Жашоо сабактары

«Бакдѳѳлѳт» коомунун «Жашоо сабактарынан»

Аталар сөзү

Ата-тектин адашуусу тукумуна залакасын тийгизет

Ар бир адам жашоосунда көп жаңылат. Жаңылуу кээ бир адамдыкы ѳтѳ күчтүү, чоң болот да, ѳзүнүн эле жашоосуна эмес, тукумуна, келечек урпагынын жашоосуна дагы жаман жагынан таасирин, залакасын тийгизип коёт.

Кээ бир адамдыкы ѳзүнүн эле жашоосуна оорчулук алып келет.

Кѳп учурда адамдар ушул жашоодогу ѳзүнүн алкы бузулганынан, кѳңүлү бузулганынан, ою бузулганынан адашууга барат.

Адашуу ар тараптуу болот:

Кыял-каалоодогу адашуу. Адам ѳзүнүн кыялында Кудай жактырбаган бир нерсени каалап, ошого умтулуп, ошол нерсеге жетем деп ал жаман нерсени ѳзүнѳ ар кайсы жолдор менен байырлатып алса – бул дагы адашууга кирет.

Мисалы: алдамчылык же азгырык жол менен жана ушул сыяктуу жолдор менен кѳңүлүнѳ жаккан нерсени алып алуу адашуу кыялына кирет. Адамдын кѳңүлүнѳ эмне жагып калышы мүмкүн? – Адамдын кѳзү байлыкка түшѳт, сулуулукка түшѳт. Байлыктын ичинде: жер, суу, азык, имарат, бирѳѳнүн малы жб. Ал эми сулуулук болсо: бирѳѳнүн ак никелүү аялы, бирѳѳнүн ѳтѳ жаш кызы, бирѳѳнүн ѳтѳ тазада турган ой багыты.

Туурада турган нерсени туура эмес жолго азгыруу, туура эмес жолго түшүрүү – чоң адашуунун бири.

Адамдын өзүнүн көңүлүнөн сырткары, башка бирөөнүн ушундай туура эмес суктануусу менен, ээлик кылуу ою менен ошол адашууга кабылып калышы мүмкүн.

Байлык-мүлккѳ караштуу адашуулар. Адамдар кѳбүн эсе байлык-мүлккѳ караштуу адашууларды кѳп жасайт. Маңдай терин тѳкпѳй туруп, белине күч келтирбей туруп бирѳѳнүн адал эмгегин, ак акысын жеп алуу жана уламдан-улам ошону кайталоо, уламдан-улам ушуну кѳбѳйтүү менен адам адашуу жолуна түшүп, анын жүгү жеке эле ѳзүнѳ эмес, ѳзүнүн тукумдарына дагы залакасын тийгизип коюшу мүмкүн. Ошондой адашуулардын кѳбүнесесин жүк кылып анын балдары кѳтѳрѳт.

Адал эмгекти тартып алуудагы адашуу. Балдары ата-тектин жүгүн кѳтѳргѳн учурда ѳзүнүн эмгеги менен жараткан үлүшүнѳ ээ болбой калат. Себеби, ошондой ээлик кылчу нерсени анын атасы башка бирѳѳнүн адал эмгегинен тартып алып, ошонун жазасын ѳзүнүн ѳмүрүндѳ актап бүтпѳй, тукумуна калтырып коюшу мүмкүн. Аталары адашууда калган ошол тукум кѳбүнесе ѳзүнүн ак эмгеги, адал мээнети менен жеткен эмгегинин үзүрүн таппай калат. Дайыма умсунган бойдон, кол сунган бойдон кармай албай агызып ийиши мүмкүн. Бул, ата-тектен келаткан жүктүн бири.

Көңүлдү бузуу, алдоо жолу менен жашаган адашуу. Эгер адам бирөөнүн кѳңүлүн бузуп, алдамчылык жол менен бир таза ойлуу, таза негиздүү адамды жолдон бурса, бирѳѳнүн убалына калса, ал адашуусунун жүгү күчтүү болуп тукумуна ѳтүп кетсе – анда анын балдарын бирѳѳлөр дайым кол жоолуктай кылып колдонуп, анан таштап турат. Бул дагы ата-тектен келаткан жүктүн бири.

Улуулуктун, сулуулуктун нугун бузбагыла!

Ак эмгек, маңдай тер менен тапкан адал эмгекти баалап, ошол нерсе сеники эмес бирѳѳнүкү болсо баалап, сыйлап, ага аяр мамиле жасап, аны булгабастан, сындырбастан этият колдонгонго аракет кылгыла.

Кѳп учурда адамдын ѳмүрүндѳ ѳтѳ назик, жарык учурлар болот. Ошол жарык учурду булут менен жаппастан, ал адамдын сүйүнүчүнѳ, кубанычына ортоктош болуп, ошол учурда анын кѳңүлүн башка бир нерсе менен тѳмѳндѳтүп же болбосо чаап койбостон, анын майрамын булгабаш керек. Себеби, адамдын кѳңүлү кѳкѳлѳп турган учурда бир одоно сѳз менен, туура эмес кыймыл менен, туура эмес кѳз караш менен ошол кѳңүлдү пастатып, бузуп турса, анда адамдын шаабайы сууп, кѳңүлү чѳгүп, ѳзүнүн жеткен, Кудай берген жакшы маанайын тартып алгандай болуп, туура эмес абалда калат. Ошондуктан адамдын кѳңүлүн баалап, ал кубанып жаткан учурда аны жооткотуп, ага гүлдесте тартуулап, сѳз менен, кѳз караш менен, түшүнүү менен карап койсо, ошол гүлдѳгѳн кѳңүлү ого бетер ажары ачылып, ошол гүлдѳгѳн кѳңүлү ого бетер кѳпкѳ чейин кѳңүлүндѳ сакталып, адамды эргитип, жакшы маанайды тартуулап, ошол учурду улам эстеген сайын адамдын кѳңүлү бийиктеп, кубануу менен эстеп турат. Ошол нерсени ар дайым колдоно билгиле. Ошону колдоно билсеңер, анда силердин да маанайыңарды кѳтѳргѳн, маанайыңарга маанай кошкон, гүлдесте арнап турган адамдар кѳбѳйѳт. Эгерде силер ошондой маанайды бузуп турсаңар, силердин маанайыңарды түшүргѳн, силердин маанайды кескен, ылдыйлаткан учурлар кѳбѳйүп турат. Ошондуктан, ар жакшы нерсеге аяр мамиле кылып, ошону сактай билгиле, ѳндүрѳ билгиле.

Улуулуктун, суулуулуктун нугун бузбагыла. Ар бир жашоодо ѳзгѳчѳ ажайып сулуулукка жеткен бак, ѳзгѳчѳ сулуу тоо, заңкайган ажайып кооз, элдин баарына таанылган же элдин кѳзүн тарткан нерселер сейрек болот. Ошол сейрек сулуу нерсени баалаганды үйрѳнгүлө.

Асыл тукум малга аяр мамиле жасагыла. Асыл тукум мал ѳзүнчѳ ѳзгѳчѳ касиетке ээ. Асыл тукум малды, асыл тукум жаныбарды жашоодо баалаганды үйрѳнгүлѳ. Алардын тукумуна залака келтирбегиле. Ѳтѳ күлүк малды, чечен адамды, сулуулукту тартуулаган ажайып кооз бакты, ѳзгѳчѳ бир кѳрсѳткүчкѳ ээ болгон жан-жаныбарды бапестеп, аярлап, асылдыкты сактаганга үйрѳнгүлѳ.

Ѳзгѳчѳ тукумдагы ѳзгѳчѳ асыл жан адамды, ѳзгѳчѳ асыл малды баалап-барктасаңар, ошондой асылдык жерде кѳбѳйѳт. Асылдыкты баалабастан, асылдыкты сезбестен, кѳрбѳстѳн кор кылсаңар, ошол асылдык жоюлуп, жашоого пастык келип, ызылдак, чырылдак, тѳмѳндүк басып кетет. Адамдын кѳңүлүндѳ асылдык болуп, ага аяр мамиле жасалып, аны баалап- барктаган сайын жер шарында сулуулук, ажайып кооздук улам бир жерден жарк этип, адамды таң калтырган ѳзгѳчѳ гүлдѳр, ѳзгѳчѳ сулуулук жараткан, ѳзгѳчѳ сулуулукка жеткен жан-жандыктар жана албетте сулуу, назик, адамга маанайды тартуулаган, ѳзгѳчѳ бийиктикти, нурду тартуулаган адамдар да кѳбѳйѳт.

Сүйбѳстү сүйѳ билген адамдар ѳтѳ аз. Бирок, ошол сүйбѳстүктѳ дагы Кудай жараткан ѳзгѳчѳлүк турат. Кайсы адам ийрини (жылаанды) жакшы кѳрсүн. Бирок ошондо дагы ѳзгѳчѳлүк, сапат жана Кудайдын ѳзгѳчѳ белгилери бар. Сүйбѳстү сүйүү элдин баарынын колунан келбейт. Бирок кээ бир адамдар ошол бийиктикке да жете алат. Андай адамдар ар бир кылымда келбесе да, бирок төрт-беш кылымда бир келип турган адамдар болот.

Сүйүүнү дайым ѳзүнүн тукумуна эле бербестен, сүйүүнү башка жаңы ѳсүп келаткан муунга тартуулаган адамдар кѳбѳйѳт. Сүйүүнү баалап, барктап, ага бут тоспостон, сүйүүнүн ачылып жаткан гүлүн баамдап, сүйүүгѳ тоскоол кылбагыла. Сүйүүнүн күчү ѳтѳ чоң. Сүйүүдѳ жашаган адамдардын ѳмүрү кээ бир учурда жолтоолордун, түшүнбѳстүктүн, каршылыктын кесепетинен ѳмүрлѳрү кыска болуп калат. Ошондуктан, сүйүүгѳ жолтоо койбогула. Сүйүү ѳзгѳчѳ Кудайдын белеги. Сүйүүгѳ дуушар болгон эки жаш – бул Кудайдын белегине ээ болгон адамдар.

Сапаттуу жашоо ар бир адамда боло бербейт. Сапаттуу жашоого жетиш үчүн кѳп адамдын түйшүгү, кѳп муундун тилеги, кѳп муундун мээнети жетсе болот. Жашооңордо адашуу болбосун. Ушул акылдар силердин жашооңордон нук алып, ал жактан дайыма суу агып, ошол суудан суусунун кандыра ичкен адамдар кѳп болсун. Ал нуктагы сууну адамдар атайы эмес, кокусунан да булгап албасын. Арыктан аттайм деп жатып атайын эмес чала аттап алып ичине топурак түшүп кетет. Ошондой калпыстык кетип, ошол нукту кичине болсо дагы кемитип, ылайлап, бузуп албасын! Ошол кичинекей агын суудан ичкен адамдар кѳп болуп, ошол акыл менен ѳзүнүн суусунун кандырып турсун!

«Бакдѳѳлѳт» коомунун байланышуу телефондору: 0771 144- 820; 0552 853- 555

«Көк асаба», 16.02.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.