Карбалас Бакиров: «Үйдөн эмес, шыбыраган бүт дүйнө, Келет дайым талаалардан ойгонгум…»

Акынга тагдыр керек деген сөз ырас болсо, анда Карбалас агай да тагдырлуу акын. Агайдын ырларын окусаң тар бөлмөнүн чаңын жутуп олтурбай керилген талааларга, кызгалдак өскөн адырлуу кырларга тезинен жөнөп кеткиң келет. Табийгаттын бир бөлүгү экениңди эстейсиң, сулуулукка кусадар болосуң… Бүгүнкү «Жан дүйнө» рубрикабыздын коногу – акын Карбалас Бакиров.

– Чыгармачылыкта эмне жаңылыгыңыз бар? Бир жолку гезитке берген маегиңизде Салижан Жигитовго ушул суроону бергениңизде ал киши: «Азыр Чыңгыз Айтматов (ал кезде алп жазуучунун көзү бар кез – ред.) гана 100 пайыз өзүн чыгармачылыкка арнай алат, биз тирилик үчүн иштеп, ара-чолодо чыгарма жазабыз» деп жооп бериптир. Бул жагы сизде кандай болууда?

– Ырас, 2005-жылы Салижан агайдан интервью алганымда ушинтип жооп берген. Биз, жазуучу, акын калкы дээрлик баарыбыз эле үй-бүлөнү багыш үчүн акча табуу максатында иштегенге аргасызбыз, толук чыгармачылыкка отурганга шартыбыз жок деген эле. Менде деле ушундай абал. Макала жазуу керек, дагы башка жумуштар деп чуркап жүрүп ошонун ортосунда эптеп убакыт таап өзүбүздүн чыгармаларды жазганга аргасызбыз. Кээде убактымдын көбүн тынч отуруп жазганга жумшасам менден бир жакшы, майнаптуу чыгармалар жаралат беле деп кейиген учурлар болбой койбойт. Мындай акыбалда жашаган акын-жазуучулар 99 пайызды түзөт десем жаңылбайм. Бирок, өкмөт бизге шарт түзүп бербеди деп да айталбайм. Өкмөт кары-картаңдардын пенсиясын, жаш балдардын жөлөк пулун, мугалимдер менен дарыгерлердин маянасын эле көтөрүп, ошону убагында берип алса жакшы болмок. Өкмөттүн абалын деле түшүнүү керек.

– Алгачкы китебиңиз чыкканда кандай сезимдерде болдуңуз эле?

– Биринчи ырлар жыйнагым аябай кеч чыкты. Ошто филология факультетинде окуп жүргөнүмдө басмага «Акын шаар» деген китебимди даярдагам. Ошол китебим кийин басмаканага жөнөтүлбөй калып ошо бойдон колумда калып калды. Кийинчерээк мен дүйнөлүк адабият менен таанышып, башка ырларды жазып келгенимден кийин карасам ал ырларым көңүлүмө анча ынабагансып калды. Ал ырларымды тыткан жокмун, жөн гана коюп койдум. Ошентип, 41 жашымда «Адашкан кентавр» деген ат менен биринчи китебим 1997-жылы жарык көрдү. Редактору курсташым Дүйшөн Керимов болгон.

– Акындардын дагы бир алпы Жолон Мамытов «мыкты акынды гезит мокотот» деген экен. Сиздичи?

– Чындыгында институтту жаңыдан бүткөнүмдө ал кездеги обллитте редактор болуп калдым. Ошол убакта гезитте иштеп жүргөн жаш акындарды байкачумун. Алардын ырлары барган сайын боёктору өчүп бараткандай сезиле берээр эле. Ошондо өзүмчө мен эч бир гезитте иштебеймин, жалаң гана ыр жазам деп ойлогом (күлүп). Бирок, гезитке 40тан ашканда келип иштеп калдым. Ошондон уламбы, мен анча көп боёкторду жоготпой калдым го деп ойлоймун.

– Эмнеге андай болот деп ойлойсуз? Гезитте деле ошол макаланы жазып, ошол сөз менен иштейбиз да?

– Мисалы, поэзияда «натыйжа» деген сөз жок. Ал эми макала жазганда бул сөздү албетте, колдоносуң да. Ошентип, барып-барып журналистикага колдонгон сөздөр да поэзияга кирип кетет. Ошондон ырлардын өңү өчүп, көркөм табылгалар азайып, жөнөкөйлөнүп калат деп ойлойм.

– «Он ыр жазсам ошонун үчөө сөзсүз тайганын мейкиндерин кезип өтөт» деген сөзүңүз бар. Тайганы дагы деле сагынасызбы?

– «Тагдыры жок акын – акын эмес» деп Александр Блок айткан. Акында сөзсүз тагдыр болуш керек. Тайга жөнүндөгү ырларга келсек, негедир эки-үч ыр жазсам тайга жөнүндө ойлор келе берет. Себеби, тайга темасы менин турмушумдагы жан дүйнөмө өзгөчө таасир эткен, салмактуу, дилимдеги орчундуу мейкиндикти ээлеген тема болуп калгандай. Башка темадагы ырларым менен тайга тууралуу ырларымды таразага салганда тайганын таразасы оор болуп кетет. Башка ырларды жазып баратып деле тайга темасына кайрылып кете берем. Кыргыздардын байыркы турагы Енисей жактарда романтикага бай жаштык куракта жүрүп калдым. Енисейлик байыркы кыргыздар мени бадалдардын ары жагынан карап тургандай сезилчү. Ал жакта эң чоң китепканада иштеп, жалаң орус жазуучуларын окуп, кыргызча сүйлөшө турган киши жок, кыргызча жазганды унута баштаган да күндөр болгон. Андайда тил дагы жоголгондой болуп калат экен. Жалаң мыкты акындарды окугандан кийин поэзияда бир жаңы ой айтыш керек тура, биздин ырлар жарабайт экен деп ыр жаза албай калган да учурлар болду. Дагы бир байкаганым – Орусияда ошол учурларда мыйзам иштечү экен. А мыйзам иштеген мамлекеттин жарандары кор болбой жашайт. 2008-жылы Сибирден 100дөн ашуун гезиттин редакторлору келип, Ысык-Көлдө жыйын болуп калды. Ошол жерде Туванын администрация бөлүмүнүн пресс-катчысы Саяна деген кыз менен сүйлөшүп калдым. Мен да Кызылда, Красноярскиде болгом десем, байке, сиз жүргөн учурлар эң сонун мезгил болчу. Улутка бөлүнүү деген жок жакшы күндөр эле, азыр болсо саны аз улуттардын гезиттери чекеден жабылып, самолётко чыккандан баштап көзүбүзгө, дене мүчөбүзгө асылган учур болуп калган деген кебин айтты. Бул эми, абдан аянычтуу, жүрөктү ооруткан көрүнүш. Бул жагынан алганда Кыргызстан эркин мамлекет катары абдан бактылуубуз десек болот. Жакында Анкарага барганымда Башкыриядан келген өкүл алардын мамлекетинде башкыр тилинде чыккан бүт гезиттер жабылып, Россиядагы кризистин эпкини азчылыкты түзгөн улуттарга тийгенин айтты. Силердин өзүңөрдүн гезиттериңер бар, эч кимге көз каранды эмессиңер деп суктанды. Бул жагынан биз утуштабыз.

– Таанымал акындан сынчылар поэма күтөт экен. Сиз качан поэма жазасыз?

– Студент кезде чакан поэма жазып көргөм. Себеби, поэзияны аз сөз менен көп ой айтуу деп түшүнөм. Поэма жазсам, менин поэмам уйкашкан эле проза болуп калат го. Поэзия бул учуп келген ирмемдерди кармап калуу да. Андыктан мен поэма жазганга каршымын. Кыргыздарда поэма жазган мыкты акындар бар. Кожогелди Кулуевдин Москвага барган кыргыздар тууралуу бир жакшы поэмасы бар. Бул поэма өзүнүн чыныгы баасын алган жок. «Курманбек» деген да бир сонун поэмасын жазды. Жедигер Саалаевдин да мыкты поэмалары бар. Бирок, өзүм азырынча буга даяр эмесмин.

– Дүйнөлүк адабияттын таасиринде жазасың деген сындарга кандай карайсыз?

– Кыргыздын табияты менен дүйнөлүк адабияттын ортосунан жогорку деңгээлге көтөрүлгөн нерсе чыгышы керек. Менин оюм боюнча кыргыз адабиятында дүйнөлүк адабиятты окуп өзгөрүлбөгөн бир гана акын бар. Ал – Байдылда Сарногоев. Окууну Москвадан бүтсө да, кыргыздыгын жоготподу. Анын ырларын башка тилге которгонго да мүмкүн эмес. Рамистин ырларын карайлы. Бир жолу Түркияга акын-жазуучулардын фестивалына барып калганда Рамистин орус тилиндеги ырларына башка улуттун өкүлдөрү аябай таң калып, суктанышты да. Евгений Евтушенко орустардын Борис Слуцкий деген акынынын 10-15 ырын ойлонбой туруп дүйнөлүк адабиятка кошуп койсо болот деген. Эми орустар поэзияга катуу баа беришкени үчүн 10-15 ыр деп жатышат. Ыр Акенин көптөгөн ырлары да дүйнөлүк деңгээлдеги ырлар деп айтсак болот. Акындын ыры эң биринчи өзүнүн элине сиңиши керек. Элге сиңген ыр дүйнөлүк адабиятка да чыга алат. Негизи дүйнөгө котормочулар аркылуу чыгышат. Жакшы котормочу керек.

– Буга чейин жарык көргөн китептериңиз өзүңүзгө кымбат сезилеби же болочокто жарык көрө турган жаңы китептериңиз кымбатпы?

– Ой, сен бул аябай катуу суроо бердиң го (күлүп).

– Анатай агайыңдын бир ыры бар эмеспи:

– Оо, кудай мени эч бир ырсак кылба,
Бирөөгө сын айттырып, сын тактырба.
Мени сен бул дүйнөдөн алып кеткин,
Жеткенде эңсеп жүрүп бир жакшы ырга…

Анын сыңарындай бир жакшы ырды жазсам деген ар бир акындын ниет-тилеги болот. Андай ой менде да бар. 2007-жылдан бери китеп чыгара элекмин. Буюрса, быйыл күзүндө чыгарсам деп турам.

Олтурбагам чаңын жутуп бөлмөнүн,
Көрдүм көлчүк толкуну жок өлгөнүн.
Чартылдаган чагылгандар жоголгон,
Чокулардан, түнт токойдон келгемин.

Олтурбагам эки беттен май тамып,
Терезеден булуттарды кайтарып.
Ташкындаган суулар менен аккамын,
Ташка тийип, таштын мизин майтарып.

Олтурбагам далдаасында коргондун,
Мага бакыт азаптары жолдордун.
Үйдөн эмес, шыбыраган бүт дүйнө,
Келет дайым талаалардан ойгонгум…

Назгүл Осмонова, “Де-факто”, 26.06.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.