“Мекенсиз” – патриоттуулукка чакырык

Жазуучулук талант ар кимге эле келе бербейт. Көкүрөгүндө кайнап чыккан эргүү тынчтык бербей, көркөм дүйнөнүн кулу болуп азгырылмайынча элдин купулуна толо турган чыгарма жаралат деп айтуу кыйын. Ал эми ошондой касиетке ээ болгон күндө да, анын азап-тозогуна чыдап, чыгармага баш оту менен кирген гана жазуучу өз максатына жетип, окурмандарынын сүймөнчүлүгүнө ээ боло алат. Мына ошондой чыгармачылыктын ысык-суугуна моюн бербей, жазуучулуктун бийигине зор дем-күч менен бараткан жазуучуларыбыздын бири Айдарбек Сарманбетов.

Айдарбек айрым бир жазуучулардай алды менен ыр жазып, бара-бара прозага өткөн жазуучулардан эмес. Ал адегенде эле кара сөздүн каймагын калпып алып, аны өз окурмандарына тартуулаганды ар дайым самап жүргөндөй. Бул максаты “Жүкө балбан” деген алгачкы аңгемесинде эле байкалып, журналга жарыяланып, радиодон берилиши да бекеринен эмес. Ошондон баштап эле орошон ойлорго эгедер болуп, жыл өткөн сайын калемин курчуткандан курчутуп, бийикти эңсеген альпинисттердей чыгармачылыктын бийик аскасын багынтууну көздөп жүрсө, азыр аны багынтуу колдон келе турган иш экенин билип турган учуру. Муну айтканымдын жөнү бар. Айдарбек өзүнүн чыгармачылык жолунда Кыргызстанда гана эмес, Турк тилдүү мамлекеттер арасында жана Казахстанда проза боюнча өткөрүлгөн эл аралык конкурстарда баш байгелерге ээ болгонунун өзү эле чоң сүрөткерликке ийгиликтүү кадам таштап баратканынан кабар берет.

Айдарбек Сарманбетовдун жакында жарык көргөн “Мекенсиз” аттуу китебинде онго жакын повестке тете аңгемелери орун алган. Мен алардын баарын окуганым менен бир гана, китептин аты аталып тургандай “Мекенсиз” деген аңгемеге өз көз карашымды айтпай коё албадым.

Ооба, дили, тили, ал турсун каада-салты, мүнөзү окшошпогон башка элде, башка жерде жашоо адам үчүн кандай кыйын жана оор. Бирок, кээде тагдыр кандайдыр бир себептер менен ошого мажбур кылат. Мына ошондой тагдырдын жазмышына туш болуп, эли, жеринен кетип, жашоонун ыңгайына каралап кырк жыл чет мамлекетте Ата-Журтсуз, мекенсиз жашап калган жазуучунун башкы каарманы – Керез. Ал, бардык кыргыз балдарындай эле айылда өстү, мектепти бүттү, бактымды өз мекенимен гана табам деп асыл ой, асыл максатта жүргөн. Бирок, күндөрдүн биринде эле ошол замандагы жогорку жактын, ачыгыраак айтканда СССР деген зор державанын өкүмзорлугу менен суу сактагыч курабыз деген тайыз түшүнүк менен дайра жээгинде жашаган элдердин эрки, жашоосу менен эсептешпей, айылдар жашаган капчыгайды бууп, ондогон айылдарды биротоло сууга чөктүрүп жиберишет. Киндик каны тамган айылынынан, там ташынан ажыраган эл, ар кайсы жакка чачылып жашоого туура келип, ар ким өз күнүн көрүп калат. (Бул окуянын түп далилин аңдап-билүү кыргызстандыктарга кыйын эмес). Керездин бактысына алды менен Фрунзедеги политехке тапшырып, андан кийин Куйбышев институна тандалып алынат. Ошентип, Керез ошол жерде окуусун бүтүрүп, ошол жерде жашап, иштеп, кырк жылдан кийин гана мекенин көрүүгө келет. Келгенде да эч жакка кайрылбастан баягы, суу астында калган айылынын тушуна машина менен келип токтойт да, карегинен от чачырап “кичи мекенин” армандуу карап турат. Анткени, айылынан ныпым эч нерсе жок, капчыгайдын баш-аягын толук ээлеп алган суу гана мелтилдейт. “Түбүң түшкүр турмуш ай, эч болбосо ата-эненин мүрзөсү болсочу,- дейт чыгарманын башкы каарманы Керез,- эч болбосо мүрзөсүнө нечен курдай келип, ата-энемдин арбагына сыйынып кетет элем го. Эми кимге сыйынам? Бир томпойгон жери жок мелт-калт болуп жаткан суугабы?” Керез ушундай ойлорго кабылып кабыргасы кайышат, каңырыгы түтөйт, боздоп ыйлагысы келет. Кырк жылдай башка, жат мамлекетте жашап эмне тапты, болгону өзүнүн күнүмдүк турмушун оңдоду, бирок ал топтогон байлык өзү туулуп-өскөн мекенине бир тыйындык пайда апкелдиби? Жок. Опаасыз дүйнө деген ушул эмеспи, карачы, улгайып калганда гана өз киндик тамган айылы – кичинекей мекенин көрүп отурат. Бирок, көзгө басар эч нерсе жок. Ошондон улам көзүнө жаш алып, көкүрөгүнө зилдей уюган Керездин оор кайгысын автор мындайча сүрөттөйт. “Эми мен кайда барам да, керегим кимге?! Ким мени батырып, карыганда ким кам көрөт? Бир да жакын адамым жок. Жада калса арман-күйүтүмдү бакыра айтып ыйлап алар ата-энемдин мүрзөлөрү жок. Мен… мен… мен мекенсизмин!!!”

Керездин өз канынан жаралып, жарык дүйнөгө келген жалгыз уулу менен атанын мүнөзү түк коошпойт. Анткени, Керез кыргыз жеринде өстү, чоңойду, канына сиңдирди, а уулу бөтөн мамлекетте төрөлүп, орус энесинин колунан тарбияланып өстү. Чоңойгон чөйрөсү да башка болуп, башка элдин кулк-мүнөзүнө мүнөзү калыптанып кетти. Ошондонбу, кээде атага сылык мамиле кылуунун ордуна ороңдой калганы көп. Аны жазуучунун ата менен баланын ортосундагы сүйлөшкөн диалогдорунан байкоого болот. Керез айылын, айылдагы адамдарды, анын ичинде бирге окуган жолдошторун, ата-энелерин эстеп киндик каны тамган жери менен коштошо албай, жүрөгү эзиле ордунан жыла албай жатса баласы:

“- Кетпейлиби. Жетишет да. Же ушул жерде таң атыралыкпы? Ай талаада отурат эле отурат…

Керездин ачуудан тили буулуп, кекечтене туттугуп кетти:

– Эй, эй акмак! С-сен билесиңби? Бул ай-талаа эмес. Менин айылым, мекеним!”

Бала дагы ороңдой кеткенде Керездин жаны кашая түшүп:

“- Бар! Кете бер!”- дейт. Бир жагы баласына кыргыз тилин, кыргыздын каада-салтын үйрөтүп койбогондугуна өзү күнөөлүү экенин ойлоп:

“- Тү-ү!.. Акмак болуптурмун! Өмүрүм сая кеткен тура!”-деп, арман кылат.

Ооба, кыргыз тилин билбеген жаран кантип кыргыз боло алсын деген ойду автор ушул эпизоддор аркылуу терс образ түзүүнүн чеберчилигинде жетише алган.

Дегинисин айтканда Керез чет мамлекетте жүрүп мансапка да, байлыкка жете алды. Бирок байлык колдун кири, ал эми мекенсиз жашоо жашоо эмес экенин кеч болсо да түшүнүп, “ өзгө жердин султаны болгончо, өз элиңдин ултаны бол,” деген чечимге келет. Эми мындан ары эмне кылуу керек? Мансапка, сапырылган дүйнөгө кызыгып мекенсиз эле жолбун иттердей табылган ырыскыны жеп коюп ошого курсант болуп жүрө берсе болобу, же эли-журтуна келип, жакындарына, мекенине пайдасын тийгизүү керекпи? Ушул суроого чыгарманын каарманы мындай жооп кылат: “Ушул ээн талаада түбөлүк тура бермек белем, тез арада бул жакка көчүп келип, көл жээгине там салам”. Чыгарманын каарманы дал ушул жерде элине болгон сүйүүсү кайра күчтүү жанып, патриоттук аң-сезими көккө сермелген толкундай толкуп-ташыганын байкайбыз.

Айдарбек Сарманбетовдун бул аңгемесин үч бөлүккө топтоп кароого болот: Биринчиси – Керездин чет мамлекеттен киндик каны тамган айылынын жанына келиши, ошондогу ой-толгоосу. Мекенчилдик.

Экинчиси – Керез менен баласы экөөнүн кулк-мүнөзү жана тили, дили жагынан келишпестиги. Чөйрөсү бөлөк муундардын ажырымы.

Үчүнчүсү – Керез менен Жамал экөөнүн ортосундагы өчпөй келаткан таза жана тунук махабат. Адамдык аруу касиеттер.

Бул өзөктүү үч ой аңгеменин негизги мазмунун түзгөн менен анын бири-бирине байланышынын жиги окуп жатканда эч билинбей, кайра окуяны күчөтүп, мындан ары кандай болор экен деген ойго кабылтып, адамды жипсиз байлап, мекен деген улуу сезимге ширелтип салат.

Аңгеменин негизги идеясы да, мазмуну да өз эли-журтуң менен адамсың, эли-журтуңдан кетсең төбөңдөн дүйнө куюлуп турган менен эртеби-кечпи жөлөнүп, таянарың жок, мекенсиз бир байкушсуң, башка элден да терең махабатыңды, улантаар урпагыңды таба албайсың, андан көрө өз мекениңде бол, ысык суугуна, кайгы-муңуна, оорчулугуна да күйө бил, колдон келген пайдаңды эли-журтуңа, мекениңе арна деген патриоттук чакырык таштайт. Булар, азыркы элибиздин, айрыкча жаштарыбыздын чоң көйгөйлүү, таңсыктыкка айланган мекенчилдик түшүнүктөр. Канча жүз миңдеп чет жерде күнүмдүк оокат, байлык издеп жүргөн мекендештерибизге сабак болор айтылган накыл кеп, эртеңкиге эскертүү. Бул, жалпы дүйнөлүк маселе, көйгөй. Ошондон улам Айдарбек Сарманбетов да жалпы адамзаттык, дүйнөлүк деңгээлдеги чоң жазуучу деп ишенимдүү айта алам.

Деги, Айдарбек Сарманбетовдун кайсыл гана чыгармаларын окубайлы тили жатык, окумдуу да, тарбиялык мааниси өтө күчтүү. Менимче, Айдарбектин калеминин абдан такшалгандыгы жана ушундай уюткулуу чыгармачылык таланты менен башка калемдештеринен кескин айрымаланып турат.

Чынтемир АСКАРОВ,
жазуучу, акын,
КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.