Биз билген жана биз билбеген Назрет Дубашев

Ар бирибиз кыргыздын классикалык керемет фильмдериндеги балдардын ролдорун жакшы билебиз. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган “Жамийла”, “Биринчи мугалим”, Төлөмүш Океевдин “Бакайдын жайыты”, казактардын “Вечерняя окраина” фильмдеринде балдардын ролун аткарып, ал эми “Мен-Тянь-Шань”, Болот Шамшиевдин “Эл ичинде” жана ошондой эле “Уркуя” фильмдеринде эпизоддордо ойногон кетирекей кара бала Назрет Дубашев азыр пайгамбар жашынан өтүп калганын, балдары, неберелери менен Сокулуктун Кызыл-Туу айылында тирилигин өткөрүп келатканын көпчүлүк эл биле бербесе керек. Залкар фильмдерде роль ойногон ошол кетирекей баланын кыргыз кинокереметиндеги салымын эске алып, артисттик наамды берип койсок деле болоор деген ойго келдик.

Кыргыздын залкар артисттери менен бирге кичинекей балдардын ролун жаратып, кыргыз икусствосуна чоң салым кошкондордун бири Назрет Дубашевге Кыргыз эл артисттик наамын берсе да жарашмак. Ал тартылган кинолордун алды жарым кылымдык жолду басып койсо да, өлбөс-өчпөс көркөм фильмдердин катарында күнү бүгүн да сүймөнчүк менен өз көрөрмандарын көбөйтүп келатат. Кабарчыбыз кинодогу кетирекей бала-азыр 60 жаштан өтүп калган Назрет Дубашев менен маектешти.

Бала чагыңызда керемет кинолордо ойноп, бирок чоңойгондо артисттик жолду эмнеге тандабай калдыңыз?

– Мен артист болоюн деп максат койгон жокмун, режиссер болсом деп кыялданчумун. Бирок окууну бүтүрбөй калдым. Киного тартылуу мага турмушта искусствого багыт берди. Дооронбек Садырбаев менен телевидениеде бир топ жыл иштештим. Бул фильмдер менин да балалыгымдан чоң эстелик болуп калды.

dubashev1

Төлөмүш Океевдин керемет фильми болгон “Бакайдын жайытында” баланын ролун ойнодуңуз эле. Залкар режиссер сизди кантип тапкан?

– “Бакайдын жайытына” чейин мен Кончаловский тарткан “Биринчи мугалимде” Субандын ролун аткаргам. Дүйшөндүн мектеби өрттөнгөндө күйүп кеткен бала- менмин. Эң аягында Дүйшөн балта алып жалгыз теректи кыйып, жаңы мектеп салып атпайбы.“Биринчи мугалим” тартылып жатканда Клара Юсупжанова андагы Фрунзе (Бишкек) шаарынын мектептерин кыдырып, ылайыктуу балдарды тандап жүрүптүр. Ошондо конкурстан өтүп, киного тандалып алынгам. Жакында бир классташым ошол киного тандаган күндү эскерип калды. Ал менин эсимден чыгып кетиптир. Кино ишмерлери “мурдуңду тарткыла” деп тапшырма бергенде, сен мурдуңду шуу тартып эле калбастан, чыканактан тартып мурдуңду жеңиң менен аарчып койгонсуң, ошон үчүн өтүп кеткен окшойсуң” деп айтат. Фильмге тандаганда классташтардын көбүбүз барган болчубуз. Режиссерлор биздин №1 мектеп-интернатка кино каарман издеп көп келишчү, анткени интернат киностудиянын жанында болчу. Төлөмүш Океев агай “Биринчи мугалимде” тартылган балдардын арасынан издеп, “Бакайдын жайытына” мени тандаган.

dubashev2

“Жамийлада” сиз Сейиттин ролун аткарган экенсиз. Жамийла Данияр менен качып кеткенде Сейиттин ыйлаганын көрүп, канча көрөрмандар ыйлабады, мен да кичинемде ыйлачу элем…

– Жакында бир бейтааныш киши да ушинтип айтты. “Фильмде кантип ыйладыңыз эле?” дейт. Ал кезде 12-13 жаштарда элем. “Мосфильм” режиссеру Поплавская мага Сейиттин ролундагы ыйлаган жерин түшүндүрүп берген. Фильм Боом капчыгайынын ичинде тартылган. Мага ички даярдыкка келгиче 15-20 мүнөт беришти. Балдардын өздөрүнүн кызыкчылыгы, өз түшүнүктөрү бар эмеспи, мен өзүмчө даярданып аттым. Аппаратураларын алып, даярдыгым бүтсө, тартууга баары күтүп калышты. Даяр болгондо белги бердим, башында абдан аракеттенип, андан кийин ролго кирип кеттим. Жамийла кеткендеги ыйлаган жери – Сейиттин образынын эң жакшы эпизоддорунун бири болуш керек. Бул режиссердун эмгеги.

– Бала чакта фильмге тартылып, азыр көчөдөн көргөн киши ошол фильмдерде аткарган сиз экениңизди тааныбай калышса керек…

– Жакында машина айдап баратып, чөнтөк телефон менен сүйлөшүп койсом, МАИ кармап калды. Милициянын дагы бири “Бул кишини кармабай, ийилип  “честь” бериш керек, кандай кинолордо аткарган” деп калды. Анын үстүнө “Кош жылдыз” долбооруна Калипа Сейдалиева чакырып, Анапия Райымбекова менен ырдап чыккам, ошондо да белгилүү боло түшсөм керек.

dubashev3

Азыр үй-бүлөңүз менен отуруп алып, бала кезиңизди кинолордон кайталап көрө бересизби?

– Балдардын баары азыр чоңоюп калышты. Келинчегим Гүлсана “Кызыл алма” фильминин эпизодунда тартылган. Сүймөнкул сулуу кызды кемеден көрүп, өткөндү эстейт го. Ошол кемедеги сулуу кыз—азыр менин келинчегим. Убакыт учуп, биз эми чоң ата, чоң эне курагына жеттик.

Айгүл Бакеева, “Политклиника”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.