Кыргыз тамак-ашын Европага таанытсам…

Германиянын Дрезден шаарында окуп, иштеп жаткан Дария Сакулова кыргызстандыктардын ашканасы тууралуу немисче китеп жазды. Каарманыбыздын айтымында, бул эмгек кыргыз тамак-ашы жөнүндө немис тилинде чыккан алгачкы китеп.

Ошто төрөлүп, Чаткалдын Шакафтар айылында чоңойгон Дария Сакулова чет элде билим алып, мекенин башка мамлекетте даңазалоону тээ бала кезинен эле кыялданчу экен. Максаты орундалып, 2008-жылы Германияга сапар алган. Андан бери Дрезден шаарында окуп, иштеп жатат:

– Мен алгач Германияга тил билбей эле келгем. Ошондуктан дароо эле немис тилин үйрөндүм. Андан кийин Дрезден шаарындагы Техникалык университетке тапшырдым. Азыр Транспорт экономикасы багытында билим алам.

28 жаштагы Дария окуу менен катар ошол эле университеттин “Темир жолдун системалык коопсуздугу” кафедрасында ассистент болуп эмгектенип жатат. Ага чейин китеп дүкөнүндө сатуучу болуп да иштеген.

Каарманыбыз бала кезден китепке жакын өсүптүр. Убагы келсе өзү да китеп жазууну максат кылган. Бул кыялы быйыл ишке ашып, 19-мартта анын “Кыргыз тамактарын жасагыла” аттуу эмгеги немис тилинде сатыкка чыкканы турат:

Дария жазган китептин сырткы көрүнүшү. Китеп тууралуу интернеттеги жарыя.
Дария жазган китептин сырткы көрүнүшү. Китеп тууралуу интернеттеги жарыя.

– Мен кыргызстандыкмын. Мекенимди сүйөм. Көбүнчө бул жактагы досторумду үйгө чакырып, кыргыз тамак-аштарын жасап берем. Кыргызстан тууралуу баяндайм. Тилекке каршы, бул жактагылардын көбү биздин өлкө тууралуу билишпейт. Мурун СССРдин курамында болгонубуз үчүн дагы эле Орусиянын бир бөлүгү деп эсептегендер бар.

Китепти жазууга эки нерсе түрткү берди: биринчиден, мен тамак жасаганды жакшы көрөм, тажрыйба бөлүшкүм келди. Бизде аябай чоң маданий баалуулуктар бар экенин, улуттук ашканабыз өтө бай экенин жар салууну туура көрдүм. Экинчиден, мен туулган жеримди даңазалоону кааладым. Кыргызстан Орусиянын бир бөлүгү эместигин, өзүнчө көз карандысыз мамлекет экенин чет элдиктерге түшүндүрүүнү максат кылдым.

Дариянын жакын күндөрү коомчулукка чыга турган китебин азыртадан эле социалдык тармактарда мактап-алкаган каалоо-тилектер айтылууда. Ал эмес, чет элдик достору да китепти күтүп, кыргызча тамактарды жасап көрүүгө ашыгып жатышканын жаза башташты:

– Китепте 19 түрлүү тамактын даярдоо ыкмасы бар. Мен бул эмгегимде жалаң кыргыздардын гана ашканасы тууралуу сөз кылган жокмун. Кыргызстанда көп жасалган тамактарды тизмектедим. Мисалы, ошол эле кебап. Аны кыргыздыкы эмес деп айта тургандар табылат. Ош шаарынын тургундары кебапты канчалык жакшы көрөрүн билем. Кыргызстан Жибек жолунда жайгашкан эмеспи, ошондуктан биздин улуттук ашканадагы накта даамдарыбыздан сырткары, түрдүү элдин тамактары да бизге сиңип калган.

Дария Сакулованын китеби Германияда 12 евро 95 центтен сатылмакчы. Баса, каарманыбыз китеп чыгаруу тилегин орундатуу үчүн Орусиядагы агасынын жардамы менен банктан насыя алганын да жашырган жок:

– Бул жерде акча негизгиси эмес. Карызга батып китеп чыгарсам да бактылуумун. Анткени менин максатым орундалды. Кыргызстандыктардын ашканасы тууралуу, ошол эле учурда мекеним жөнүндө немис окурмандарына маалымат берип жатканыма бактылуумун.

Дария Сакулова жазган китепте тамак-аштар бөлүгүнө өтөрдөн мурда Кыргызстан жөнүндөгү баян бар. Жазуучу Чыңгыз Айматов жөнүндө да айтылат. Дария бул китепти эми англис жана орус тилдерине которуп, дүйнөнүн башка бөлүктөрүндө жашаган элдерге жеткирүүнү максат кылууда.

Санжар Эралиев, «Азаттык», 10.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.