“Борбор Азия ТВ продакшн” телекомпаниясынын Япониядагы шеф-редактору Жээналы Камбаралиев: “Япондор – эмгекчил калк келишет”

Маектешибиз жөнүндө кыскача маалымат: Камбаралиев Жээналы 1960-жылы туулган, 1989-жылы Россиянын Свердловск шаарындагы Урал мамлекиттик университетинин журналистика факультетин бүтүргөндөн кийин “Вечерний Свердловск” шаардык гезитинде кабарчы болуп өз эмгек жолун баштаган. 1990-жылы Кыргызстанга келип, алгач “Кыргызстан Коммунисти” журналында иштеп, Союз таркагандан кийин жумушсуз калып, “Гүлзат жаңырыгы” андан кийин Кыргызстан-Япон биргелешкен“Нихон борбору” өкмөттүк эмес уюмунда, “Азия ТВ продакшн” телекомпаниясы ачылгандан бери ошол телекомпанияда 2010-жылдан бери Япониядагы шеф-редактору болуп иштеп жатат. Бүгүн ал биздин “Эркин Тоо” гезитине келип, Япониядагы кыргызстандыктардын жалпы эле Япония жөнүндө кызыктуу маек куруп берди.

Жээналы, ушул өзүңүз иштеген “Бобор Азия ТВ продакшн “ телекомпаниясына кандайча келип калгандыгыңыз жөнүндө айтып берсеңиз?

– 1995-жылы Япониянын белгилүү “Эн Эйч Кей” телекомпониясы Кыргызстанга келип, эки телефильм тарткан. Мен аларга ошол тарткан телефильмдерине режиссердун ассистенти болуп иштеп бергем. Япониянын телевидениелери менен биринчи ошентип байланышкам. Алар менен бирге иштеп ошолордун жардамы менен биринчи жолу Орто Азия боюнча “Азия ТВ продакшн” деген телекомпания ачканбыз. Продакшн компания- бул өндүрүүчү компания болуп эсептелинет. Бул телевидениенин экинчи түрү. Биричи түрү бул телеберүүлөр. Биздин телекомпаниянын негизги максаты – өндүрүлгөн же чыгарылган продукцияны көрүүчүлөргө жеткирүү болуп саналат.

Ошентип иштеп жүргөндө 1999-жылы Баткен окуясы башталып кетти. Ошондо Япондордун “Фуджи” деген телекомпаниясы менен биргеликте иштеп, күнүгө ошол телеканал менен Спутник аркылуу дүйнө жүзүнө Кыргызстанда болуп жаткан окуялардан түз репортаждарды даярдап берип турдук. Бул дагы менин Японияга барышыма түрткү болду. Ошол мезгилде көптөгөн Япониялык журналисттер менен тааныштым. 2009-жылы мага Японияга барып ишөөгө сунуш болду эле, мен ошол жылы Японияга барып, ушул күнгө дейре ошол жерде иштеп жатам.

Жээналы Камбаралиевич, Сиз төрт жылдан бери Японияда иштеп жатыпсыз, айтсаңыз, бүгүнкү күндө Японияда канча кыргызстандык жарандар иштеп жана жашап жатышат ? Сизде ушул жөнүндө маалымат барбы?

– Менин билишиме караганда, Кыргызстандан барган 200 дөй кыргыздар бар. Башка Россия, Европага, Казакстанга окшоп ал жерде иштегени барган жайнаган кыргыздар деле жок. Бул өлкөгө виза алыш өтө кыйын. Ал жакта көбүнчө студенттер, өкмөттүк программа менен окугандар бар, ал эми иштейм деп баргандар жокко эсе. Япон-Кыргызстан биргелешкен өкмөттүк окууга барган мамлекеттик кызматкерлер алардын үй-бүлөлөрү да бар. Андан башка япондорго турмушка чыккан кыздарыбыз бар. Ал эми Япон кыздарына үйлөнгөн жигиттерибиз да бар, алар саналуу гана бир-экиден болушу мүмкүн. Бала- чакаларын кошкондо ошол 200дүн айлана-тегерегинде болот. Шайлоо болгон учурлардада гана элчиликтерден жолугушуп калабыз.

Токиодо жашаган кыргыздар Кыргыз-Япон биргелешкен жаштар ассоциациясын ачышкан. Бирок Япония өтө чоң. Токионун өзүндө туруп эле бири-бирибиз менен жолугушпайбыз, анткени өтө азпыз . Карым-катнаштын жол киренин кымбаттыгынан көбү жолугушууларга келе алышпайт. Жолугушуу көбүнчө Кыргыз элчилигинде болот, ошондо деле жолугушууга 15-20 адам араң келет. Токиого жакын шаарлардан келишет, жолдун алыстыгынан Түндүк менен Түштүгүнөн такыр келе алышпайт.

Башка өлкөлөрдө Мисалы дүйнөнүн эң чоң шаары болгон Нью-ЙорктоКыргыздар өзүлөрүнүн кафе-ресторандарын ачкандыгы жөнүндө угуп калабыз Токиодо ушундайлар барбы?

– Андай кафе-ресторан ачкан бизнесмендер жок. Бирок, Кыргызстандан Японияга бизнесмендер барып-келип турат. Япониядан көп нерселерди үйрөнүп келип жатышат. Мисалы, жанагы биздеги суусундуктарды бөтөлкөлөргө куйгандарды ошол Япониянын технологиясынын негизинде жасашкан. Мындан башка үч айга барган кыргыздар бар, алар көбүнчө машина жана запастык бөлүктөрдү контейнерлерге жүктөп алып- келип сатышат. Бир нерсени иштетүүгө же ачууга акча каражаттар көп талап кылынат, өтө кымбат ошол себептен ал жакта иштөөгө мүмкүнчүлүк жок. Бирок башка улуттагылар аябай көп. Индия, Пакистан сыяктуу мамлекеттердин атуулдары басымдуулук кылат. Алардын улуттук ашкана кафе-ресторандары бар. Биз дагы өзүбүзчө сүйлөшүп кыргыздын улуттук бир ашканасын ачалы дедик эле, бирок, ага каражаттарыбыз жетпеди, анын үстүнө ал жакта ижара акысы өтө кымбат.

Кыргыздар менен япондор окшош деген көп сөздөрдү айтып жүрүшөт, Сиз эки элдин айырмачылыктарынан эмнелерди байкай алдыңыз?

– Кыргыз менен япондордун ортосундагы айырмачылык өтө чоң. Биз кыргыздар жумуш дегенди билбейт экенбиз. Өтө жалкоо эл келет экенбиз. Алардын жумушка болгон мамилесин же иштегендерин көрүп,таң каласың. Эртеден-кечке тынбай иштешет, жумуштарды да сапаттуу аткарышат. Жумушта иштеп жатып өлүп калган япондорду көрдүм.Мен барганда таң калган нерселер булар болду. Айыл жерлеринде саат 5те иш бүттү деген конгуроолор болот. Ал коңгуроолор кагылганда жумуштар да тык токтойт. Жумушту ошолордон үйрөнүшүбүз керек экен. Бизде мисал үчүн майрамдар дем алыш күндөр эле көп. Алсак, жаңы жылда кыргыздар өзүлөрүнө ылайыктап 10 күн дем алыш кылып алышкан. Японияда отпуска берсе да дем алышпайт экен. Алтын жума деп Май айынын башында беш күн тоолорго чыгып эс алышат, анан август айында өлгөн кишилерге эскерүү үчүн дем алыш берилет, башка күндөрү эч кандай дем алышсыз, күнү-түнү тынбастан иштешет. Алардын календарында бир кызыл менен белгиленген дем алыш жок. Мекеме-уюмдардын кызматкерлери жумуш убагында телефон менен сүйлөшүшпөйт экен. Бизде телефон менен өз жумуштарыбыз жөнүндө сүйлөшүп олтура беребиз го, аларда бир да адам телефон менен сүйлөшпөйт. Жумушка берилүү менен иштешет. Мамлекеттик же муниципалдык кызматтарда болсо тейлөө башкача. Бардык жерлерге айнекчелерди коюп койгон. Алардын баарынын алдына катар 1.2-20-30 деген жана башка сандарды жазып илип койгон. Ал жерге кирсең сени эки адам тосуп алат. Алар сен эмне маселе менен келгениңди сурап алат да, сенин колуңа бир номер берет да тийиштүү орундуктарга олтургузуп кетет. Сен ал жерде күтүп олтура бересиң, келген атуулдарга толук шарт түзүлгөн, өзүңдүн кезегиң келгенде ал жердеги оператор дароо ишиңди бүтүрүп берет, кете бересиң. Түртүшүп урушуп кайым айтышуу деген жокко эсе. Бизге окшоп күтүп туруу деген жок. Жумуш саат 9 да башталдыбы канчага чейин болсо кабыл ала берет. Иштеген адам бир ордунан жылбайт.Биздегидей жумушка кечигип, бир жакка басып кеткендерди ал жерден көрбөйсүң.Иштин акыркы жыйынтыгы менен эмгек акы төлөнөт. Кечинде болсо ар бир мекеме иштин жыйынтыгын чыгарып, эсебин жана сапатынын жыйынтыгын чыгарат. Ал эми маяналары нормага жараша төлөнөт.

Кээде жаштар менен олтуруп сүйлөшүп калабыз. Мен айтып калам, мына билимиңерди алгыла да Кыргызстанга барып, япониядан үйрөнгөн тажырыйбаларды колдонсоңор тез эле оңолуп кетебиз деп калам. Нигада деген шаарга барып студенттер менен жолугуштум. Сүйлөшүп олтуруп сурадым, мамлекеттин эсебинен келдиңерби? десем ооба дешет канча стипендия аласыңар десем, 1500 АКШ долларын алышат. Эми муну Кыргыз Өкмөтү менен япония биргелешип төлөшөт. Кыргыздар япондордон үйрөнө башташыптыр, анткени ошол студенттер стипендиясын үнөмдөп ата-энелерин, досторун японияга чакырып көрсөтүшөт экен.

Японияда транпорт каражаттарынын тейлөөсү кандай, кымбатпы же арзанбы?

– Дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин ичинен Японияда коомдук транпорт аябай өнүккөн.Бардык жерде электричка, поезд, метрону пайдаланышат.Бирок свет коммуналдык кызматтар өтө кымбат. Бирок тейлөо сапаты абдан жогорку деңгээлде.

Чет элдик мигранттарга мамилелери кандай?

– Япондордун сезими маданияты өтө жогору. Улутчул эмес. Мен эми журналист катары япондордун маданиятын, улуттук каада-салтын изилдеп, тасмага тартып жүрөм. Булар чет элден келгендерге эч кандай кысым көрсөтүшпөйт. Мисалы, Россияга барсаң ачык эле “карасың” дейт го буларда андай нерсе жок. Полициялары эч кимге тийбейт. Айрыкча орус элинин өкүлдөрүн жактырышпайт. Анткени, мына портторго жакын шаарларда орустар көп барып, ичип мас болуп бири-бирин өлтүргөндөр көп болгондуктан “ Мафия” деп жаман көрүшөт экен.

Япониянын өзүндө автомобилдер арзанбы же кымбатпы?

– Заводдон чыкканга караганда, көчөлөрдө сатылган автомобилдер арзан. 150-200 миң. км жүргөн автолорду 200-300 АКШ долларына сатып алса болот. Ал жерде базар болбойт машиналар жалаң аукциндордо сатылат. 100 доллардан баштап 5000 долларга чейин сатып алса болот. Автомобилдин сапатына жараша. Кайсы шаарында же айылында болобу мигранттар үчүн атайын англис жана башка тилдерде атайын китепчелерди чыгарып койгон. Ал китепчелерде японияга келгенде эмне кылуу, кай жерге барып катталуу керек же өрт болгондо кимге кантип кайрылуу керек деген сыяктуу мигранттарга жол-жоболордун баары жазылган китепчелерди окуп алып, өз жумушуңду аткара берсең болот. Мекеме-уюмдарда жалаң Волонтерлор иштешет, келген адамдарга көп жардамдарды беришет.

Япондордун жакшы көргөн тамактары кайсылар?

– Негизинен балыктарды жакшы көрүшөт. Жылкыга окшогон балыктар бар, тунец деп коюшат, алардын салмагы 200-300 кг, көбүнчө ошолорду жешет. Бир бодо малдын этине барабар. Мөмө-жемиштер деле бар, бирок көбүнчөсү импорттон келет.

Өзүлөрүндө эмнелерди эгишет?

– Япония нымдуу келет. Жер тар болгондуктан көп нерселерди эгишпейт.Калкынын саны 127млн; адам Россиядан бир аз болгону менен жери өтө эле аз. 1 кв.км жерге 370 адам туура келет, биздеги “Дордой” базарындагыдай.

Жээналы Камбаралиевич, Сиз жакында КТРКнын башкы директорлук бош кызмат ордуна конкурска кандай максат менен катыштыңыз, ошол жөнүндө айтып берсеңиз?

– Мен башкы директорлукка конкурска катышып, кесиптештеримдин дэнгээлин, сезимдерин, билимдерин маданияты эл аралык деңгээлдеби же бүгүнкү дүйнөлүк цивилизацияга көз караштарын билейинчи,кандай экендигин көрөйүнчү деп эле катыштым. Директор болоюнчу деген ойдо эмес, салыштырмалуу түрдө, сунуштарымды , ойлорумду айтайын же мурдагыдан канчалык деңгээлде өскөнүн байкап көрдүм. Эми биздин телевидение көп жылдардан бери баягы кокту-колоттордон келип алып эле бөлүшүп алып иштешип жатыптыр. КТРК баягы эле 1995-2000- жылдардын деңгээлинен чыкпаптыр. Мурунку директор Оторбаевдин тушунда анча-мынча гана өзгөрүүлөр бар экен, калганы мурдагыдай эле калыбынан өзгөрбөптүр. Өкүнүч биздин телевидение Орто Азия мамлекеттеринин телевидиенин деңгээлинде болсо жакшы болор эле. Дүйнөлүк деңгээлден алып караганда орто азия өлкөлөрүнүн ичинен салыштырмалуу казактардын телевидениеси алдыда турат.

Эмне үчүн Казак телевидениесин айтып жатасыз?

– Тээ илгертен бери эле телевидениелер ОРТ, РТРдин көздөрү менен карап жүрөбүз. Казакстанга токтолгонумдун себеби дүйнөлүк тажрыйбада ММКлар мүмкүн болушунча ар кайсы бир өлкөлөрдө өзүлөрүнүн өз кабарчылары болууга тийиш, ошондой мүмкүнчүлүк мына ушул коңшулаш казактарда бар. Японияда Казакстандын кабарчылары иштешип күн сайын Япон өлкөсүнүн жаңылыктарын Казакстанга чагылдырып берип турат. КТРК коомдук болгондон кийин, коомдук дегенди аткарыш керек, мен конкурстан өтпөй калдым, анткени мен өтпөй калышымды билем, бирок кыргызстандын атуулу болгондон кийин, кыргыздарга жан тартам, алдыңкы катарда дүйнөлүк деңгээлде болсо деген тилегим бар. Башка өлкөлөрдүн журналисттеринин иш тажрыйбасын КТРКнын байкоочу кеңешине көп нерселерди сунуш катары айтып бердим, эми ошолорду эске алышса жакшы болмок. Биз менен кызматташса, биз Кыргызстандагы жакшы жаңылыктарды дүйнө жүзүнө алып чыгып, ааламдагы жаңылыктарды Кыргызстанга таркатып турмакпыз.

– Куруп берген маегиңизге рахмат.

Маектешкен Орункул САТЫКУЛОВ, “Эркин тоо”, 15.04.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.