“Сөздүктөгү сөздүк”

К.К.Юдахиндин 125 жылдыгынын алкагында К.К.Юдахин түзгөн “Кыргызча-орусча сөздүктүн” ичиндеги унут калган, колдонуудан чыгып бара жаткан 7000ден ашуун сөздү камтыган “Сөздүктөгү сөздүк” аттуу чакан китепче Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан жарыкка чыгарылды.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо бөлүмүнүн башчысы, сөздүктүн түзүүчүсү ААЛЫ МОЛДОКАНОВ бул туурасында төмөнкүлөрдү билдирди:

moldokanov– Өтө жөнөкөйлөтүп, өтө кыргызчалатып айтканда, Константин Кузьмич Юдахиндин «Кыргызча-орусча сөздүгү» Кыргызстандагы №1-китеп. Кузьмич өзү кыргыз элинин орус улутундагы №1- досу.

Бул айтылгандар далилди талап кылбайт. Себеби, сөздүк 70 жылдан бери тилчи менен адабиятчыга да, тарыхчы-этнографка да, медик менен философко да, так илимдин бардык тармактарынын өкүлдөрүнө да, эң ириде мугалимдер менен алардын окуучуларына кол кабыш кылып келет. Илимий-практикалык маанисине да баа жеткис. Сөздүк 1965-жылы толукталып жарык көргөндө илимий дүйнө төмөнкүчө баа берген экен: «Новый выдающийся фундаментальный труд»; «Нормативный источник кыргызской орфографий»; «Народный ученый народов Средней Азии»; «Советтик лексикографиядагы жаңы кубулуш»; «Тил, тарых, этнография, психология, материалдык маданияттын башаты»; «Кыргыз фольклорунун жыйнагы» д.у.с.

Константин Кузьмичтин тил илиминдеги, түркологиядагы ролу илгери эле такталган. Аны ошол туштагы көрүнүктүү түркологдор пайгамбар туткан.

Кыргызстандын илимине, экономикасына, медицинасына, маданиятына эмгеги сиңген башка улуттун өклүлдөрүнүн ичинде бул улуу тилчинин алган орду да бөтөнчө.

Мени котормочулук кесипке алып келген да ушул «Кыргызча-орусча сөздүк» болгон. 45 жылдан бери көтөрүп жүрөм. Белгилүү педагог Зияш Бектеновдун жетекчилигинде ушул сөздүктөгү идиомалар боюнча дипломдук иш жактагам.

Кузьмич кыргыздын салтына, тарыхына, этнографиясына, жүрүм-турумдарына, жашоо-тиричилигине кызыгып, кыргыз тили менен эртелеп «ооруп калган» адам болгон. «Кыргызга аян түшүп «Манас» айтып калгандай эле, мага да белгисиз күч буйрук берип, байлап салгандай болду»,- дейт өзү. Кузьмич чыгарган эң маанилүү жыйынтыктардын бири: «Махмуд Кашкардын сөздүгүнүн 80 пайызы кыргыздыкы. «Эски түрк тили» деген «Байыркы кыргыз тили» деген эле түшүнүк».

Биз бүгүнкү студенттин, мугалимдин, журналисттин, жалпы эле тил күйөрмандарынын талабын эске алып «Кыргызча-орусча» сөздүктөн

«шпаргалка» түзүп бердик. Ал «Сөздүктөгү сөздүк » деп аталат. Биз билбей, билсек да колдонбой жүргөн байлыктын баары ошонун ичинде. Сөздүктөн азыноолак мисал келтире кетсек:

Ажыкыйык – упрямый

Алык – дань (ист.), налог, обложение, поборы

Аптарчы – мелкий торговец

Аяп – волшебник

Бадирек – грубиян

Беймар – больной

Бейпул – бесплатно

Бокчо – чемодан, мешок

Борбуй – пах

Бурун – поворот

Быктыр – кипятить на тихом огне

Важип – обязательный

Даар – часть

Даекчи – 1. человек, который выручает приз на скачках 2.кыбачы

Даңса – родославная книга

Даркөй – чертоги

Добокер – истец

Доюр – неуступчивый, упрямый

Кирен – вход

Ракыш – далёкий

Распаа – позор, бесчестие

Сагыр – 1.малолетная сирота; 2.ребенок, дитя

Сайкал – полировка;

сайкал бер – полировать

Сарапчы – (уст). очки

Саргарт – экзема

Саакат – терпение, выдержка

Тапкөй – опытный тренер

Таптиш – обследование, расследование

Тапшырык – наказ

Чыган – выход

Inter.kg, 02.07.2015-ж.

Соц тармактар:

One thought on ““Сөздүктөгү сөздүк”

  • 03.04.2016 at 07:06
    Permalink

    “Кирен – вход…” Ушуну макаланын автору “Кыргызча-орусча сөздүктүн” кайсы басылмасынан алды экен? Менимче акад. К.К Юдахин минтип эч качан жазган эмес. Сөз которуу-жаратуу маселеси азыр энетилде эң актуалдуу экени чын. Кыргызча котормолору жакшылап сиңбей жүргөн “вход-выход”-дорду кыска, жатык кылып которуу далалаты колдоого алаарлык. Бирок макаланын авторунун оюнан жаралган котормо-сунушту “Юдахиндики” деп жарыялай салуу жакшы эмес. Бул үчүн толгон-токой сайт, интернет-булактар бар эмеспи… Маселен “Азаттык” үналгысыныдагы “Сөз таануу” шеринесин сунуштайт элем мен…

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.