Кубатбек Таабалдиев, археолог: “Мурастарды сактаса, Кыргызстан музей болот”

Жүздөгөн, миңдеген жыл мурун ата-бабалар басып өткөн жерди казып, алар колдонгон курал-жарактарды кармап көрүү, алардын жашоо- турмушу менен таанышуу баардыгына эле кызык болсо керек. Бир кылым мурун болгон тарыхты таанып- билүүгө археология илими чоң салымын кошуп келгени анык. Мына ошол археология илимин, деги эле тарых илиминин өсүп-өнүгүүсүнө эбегейсиз салымын кошуп келаткан тарых илимдеринин кандидаты, археолог, окумуштуу Кубатбек Таабалдиев кыргыз археологиясы жөнүндө маек куруп берди.

– Илимде болобу, экономикада болобу, саясатта болобу, өнүгүп-өсүүлөр сөзсүз болуш керек. Ушул өнүгүү процесси археология тармагында кандай абалда?

taabaldiev– Чындыгын айтканда, дүйнөлүк алкакта салыштырып көрсөк, кыргыз археологиясы кыйла артта калган. Мунун себеби- адистердин жоктугу, илимий изилдөөлөрдүн аздыгы жана каражаттын жетишсиздиги. Бирок буга карабастан, биз колдон келген изилдөөлөрүбүздү жасап жатабыз. Ийгиликтер, жаңы ачылыштар бар. Акыркы жылдары жаңы эстеликтер табылып, жылыштар байкалып жатат. Жылда археологиялык изилдөө пландалат. Өзүбүздүн илимий багытыбызга жараша эстеликти тандап алабыз. Ошону бир ай болобу, белгилүү бир убакыттын ичинде барып изилдейбиз.

– Изилдөөлөргө мамлекет тарабынан жардамдар болобу?

– Мамлекет тарабынан археологиялык изилдөөлөр көп каржыланбайт. Бирок кубанычтуу кабарым бар. Жакында мамлекет тарабынан каражат таптым. Мыйзам боюнча, ар бир курулуштун алдында археологиялык көзөмөл жүргүзүлүшү керек. Көзөмөл учурунда эстелик табылып калса, курулуш жүргүзө турган ишкана археологиялык изилдөөлөрдүн чыгымын көтөрөт. Бизде “Датка-Кемин” электр линиясы толук бүтүп, үстүбүздөгү жылдын август айында ишке берилет экен. Ал жерде археологиялык көзөмөл жүргүзүлбөгөндүктөн, “Датка-Кеминге” берилген каражаттын эсебинен бизге дагы изилдөө иштери үчүн каражат бөлүнүп берилет жана транспорт менен камсыз кылышат. Тапкан эстеликтер үчүн каражат албайбыз, себеби алар мамлекеттики болуп эсептелинет. Табылгаларды каттап, отчет берип, музейге өткөрүп беребиз. Мындан тышкары, чет өлкөдөн кээ бир окумуштуулар “Кыргызстандан изилдөө жүргүзөбүз, тапкан буюмдар силерде калат, бирок ошол илимий иштин натыйжасын биздин мамлекеттик журналда чыгарабыз, кеткен чыгымдарды биз каржылайбыз” деп жазып калышат. Биз мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаганга аракет кылабыз.

– Эстеликтерди издеп табуу оорчулукка турбайбы?

– Эстеликти табуу ар кандай болот. Мисалы, орто кылымдагы шаарларды же орто кылымдагы мүрзөлөрдү таап, изилдегим келсе, археологиялык чалгындоо ишине чыгам. Ошол чалгындоо ишинде элден сурамжылап, мурдагы окумуштуулар изилдеген жерлерге барып таанышам. Бир эстеликти тандап алып, ал жерден изилдөө иштерин баштайм. Кээ бир буюмдар кокусунан табылып калат, кээде жылдап таппай калабыз. Мисалы, мен “Орто кылымдагы Теңир-Тоо көчмөндөрүнүн маданияты” деген теманы тандап алгандан кийин, төрт жыл эстеликтерди таба албай издегем. Кийин тажрыйба топтолуп, бат эле таап алчу болдум. Ар бир изилдөө жаңы маалыматты алып келип, кызыгууну туудура берет.

– Экспедицияга акыркы жолу качан чыгып, кандай табылга таптыңыз?

– Эң акыркы жолу үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айында мен Кара-Балта шаарынын айланасында, Таластагы Киров суу сактагычында, ал жерлердеги мектеп окуучулары чогулткан коллекциялар менен таанышып келдим. Муну дагы экспедициялык жүрүш катары бааласа болот. Мен ушунчалык толкунданып келдим, себеби Чүй жергесиндеги биздин бабалардын орто кылымдагы маданиятынын сыры дагы  эле ачыла элек. Заманбап жасалып жаткан кооздуктардан дагы мыкты кооздуктар илгери эле жасалып келген экен. Мисалы, 70-жылдары Ак-Суу деген айылдын айланасында 15-кылымга таандык хан сарайдын орду, тагыраак айтканда, үйдүн полу табылган. Чопо идиштин бетине оюу түшүрүлүп, сырты айнек сыяктуу зат менен капталып жасалыптыр, кооз кирпичтердин сыныктары калган экен. Ал айылдагы музей менен таанышып, көп маалымат алдык. Ал жерде полдун сыныктары сакталып турат. Сыныктарын бириктирип отуруп, ошондой плитанын (азыркы кафелдерге окшош) төртөөнү кайра калыбына келтирдик. Биз аны жаңы тарыхка киргизип, окутабыз. Киров суу сактагычынын айланасында табылган буюмдар менен таанышып келдик. Ал жерде сөөктөн, темирден жасалган укмуш буюмдар, чопо идиштин түрлөрү бар экен. Баары мектептин эле кичинекей бөлмөсүндө жатат, бирок анын маанисин эч ким кызыгып караган эмес. Кыргызстандын орто кылымдагы шаар маданияты жөнүндө китеп даярдайлы деп турабыз. Ал китепке Петропавловкадан, Киров суу сактагычынан, Кызыл-Айыл айылынан табылган маалыматтар, материалдар кирет. Ошол музейлерди түзгөн адамдардын эмгектеринин канчалык маанилүү болгондугун ачып беребиз. Эң акыркы жана эң чоң жаңылыгыбыз ушулар.

arheologiya1

– Тапкан табылгаларды чет жерге саткан учурлар болобу?

– Азыркы мезгилде бузулуп жаткан эстеликтердин саны абдан көп. Эл аларды коргогонго даяр эмес. Тескерисинче, жерди менчикке бергенден кийин трактор менен түздөп, топурактарын үй куруш үчүн ташып кетишет. Эл туура эмес түшүнөт. Жерден табылган баардык табылга – бул мамлекеттики. Андыктан, аны бузуп талкалоого же башка элге сатуу бул туура эмес. Декабрь айында Кыргызстандан алтын буюмдар сыртка чыгарылып, Лондонго сатылып кетти. Өзүбүздүн мурасыбызды жакшы сактай албаганыбыз абдан өкүнүчтүү.  Ошон үчүн акыркы мезгилде кара археология деген чыкты. Эстеликтерди таап алып, аны сатып пайда көргөнгө аракет кылып жатышат. Бул боюнча биз азыр кам көрүп, коопсуздук кеңешине кат даярдап жатабыз. Калыс-Ордодогу бир тургундун үйүндө эки чопо идиш бар. Үч жылдан бери сатканга аракет кылып жүрүшөт. Жакында барсак “бирөө сынып калды, ыргыттым” дейт. Ал биз үчүн жакшы экспонат болмок. Экинчисин бербейсиңби десек, “Аны канчага аласыӊ?” дейт. Сатып алууга болбойт, бирок сый катары 500 же 1000 сом берейин десем, “Эми мен миң сомго эмне ала алам” дейт. Мурастарды сатып, бир нерсеге жетем деген пикир туура эмес. Ар бир мекендешибиз тапкан табылгаларды музейге өткөрүп, мурастарыбызды сактаса, Кыргызстан музей болот. Жакында Ош областында табылган кумараны ал жердин музейинде иштеген окуучум барып көрдү. Негизи ошондой эстелик табылса, археологдун жумушту токтотууга акысы бар. Ошол жерди изилдеп бүтүп, эксперт катары жыйынтык чыгарышы керек. Бирок, тилекке каршы, административдик күч күчтүү болуп, изилдөө болгон жок. Ар кандай көз караштар айтылды. Ал жердеги курулушчулар ошол буюмду музейге өткөрүү боюнча чечим кабыл алышты. Мындай учурда эч кандай чечимдин кереги жок, эстелик табылдыбы, археолог аныктагандан кийин ал түздөн-түз музейге өткөрүлүшү зарыл. Эл ошого көнүшү керек, бир нерсе тапса, өткөрүп үйрөнүш керек.

– Бир жылдары Ысык-Көл областындагы Бирлик айылында Чыңгызхан алтын (кенчтерин) көмүп кеткен деп айтылган эле. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?

– Чыңгызхан бир да жолу Кыргызстанга буту басып келген эмес. Акаевдин убагында гезиттерге ушундай макалалар чыга баштаган. Ошондо мага бирөөлөр келип «Чыӊгызхандын алтындары Ысык-Көлдө көмүлгөн, мына изилдеп жатышат» деп айтышымды каалаган. «Мейли, табылбай эле койсун. Бирок биз ошол аркылуу туристтерди бул жакка келтире алабыз» деген эле. Ушинтип, археологияны кээде саясатта колдонушат. Мындан тышкары, Манастын 1000 жылдыгында, кыргыз элинин 2200 жылдык тарыхы деп окутулганда дагы колдонулду.  2200 жыл мезгилиндеги кыргыздардын археологиясын биз билбейбиз. Ыйык Матфейдин сөөгү Ысык-Көлдө коюлган деп да айтылат. Анын бул жакка келип коюлушу мүмкүн эмес. Бул жерге эч кандай тиешеси жок. Ыйык Матфей көмүлгөн жерден бир ууч топурак алып келип бул жерге көмүп койсо, ал дагы анын көмүлгөн жери болуп эсептелинет. Андыктан, Чыӊгызхандын дагы эч кандай тиешеси жок. Мындай уламыштарга азыраак көңүл буруп, илимий академиялык пикирлерди эл көбүрөөк окушу керек.

arheologiya2

– Экспедиция учурунда кандай кызыктуу окуялар болот?

– Ар бир экспедиция кызыктуу окуяларды камтыйт. Кызыктуу табылгалары болот. Ар бир табылга өзүнчө жаңылыкты алып келет. Айрыкча жергиликтүү эл менен иштегенде биз билбеген, белгисиз, кызыктуу маалыматтарды таап беришет. Мисалы, Тоң жергесинде Кан-Дөбө деген шаар бар. Ал жердин тургундары бизге чопо идишти алып келип беришти. Орто кылымда ушундай чопо идиш жасалат деп эч качан ойлогон эмесмин. Сырты жалтылдап, лак менен боёп койгондой абдан кооз жасалган. Ошол эле жерден эл аркылуу балбал ташты, мындан тышкары, 7-8-кылымга таандык бир топ айкелдерди таптык. Алардын жардамы менен Кан-Дөбө аймагы Батыш түрк каганатынын борбору болгону аныкталды. Эң кызыктуусу, көчмөн эмес, отурукташып жашагандыгы тууралуу маалымат таптык. 2015-жылы ошол жерде изилдөөнү улантабыз.

– Алдыга койгон максаттарыӊыз?

– Көлдүн жээгинен эстеликтерди табууга кызыгып жүрөм. Себеби көлдүн деңгээли 300-500 жылдын ичинде көтөрүлүп, кайра түшүп турат эмеспи. Археологияга жаңы келгенде мен Барскан аймагында жүргөнүмдү түшүмдө көргөн элем. Андан кийин бир-эки жолу ошол жерге барып келдим. Ал жерден изилдөө жүргүзгөнгө кызыгам. Анткени Богатыревка айылындагы суунун астында турган бир эстелик кургакка чыгарылган эле. Кумдун астында дагы шаардын орду, чопо идиштер жатат. Ошол жер Махмут Кашкаринин картасында жогорку Барскан шаары деп белгиленген. Ушул сыяктуу көптөгөн эстеликтерди ачсак, Кыргызстан музейге айланат. Бул фантастика эмес. Алтын, күмүштөрдү сатып пайда кылуу убактылуу эле. Кумтөрдүн алтыны дагы бүтөт. Ошондо, ушул мурастар иштеш керек. Биздин элди багып, биздин бабалардын маданий мурастарын туристтерге тааныштырууга мүмкүнчүлүк берет. Учурдагы негизги максатыбыз- улутубузду улай турган, ишибизди алга жылдыра турган жаштарды тарбиялоо. Себеби археологиялык табылгаларды кинодон көргөнүбүздө, кызыгуубузду туудурбай койбойт. Бир караганда кооз, кызыктуу илим сыяктуу көрүнөт. Ошондой табылганы табыш үчүн айлап, жылдап жер казыш керек, талыкпай иштеш керек. Биздин ишибиз алтын, кооз буюмдарды издөө эмес. Мындан жүздөгөн жылдар мурун ушул жерде жашап кеткен элдер, байыркы бабаларыбыздын жашоо- тиричилигин, маданиятын археологиялык табылгалар аркылуу калыбына келтирип, алардын маданияты боюнча көз карашты түзүү, элге таанытуу.

Жаңыл Исаева, “Политклиника”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.