Кыргыздын тыш кийимдери жана аларда катылган маанилер

Ар бир тыбыштын тамга катары белгилениши аркылуу өзүнчө бир жаӊы цивилизацияны алып келген азыркы биз колдонуп жүргөн жазуулардын келиши менен, чынында, адамдардын жазууга карата мамилеси өзгөргөнү талашсыз. Тактап айтканда, бир мезгилде кыргыздардын ар бир буюму аркылуу кандайдыр бир тексттик маани берип турган байыркы жазуулар баштагы касиетин жоготуп, кыргыздар колдонуп келген улуттук турмуштун бир үзүмү катары же буга чейин колдонулуп келген кооздукту көрсөтүүчү оюм-чийимдер болуп кала берген. Ошондой болсо да, ал бир мезгилдеги касиетин толук сактап, мурдагылар колдонду эле деп, аны аздектеп келген ортодогу муунга ыраазы болуш керек. Сансыз жылдар өтүп, далай кылым башынан кечирген, элдин байыркылыгын сактап турган нерселер –бирде өз эркиндигин колго алуу менен байыртан келаткан мындай иштерге таасирленүү аркылуу сыймыктанып бул оюмдарды колдонсо, бирде башкалардын кол алдында калып, эртеӊки эркиндиги үчүн, ошол мезгилде кийинки урпактар ким экендиктерин унутуп калбаш үчүн, мына ушул таберикти ошол турушу менен кийинки муунга өткөрүп келишкен. Болбосо, көчмөн цивилизациясын түзүп турган мына бул касиет сакталбай калмак. Бир караганда, кооздук үчүн иштелген өнөрдү, экинчи жагынан, оюм-чийими бар ошол нерселер ичине алып турган маанилерди кыргыз бүгүн билбей калмак.

Ортодо алардын маанисин ачып түшүнүүгө карата “муктаждык” болбой, эл арасында кыргыз сактап келген мына бул өнөрдү билүүгө карата зарылдык болбосо, эми бул багытта эл арасында бир кыйла кызыгуулар болуп, мурда этнографияда башка улуттун өкүлдөрү менен туура эмес түшүндүрүлүп келген маселелер кайрадан өз баасын алуу зарылдыгы турат. Албетте, бул бир адам чече койчу маселе эмес, ага ар тарабынан тереӊ иликтөө керек. Ошондой эле, азыр кепке алынып жаткан проблеманы – оймо-чиймелердин билдирген туюнтмаларын да бир жактуу карап, чечип коюуга болбойт. Анткени, ал кыргыз турмушунун бардык тарабын ичине алып, жашаган боз- үйүн, минген атынын жабдыктарын, кийген кийимдерин, колдонгон бардык эркек-аял буюмдарын толугу менен камтыгандыгы менен айырмаланат. Ошондуктан, кыргыз оюмдарынын сырын, алар ичине алган, мааниси ачыла элек табышмак касиетин ар тарабынан анализге алуу үчүн, мына ушул аты аталгандардын баарын өз алдынча кепке тартуу зарылдыгы турат.

“Оюмдардын маанисин ачуу үчүн мына ушунчалык кеӊири мейкиндикти кароонун кандай зарылдыгы бар эле?”, “Аны өзүнчө карап эле айтылчу ойду, ал жерде туюнтулган маанини айтып койсо болбойбу?” деген сыяктуу суроолорду берчүлөр да жок эмес. Бир караганда, маселени мына ушул өӊүттөн карап, айтып койсо деле болот. Бирок, кыргыздын кыргыздыгы мына ушул жерде экен да, б. а., “көчмөн маданият” деген жалпы аталыш менен берилип келаткан аӊ-сезимдин өзгөчөлүгү айтылчу маани азыркы тамга менен берилген сөздөрдөй бир гана маани менен чектелбей, тескерисинче, оюм колдонулган нерсеси менен бирдикте бир бүтүн маанини түзүп, ал жерде айтылчу ойдун сырлары да нерсе менен бирдикте каралганда гана ажарына чыга берилип, оюм ичине алган маани да бүткөн бир чыгармадай жыйынтыкталып чыга келгени менен айырмаланып турат.

Ырас, андай маани берүү касиети ал замандарда ар бир предмет аркылуу жүргүзүлүп келген болсо, азыр анын баарын бул жерде чечмелеп берүүгө мүмкүн эмес. Ошондуктан, алынган проблеманы кыргыздар кийип жүргөн кийимдерге байланыштырып кароону туура көрүп отурабыз. Карапайым калк турмушу менен тыгыз байланышта турган ар бир кыргыз, аз болсо да, ошол замандардан бери келаткан кийимдердин мындай маани туюндуруучу касиети азыр деле бар экендигин жокко чыгарбайт. Ал эми азыркы биздин милдет ошол ойду жокко чыгарбай туруп, аны тереӊдетүү менен маселени чечүү аракетин аркалап турат. Эгер эл арасында колдонулуп жүргөн айрым салттык жөрөлгөлөргө токтолуу менен объектини талдоого алсак, ал кылымдап кийимдерде катылып келген ойду түшүнүүгө оӊой жана андагы маанини туура кабыл алууга шарт түзөт деп болжоого болот.

Маселен, азыр деле милициянын же армиянын формасы, ал жерде колдонулган жылдыздар аны кийип жүргөн адамдын даражасын, аткарып жаткан кызматын, ал жердеги ордун, ал тургай,коомчулуктун ага карата мамилесин да кандайдыр бир өлчөмдө билдирип турат, б. а., айтылбай, купуя сакталган мындай ой-пикирди биз анын кийип турган кийими аркылуу ажыратып түшүнүп, кийими менен ордун аныктай алабыз. Тактай келсек, кийиминин түсүнө карап туруп, ал адамдын армияда же милицияда кызмат кылганын билсек, ал эми ийининде тагылган белгилерине карап туруп, ошол адам канча жыл кызмат кылганын жана ал болжолдуу түрдө кандай милдет аткарып жатканын да туюнууга кудурет жетет.

Бул нерселерге минтип көӊүл коюп токтолуп жатканыбыз – кыргыздардын тыш кийимдери да өз мезгилинде мына ошондой кызматтарды аткарып келген. Тактап айтканда, кыргыздар өздөрү колдонгон баш кийимден бут кийимге чейин маани берип кийингендиктен, алардын ар бири белгилүү бир мааниге ээ болуу менен башкалар үчүн кандайдыр бир ойду берүү кызматын да аткарууга жетишкен. Ал, биринчи кезекте, кийиле турган кийимдердин “үй”, “жумуш”, “сый” деп үчкө бөлүнүшү менен чечилген. Кыргыздар арасында мындай маани белгилүү бир өлчөмдө азыр да сакталып турат. Бир караганда, анча мааниси болбой турганын биз чет элдиктердин келиши менен алар кийип жүргөн кийимине эч кандай маани бербей жүрө бере турганын көргөндөн кийин билип калсак да, азыр деле кыргыздар арасында “үйдөгү” кийип жүргөн кийими менен көчөгө чыгуу уят катары көрүнсө, “жумушка”кийген кийими менен конокко баруу ошончолук одоно сезилет. Демек, кыргыздар арасында кийимге карата мамиле бул орустар келгенге чейин эле калыптангандыгын, б. а., кыргыздар кийип турган ар бир кийимине маани берип, ошол эле мезгилде башкалар да дал ошондой мамиле кылгандыгынан улам, мына ушундай көрүнүш пайда болгондугун биле алабыз. Болбосо, кийген кийимге карата мамиле кылуу, кийимин карап туруп анын коомдогу ордун аныктоого карата болгон көзкараштар дале кыргыздар арасында сакталып келе жатканынын маани-мазмунун эмне менен билип, эмне менен түшүндүрүүгө болот? Экинчи тарабынан алганда, азыр деле кыргыздар өздөрү кийип жүргөн кийимдерди минтип атап калышынын башаты, б. а., жалпысынан бир нече “баскычка” бөлүп каралып калышында ошол замандардан берки калыптанган бөлүштүрүүнүн, кылымдап иштелип чыгып, туруктуу мааниге ээ болгон “үйдөгү кийим”, “тыштагы кийим”, “конок кийим” деген сыяктуу “бөлүштүрүүлөрдүн”мазмуну кайдан, кантип жаралганын аныктап берүү үчүн да алардын мындай мааниге ээ болуп калышын кылдат карап чыгуу зарылдыгы турат.

Бир караганда, кийимдерге, алардын аткарган кызматына жараша, минтип “социалдык” чек коюунун зарылдыгы деле жок сыяктанат. Тактап айтканда, башкалар сыяктуу эле, кыргыздар үйдөкийген кийими менен конокко барып, же “сый” деп бөлбөй эле ошол кийими менен жумуш кылып жежумушчу кийими менен конок болуп жүрө берсе деле ага кимдир бирөө бирдеме демек беле. Жокдемек эмес, бирок, байыркы мезгилден бери канга “сиӊип” калган кийимге катылган маанилерди аттапкете албагандыктан улам, кыргыздар ал мезгилде кийимдердин маанилерин толук билбесе да,улуулардан калган тарбияны “жеӊип” чыгып кете албай, кийим кийүүдө андагы жалпы принциптерге көз каранды экендигин баамдайбыз. Маселен, аларды минтип бөлүштүрбөй эле жалпысынан бирдеймамиле кылып, үйдөгүсүн жумушка, жумуштагысын конокко, ал эми конокко дегенин үйдөн кийсе делеалардын кадыры түшүп же касиети артып кетпей тургандыгын сезип эле турабыз. Бирок, ага болбой эле кыргыздар кийим кийүү аракетин толугу менен комплекске айландырып алышкан. Андай касиеттен бир гана бомждор ажырап калбаса, калган бардык кыргыздар бизде байыртан бери иштелип, аныкталып калган эрежелерден толугу менен баш тартып кете элек. Ошондой болсо да, кийген кийимге маани берүү, ал кийимдин аткарган кызматын түшүнүп билүү менен кийинүү аракети акырындап солгундап бара жатат. Анын канчалык экендигин мындан чейрек кылым мурдагы муун менен азыркы адамдардын кийимге карата мамилесин көз алдыга элестетүү менен эле аныктап алсак болот. Маселен, биздин чоӊ ата, чоӊ энелерибиз өздөрү кийип жүргөн кийимдерге азыркыга чейин катуу карашат. Аны биз азыр да алардын психологиясында жашап жаткан кийимге маани берип, “муну кийсе болот, ал эми мындай кийинүү уят” деген кескин пикирлеринен билебиз. Алар ушул кезде да эркектер менен аялдардын кийимине карата катуу чек коюп карашат. Кийимге карата көзкараштар ушунчалык катуу жана тыкыр иштелип чыккандыктан, ар бири өздөрү кийип турган кийимге тереӊ маани берүү менен мамиле кылышат. Ошондой эле, кийимге карата мынчалык комплекстүү кароо аракети азыр деле кыргыз коомчулугунда катуу сакталып келет. Аялдардын кийимин эркектер кийүүгө болбогондой эле, эркектердин кийимин аялдар кийүүсүн туура эмес деп эсептешкен. Эркектер азыр деле өздөрүнүнэтектүү көйнөк кийгенин элестете албаса, аялдар үчүн да бир мезгилде шым кийүү ошончолук одоно болгонун азыр жашап жаткан улуу муундун өкүлдөрү ырастап берет. Демек, аралаш кие берсе боло турганын билип турса да, улуу муундун өкүлдөрүнүн минтип кийгенине чек коюшунун себептеринин бири да мына ушул кийим аркылуу сакталып келаткан маанилерде экендигин айттырбай эле баамдаса болот. Анткени, мезгилдин өтүшү менен ошол кийимдерге сиӊирилип турган маанилер өз күчүн жогото баштагандыктан улам, азыр кыргыз коомчулугунда эркектердин шымын кийүү бир гана жаштарга мүнөздүү болбостон, жашап калган аялдарга да таандык болуп бара жатат. Ырас, бере турган маанисинен ажырагандан кийин шым бул жөн гана адам баласы кие турган өтө ыӊгайлуу кийимге айланып чыга келет. Ал эми берген маанисин аныктап билген болсо жана ал маанини түшүнгөн учурда аны кийүү, чынында эле, аялдарга уят иш катары болуп келген жана ошондой болуп калышы да мүмкүн.

Болотбек Акматов,
Ж. Баласагын атындагы КУУнун профессору,
филология илимдеринин кандидаты,
“Шоокум”, 24.06.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.