ак да, көк да деген жок, болгону кемпирдин үстү башына таңкала көз жүгүртүп алып эшикти көздөй жөнөдү. «Деги эмне деген сонун адамдар бар! Өзү эптеп жанын сактап жүрсө да тиги келинге боору ооруп жатканын кара. Ошон үчүн мындай адамдардын өмүрүн узун кылып койсо керек, кудай », – деп ойлоп баратты ал өзүнчө.

Карыганда башка түшкөн дагы бир мүшкүл иш, бул өзүң курактуу, кечөө эле баарлашып, тамашалашып ичиңе толгон ой – сырларыңды бөлүш-үп, көөдөнүңдөгү болгон бугуңду чыгарып, чер жазып ошентип, көкүрөктү бошотуп жеңилдеп алаар өзүң теңдүлөрдүн улам арып, барган сайын бирин-деп азайып баратышы экен. Атаганат десең, не деген адамдар бар эле, алар кайда? Неге баарына бирдей эмес ажал деген, эмне үчүн бирине эрте, башкасына кеч келет? Байбиче өзүнчө улутунат: «Теңинен калган чал карып», – деген сөз бекер жерден чыкпаптыр го, акыры. Анткен менен табыйгаттын бул мыйзам ченемдүүлүгү адамга гана эмес жер бетиндеги жашаган жанжаныбарлардын дээрлик баарына тиешелүү экен да дүйнө жүзү анын эсебинен улам жашарып, кайрадан жаңырып турат тура. Бир себептен жашоо деген ошонусу менен кызык, ошонусу менен сырдуу окшобойбу. Бир күн болсо да жашайын, жарыкчылыктын рахатын көрөйүн, ден соолук берип аман кыла гөр кудай, деп тилейт эмеспи ар ким.

А кара кемпир:

– Оо айланайын Алла Таалам! Адам деп жаратканың чын болсо сенден эми көптөн көп өтүнүп суранганым бирөө гана: кыйнаба, алсаң алты саным кыймылдап турганда ал, жатып калсам ким мени карайт, ким оозума суу тамчылатат. Өзүң буйурган жашты жашадым, жаманы үчүн эч кимге кине коё албайм, жашоо деген ар кандай болот тура. Эми болду! Ичээр суумду ичтим, көрөр күнүмдү көрдүм, эми калганына ыразымын. Болгону ушул тилегимди кабыл кыла көр, айланайын кудай… – деп басса турса да өзүнчө күбүрөнөт.

Күндөрдүн биринде коңшу келинди чайга чакырды.

– Айланайын балам, сага айта турган бир сөзүм бар. Аманат деп бил, ал сөзүмдү садагасы! Аманат деген ыйык, чоң сөз, азыр көзүм тирүү дечи, окус ажал жетип өлүп кетсем анда өлүк парзы болуп калат, тегеренейин.

Мындай сөздү угуп көрбөгөн келин үрпөйө түштү:

– Ай энеке, эмне деп жатасыз? Болбогон сөздү айтпаңызчы, кишини коркутуп. Жакшы эле турасыз..

– Жакшысы менен жамыран калсын, – кемпир улутунуп алып койнуна колун сойлотуп колтугунун алдынан бир түйүнчөк алып чыкты. – Мына, бу акча! Көп жылдардан бери чогултуп жүрөм. Чолок эсебимде он беш миңге чамалап калды көрүнөт, тактап санай да элекмин. Балким андан да көптүр, кеп анда деле эмес. Болгон акча турат дечи. Жетим өз киндигин өзү кесет дегендей кепиниме жете турган болотнайды алып койгом. Көзүм ары карап кетсе соютуна күрөң уй турат дечи. И баса, сенин кайнатаңа жолугуп коңшу катары атайылап айтып коём го, жетилик, кыркымды анан жылдыгым- ды кара ашыма кошуп эле куран окутуп коюшса болду. Мени ким эстеп жүрмөк эле, өлгөндөн кийин.

Келин оштоно мойнун толгоп алды.

– Ай эне, коюңузчу болбогон кепти. Кары өлөбү, жаш өлөбү ал бир кудайдын иши го.

Кемпир башын ийкеп койду.

– Кудайдан айланайын. Эми бул акча чыптамамдын ичинде колтугумда болот, балам. Мени майрам сууга аларда ушул парзымды келген элге айт тартынбай. Акчаны чөнтөктөн алып чыгып элдин көзүнчө санап бер, өлүк ээси болчу кишиге. Бу акча көр казгандарга, тамак-ашына, молдо акысына жана башка керектөөлөрүнө кенен эле жетиш керек. Эстелигимдин кимге кереги бар, артымда бир чүрпөм… калбагандан кийин… Андан көрө топуракка аралашып, тезирээк чирип калганым оң.

Байбиче жер карап жоолугунун учу менен көздөрүн сүрттү.

– Бир гана арманым: эт жүрөгү эзилип өлүгүмдүн жанында эч болбосо бир перзентим «Энекелеп!» өкүрүп турса болбойт беле… аны да мага ыраа көргөн эмес экен, Алла Таалам.

Айтылып жаткан сөздөр келиндин кулагына кирген жок, бул тапта анын оюн кемпирдин колтугуна каткан бир түйүчөк акчасы ээлеп турган.

«Мастан десе! Калп эле өлүмүш болуп калат. Он беш – он алты миң сом эмне деген акча?! Мындай неменин өмүрү да узун болот экен. Элге айт, жарыя кыл, мойнуңа парз деп коёт». Келин үйүндөгү жумуштарына шылтоолоп ордунан туруп кетти.

 

* * *

Кеч болсо да акыры кемпирдин тилегин кабыл кылган экен, Алла Таалам, көкүрөгүнүн кысылып башы салмактанып турганынан улам кечки чайын жарытып ичпей эртелеп жатып алган – ошо бойдон турган жок.

Анын соо эмес экенин уй айдаган бадачы байкады. Күндө кемпир саап алып күрөң уйду каша, тосмолордун түптөрүнө откоруп жарым тоюндуруп анан кошчу. Түнкү байлоосунан бошотулбай серенин астында турган уйду көрүп дароо эле өткөн кеткендерге кабар кылып, кемпирдин короосуна бат эле эл чогула калды.

Ансыз да кажыган эшикти күчкө салып ачып үйгө киришип кемпирдин чекесин басып, колдорун кармалап көрүштү.

– Болбой калыптыр…

– Ыйманы саламат болсун!

Баары дүрбөп сыртка чыгышып короо ортолой тура калып өлүк салты менен жалпы үн чыгарышты:

– Эс кайран энекем оой!..

Кошуна келин эркектердин артынан үйгө кошо кирген, алар кайра тышка бет алышканда дароо эле төшөккө жетип барып кемпирдин баш жагынан анын чыптамасын сууруп алды. Дөмпөйгөн түйүнчөк колуна урунду.

«Он беш – он алты миң деди эле, балким андан да көптүр… Ошондой болгой эле. Ээ кудай, бере көр!» Этегин шак түрүп ычкыр кашатын чоё тартты да түйүнчөктү ичке салып жиберди.

Дал ушул учурда эшик шак ачылып аялдар кирип келишти.

– Апе – ей ботом, сен мында белең?!

– Эмне кылып жатасың?

Келин шашкалактап кемпирдин башын оңдогон болуп калды.

– Ээги түшүп калыптыр…

– Эмдиги жаштар өлүктөн коркушпайт.

Тугурукталган чыптаманы кемпирдин ээгине жөлөп, чолок жашын сүрткөн болду.

– Эртели кеч келип, чайын кайнатып, кир – когун жууп берип жүрүп өз энемдей болуп калыптыр, экөөбүз абдан ынак элек. Жакшы киши эле…

 

* * *

Мышык серенин үстүндө отурду. Топураган элден чочулап ал бая эле жогору чыгып кеткен. Бул жерден короо ичи алаканга салгандай, ким эмне кылып, кандай иштер жасалып жатат баары даана көрүнүп турду.

Кемпир сырка чыккан жок. Анын ордуна көптөгөн кишилер келип шоң- шойтуп боз тиге башташты. Күрөң уй да элдерден жазгандыбы үн катпай дымып байланган ордунда, эч ким аны которуп сааган жок.

Көп өтпөй казан асылып, жалындатып от жагылып майдын жыты буркур- ап боорсок бышырыла баштады.

Мышык кечтен бери наар алалек, эл тарап кетишсе үйгө кирип кемпир менен кошо курсагымды тойгузам деген ойдо эле, чоочун адамдар баары бир ага тамак бербесин билет. Ордунан жылбай короодон көзүн албай топураган элдин кетишин күттү.

Бир маалда эки жигит күрөң уйду жетелеп чыгып элдер аны ээрчип ого – родду көздөй баратышкан. Уй боз үйдүн жанынан өтүп бара жатып чире – нип тура калды да «Му – у!» деп бир башкача үн менен ачуу мөөрөп жиберди. Тостойгон көздөрүнөн тунук жаштар төмөн кулады.

Тургандар өздөрүнчө кобурап калышты.

– Билип атат, жытынан!..

– Ата – а байкушай – е.. Канча жылдардан бери бирге болуп жыттары сиңишип калса керек.

– Өзүнүн өлүмгө кетип баратканына карабай ээсин жоктоп атпайбы, шордуу…

Аялдар шыпшынышып көз жашылаган болушту.

Чара-чарага толо салынган эттерди сере астына көтөрүп келгенде күн бешим болуп калган. Казан асылып эки-үч жигит эттерди бөлүштүрө башташты. Аларды тейлеген кемпирдин кошунасы. Бакылдап үнү да катуу, кыймылдары да ийкем, өлүк ээси болуп кечки тамакка чакырылуучу киши- лерге кабар айттырып баарына баш көз болуп жүрдү.

Мышык үйгө кирүүдөн биротола үмүтүн үзүп, аргасы кеткенде очоктун тегерегинде болду. Жаңы эттин жыты аны бая эле сере үстүнөн чакырып алган. Жапыз тамдын артында үстүн эски чий менен жаап бир чара эт туруптур. Эмне деген эт? Кандай себеп менен ким аны бул жакка жашырып койгон? Териштирүү мышыктын ойуна да келген жок, тумшугун созуп, чарадагы эттин четинен чубап жей баштады. Сары жүрмө аралаш өңкөй сулп эт экен, мындай даамдуу тамакты жеп көргөн эмес, мурун. Алда кимден коругандай рахаттана күркүрөп жайма – жай курсак тойгузуу- нун үстүндө болчу. Эч кимди да күтпөй, кимдир бирөө келип калып жолтоо болот деген да ой келген эмес.

От жагып, казан кайнаткандар көралбаган далдоодо эле чара, атайылап баш багып карабаса эч ким байкоос да албаган көмүскө жерде болчу. Кокусунан эле өлүк ээси болуп, ар кайсы майда – барат иштерди тейлеп жүргөн кемпирдин кошунасы тамдан моюн сунуп, ал тараптан май чучукту чубап жерге түшүрүп алып шашпай былч – былч чайнап отурган мышыкты көрө койду.

– Эн – неңди.., сени элеби!

Эки аттап жетип келип тамга жөлөнүп турган айрыны ала койду да байкоосуз отурган мышыкты күч менен өпкө-жүрөк тушка бышып алды.

– Мунун тап көйүн кара, сволучтун! Мына сага!.. Жеп жат, эми…

Мышык «Ча – ай!» этип ачуу чаңырып алып, болгону бир ирет алга карай каргыды, тура калып кайра аяк шилтөөгө алы келген жок, денеси дирт – дирт этип тартыла түшүп, саам өтпөй буттарын чоюп суналып жатып калды. Ошо бойдон козголгон жок. Тиги киши аны бир паска карап турду да анан мышыктын чубалган денесин илип алып нары жактагы аңгекке серпип жиберди.

«Эми сенин ордуң ошоякта! Жата бер, чирип!» Айрыны ордуна жөлөп канааттана колдорун ушалап алды да чараны көтөргөн бойдон үйүн көздөй жөнөдү.

Анын мышыкты өлтүрө сайганын эч ким деле байкаган жок, келген элдер үйдө отурушкан эттин бышышын күтүп.

Мындан көп деле убакыт өткөн жок, кемпирдин качандыр бир кезде балык жон кылып салынган жепирейген тамы бүтүндөй бузулуп анын ордуна жаңы үйдүн пайдубалы курула баштады.

Ыйык орун бош калбайт деген сөз бар эмеспи..

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.