Токтогул менен Арзымат айтышканбы же…

Акындар поэзиясы, анын ичинде Токтогул Сатылгановдун чыгармачылыгы жаңыча көз карашка, жаңыча мамилеге муктаж. Эмне үчүн? Айталы, мектептин окуучусун партасынан тургузуп, «Тоо булбулу Токтогул ким болгон?» деп сурасаң, ал ойлонбостон туруп, «Токтогул Сатылганов кыргыздын демократ акыны. 12 жашынан ырдап баштаган, эзүүчү тапты, бай-манаптарды сындап, карапайым элдин таламын талашып ырдаганы үчүн Сибирге айдалып барып келген» деген сыдыргыга салгандай даяр жоопту угасың. Анткени, улуу муунду да, азыркы муундагыларды да мектепте мына ушинтип окутуп келатышат. Анан калса Токтогул Сатылганов тууралуу жазылган докторлук жана кандидаттык диссертациялар да коёндой окшош. Атүгүл, адабиятка тиешеси бары деле, жогу деле ошол айтылып-жазылып келаткандарды кайталайт. Токтогул тууралуу башка маалыматтарды табуу кыйын. Албетте, мунун баары мыйзам ченемдүү экендигинде, ошол доор, ошол мезгилдеги социалисттик идеология талап кылгандыгында талаш жок. Мына, ал доор да кулады. Бирок ошол доордо акындар поэзиясы, анын ичинде Токтогул Сатылгановдун чыгармачылыгы кандай изилденип, мектепте, жогорку окуу жайларында кандай багытта окутулса, азыр деле жаңылбасам дал ошол тейинче калды. Мындан мен билгенден адабиятчы Батма Кебекова эже гана өзүнүн жаңыча ойлорун жарыя кылды. Адабият тарыхы болсо ак-карасы аралашып, тактаган окумуштуу жок бир калыпта турат.

Токтогул-Арзымат айтышы: канчасы жалган, канчасы чын?

Акындар поэзиясы, анын ичинде Токтогулдун чыгармачылыгы жаңыча көз карашка, айрым тактоолорго, кайрадан баа берүүгө муктаж экенин бир эле факты, Токтогул менен Арзыматтын айтышы аркылуу тастыктаганга аракет кылайын. Жашырганда эмне, Арзымат тууралуу окурмандар түгүл, адабиятчыларда деле маалымат аз. Арзыматты Токтогул менен айтышкан, бай-манаптын эшик ырчысы катары билишет. Ошол эле учурда, «Арзымат Токтогулду демократ ырчы катары көрсөтүш үчүн ойдон чыгарылган каарман, демек экөө айтышкан эмес» дегендер да бар. Токтогул тууралуу изилдеген адабиятчылар Арзыматтын бу жарык дүйнөдө болгон-болбогонуна, болсо кайда төрөлгөнү, кандай ырларды ырдаганына кызыгып да коюшпаганын өкүнүү менен белгилесек болот.

…Мен Арзымат тууралуу Токтогул менен айтышкан легендарлуу акындын небереси Тургуналы Жолоевдин уулу Мөкүш Жолоевдин өз оозунан мындан эки-үч жылда илгери уккам. Мөкүш агай борбор шаардын батыш колтугундагы Ново-Павловка айылында турат экен. Барып жолуктум. Ошондо жашы 82ге келип калган. Анүстүнө бир жыл мурда операция болгондон кийин, эс-тутуму бир аз начарлап, көп нерселерди унутуп, бир эстесе, бир унутуп бараткан кези экен. Ошентсе да, менин келген жөн-жайымды уккан соң, «бу жарык дүйнөдө чындык бар экен го» деп буларды айтып берди.

Арзымат чынында эле тарыхта болгон, болгондо да эл арасында аты бар, үнү шаңкылдаган, комузду да мыкты черткен, адамгерчилиги бийик, сөз баккан адам болгон экен. «Токтогул менен Арзыматтын айтышканы да чын. Бирок китептерде жарыяланып, адабиятчылар эки акындын ортосунда болгон айтыштын духу, өзөгү ушундай» деп тастыктап келаткан текст жана ага берилген түшүндүрмөлөр гана калпысыраак. Тескерисинче, атабыз Арзымат чыныгы элдик ырчы болгон. Ал эч качан бай-манаптын эшик ырчысы болгон эмес. Атам Тургуналы Эшмамбет, Токтогулдардын ырларын эл оозунан жыйнап кагазга түшүргөн, өзү да ырга жакын адам болгондуктан, муну дайыма баса белгилеп айтчу» деп Мөкүш аксакал шуу үшкүрүп алды. Демек, адабият тарыхында Арзымат менен Токтогулдун айтышы делип, Токтогулдун берген жообу бул деп окутулуп, изилденип, иликтенип келаткан ыр текстинен гана күмөн санабасак, Токтогул менен Арзыматтын кезигип айтышканынын чындыгы бар экен. Мөкүш агай өзү да, жубайы Зуура эже да (Зуура эже Токтогул районунун Комсомол айылынан) Арзымат тууралуу жаш кезинде аталарынан гана эмес, айыл аксакалдарынан да көп угушканын, аксакалдар Токтогулдун өзү бай-манаптарды жактап ырдаганын, тескерисинче, Арзымат элдик акын болгонун айтышканын, Арзыматтын сөөгү Токтогул районунун Торкен айылында көмүлгөнүн, анын күмбөзүнүн чалдыбары азыр да бар экенин айтышты.

Арзымат акындын тукуму

Чөбөрөсү Мөкүштүн айтышынча, Арзымат Таластын Калба деген жеринен болот. Уруусу саруу, саруунун ичинен колпоч, колпочтон ак кийиз. Кандайдыр бир себептер менен Таластан Кетмен-Төбөдөгү таякелерине көчүп кетиптир. Ошол жакта жүрүп үйлөнөт, ошол жакта жүрүп акын катары элге таанылат, элге алынат. Бирок жаш кезинде сыягы, отузга жетпей эле дүйнөдөн өтөт. Арзыматтан Өмүрбек, Бообек, Жолой, Курмушу деген төрт бала калат. Дагы эки кызы болгон экен, алардын атын Мөкүш аба бул жолу эстей албады. Арзыматтын калган балдарынын тагдыры, тарыхы кандай азырынча билбейбиз, Жолой деген баласынан: биринчи аялынан – Аалыбай, Каалыбай, Ташыбай, дагы үч кыз, кийинки аялынан – Кыпчакбай, Тууганбай, Тургуналы, Сулайман, дагы эки кыз.

Мындан элге төбөсү көрүнгөнү Тургуналы Жолоев, Жолойдун карачечекей баласы. Тургуналы Жолоевдин өзүнүн колу менен жазып калтырганына караганда, ал 1894-жылы Талас районунун Калба айылында жарык дүйнөгө келген. Атасынан жети жашында жетим калат. Мөкүш абанын айтымында, Жолойдун аялы, өзүнүн чоң апасы сулуу, ары акылдуу болгондуктан, кетментөбөлүк колунда бар адамдардын көзү түшүп калып, Таласка качып келишкен экен. Кийин жетимчилик турмуш Жолойдун көзү өткөн соң, аларды кайрадан Кетмен-Төбөгө, Тургуналынын таякелерине жол тартууга аргасыз кылат. Тургуналы ошентип Кетмен-Төбөдө эр жетип, чоңоёт. Ал аңгыча совет бийлиги орноп, Тургуналы Жолоев алгачкылардан болуп, большевиктердин катарына өтүптүр. Алайда басмачылар менен кармашат. Тургуналы Жолоев 1920-жылдары Орто Азия аскер округунун 3-эскадронунун командири болуп, айтылуу кызыл аскер башчысы Арстаналы Осмонбековдун дивизиясында аны менен үзөңгүлөш кызмат кылганын айта кеткенибиз окурмандар үчүн кызык болот деп ойлойбуз. Өмүр бою партиялык-чарбалык кызматтарда: Алайда, Аксыда, Ноокатта, Токтогулда, Таласта, Токмокто, Базар-Коргондо иштеп, 1958-жылы ардактуу эс алууга чыккандан кийин, өзү да ыр жазуу менен катар элдик оозеки чыгармачылыгын жыйноо иштерине көп эмгек жумшаган. 1969-жылы «Талас суусу» аттуу ырлар жыйнагы чыгыптыр. Ал өз өмүр баянында Эшмамбеттин жана Жеңижоктун ырларын эл арасынан чогултуп, жыйноого көп эмгек жумшаганын айтат.

Мен Тургуналы Жолоевдин өзү тууралуу жазгандарын окуп отуруп, элдик оозеки чыгармачылыкты, анын ичинде акындар поэзиясынын өкүлдөрүнүн ырларын чогултуунун канчалык маанилүү экенин билген адам кантип эле чоң атасы Арзыматтын ырларын, жок дегенде Токтогул менен болгон айтышын жазып калтырбасын, деген ойго жетелендим. Жазгандыр, жазып калтыргандыр, эгер анын чоң атасы Арзымат тууралуу Кыргызстан КП БКга далай жолу арызданып жазганын эске алсак (Мөкүш агайдын айтымында, атасы Тургуналы Жолоев Арзымат Токтогул сыяктуу эле элдик акын болгонун айтып, Кыргызстан КП БКга далай жолу арызданган экен. Бирок бийликтегилер жазган арызын колуна кайтарып берип, «экинчи жолу да дагы ушинтип арыздансаң, абакка камайбыз» деп коркутуп, тизгинин тартып коюшкан дейт), анда ал кол жазмалар, Арзыматтын ырлары, жок дегенде өмүр баяны жөнүндө маалымат кайда деген суроо туулат. Чоң атасы Арзымат үчүн – анын небереси Тургуналы, анын иниси Сулайман аз жерден запкы көрө жаздаган экен. 1938-жылы экөө тең белгисиз себептер менен репрессияланып, жыл аягында акталыптыр.

Тургуналы Жолоевдин уулу Мөкүш Жолоевдин колундагы кол жазмасынан адабият тарыхын тактоого өтө зарыл, ары маанилүү маалыматтарды кездештирдим. Демек, муну менен эмне айткыбыз келет, Токтогул менен Арзыматтын айтышы: анын канчасы жалган, канчасы чын экенин бүгүн биз жазбасак, айтпасак, тарых алдында осол иш кылган болобуз. Тургуналы Жолоевдин кол жазмалары: Кыргыз Улуттук илимдер академиясындагы кол жазмалары, уулу Мөкүш Жолоевдеги колунда калган кол жазма мурастары аз да болсо, буга жооп берет деген ойдобуз. Акындар поэзиясы, анын ичинде Токтогулдун чыгармачылыгынын күңгөй-тескейи тыкыр изилдениш керек дегенибиз ушундан улам. Ошондо гана бизге окутулуп, таңууланып келаткан Токтогул менен Арзыматтын айтышынын канчасы жалган, канчасы чын экенин так айтууга болот. Эл тарыхы сыяктуу эле, адабият тарыхында да ак тактар болууга тийиш эмес.

Болотбек Таштаналиев, КР Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү,
КР УИАнын изденүүчүсү,
«Азаттык», 03.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.