Бугу-Эне эркекпи же ургаачыбы?

Кыргызда Бугу-эне деген сөз барбы, же жокпу деп мурда эч ойлонбоптурмун. Бизден улуу карыялар, чоң энелердин деле Бугу-эненин тукумубуз деп айтканын кулагым чалбаптыр. Китептерде, кээ бир жерлерде чоң тамга менен: “Бугу-Эне” деп жазылып турса эле: “Ии, бугуэненин тукумубуз да”, – деп койчумун.

Атам Абдыш бугу уруусунун арык тукумунан “Байым уулунун санжырасын” жазып жатканда (атамдын эки көзү тең глаукома оорусунун айынан көрбөй калгандыктан мага айтып берип, мен жазып кагазга түшүргөм) Бугу-эне туралуу сөз болуп кетти. Атам: “Кыргызда Бугу-Эне деген сөз жок, аны силер эле таап алып айтып жүрөсүңөр”, – деди. Мен талашып, Бугу-эне деген сөз бар экенин, кантип жаралганын далилдеп жаттым. Ошондо атам Абдыш: “Силер кимиси эркек, кимиси ургаачы экенин ажыратпай туруп, кийиктердин баарын Бугу-Эне деп ургаачы кылып салдыңар. Анткени бугу деп кийиктин эркегин айтабыз, ургаачысы марал. А силер айтып жаткан Ала-Мышык тоосунан кармап келген мүйүздүү кызды Мүйүздүү эне дечүбүз. Ал Мүйүздүү Эне Орозбакты – Бугунун небере келини болгон. Аны эмикилер айтып жүргөн “Бугу-Эне” деген аталыш менен чаташтырбаш керек”, – деди. Мен эми чындап мунун чоо-жайын билүүгө кызыкдар болуп: “Эгер бугу деп эркегин атасак, ургаачысын марал десек, анда жылкынын эркегин Айгыр-эне, же койдун эркегин Кочкор-эне ж.б. деп айтыла бербейт беле”, – деп иликтеп, сураштыра баштадым. Орус, англис энциклопедияларында: “Бугу – это самец марала или оленья” деп жазылган. Көрсө, биз көпчүлүк кыргыз эли аска-тоодо жашаган жапайы ача туяктуулардын (кийиктердин) кайсынысы эркек, кайсынысы ургаачы деп аталарын билбейт экенбиз. Жалпы жонунан бугу деп аталат, ошол үчүн Бугу-Эне деп атаганыбыз тура деп эсептешет. Көпчүлүк эл муну Ч.Айтматов Бугу-Эне деп жазып койгондон улам, Бугу-Эне деп айтылып калды дешет. Ч.Айтматов “Ак кеме” повестин орус тилинде жазган, бирок “Бугу-Эне” деген сөздү жазбаптыр. Чыгармадагы уламыштан үзүндүнү окуп көрөлү: “…Обернулась рябая хромая Старуха, глянула – диву далась, стоит перед ней олениха, матка маралья. Да такие глаза у нее большущие, смотрят с укором и грустью. А сама олениха белая, как молозиво первоматки, брюхо бурой шерсткой подбито, как у малого верблюжонка. Рога – красота одна – развесистые, будто сучья осенних деревьев. А вымя чистое да гладкое, как груди женщины-кормилицы… Обрадовались мать и отец. Назвали первенца своего в честь Рогатой матери-оленихи – Бугубаем. Вырос Бугубай, взял красавицу из племени кипчаков, и стал умножаться род Бугу – род Рогатой матери-оленихи. Стал большим и сильным род бугинцев на Иссык-Куле. Чтили Рогатую мать-олениху бугинцы как святыню”.

Эгер муну кыргызча так которсок: “ургаачы элик, ургаачы марал”; “Мүйүздүү марал-эненин урматына уул баланын атын азан чакырып Бугубай деп ат койду”, – деп которулушу керек эле.

Ал эми Бугу уруусуна келсек: Санжырада Бугу уруусу тууралуу көптөгөн талаштарды жаратып келет. Тагай бийден: Богорстон, Койлон, Сарбагыш (Кылжыр). Сарбагыштан эки бала: Орозбакты менен Дөөлөсбакты. Дөөлөсбактынын тукумдары атасынын атында Сарбагыш аталып, Орозбактынын тукуму Бугу аталып калган. Ал эми Ала-Мышык тоосунан кармап келген мүйүздүү кыздын Бугу кыз деп айтылып калышы анын жөнөкөй кыз эмес, касиеттүү болушунан улам, зоболосун бийиктетиш үчүн болушу да мүмкүн деген божомол туулат. Кыздын башында кичинекей эки мүйүзү болгондуктан, мүйүздүү кыз делип, кийин үйлүү-жайлуу болгондо, Мүйүздүү эне атка конгон. Келиндери тергеп Мүйүздүү-Эне дебей, Бугу-Эне аталып кетиши да ыктымал. Мүйүздүү-Эне болсо Орозбакты – Бугу тегибиздин экинчи уулу Мырзакулдун баласы Алсеиттин экинчи аялы болгонун көпчүлүк кыргыздар билсе керек.

Ал эми Мүйүздүү-Эне тууралуу уламышты Ч.Валиханов мындай деп жазат: “Кара-Мурза и Асан (герои предания), охотясь за оленями в горах Ала-Мышык, увидели в стаде маралов прекрасных девочку и мальчика с оленьими рогами. Они убили мальчика и схватили девочку, которая с воплем бросилась на труп брата и долго неутешно рыдала. Предание гласит, что, проклятые рогатой девочкой, Асан и Кара-Мурза не имели потомства. Предводитель Мирза-Кул, к которому привели прекрасную девочку, отдал ее замуж за своего внука Яман-Кула. По преданию, эта родоначальница по имени Муюзбайбиче (Рогатая мать) прославилась своей необыкновенной мудростью. Утверждают, что в последствии она утратила украшавшие ее рога. Вымыв как-то голову, она приказала служанке вылить воду в такое место, которого не касалась нога человека. Служанка из любопытства, или же не найдя соответствующего места, выпила эту воду и от этого зачала сына, назвав его после рождения именем Джелден (от ветра)… Современные киргизы (Ч.Валихановдун убагындагы кыргыздар жөнүндө айткан – Автор) продолжали свято чтить память Рогатой матери и в тяжелые моменты своей жизни приносили ей жертвы, обращаясь к ней с молитвой. Она считается покровительницей озера Иссык-Куль, и дух ее витает над Иссык-Кульской долиной. Мен бул уламыштан “Бугу-Эне” деген түшүнүктү эмес, “Мүйүздүү байбиче (Рогатая мать)” деген кезиктирип жаткандыгыбызды баса белгилеп кетким келет. “Бугу-Эне” тууралуу суроо менен, атамдын айткандарын келтирип, азыркы кыргыз тилинин филологдоруна, кыргыз жазуучуларына: УИАнын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору, филология илимдеринин доктор К.Токтоналиевге, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, эл акыны Э.Эрматовго, эл акыны О.Султановго, адабият таануучулар О.Соороновго, К.Ибраимовго, манасчы Т.Бакчиевге жана башка көптөгөн филолог-окумуштууларга, көлдүк аксакал-карыяларга кайрылганымда: “Сенин атаңдын айтканы туура, Бугу-Эне деген түшүнүк туура эмес”, – дешти.

Эсенбай АБДЫШЕВ, Бишкек шаары,
“Кыргыз Туусу”, №40, 19.05.2015

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.