Тарыхчы Аскар Беделбаев: 1916- жылдагы көтөрүлүштүн кеминдеги жүрүшү

“Кабар” улуттук маалымат агенттиги Кыргызстан тарыхынын 1916-жылдагы трагедиясын иликтөөнү улантат. Тарых илимдеринин доктору Асан Ормушевдин “1916-жыл тарыхыбыздагы кара так” макаласы менен башталган теманы бүгүн тарых илимдеринин кандидаты, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых жана чөлкөмтаануу факультетинин деканы Аскар Беделбаев улантат.

Россия империясынын карамагындагы элдердин колониалдык эзүүгө каршы XX кылымдын башындагы каармандык күрөштөрү белгилүү деңгээлде изилденгенине карабастан, али да толук ачылбаган, же партиялык-тоталитардык режимдин кесепетинен бурмаланып калган жактары арбын. Алардын тактоону жана калыбына келтирүүнү мезгил талап кылууда.

Борбордук Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын түпкү калкынын 1916-жылдагы улуттук-боштондук кыймылы да мезгил талабына шайкеш чагылдырууга муктаж. Анткени, кыргыз элинин колонизаторлорго каршы тең келбеген таймашы таптык көз караштан каралып, ата-журтунун эркиндигин сактоого умтулган көптөгөн жетекчилери феодал катары айыптала, алар күрөшкө чыккан жерлер реакциалык очок катары бааланып келгени белгилүү. Экинчи жагынан, боштондук кыймылынын ар кайсы жерлерде башталашы, жүрүшү жана өзгөчөлүктөрү терең талдоого алына элек. Жер-жерлердеги боштондук кыймылынын жүрүшүн кеңири чагылдырууга көтөрүлүштүн жалпы картинасын толук элестетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Кыргызстандын түштүгүндө көтөрүлүштүн башталышы Кемин өрөөнү менен тыгыз байланышкан.

Июль айында Ферганада башталган нааразычылык билдирүүлөр, чакан кагылыштар акырындык менен Жети-Сууга таралган. Бул аймактагы көчмөн кыргыздар менен казактар боштондук кыймылынын толкунуна тартыла, падышачылык төбөлдөргө каршы чыга башташкан. Алардын түпкү максаты-өз жергесинен колонизаторлорду сүрүп чыгаруу болуп, ал үчүн ыңгайлуу кырдаал түзүлдү, себеби Россия империясы дүйнөлүк согушка катышуунун натыйжасында алсырап калды деген пикирде болушкан.

 

КӨТӨРҮЛҮШ КАНТИП БАШТАЛГАН?

Кылымдар бою канатташ жашаган боордош элдер өз ара бир бүтүмгө келише, боштондук күрөшүнө бир мезгилде чыгууга бел байлашкан.

1916-жылы 3-августта Верный уездинде Кызылбөрк болуштугунун, 4-6-августтарда Кастек, Каскелен, Курдай райондорундагы казактар көтөрүлүшкө чыгышкан.

5-август күнү чапырашты казагынан Абды Ажы Кеминдеги Коңур жайлоосунда турган атаке элине көтөрүлүш башталгандыгы тууралуу кабар жеткирген. Бул маалымат ошол эле күнү Кемин өрөөнүндөгү элге толук угулуп, журт башчылары эр-азаматтарын баш коштура, көтөрүлүштү баштоого даярданышкан.

6-август күнү Кичи-Кемин өрөөнүндөгү көтөрүлүшчүлөр Болоткандын жетекчилиги менен Россиялык келгиндер отурукташкан Самсоновка (Боролдой) кыштагына бет алышкан. Аёосуз эзүүдөн жандары ачыган карапайым калк жалпы эле келгиндерди өзүлөрүнүн душмандары катары эсептеп, алардын мал-мүлкүн талай башташкан. Көтөрүлүшчүлөрдүн саны өтө тездик менен өсүп, кагылышуулар күч ала баштаган. Орус келгиндеринин ири кыштагы Самсоновка (Боролдой) камоого алынып, өрөөндүн булуң-бурчтарында бал челекчилик, карагайчылык жана жер ченөөчүлүк иштерин жүргүзгөн орустарга кол салышкан. Ошол эле күнү Чүйдү Ысык-Көл менен байланыштырган жолго курулган Желаргы, Тайлак бекеттерин талкалашып, почта байланышына пайдаланылган жетимиштей атты олжолошкон.

7-августта Чоң-Кеминде жайгашкан орус кыштагы Новороссийка (азыркы Шабдан айылы) да камоого алынган. Жетекчиликти Алымкул Таабалды уулу колуна алып, дүргүгөн элди бир багытка бет алдырган. Негизинен карагай найза, союл, чочмор, бирин-экин түтөтмө мылтык менен куралданышкан. Бул жердеги кыймылдын өзгөчөлүгү, аздыр-көптүр коңшулаш жашап калган келгиндерге тез арада куралын өткөрүп берип, көчүп кетүү талабын койгондугунда турат. Себеби, биринчиден, эмгекчилердин ортосундагы өз ара түзүлгөн мамиле, экинчиден, өрөөндүн мартабалуу адамы Кемел Шабдан уулунун бул мезгилде Пишпекте болушу көтөрүлүшчүлөрдү ушундай аракеттенүүгө түрткөн. Ушул эле күндөрү келгин калк жашаган Быстрорецкое (Быстровка), Акбекет, Орловское (Орловка) кыштактарында да кол салуулар болгон.

 

ШАБДАНДЫ ХАНДЫККА КӨТӨРҮҮ

9-августта Атаке жана Сарыбагыш болуштугундагы эл Чоң-Кеминдеги Шабдандын мечитине кеңешке чогулушуп, Мөкүш Шабдан уулун хан көтөрүшкөн. Ал топтолгон эр-азаматтарды куралдандырууга жана гүлазык даярдатууга киришкен. Падышачылыктын аскерлеринин күч-кубатын туура баамдоо менен бирге, эл-журтту бейкүнөө кырылуудан сактоо үчүн кам көргөн. Ал үчүн, биринчи кезекте падышачылыктын жазалоочулары келе турган багыттарга чалгындоо жана токтотуу максатында көтөрүлүшчүлөрдү топ-топко бөлүп жол тостурган. Экинчиден, кырылуудан кутулуунун жолу катары — элди Кытай багытындагы бийик тоолорго көчүрүү максатында жол чалдырган.Үчүнчүдөн, Ысык-Көл, Борбордук Теңир-Тоо тараптагы кыргыздарды көтөрүлүшкө чыгууга чакырган кат даярдатып, чабарман жөнөткөн. Кантсе да баарыбыз текши көтөрүлсөк келгиндерди жерибизден сүрүп салабыз деген үмүткө жетеленишкен.

Ошол күнү кечке маал чабармандардын бири катары Төлө ажы уулу Ыбырайым көлдүн батыш кылаасына жөнөгөн. Эртеси таңга маал анын артынан Ыйманаалы Элебай уулу шашылыш келип, Боом капчыгайы аркылуу курал-жарак жана ок-дары жүктөлгөн жети араба менен орус аскерлери көл тарапка келе жатканын кабарлаган. Төлө ажы уулу Ыбырайым эгерде бул курал көлгө жетсе эл кырылаарын топтолгондорго түшүндүрүп, буктурмадан кол салып, куралды тартып алууну сунуш кылган.

 

ОРУС АСКЕРЛЕРИНЕ КОЛ САЛУУ

20-30 адам Көк-Мойнокко буктурма уюштурушуп, бир аз кагылышуудан кийин орус аскерлери качып, жети араба колго түшкөн. Анда Верныйдан (Алматы) Пржевальскийге (Кара-Кол) жөнөтүлгөн 178 мылтык, 30 миңден ашуун ок бар эле.

Төлө ажы уулу Ыбырайым көл кылаасындагы арык тукумуна 80 мылтык 1440 ок, өзү менен кошо баргандарга 50 мылтык 860 ок бөлүп берип, калганын Кеминдеги көтөрүлгөн элге алып келген. Натыйжада, көтөрүлүшчүлөр аз да болсо куралданып, жазалоочу аскерлердин жүрүшүн токтотуу мүмкүндүгүнө ээ болушкан. Бул окуя көтөрүлүштүн жаркын барактарынын бири катары Жети-Суу элдерине толук угулган. Кандайдыр бир деңгээлде куралданган көтөрүлүшчүлөр кадимкидей демөөр байлап, элдик кыймылдын күч алышына өбөлгө түзгөн. Ошондой эле жазалоочулардын жолун бөгөй, качкан элди бөөдө кыргындан сактоодо да курал-жарактын пайдасы чоң болгон.

Август айынын биринчи жарымында Кемин өрөөнүндө элдик көтөрүлүш болуп көрбөгөндөй күч алып, аёосуз эзүүдөн жапа чеккен эл колонизаторлорго каршы жапа тырмак баш көтөргөн.

 

ЖАЗАЛООЧУЛАР МЕНЕН САЛГЫЛАШ

9-20-август күндөрү бул аймакка шашылыш жөнөтүлгөн жазоолочу топтор менен көтөрүлүшчүлөрдүн ортосунда айыгышкан салгылашуулар болуп турган. Өзгөчөлөнгөн кандуу кагылыштар Самсоновка селосу жайгашкан Кичи-Кемин өрөөнүндө жана анын чыгыш тарабындагы тоо этегинде жүргөн. 9-11-августта көтөрүлүшчүлөр Самсоновканы курчоого алып, күндүзү мезгил-мезгили менен чабуул коюп турушкан. Бирок Пишпектен жана Верныйдан жазалоочу аскерлердин келиши менен абал оорлошуп, көтөрүлүшчүлөр тоо тарапка чегинишкен.

12-августта Кичи-Кемин менен Чоң-Кеминди бөлүп турган бөксө тоо кыркаларынын үстүндөгү Көкжон деген жерден куралданган кыргыз мергендери Төлө Ажы уулу Ыбырайымдын жалпы жетекчилиги алдында жазалоочулардын жолун тосушкан. Аскердик жагынан ыңгайлуу жерлерге өңүп жаткан кыргыз көтөрүлүшчүлөрү сан жана курал жагынан артыкчылык кылган жазалоочуларды коргонууга, ал эми кечке маал чегинип ,Самсоновканы көздөй качууга аргасыз кылган.

Көтөрүлүшчүлөр өз мүмкүнчүлуктөрүн туура баалай албай жазалоочу аскерлерди куугунга алышкан эмес. Тескерисинче,бөксө тоодогу кыя жолдор өткөн Жолбулак, Каракыя жана Кашкажол деген мерчемдүү жерлерге жигиттерин ыраттуу бөлүштүрүп, душманга бөгөт коюшкан.

Бул күнкү салгылашууда жазалоочу аскерлер 14 адамынан,анын ичинде жүз башы Величкин жана прапорщик Киселевден ажырашкан. Салгылашууну өз көзү менен көргөн белгилүү кыргыз окумуштуусу Б.Солтоноевдин маалыматтары боюнча Төлө ажы Ыбырайым жигиттерге ок таратып, качан,кандайча атуу керектигине көрсөтмө берип турган. Анын уулу Ажымүдүн жазалоочулардын башчысын атып өлтүргөн. Аскерлер шашылыш чегингендиктен,курман болгондорду таштап кетишкен. Согуш майданында калган башчынын тапанчасын Ыбырайым,кылычын Баяке Шадыкан уулу деген алган. Чөнтөгүнөн табылган кагазда аскер губернатору Фольбаумдун “Көтөрүлгөн кыргыздарды, -өзгөчө атаке-сарыбагыш элин аео болбосун”, – деген жардыгын Б.Солтоноев окуп берген.

Көтөрүлүшчүлөр 20-авгуска чейин жазалоочуларды тоо ашыртпай, токтотуп турушкан. Бул мезгилде Кемин өрөөнүндөгү согушка жарамсыз эл Чоң-Кеминдин тескейиндеги тоо койнуна көчүрүлүп, эки жүздөй жигит Новороссийка селосун курчоого алып турган.

Бул аралыкта Кыргызстандагы жана Казакстандагы көтөрүлгөн эл өз ара байланышты үзүшкөн эмес. Алсак, көл калаасынан Рысалы Такамбай уулу, Чүйдөн Төрөмбек деген жигит Кеминге келишип, жер-жерлердеги көтөрүлүштүн жүрүшүнөн кабар беришкен. Ал эми Б.Солтоноевди канатташ казак элинен кабар алып келүүгө жөнөтүшкөн. Демек, көтөрүлүштүн башталышы жана жүрүшү мезгилине жараша акылдашылып, бирдиктүү күрөшүүгө аракет жасалган. Натыйжада каршылык көрсөтүү узакка созулган.

 

ЧЕГИНҮҮ

20-августтун түнүндө гана жүздөн ашуун жазалоочу аскерлер буктурмаларды айланып өтүшүп, таңга маал Чоң-Кеминдеги Новороссийка селосун курчоодон бошотууга жетишишкен. Ошол эле күнү Шабдан баатырдын мечити, карагай тилүүчү заводу жана башка үйлөр өрттөлгөн.Тоо койнундагы эл Калмак ашуу, Үч-Кайынды,Түз ашуу, Тору-Айгыр коктуларын өрдөй, Ысык-Көлдүн батыш этегине бет алышкан. Бейкүнөө элди кыргындан сактоо үчүн эр-азаматтар душман жолун тосушуп,өңүттүү жерлерден салгылашып турушкан.

Ошентип, Кыргызстандын түндүк бөлүгүндөгү көтөрүлүштүн жалыны Кемин өрөөнүндө башталып, башка аймактарга таралган. Көтөрүлүштүн чордону катары жарым айдан ашуун согуш оту алоолонгон Кемин жергесинде жүздөгөн эр азаматтар элинин эркиндиги, келечеги үчүн каармандык менен салгылашышкан. Алардын арасында Төлө Ажы уулу Ыбырайым, Шабдан баатырдын уулдары, Алыке Алымбек уулу, Нурдин Искендер уулу, Султан Далбай уулу, Тайгүрөң, Белек Солтоноев жана башка сандаган эр көкүрөк жигиттер болгон.

Ашкере куралданган жазалоочуларга такаат бере албай сүрүлгөн мезгилде да мындай чыгаан инсандар биримдигин сактай, Кытай жергесине жеткенче эл-журтун душмандан коргошкон.

Кемин өрөөнүндөгү көтөрүлүш Борбордук Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы улуттук-боштондук кыймылынын ажырагыс бөлүгү болуп, Россия империясынын колониалдык системасынын кыйроосуна белгилүү салым кошкон.

“Кабар”, 30.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.