Азамат: “Кыргыздын улуттук кийимдерине москвалыктар да кызыга баштады”

Жарым миллиондон ашуун мекендешибиз мигрант болуп жүргөн Орусияда, көпчүлүгү курулуш, кызмат көрсөтүү тармагында иштегени бир катар статистикаларда айтылып келет. Бирок алардын арасында ишкерликке өтүп, өзүнүн чакан бизнесин ачкан жарандырыбыздын да саны жыл сайын арбып барат. Алардын бири “Oimok.ru” шоурумун негиздеген мекендешибиз Азамат Абдылгазиев, учурда Москва шаарында кыргыздын улуттук кийимдерин сатууну жолго койгон. Алдыда улуттук суусундуктарды да бөтөн жерде таанытууну колго алганы турабыз деген Азамат мырза, ишкерлиги тууралуу “Марал” радиосуна маек куруп берди.

Жарым жылда өз кардарларыбызды таптык

Мен Бишкекте иштеп жүргөн кезде эле соода-сатыкка аралашып жүргөм. Бирок анда сооданын башка тармактарында иш алып баргам. Кийинчерээк, Москвага келип ар кайсы тармакта иштеп жүргөндө дос-тааныштар, туугандар үйлөнүү тойго үлпөт көйнөктөрдү таап бербейсиңби деп кайрылып калышты. Мындан улам, Назира Шадыканова деген дизайнер кызыбыз менен үлпөт көйнөктөрүн даярдап ижарага берип баштадык. Биздин өзгөчөлүк үлпөт көйнөктөргө улуттук орнаменттерди түшүрүп, шөкүлөлөрү менен кошо жасаганыбызда болду. Андан көп өтпөй эле тааныштар бир гана үлпөт көйнөктөрүн эмес, улуттук башка кийимдерди да сатпайсыңарбы деп калышты. Ошентип, атайын боз үй формасында дүкөн ачып, ага Кыргызстанга таандык болгон улуттук кийим, буюм-тайымдарды койдук. Буюрса, ишибиз өз нугуна түшүп баратат.
Москвада иш баштаганыбызга жарым жылдай болду. Негизинен биз дизайнды өзүбүз иштеп чыгабыз. Анан атайын тигүүчү кыздарга буюртма берип, жасатабыз. Жыйынтыгында эки тарап да өз эмгегинин үзүрүн көрүүдө.

www.oimok.ru showroom'умун негиздеген Азамат Адылгазиев
www.oimok.ru showroom’умун негиздеген Азамат Адылгазиев

 

Москвада кыргыздын улуттук кийимдеринин трендин жаратуу аракетиндебиз

Азыр биз Москвада улуттук кийимдердин трендин пайда кыла элекпиз. Бирок ошол трендди жаратуунун аракетиндебиз. Бул ишти баштаганда эле, “Эмне үчүн бул тармакка келдик? Кантип тренд жаратабыз? Канткенде муну башка өлкөлөргө жайылта алабыз?” деген суроолор коюлган. Тренд жаратуу биздин аракетибизге, кыргыз кыздарынын улуттук кийимдерге көңүл буруп, аздектеп кийүүсүнө байланыштуу. Биздин мекендештер, эже-карындаштар бул кийимдерди көчөгө кийип чыкса, башкалардын кызыгуусу жаралат. Алдыда бул кийимдерди кыргызстандыктардан башкаларга да жайылтуу планыбызда бар.

Тренд жаратууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Кыргыздардын негизи эле улуттук кийимдеринин тренди түптөлгөн. Анткени биздегидей улуттук кийимдин стили, салттык оймолор, орнаменттер башка элдерде жок. Анын маани-маңызын, философиясын түшүнүп жетип, туура пайдалана билүү зарыл. Демек, бизде башка өлкөлөрдө да мун жайылтууга толук мүмкүнчүлүк бар. Буга мисал, Италиянын булгаары бут кийимдери деле өзүнөн өзү популярдуу болгон эмес. Италиялыктар да өздөрүнүн өндүрүшүн өздөрү баалап, даңазалап, жайылтууга себепкер болушкан.

kgkiyim1

kgkiyim2

Улуттук кийимдерге суроо-талап жогору, баасы да ыңгайлуу

Азыр биз сатып жаткан улуттук кийимдердин баасы Москвадагы мигранттардын капчыгына ыңгайлуу эле деп ойлойм. Себеби бул ишти баштаганыбызга алты ай эле болгонуна карабастан кардарларыбыз көп. Суроо-талап да жогору. Баалар Бишкектегиден 500 рублдин тегерегинде гана айырмачылыгы болушу мүмкүн. Бирок андан көп эмес. Кийимдердин орточо баалары 2000-5000 рубль арасында. Пальтолор 5000 рублдан өйдө.

kgkiyim3

Орус улутундагылар да кызыга баштады

Кардарларыбыздын 90%ы кыргызстандыктар. Көпчүлүгү өздөрү кийгенге алышат. Белекке алышкандары да бар. Бирок, акырындап орус улутундагылар да кызыга баштады. Дүкөнүбүздөн келип соода кылган орусиялыктар кол менен эле санаса болчудай. Бирок алдыда Москвага кеңири жайылтуу ниеттерибиз бар.

kgkiyim4

Орусиянын мода индустриясына кирүү пландарыбыз бар

Орусиянын мода индустриясына кирүү пландарыбыз бар албетте. Бирок буга чоң каражат издеп, спонсор табууну караштырган жокпуз. Өзүбүз катуу эмгектенсек, Орусиянын мода индустриясыа кирүүгө “арык казылат”. Демек өзүбүз салган из менен “суу ага берет”. Буга биздин азыркы командабыздын кудурути жетет деп ойлойм. Ошондой эле, бул жакта кыргыздар өзү негиздеген Ишкерлердин эл аралык ассосиациясы деген платформа бар. Анда кыргызстандык ишкерлер баш бириктирип, чогуу ишкерлик кылуу аракеттерин көрүүдөбүз. Ар дайым бири-бирибизге колдоо көрсөтүп да келебиз.

kgkiyim5

Орусияда иш ачуу оңой, маанилүүсү аны улантып кетүү

Орусияда чет элдиктердин иш ачуусу оңой эле. Атайын юридикалык фирмаларга 20-30 миң рубль төлөсөң, документтердин баарын даярдап беришет. Маанилүүсү ошо баштаган ишти улантып кетүү. Калганы маркетинг, рекламага байланыштуу. Таанытуу иштери жакшы болсо, иш илгери жылат.

kgkiyim6

Улуттук суусундуктарды жайылтууну да колго алабыз

Алдыда жай мезгили келе жаткандыктан бир гана улуттук кийимдерди эмес, улуттук суусундуктарды да жайылтууну карап жатабыз. Бул жакта максым, шоро, бозо жасаган кыргыз жигиттер бар. Ошолордун өнүмдөрүнө учурда рекламалык жактан колдоо көрсөтүп жатабыз. Анын арасында кымыз жасагандар да бар. Максатыбыз таза, табигый азыктарды мекендештердин арасында жайылтуу. Башка улуттарга да улуттук суусундуктарыбыздын дарылык касиетин, нукуралуулугун даңазалоо зарыл.

Орозгүл Арстанова, “Марал ФМ”, 24.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.