“Кайдан сокту шамал мага белгисиз”

Таластык акын Кабыланбек Балкыбеков элетте жашап, өзү туйган, сезген, баамына илинген көркөм сүрөттөрдү ырга айлантып келатат.

«Азаттык»: Кабыланбек мырза, мына сиз көркөм сөзгө жакын кишисиз, китеп сиздин турмушуңузга кандайча кирди?

Кабыланбек Балкыбеков: Китеп бул адам баласынын жан дүйнөсүн чагылдырган көркөм каражат го. Мен китеп окубасам туралбайм. Поэзияга жакын болгондуктан ыр китептерди көп окуйм. Кыргыздын белгилүү акындарынын баарын эле окудум.

Кийинки кездери китептин чыгышы кыйын болуп калбадыбы. Базарга чыгып сатылышы да кыйын. Андайда колго тийген китептерди окуп калат экенсиң. Мисалы, Шайлообек Дүйшеевдин “Шам ал”, “Арабадагы ыр”, көзү өтүп кеткен Турганбек Бекболотовдун китептерин окуп чыктым. “Бурганак”, “Золу”, “Кечиккен ырлар”, “Муздак тамчылар” деген китептерин окуп чыктым. Айылда жумуш көп. Бош убактыңда китеп окусаң көңүлүң көтөрүлүп калат.

“Азаттык”: Сиздин “Кыргыз деп ооруйт жүрөгүм” деген китебиңиз, бул китеп эмне жөнүндө?

Кабыланбек Балкыбеков: Бул китеп төрт бөлүктөн турат. 1-бөлүгү патриоттук ырлар, Ата-Журт, Мекен жөнүндөгү ырлар. 2-бөлүгү, сатиралык ырлар. Мидин, Райкандарды окугам. Анан ушуга кириштим. Кыргызга белгилүү саясатчыларга арнап жазылган сатиралык чыгармалар бар. 3-бөлүгү түбөлүктүү тема болгон сүйүү ырлары. Анан кийинки бөлүмгө чакан аңгемелерди жазып ошолорду киргизип койгом. Экинчи китебим – “Ыйык ариет” деп аталат. Бул китеп да төрт бөлүктөн турат. Ошондон бир ыр окуп койсом.

Эгер койсо жазып мага тагдырга,
Сен деп Мекен күйүп азап тартайын.
Мен айланып сен деп сансыз калбырга,
Бүт өмүрдү Мекен, сага арнайын.

Кайдан сокту шамал мага белгисиз,
Жүрөк күйөт сыздайт аны эстесем,
Жан дүйнөмдө эч бир такыр келишкис,
Ойлорума албуут бүгүн кездешем.

Урпактарга болуп ыйык ариет,
Арбактары жүрсүн жашап ырымда,
Адилеттик жылы болуп каниет.
Кыргыз көчү кетсин улап кылымга.

“Азаттык”: Сиз ырды кандай маалда жазасыз? Илхам келгендеби?

Кабыланбек Балкыбеков: Бу илхам дегениң кызык нерсе экен. Жолдо кетип баратсаң же бир иш кылып атсаң оюңа бир нерсе кылт дей түшөт экен. Анан ошол маалда илхамды кармап калып көкүрөгүңдү өйүп жүргөн нерсени ырга түшүрүп, ырга айлантып жазып калууга аракет кылам.

Башкалар кандай жазат билбейм. Мен ыр жазайын деп атайын жазбайм. Жазбай коё албагандык үчүн жазам. Отуруп эле шыр төкмөлөрдөй болуп төгүп кирбейм. Оюма келген саптарды жаттап калам, аны бышырып, аны бир жай отуруп кагазга түшүрүп коём.

“Азаттык”: Сиздин биринчи китебиңиз “Кыргыз деп ооруйт жүрөгүм” канча нуска менен чыкты?

Кабыланбек Балкыбеков: Тыйынга байланыштуу 100 нуска менен эле чыгардым. Китептин өзү 18 басма табак.

“Азаттык”: Ал китепти кимдер окуп атат?

Кабыланбек Балкыбеков: Айылга алып барып андагы жолдош-жоролорго, досторго, айылдаштарга, туугандарга, анан кызыккандар бар, ошолорго берсем, окуп чыгып өздөрүнүн пикирлерин айтышты.

Мен өзүм Таш-Булак айылында төрөлүп чоңойгом да. Ошол жерде азыр Корчубек Акназаров атындагы айыл өкмөт, ушул айыл өкмөткө чакырышып китептин бет ачарын өткөрүшкөн. Ошол жерде бир топ эл болду. Китептен үзүндүлөрдү окуп бердим. Мектептин балдары келип декламация айтып беришти, айтор, кызыктуу өттү. Мен баары окулат деген ойдон алысмын. Бирок ошол жүз нусканын теңи окулат болуш керек. Окудук деп көптөрү пикирлерин айтышты.

“Азаттык”: Илгери айылда китепкана болчу эле, азыр анын абалы кандай?

Кабыланбек Балкыбеков: Мектеп окуучулары мурдагыдай болбосо да азыраагы келип окуп турушат экен. Ошолор окушат.

“Азаттык”: Жаштар китеп окубай калды деп калышат. Чын эле ошондой болуп калдыбы? Эгер эл чын эле окубай калса аларды кызыктыруунун жолдору барбы?

Кабыланбек Балкыбеков: Азыр жаштардын баары жаңы технологияга өтүп кетпедиби, телефон чыгып, интернетке түшүп кетишти. 100% китеп окубай калды дегенден алысмын. Анткени мен Таласка да китеп саткан дүкөнгө келип турам. Таласта да китеп саткан дүкөн бар. Ошол дүкөнчү жигит менен баарлашып отурдум. “Китеп окугандар бар, Таласта китеп алып окуп турушат. Мен китеп бизнесин ачып алдым, жакшы экен, ушуну өздөштүрүп жатам, атургай Роза Отунбаева да келип китеп саткан дүкөндү көрүп пикирин айтып кетти”, – деп айтты.

“Азаттык”: Кабыланбек мырза, ушул жазгандарыңызды социалдык тармактарга илип коюунун аракетин кылдыңызбы?

Кабыланбек Балкыбеков: Андай аракет кылган жокмун. Анткени мен ушул интернет жагын жакшы билбейм. Илгерки боюнча эле келатам.

“Азаттык”: Бирок аракет кылайын деген оюңуз барбы?

Кабыланбек Балкыбеков: Оюм бар. Бирок аны кантип ишке ашырарымды биле албайм. Көптөн бери Сагынбек Момбеков менен иштешип жүрөм. Бүгүнкү күнү менин 23 ырымды Сакем ырдап алып чыкты. Анан Сакемин ырлары интернетте жүрүп атат. Анан менин ырларыма эл кандай баа берип жаткан экен деп окуп көрдүм. Алгачкы жолу “Ата-Журтум, ооруганың эмеспи” деген ырымды ырдап чыккан. Анан ошого комментарий берген балдардын пикирин окудум. Бир-эки бала жазыптыр ушул ырды ыйлап отуруп уктум деп. Ошондой патриот балдар бар экен деп калдым. Мен муну өзүм үчүн же бир нерсе көрөйүн деген ниетте эмес, элибиздин турмушун көрүп, коомдогу болуп аткан окуяларды көрүп, ошого кайдыгер болбой, өз пикиримди билгизейин деген ниетте чыгып калат да ырлар. Уккан адамдарды кайдыгер калтырбайт экен. Ошону байкап жүрөм. Абдан кубаттап, толкунданып калышат.

Эгер колдон келсе адабиятты, китептерди окуп жүргүлө деп айтаар элем. Анткени китепти эч нерсе алмаштыра албайт. Китеп бул адамдын жан дүйнөсүн байытат, адамдын жан дүйнөсүн сулуу кылат. Китептен көп маалыматты аласың.

Бекташ Шамшиев, “Азаттык”, 08.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.