Т.Абыкеев. “Кумурска менен жалкоо”

(жомок)

Бар экен, жок экен, ач экен, ток экен, илгери бир Жаталак деген жалкоо адам жашаган экен. Аны бир ишке жум шаса эле:

‒ Оф, Кудайдын күнү кумдан көп, эртең бүтүрөм! ‒ деп салкын жерге жатып алып, уйку-соонун ортосунда күнүн өткөрөт.

Ошондой күндөрдүн биринде эмне кыларын билбей, кумурсканын бирин сөөмөйү менен тосуп:

‒ Эй, кумурска, эмнеге башың чоң? ‒ дейт.

‒ Башымда акыл бар, ‒ дейт кумурска жалкоонун жол тоскон сөөмөйүнөн ашып баратып.

‒ А эмнеге белиң ичке? ‒ дейт кайра.

‒ Көп иштеп, аз жейм, ‒ дейт экен сөөмөйүн айланып баратып.

‒ Буттарың неге тартагай?

‒ Тынбай иштеп, эмгек кылам. Күн менен жарышам, өмүр менен жарышам.

Жалкоо таң калат: «Бул кумурскалар акыл менен идиректи, кубат менен чыдамды кайдан алат? Күн менен жарышып, жашоонун кайсы сырларын издейт экен сурайынчы», ‒ дейт да көрүнгөн чөптүн түбүн аңтарып, кумурсканы издейт.

‒ Уф, кумурскабай, сени издей берип, аябай чарчадым. Жанагы өзүң айткан акыл-идиректи, кубат менен чыдамды каяктан аласың?

‒ Аны сенин жаныңда отуруп түшүндүрө албайм. Чындап билгиң келсе мени менен кошо жүр, ‒ дейт кумурска.

Жалкоо макул болуп, тогуз айлык наристедей төрт аяктап жөрмөлөп ээрчип жөнөйт. Кумурска алдынан жолуккан ар бир чөпкө токтоп:

‒ Биз мына бул чөптү «Кубат чөп» дейбиз. Ал жаз алды менен эң эрте чыгат. Он беш күндө эле бышат. Кышы менен чээнде жатып алсыраган курт-кумурска анын уругун жесе, кубат алат. Ал эми бул чөптү «Жыпар чөп» дейбиз. Бул болсо «Сүт чөп». Анын уругу жумшак жана даамдуу келип, жумурткадан жаңы чыккан чимелилерге жагымдуу тамак. А бул калдайган чоң жалбыракты «Соргок» дейбиз. Себеби сууга тойбойт. Жамгырдын суусун калдайган жалбырактары менен тосуп алып, өз тамырына куя берет. Өзү өскөн жерге башка чөптөрдү өстүрбөйт. Мунун сөңгөгүндө дайыма суу көп болгондуктан, кургакчыл айларда биз суусунубузду ушул Соргоктон кандырабыз. Эми мына булар жөнүндө айтсам: ‒ Бул «Тамак чөп», мунусу «Кышкы чөп», тиги «Мээр чөп» деп, ар бир чөптүн өзүнө жараша мүнөзүн, дарылык касиеттерин айтып отурат.

jalkoo_kumurska

Кырк күндөн кийин жалкоонун башына да акыл-идирек пайда болуп, дардайган курсагы тартылып, белине чыдам менен кубат орнойт. Солдоюп жатчу буттары күн менен кошо жарышка чыгып, күн дем алмайынча өзү да дем албай, үрөн эгип, бак тигип, эмгекчил досунан үйрөнгөн дары чөптөрдү жыйнап, сыркоо адамдарды айыктырып, эл урматтаган кадыр-барктуу адам болуп калган экен.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.