Жусуп Абдрахманов жана Үркүн

Быйыл Үркүндүн 100 жылдыгы, Кыргыз автономиялуу Республикасынын 90 жылдыгы, Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 25 жылдыгы мамлекеттик, улуттук масштабда белгиленет. Биз сөз кылалы деп жаткан кыргыздын чыгаан уулу, күнү бүгүн теңдеши жок мамлекеттик ишмер Жусуп Абдракмановдун бул окуяларга түздөн түз тиешеси бар. Ал Кыргыз Автономиялуу Республикасынын өкмөт башчылыгына келгенде 26 гана жашта болгон. Өлкөнүн алгачкы беш жылдыктарын өткөрүүгө, башкача айтканда бүгүнкү Кыргызстаныбыздын негизги экономикалык багыттарын түптөп, чек арасын аныктоо иштерине жетекчилик кылган. Жусуптун унутулгус эрдиги — «кетсе менин башым кетээр, асты эл кырылбасын» деп 33-жылдагы ачарчылыктан элди сактап, элдин эгин-тегинин колуна калтыргандыгы. Дегеле, таң каларлык, ушунчалык суктанарлык аз өмүрүндө бул улуу инсандын изи калбаган бир да тармакты таппайсың. Айрыкча, Үркүн трагедиясы, анын келип чыгыш себептери тууралуу алаканга салгандай ачып берген Жусуп Абдракмановдун деңгээлиндеги эмгектер өтө сейрек.

jusup_abdrahmanovАлар түтөп байышкан Ж.Абдракманов сыздап жазгандай, кыргыздар 1916-жылга чейин жер-суу пайдалануу, чарбалык өсүш жагынан алганда эч кандай келечексиз абалда калган. Ал мындай фактыларды келти- рет. 1915-жылы Пишпек уездиндеги жер бөлүштүрүүдө орустарга (жан башына) 8,46 гектардан жер тийсе, кыргыздардын үлүшү 3,38 гектардан ашпаган. Ал эми Караколдо кыргыздарга 1,66 га гана жер тийсе, орустарга 7,67 гадан жер тийген. 1909-11 жылдарда күргүштөп кирип келген орус келгиндери, кыргыздардын малын, асыл жерлерин тартып алуунун эсебинен аз эле убакытта түтөп байып кетишкен. Атургай аларга малынын саны жагынан алганда да кыргыздар шоона эшпей калган. 1915-жылды алсак, жылкы орустарда 20,1; бодо 40,3 пайызга көп болсо, кыргыздарда (жылкы 12,2; бодо 8,2 пайыз) бул көрсөткүч өтө эле төмөндөп кеткен. Ж.Абдракманов көптөгөн маалымат булактарына таянуу менен келгиндер байлыгы жагынан Европадагы орус дый- кандардан да ашып кеткендигин белгилейт. Натыйжада бул кабар жеткендер күн сайын агылып келип отуруп, Чүйгө, Караколго, Кочкорго, Нарындын дыйканчылыкка жарамдуу жерлерине батпай кетишкен. Аларга келгиндер башкармалыгы тарабынан дароо жерлер, жайыты менен кошо берилип турган. Мындай өз бет алдынча көчүп келүүлөр падышалык Орусия үчүн эң сонун жагдайды жараткан. Биринчиден, аларды финансылык колдоо милдетинен кутулушкан, экинчи жагынан келгиндер кыргыздардын жери-малы, суусу, келберсиген жайыттары турганда кор болмок эмес. Каалаган жерин тартып алганга аларга эч ким жолтоо кылбаган. Ж.Абдракманов Жети-Суудагы келгиндер районунун агроному В.Воротниковдун отчетунан төмөнкүдөй мисал келтирет. Анда орус келгиндеринин кыргыздардын өсүп турган беде аянтын таламандын так түшүндө эле бөлүп алгандыктары айтылат. “Беденин ээсине жарымын чаап алууга уруксат берип «кенендик» кылышыптыр. Ал байкуш ошого эле ыраазы болгондон башка айласы калбады” дейт. Анан күзүндө алынган бедени малга айырбаштап отуруп, келгин орустар бир жылда эле оңбогондой бай болуп чыга келген. Мындан тышкары, алар «малың эгинге кирип кетти», «тебелеп койду» шылтоосу менен кыргыздардын малын жетелеп кетип турушкан.

Көгарттагы баскынчылык Ж.Абдракманов түштүктү, айрыкча Көгарт аймагын да орус келгиндери ушундай эле жол менен басып алганын күйүп бышып жазат. Сыр-Дарыя келгиндер районунун чиновниги Н.Рылов дегендин мындай айтканын келтирет: «1900-жылдын баш ченине карай жергиликтүү администрация (келгиндер башкармасы) отурукташтырууга жарактуу жерлердин запасын пайдаланып бүтүштү. Ошондуктан көчүп келип жайланышуу ачык эле өз бет алдынча болуп калды. Көгарт өрөөнүндө келгиндердин чоң тобу кыргыздарды турган жеринен айдап чыгышып, алардын малмүлкүн басып алышты. Кыргыздардын кыштоодогу там-таштарын бузуп, өздөрүнө үй тургузушту же отун кылып жагып алышты. 1906-жылдын баш ченине карай Фергана облусунда жалпы жонунан 900гө жакын кожолуктан турган кыштак дал ушундай жол менен пайда болду». Ошондой эле кыргыз токоюнун кереметин туйган келгиндер токой ведомствосу аталган мекеме түзө салышып, дегеле токой аттуунун жанына кыргыз баласын жолотпой кууп турган. Кирген малдары болсо дароо алардын менчигине айланчу.

Бир жуп көлөш үчүн тайлактуу төө, бир жылкы алган Ушунун баары жеңил-желпи өтүп кете турган көрүнүш эмес болчу. Кыргыз калкы бир айласы табылса союл көтөрүп чыгууга ичтен бышып бараткан эле. Мындан тышкары, орус чиновниктеринин эзүүсү, паракорлугу да кабыргага таштай батып турган. Карап турсаң бүгүнкүгө деле окшошуп кеткен, сабак алчу жагдайлар түзүлгөн. «Кызык,-деп жазат Ж.Абдракманов, — ата-бабасынан бери эл бийлеп келаткан салттуу манаптар бийликтен сүрүлүп, орус бийлигине ыкташа калган, шылуун, эл намысы, журт кызыкчылыгы деген сезимден эч нерсе жок, бар тилеги байуу гана болгон дагы бир топ пайда болгон». Эл арасында мындай бир ыр айтылып жүрчү деп жатпайбы. «Кутургу өттү оруска, жардамга келип улугу, буда кудай буйругу, жалгыз аттуу Кыдырбай, жетип алды болушка, буда кудай буйругу». Анан дал ушул Кыдырбайлар балтанын сабы болуп берди дейт Ж.Абдракманов. Тоолук мүнөз, сүткорлук деген түшүнө кирбеген ак пейил элди бир жагынан сүткор көпөстөрдүн сүлүктөй соруп турганы да Ж.Абдракмановдун баамынан сыртта калган эмес. «Сүткорлук – бул капитал кыргыздардын арасында ушунчалык жаман формада калгандыктан, сүткор көпөс калкка жазында берген 50 тыйыны үчүн күзүндө бир козу алган. 1 сом 50 тыйыны үчүн жазында торпок алган. Бул капиталдын өкүлдөрү орус көпөстөрү, өзбек, татарлар болушкан». Ж.Абдракмановдун ушуга байланыштуу дагы бир мисалында бир сүткор кыргызга берген бир жуп көлөшү үчүн арадан үч жылдан кийин тайлактуу төө, бир жылкы алганы айтылат. “Мына ошентип падышалык администрация, паракорлук, талап-тоноо, эң негизгиси жети атасынан бери жердеген жерлеринен, пайдаланган сууларынан ажырап калышы карапайым кыргыздарды жарга такап койгон болчу” дейт Ж.Абдракманов. Ал айныксыз далилдеп бергендей бул аз келгенсип оорук жумуштарына алабыз дешкендери, кыргыздардын ороодо сакталган дүрмөттөй жарылышына чоң себеп болгон.1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн объективдүү себеби ушул деп жазат ал. Ж.Абдракманов жүрөк үшүткөн Үркүн окуяларын өз элинин улуттук боштондукка умтулуусу катары сүрөттөп, “…элим умтулуп, ач бел, куу жондо кырылып жетпей калган улуу тилегин 1917-жылдагы революция алып берди” деп бүтүргөн. Улуу инсан Ж.Абдракмановдун бул айтканында калет жок эле.

“Жаңы Агым”, 25.02.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.