Боордон даярдалган тамактар

Таза малдын боорунда организмге пайдалуу витаминдер, ферменттер бар. Алар организмдеги канды тазалап турушат. Боор абдан пайдалуу болгондуктан аны жаш балдардын жана кош бойлуу аялдардын организмин керектүү витаминдер менен камсыздоо үчүн сунушташат.

Боордо бир аз жагымсыз жыт жана бышкандан кийин деле кычкыл тарткан даам болот. Мындан арылуу үчүн боорду бир нече бөлүккө бөлүп, 1 саат муздак сууга чылап коюу керек. Ошондой эле сүткө же атайын кошулмалар кошулуп даярдалган аралашмага салып койсоӊуз, жагымсыз жыт жана даамдан арыласыз. Боорду кууруп, бууга бышырып, ал тургай андан фарш даярдап түрдүү тамактарды жасаса болот. Боорду ашканада колдонууда адамдын бөйрөгү, мээси жакшы иштеп, көрүүсү жакшырат. Андагы керектүү заттар теринин жылмакай болушун шарттап, чач коюуланып, тырмак, тиш бекемделет. Боордун курамындагы гепарин заты кандын тамырларда уюп калышынын алдын алып, тромбоз оорусуна каршы миӊдин бири экенин медицина кызматкерлери тастыкташат.

boor«ҮЙ-БҮЛӨ» ТАМАГЫ

Керектелүүчү азыктар (3 порция үчүн):
Кой же уйдун боору – 300 грамм
Пияз – 1-2 баш
Сабиз – 1 даана
Ун – 1 чай кашык
Каймак – 100 грамм
Өсүмдүк майы – 3-4 аш кашык
Татымына жараша туз, мурч

Даярдоо ыкмасы:
1. Боорду муздак сууга 1 саат чылап коёбуз.
2. Пияз менен сабизди аарчып, пиязды төрт бурчтук, сабизди узун-узун кылып туурайбыз. Боорду узун, кесек кылып туурап алып, ага ун сээп аралаштырып коюу керек.
3. Көмөч казанга 2 аш кашык май куюп пияз менен сабизди куурабыз.
4. Куурулган сабиз менен пиязды чыгарып, көмөч казанга кайра май куюп, боорду 5 мүнөт кууруу керек.
5. Боордун үстүнө пияз менен сабизди жана татымына жараша туз кошобуз.
6. 100 граммдай сууну үстүнө куюп, каймакты кошуп, капкагын жаап, жай отто 20 мүнөт дымдап коюӊуз.
7. Тамакты фантазияӊызга жараша жашылчалар менен кооздоп, мурч сээп койсо болот.

Гүлжан Асанкожоева, «Супер-инфо»,  №648 3-апрель-9-апрель, 2015-ж

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.