Дүйнөлүк сөз

1969-жыл. Жалал-Абад Зооветеринардык техникумуна тапшырарым менен Жолон агага 18 ырымды почта аркылуу жөнөттүм. Көп өтпөй жооп кат келди. Анда: – Абдилаатбек, ырларыңды ынтаа коюп окуп чыктым. Поэзияга болгон далалатың айрым ыр саптарыңдан байкалып турат. Сага кыргыз, боордош адабияттар менен эле чектелип калбай, орус, дүйнөлүк адабиятты терең окуп, үйрөнүүнү сунуштар элем, – деген кеңешин бериптир. Бара-бара кат алышуубуз калыңдай баштады. А.С.Пушкин атындагы Жалал-Абад педокуу жай алдындагы адабий ийрим мүчөлөрү менен Ош пединституттун конференц залында 1970-жылдын январы же февралы бекен чоң чыгармачылык жолугушуу жүрүп, мен да ыр окудум. Ошол мезгилдеги курч акындардын бири Курбанбай Калдыбаев кучагын жайып, кут сөзүн айтты. Исраил Сулайманов, Шабданбай Абдраманов, Жолон Мамытов, Сабыралы Кулуев, Карымшак Ташбаев, Курбаналы Сабыров, Сүйүнтбек Дүйшөналиевдер менен болуу бактысын баштан кечирдик.

1978-жылы Бишкекте Кыргызстан Жазуучулар Кошунунун демилгеси менен жаш акын-жазуучулардын республикалык фестивалына катыштым. Ага биздин райондон мен, Атакул Жакыпов, Айдаралы Жапаровдор барганбыз. Атакулдун ырлары фестивалдын лауреаттыгына татыды. Кечинде Арашан Жазуучулар үйүндө чай берилип, өргүдүк.

Бильярд залына кирсек Асан Жакшылыков менен Жолон аке ойноп жатыптыр.

– Келгениңер жакшы болбодубу, – деди Жоке, -эки-экиден ойнойлу, талапкерлер көп. Анан бизге карап мындай деди: – Эй, Алтын-Бешиктик үч талант. Жазганыңарда жазык жок. Бирок, бир кемчилигиңер бар, аны кийин айтам…

1979-жылдын күзүндө Кыргызстан Жазуучулар кошунунун түштүктөгү бөлүмүнүн жетекчиси Карымшак Ташбаевге бир топ кол жазмаларымды көрсөтүп кеңеш алууну туура таптым. Экөөбүз бир сааттай олтурган соң чачын устара менен кырдырган Рыспай Абдыкадыров кирип келди. Ысакем жаштык өтүп, чачынын суюлуп бара жаткандыгына бир аз кейип сөздөп жаткан. Аңгыча капилет эле ошо кезде баш калаадагы Жокем бөлмөгө кирип келсе болобу. Мына биз күтпөгөн сюрприз. Кубанычым койнума батпай үч улуу инсанды түшкүлүк чайга таклив кылдым. Агалардын макулдугун алган соң Ак-Буура ресторанына бардык. Экинчи кабатка көтөрүлүп жайгаштык. Музыкант жигиттер бизден сурабай-нетпей эле “Издейм сенини” сыбызгытып күүлөп да ырдап жиберишти. Оо, кыйлада Жолон аке Рыспайга карап: –Ушул ырдын текстин жазуу үстүндө менин эки жылдык өмүрүм короду. Канча ыр, поэма, китеп жазууга үлгүрмөкмүн, – десе Ысакем: – Жолон, сени бул ыр миң-миң жыл жашатат, – деди. Карымшак аке экөөбүз чыныгы чыгармачылыктын шаалары шайыбызды оодарып, лам дебей отуруп калдык. Чын эле “Издейм сениде” миң-миң жыл жашай турган дем, күч, сыйкыр, сыр жаткандыгын жыл өткөн сайын жашоо мыйзамы ырастоодо.

Чарбанын чаң-тозоң ишинде жүрүп 1979-жыл болсо керек, “Госкинодо” башкы редактор мезгилинде Жокенин иш ордуна атайы издеп барып жолуктум.

– Чыгармачылыгың өспөй калып кайра аркага кетипсиң үка. Жазсаң жазгандай жаз, жаза албасаң илешпе. Поэзия азил-мазак оюн эмес. Мен сенден мынчалык төмөндөөнү күтпөгөнмүн…

Ошондо туура сөздүн бычак мизиндей өткүр, ачуулугунун даамын таттым да жакынкы аялдамага жетип, көкүрөк түймөлөрүмдү ачып, көпкө дендароо абалда ой басып олтуруп калдым.

1982-жылдын январында Бишкекке айыл чарба институтунун зооинженер адистигине тапшырууга барган болчумун. Жубайым токуган 3-4 түк килемди сатып капчыгым калың. “Ала-Тоо” интурист мейманканасынын 1-кабаттагы люкс орунундамын. Шам караңгы кирип калганда мейманкананын 2 кызматкер аялы, “к вам гости” дешти. Карасам, Жолон аке, Дайырбек Казакбаев, Сүйөркул Тургунбаев, Ильгиз Гилязетдинов, Эгемберди Эрматов, Маркабай Ааматов, Абибилла Пазыловдор коридордун кире беришинде каз-катар турушуптур. Аялдардын алдына бир коньяк, бир шампанды муздаткычтан алып чыгып койдум да: – Пропустите, мои гости, – дедим. Күтүлбөгөн коноктордун келишин күн чыккандай кубануу менен тосуп алдым. Түн бир убакка дейре сукбатташтык, ыр окуштук.

Бир учурда Жокем айтып калды: – Оболу, дүйнөлүк сөздү мен өзүмдөн күткөнмүн. Жаза албадым. Абдилаатбек, эми мен сенден күтөмүн. Жалыны жалпы кыргызга жайылган мыкты калемгерлер арасында Жокемдин мага жолдонгон бул күтүүсүз сөзү ариет–арыма чабылган камчыдай тийди. Кийин-кийин аңдасам кашкөй Жокем капкачан эле дүйнөлүк сөздү өзү жазып салган турбайбы:

А, дегенде эле:

Менин доорум – ойлор күндү чапчыган,
Менин доорум – көз ирмебес чакчыгай.
Ааламдарга ракеталар ж
өнөтүп,
Б
үт дүйнөнү тиктеп турган сакчыдай, – деп бийик пафос үн менен жар кылганы жан дүйнөнү жагалданткан зор күчкө ээ.

Же болбосо:

Ата Журтум бүтпөс ырым өзүңсүң,
Өмүр сен деп, жүрөк сен деп эзилсин.
Да
ңкан жарган кылымдардын урааны,
Ар бир баскан кадамы
ңдан сезилсин.

* * *

Өзүңдү самап согот дил-жүрөгүм,
Өлкөмдүн ичиндеги өлкөм менин.

Алыкулдан кийин Ата Журтубуз, өлкөбүз жөнүндө патриоттук демдеги мындан ашып түшкөн ырды мен али окуй элекмин. Ал эми “Кырман” деген ырында согуш учурундагы тыл турмушун каатчылыкты кашкайта сахна драмасындай сүрөттөгөн.

Алоолонуп күйгөн от көрсөм,
Алоолонуп кетет жүрөгүм.
Канча оттуу к
үндөр өткөрсөм,
Ошончолук отту с
үйөмүн.

60-жылдарда бул саптар бизди дуулдатып турчу.

Акылдуумун деп сезип баарысынан,
Адам калат кутулбай карызынан.
Менменсин
үү жарала берет улам,
Мезгил менен
өмүрдүн жарышынан, – анын өз кезегинде пенделиктин айрым өксүк жактарын да көрөгөчтүк, сезимталдык менен сээрге сайып көрсөтүүгө жетишкендигинин бул бир мисалы.

1982-жылдын 6-июну кайталангыс акын досу Курбаналы Сабыровдун кабырына эстелик ташын койгону Жокем мага өзү, Сүйөркул Тургунбаев, Орозбай Көчкөновдор болушуп келишерин звандап калды.

Колхоз башкармасы, тагам Карим Ташбалтаевге кирип айтсам жаңы “КАВЗ” автобус менен эки “Жигули” автоунаасын уюштуруп берди.

Тажикстандын Гафуров темир жол станциясынан меймандарды падышаны күткөндөй нан, туз менен тосуп алдык. Гүлчөкан жеңе, аяштары, уулу Атай, кызы Мира бардыгын чогуу алгач өз үйүмдөн даам сыздырдым. Чай ичилип бүткөн соң олбурлуу Жокем ордунан туруп, алакан жайып оболу ата-энеме кайрылып: – Мен сиздерди кары кишилер болсо керек деп ойлоп жүргөм. Абдилаатты Горький адабият институтуна окууга жолдосок да, “Ленинчил жаш” журналына, “Кыргызстан пионери” газетасына кабарчылыкка чакырсак да барган жок. Айылынан киндик үзө албады. Жакшы ыймандуу жубай, уул-кыздуу болуптур. Ушунусуна да канимет. Мейли, өнүп-өссүн, – деп узактан-узак бата тиледи. Ошондо мага Арашан жазуучулар үйүндөгү сөз жандырмагы чечилгенсиди. Райондук партия комитетинин 1-катчысы Мейражидин Зулпуев конокторду кыргыз үй тиктирип, Өзгөрүштө күтүп жаткандыктан сапар уладык.

Белести аралап баратканбыз. Машинада жолдун эки танабындагы оймолуу бийик аскаларды ойлуу көпкө карап анан:

Кайрадан убада алып келсем кечте,
Кандайдыр ишиң менен жолукпадың.
Дал ошол т
үн түшүмдө калдым көрүп,
Дайынсыз аска-зоонун оюктарын
, – деген ырымды аска-зоонун оюктары болбойт, – бир нече жыл илгери сындаганын заматта мойнуна алып, – Сен өзүңдүн аскаларыңды жазган турбайсыңбы, – деди. Жокемдин эске тутуу туюму тунук, сезимталдыгы бөтөнчө экендиги мени дагы бир ирет таң калтырды.

Бир туруп акын Турарга “Бир ыр жашайт баарыбыздан алыста” деп мунканса, бир туруп кыраңдан кылактаган кумар аттуу кызыл түлкүнү кармагысы келгени, бир туруп Гаванадан, бир туруп Кашкар түрмөктөрүн жазып кирген жетилген бирок, кулунчак 48 жашында оо дүйнө салганы өзөгүмдү өрттөсө да кыска өмүрүндө 8 ыр китептерин бир канча котормо, драмаларын окурман журтуна ыроолоого үлгүргөнүнө кайылмын. Өзү жазгандай, “Аястанда кумурскалар иштемчил, Ала-Тоодо кумурскалар мээнеткечтигинин” айкын далили ушулдур.

* * *

Жолугуп жылдардын бир жылдарында,
Кайырсыз айлардын бир айларында.
Кайдадыр алып кетти
ң жаштыгымды,
Жер чийген чачтары
ңа байладың да.

– Силердин учурда кыздардын чачы кыскарып кетти. Биздин учурда калтар чачтар такымдан төмөн ашыкка жетип же жер чийип жүргөндөрү болор эле, – деп Жокемдин жалжылдаган чоң-чоң каректеринен жалын чачырап айтканы да бар.

Микробу жок тоолордун абасында,
Чындык жашайт наристе өңү менен.
Бийик м
өңгү арчалар арасына,
Кетеси
ңби, сулуу кыз мени менен.

* * *

Канбай калгам мен табийгат ойнуна,
Арыслан баба кетем сенин койну
ңа.
Жа
ңгак терем, суудан түстүү таш терем,
Шаарда ж
үрүп ыр жазгандын ордуна.

Ооба, акын калеми адабият айдыңыбызга ашыктыкка, аруулукка, жык-жыйма, оомалуу-төкмөлүү жашоо, табият таасиринен эргип өзгөчө илеп, дем менен жазылган жаратмандыктын не бир ажайып үлгүсүн, бизге чыныгы алхимиктигин айкындап миң-миң жыл жашай турган, сөз кутунан курчуган улуулуктун урагыс урчуктуу аскасын түптөдү. Ушунун өзү дүйнөлүк сөз эмей эмне!

Акырында акындык натураны улуу инсандын касиеттүү калем учу менен жыйынтыктоону туура таптым:

Биз акынбыз,
Ойдогуну арийне
Т
үз айтабыз жымсалдабай, кууланбай.
Бизге андыктан
күтүү кыйын мамиле,
Доско достой, а тууганга туугандай.

Мына, поэзиянын аалам мейкиндигине сыйбаган күчү, кудурети, агынан жарылган адил сөз.

Алгала, жаша поэзия!

Абдилаат Дооров,
Лейлек району, Исфана шары,
“Де-факто”, 01.09.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.