Сабида Сартова: «Беганас деген ысым «ааламдагы ак жылдыз» деген маанини туюндурат…»

Кыргыздын саналуу фантаст жазуучуларынын ичинен эң таланттуусу, акын Беганас Сартов жарыкчылыкта 33 жыл гана өмүр сүрсө дагы артында далай жылдарга айтылып жүрөр мыкты чыгармаларын калтырып кетти. Көзүнүн тирүүсүндө «Жылдыздар балладасы», «Ааламда адашкандар», «Сары азезил», «Эридиана», «Маанай» аттуу фантастикалык повесть, аңгеме, ырлар жыйнактарын чыгарыптыр. Бүгүн биз мына ушул ааламдан ак жарык жылдыздарга эртелеп узап кеткен фантаст жазуучубуздун бир тууган карындашынын эскерүүлөрүнө орун беребиз.

– Сабида эже, агаңыз Беганас туурасында эмнелерди айтып бере аласыз?

– Агам экөөбүздүн жаш айырмабыз 20 жыл болгондуктан уламбы, айтор ал мага кол жеткис бир чоң кишидей көрүнчү. Эсимде калганы ал менден ар дайым сен окууну бүткөндө окууга өзүм өткөрөм, кайсы кесиптин ээси болгуң келет деп сурай турган. Үйдө улуусу болгондуктан үйдөгүлөр гана эмес, айылдын баары агамды сыйлап турушчу. Таланты ташкындап, ырларды, көп изилденбеген фантастикалык чыгармаларын жазып, бул жанрга алгачкы чыйыр салгандардын бири катары кыргыз адабиятынын тарыхында калды. Үйдө 7 бир тууганбыз. Байкем башка бир туугандарымдай эле Чүй өрөөнүндө туулуптур, илгери согуш жылдарында атам Чүйгө келип отурукташып калган экен. Апам Чүйдөн болот. Ошентсе да агам чыныгы туулган жери, Жумгал районунун Кызарт айылы, Соң-Көл тууралуу чыгармаларында абдан элестүү жазган. Эжекем менен дагы бир байкемдин эскерүүсү боюнча байкем мүнөзү курч, баатыр, шайыр кишилерден болгон. Көптөгөн жазуучулар үйгө келип калышканда мен анан деле мүчөлүккө өтүп алам деп өзүнөн мурун башкаларды Жазучулар Союзуна өткөрчү экен. «Тоо жылдызы» адабий ийриминин катышуучулары агамды азыр да жылуу сезимдер менен эскеришет. Фантастика жанрында байкемдин өз көз карашы, ою болгон болуш керек. Менин оюмча, агам башка акыл-эстин өкүлдөрү менен чын эле жолуккан. Аты да башкача болуп, Беганас деген ысым «ааламдагы ак жылдыз» деген маанини туюндурат экен. Байкем Москва районунун Чичерин айылында төрөлүп, төрөткөн карачай улутундагы аял аял: «Баланын аты Беганас («Вега-Нас» топ жылдызы) болсун, ал «ааламдагы ак жылдыз» дегенди туюндурат. Бул бала кийин аалам жөнүндө, жылдыздар жөнүндө жазат», – дептир. Кудай таала буйруп койсо керек, ошол аял айткандай адамзаттан башка дагы акыл-эс өкүлдөрү менен жолуккандай чыгармаларды жазды. Мен жолуккан деп ойлоймун. Биздин үй-бүлөнүн жашоосу, биздин балалык чак улуу тоолордун кучагында табият менен жуурулушуп өттү. Байкемдин чыгармачылык башаты улуу тоолордон башат алды. Байкемдин:

«Эсимде жылкы мүнөз балалыгым,
Тоолордун кучагында сайран курган.
Айлуу түндө асканын бийигинен,
Жылдыздар эңсөө сунган, кыял сунган.

Мен анда Жетигенде конок болуп,
Үңкүрдүн үйүн көрүп кереметтүү.
Алтын Казык жылдызын айланчыктап,
Аалам кыйрын кыдыргым келип кетчү», – деген ыры дал ушул тоо арасында өткөн балалыгын эске салат.

– Жазуучуну автокырсыктан каза тапкан деген сөздүн чындыгы канчалык?

– Автокырсыктан каза тапты деген туура эмес сөз. Туулган күнү 15-август болсо, 9-август күнү кайтыш болуп калды. Анда мен эс тартып калган курагым. 7-класста окуп калгам. Беганас байкем шаардан ата-энемдин үйүнө келип, негедир атамдан кечирим сурап (ага чейин байкем бардык совет адамдарындай эле динге ишенчү эмес), көрсө кудай бар турбайбы деп анан мен Жумгалдагы үйүмө кеттим, ошол жактан силерге көп конок ээрчитип келем деп узап кетет. Ошол жерде Шакин Эсенгулов деген жазуучу барбы-жокпу айталбайм, бирок Канболот Бердикеев деген жазуучу ошо жерде болгон. Конокто отурушканда байкемдин оозу-мурдунан кан кетип, алар аны ооруканага жеткиришет. Азырга чейин ошол байкемдин жанында болгон адамдардын уят-сыйыты бар беле деп ойлоно берем. Анткени, алар байкемди ооруканага жеткирген боюнча кайра кабар алышкан да, анын ооруп калгандыгы тууралуу туугандарына, ата-энесине уктуруп да коюшкан эмес. Таңга маал үзүлсө керек. Апам да аяндуу киши эле, таңга маал түшүндө тээ алыстан чыңырган ачуу үн келип туруп терезени бир чаап узап кеткен болот. Дал ошол мүнөттөрдө байкемдин жаны чыркырап ааламдан узап бараткан маал болсо керек… Апам байкуш «кичинекей кезинде аман калып, эми баралына келгенде кете бербедиби» – деп көз жашын төгүп, арман кылчу.

«50-жылдары биз Суусамырга көчүп, жайлоого мал айдап баратканда ал 5 жашта эле. Аны өзүнчө ээрге отургузуп, атка мингизишет. Менин алдымда 5-6 ай болуп калган Бүбүажар, артымда 3кө чыгып калган Абакир бар эле. Бир маалда айдап бараткан койдун астынан чоочун ит чыга калып, кой үркүп, андан Беганас минип бараткан ат үркүп, аны ала качты. Беш жаштагы бала эмне, камгактай учуп, бир буту үзөңгүгө илинип, башы жерге тийер-тиймексен болуп сүйрөлүп кетип баратты. Мен коркконумдан балдарымды таштап жиберип, артынан чуркап жөнөдүм. Жөө адам азоо атка жетчү беле. Эмнеге жөө жөнөгөнүмдү да билбейм. Коркконумдан эмне кылып жатканымды да билген жокмун. Аттын артынан ээрчип чуркай бердим. Бир маалда бир туюк тоого келип такалды. Үстүнө чыксам асты куюлма шагыл. Шагылдын түбүндө булактын жанында балам эки буту эки жакка керилип, көзү жумулуп жаткан экен. Өлүп калган экен деп катуу чочуп кетип, эки алаканым менен бетимди жаап, ылдый жакка боюмду таштадым. Бир заматта эле колдорум жайылып кетти. Күү-шаа болуп келип баламдын жанына келип түштүм. Балам тирүү экен. Чочуп тура калды, кучактап алып аябай ыйладым. Мен баламдын бутун бир жактан, колун бир жактан терип алам деп ойлогом» деп эскерээр эле апам.

– Артында калган үй-бүлөсү тууралуу айтсаңыз?

beganas3Артында арзып алган жубайы менен 4 баласы кан жутуп кала беришти. Азыр балдарынын баары бой жетип, очор-бачар болушкан убагы. Өкүнүчтүүсү, эң улуу уулу дагы 29 жашында автокырсыктан каза болуп калды. Андан бир кыз, бир уул калып, кызынын атын жеңем Эридиана койгон. Ал кыз окуусун бүтүп иштеп жүрөт. Жубайы, менин алтындай жеңем да 60тан ашып калганда ааламдан узады. Жеңебиздин аты Алтынкүл, өзү казак кызы. Атына жараша заты дегендей, бизге байкебиздин ордуна караан болуп, тууган-урук менен катнашты үзбөгөн, кара жумушка да кыйын, жоктон бар кылган мыкты аял заты эле.Байкем каза болгондон кийин турмуш курган жок. Экинчи байкем Абакирдин кызы Шахсанэм былтыр Единбургдан (Шотландия) Беганас байкемдин «Мамыры гүлдөгөн маалда» повестин англисчеге которуп, басып чыгарды. Бул чыгарма учурда түрк тилине да которулуп жатат. Быйыл буюрса ноябрь айларында байкемдин 70 жылдыгын Улуттук филармонияда анын талантын сыйлаган калың журтчулук, байкемди тааныган жоро-жолдошторунун катышуусунда өткөрөлү деп турабыз.

– Көзү тирүүсүндө канча китеби жарык көрдү?

– Өзү «Маанай» деген ыр китебин, «Ааламда адашкандар» деген фантастикалык китебин чыгарган. Котормолору да бар. Акыркы чыгармасы илимий окуя менен жөнөкөй турмушту жуурулуштуруп жазган «Мамыры гүлдөгөн маалда» деген повести болду. Көзү өткөндөн кийин 50 жылдыгына карата жеңебиз «Эридиана» деген ат менен чыгармалар жыйнагын чыгарды. Байкем жетектеген «Тоо жылдыздары» адабий ийриминин мүчөсү, таланттуу акын Айгүл Узакованын байкеме арнап жазган ырынын төмөндөгү саптары байкемдин эстелигинде жазылган.

Караан тутуп өзүң сүйгөн тоолорду,
Айкөл жүрөк атың калаар элиңде.
Ай аралап, бейитиңе нур төгөөр,
Кызгалдактуу Кызартыңдын белинде

Байкем балким, өзүнүн аз жашаган пендечилик өмүрүндө адамзатты ойлонто турган, ойгото турган чакырык таштап кеткендир? Балким, ал жазбай, үлгүрбөй калган сырларды дагы бир муундун өкүлү жазаар! Байкем айткандай:

Биз ким, айт?!
Бир ажайып галактика…
Мерез тарткан космоско чачкан шоола.
…Дагы ошо –
Акыл-эсти тартуулоочу,
Куюндап жылдыздардан жылдыздарга…

Назгүл Осмонова, «Де-факто», 24.08.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.