Ыдырыс пайгамбардын күмбөзү

Башка улуттун элдери адатта кыргыздарды өтө ырымчыл келишет деп коюшат. Мунун себебин алар биздин элдин байыркы мезгилдерде теңирчиликке, кийин ислам динине ишенишкенине байланыштырышат. Чынында тамырлаш казак, өзбек элдеринен бул жагынан биз айырмаланып турат экенбиз. Илим изилдөөчүлөр да кыргыздар башка элдерден айырмаланып, жараткандын күчүнө ишенгендигин жана жаратылыш кубулуштарын жашоонун сырлары катары кабылдашаарын да айтышат. Кыргыздарда байыртан эле философиялык түшүнүктөр жакшы өөрчүп келген. Анүстүнө жаратылышыбыз кооз, сулуу келип, анын таасири да болбой койгон эмес. Кооз жаратылышыбызды башка өлкөлөрдөн келгендер дайыма бейишке салыштырып келишет. Байыркы мезгилдерде пайгамбарлар да биздин жерге келип кетүүгө куштар болушчу экен. Эл оозунда айтылып калган уламыштарда Аюб пайгамбар биздин жерге келип, тери дартына дабаны биздин касиеттүү булактардан тапкан. Жерибизди көрүүгө куштар болуп келген Ыдырыс пайгамбар да биздин жерде жашап өткөн экен. Аюб пайгамбардын биздин жерге келгендиги тууралуу уламыштарда гана айтылса, Ыдырыс пайгамбардын биздин жерде жашап, ушул жерде өткөндүгүн далилдеген тарыхый эстеликтер да сакталып калган.

Ыдырыс пайгамбар ааламдагы үчүнчү пайгамбар. Адамзатына эң биринчи болуп кийим тигип, колуна калем кармап, жаза билген сабаттуу пайгамбар делет. Диний мазмундагы китептерде Ыдырыс пайгамбар табият менен өсүмдүктөрдүн сырын билген, дили таза, чынчыл инсан катары сүрөттөлөт. Бул пайгамбар укмуштуудай жомок уламыштарга айланган. Он сегиз миң ааламдын сырын билип, асмандын сырларын Алла тааланын өзүнөн өздөштүргөн экен ал. Ошондуктан ага жараткан жер кыдырып, аалам кезип келүүгө уруксат берген делет. Мына ошондо Ыдырыс пайгамбар канчалаган жерлердин арасынан абасы таза, суусу мол Чаткалдын табиятына кызыгып келип, ал жерде туруп калган деген уламыштар азыр да эл оозунда айтылып жүрөт. Ыдырыс пайгамбар Чаткалда жашап өткөндөн кийин өрөөнгө үч күмбөз курулган деген маалымат бар. Бирок, ал күмбөздөрдүн азыр экөөсү гана сакталып, үчүнчүсү бузулуп кеткендиктен анын ордуна мечит тургузулган. Ал жерде байыркы убакта пайгамбардын китептерин окуп, илимин өздөштүрүп отурган (чилдекана) илимкана болгон дешет. Күмбөздөрдүн жанында ташка айланып калган бешик, Умай эненин супура ташы, даба таш жана дулдул таш бар. Бул таштардын өзгөчө касиеттери бар дешет зыяратчылар. Себеби, бешик ташка маңдайыңды тийгизип жараткандан жакшы тилек кылса орундалат. Эң башкысы балалуу болбой жүргөн зыяратчылардын көпчүлүгү ушул жерге келип кеткенден кийин перзенттүү болушат экен. Умай эненин супура ташынан кырып келип, унга кошуп койсоң унуң берекелүү болуп, байыйт экенсиң. Даба ташка отуруп, ооруган жерлериңдин сакайышын тиленсең, тилегиң орундалат. Ал эми дулдул таш жөнүндө өзүнчө легенда бар. Азыркы тарыхта эки күмбөздүн бири Ыдырыс пайгамбардын күмбөзү катары кабыл алынып, окумуштуулардын изилдөөлөрүнө караганда ал XI-XII кылымдарга таандык. Пайгамбардын күмбөзүнүн ичинде табыт коюлчу жерге окшоштурулуп жасалган жай бар. Бирок, анын оозу ачык, бул – ал жайда кабыр бар бирок, пайгамбардын сөөгү жоктугунан кабар берет. Эгер күмбөздө пайгамбардын сөөгү жашырылбаса эмне үчүн күмбөз Ыдырыс пайгамбардын күмбөзү деп аталып калган? Мунун да өзүнчө легендасы бар. Ыдырыс пайгамбар орозо айында ооз ачып отурса ага Азирейил периште келген экен. Азирейилден Алланын амири менен пайгамбар чын дүйнөгө бир жолу кирип келүүнү өтүнүптүр. Азирейил периште пайгамбардын айтканына макул болот. Ыдырыс пайгамбар жан берип, адегенде тозокко түшкөн экен. Ал жакты көрүп, азабын тарткан соң бейишке киргизилет. Ыдырыс пайгамбар бейиштин жанга жагымдуулугуна суктанып турган кезинде Азирейилдин «убакыт бүттү чык»- деген үнү угулат. Ыдырыс пайгамбар азыр деп, бейиште бир кепичин калтырып, кайра чыгып, «кепичим анда калды, алып алайын» деп кайра кирип кетет. Ошондо Азирейил периштеге Алланын «Ыдырыс эми бейиште»- деген авазы угулат. Ошентип пайгамбар азыр күмбөз тургузулган жерде, бейишке кирип кайып болуп кеткен делет уламыштарда. Күмбөздү зыяратчылар жан дүйнө менен жаратканды байланыштырган, бейишке жол ачылган ыйык жай катары кабылдашат.

Ал эми жогоруда айтылган күмбөздүн жанындагы дулдул таш болсо анын минген аты. Ыдырыс пайгамбар кайып болуп кеткенде кайра чыгышын күтүп жатып ошол жерде ташка айланып кеткен экен.

Зыяратчылар күмбөзгө киргенде ал жердин топурагынын өзгөчө жумшак экендигин айтышат. Топуракка бутуңду салсаң күнөөң көп болсо бутуң батып, аз болсо батпайт. Ошол убакта адамдын көз алдына кылган күнөөлөрү тартылат экен. Бул күмбөздүн өзгөчө касиети дешет. Жакшылап тыңшап көрсөң тыкылдап иштеген тигүүчү машинанын үнү угулуп турат. Бул анын чебер болгондугунан кабар бергендиги. Себеби, ал ушул жерде олтуруп өлгөндөргө кепин тигип берчү экен. Ошондон улам бул күмбөзгө чебер усталар келип зыярат кылып калышкан.

Ал эми экинчи күмбөз Пайгамбарыбыздын аскер башчысы Ыстыхфоф (Ыштыктап) бабага арналып салынган. Уламыштарда бул күмбөз пайгамбардын кызына арналып салынгандыгы жөнүндө да айтылып жүрөт.

Күмбөздөр байыркы замандан бери XVIII-XIX кылымдарда жергиликтүү Тоголок байдын колдоосу менен бир гана жолу реставрацияланыптыр. Тоголок бай күмбөздү буздуруп, 100 эчки союп, эчкинин майын ылайга коштуруп кирпич жасатып, кайра күмбөз салдырат. Кирпичтердин чынында ошондой жол менен жасалып, бышырылгандыгы археологиялык казууларда аныкталган. Кирпичтердин өлчөмү 24-26 х 13 х 5-6 см арасында 32-34 х 22 х 4-4,5 см өлчөмүндөгү байыркы кирпичтер да кездешет. Бул кирпичтердин X-XI кылымдарга таандык экени аныкталып, X кылымдагы кирпичтер менен XIX кылымдардагы кирпичтердин аралаш курулуп калышын Тоголок бийдин күмбөздү кайра курдурганда күмбөздүн өзүнүн кирпичтерин да кошуп курдургандыгынан деп божомолдошот адистер. Ошондон тарта күмбөздөрдү толук оңдоп-түзөө ишке ашпай келет. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн канчалаган аракеттерине карабай байыркыдан калган тарыхый- маданий эстелик катары да бул жай азырынча мамлекет тарабынан колдоого ээ эмес. Бирок, Ыдырыс пайгамбардын күмбөзү маданий-тарыхый эстелик катары Юнескодо каттоодо турат. Самарканд, Ташкент, Кокон, Наманган сыяктуу жерлерден жыл сайын зыяратчылар миңдеп агылып келишет. Бул Ыдырыс пайгамбардын күмбөзүнүн кандайдыр бир таасири бар экендигин жана ага зыяратчылардын ишениминин чоң экендигинин бир далили. Бирок, кээ бир диний билимдүүлөр бул күмбөздөрдүн ыйыктыгын танып, Кыргызстанга пайгамбарлар такыр келген эмес деген пикирди да айтып жүрүшөт. Алардын айтымында пайгамбарлар бизге жакыныраак келгени Азербайжан жери болгон. Ал эми ал жерлердин ыйык болуп калышы кыргыз элинин диний сабаты жоктугунан. Анткен менен биздин жерге диний мүнөздөгү китептерде Аюб пайгамбар, Сулайман пайгамбар, Ыдырыс пайгамбар келгендигинин далилдери бар. Алардын бири Ош шаарындагы Сулайман тоо. Албетте, байыркы убактарда бул жерге кимдер келип, кимдер жашап кеткендиги жөнүндө так маалымат жок бирок, жерлерибиздин чынында эле касиеттүү экендигин танууга болбойт. Антпесе эмне үчүн жерибизге жыл сайын зыяратчылар миң-миңдеп агылып келишет. Эл оозунда да уламыш кептер бекеринен айтылып жүрбөсө керек.

Чаткал өрөөнүнүн жашоочулары да биздин жер пайгамбар жашап өткөн жер, ошондуктан эки-үч метр кар жааса да эзилип, жылып жер көчпөйт. Кырк күн жаан жааса да кыян жүрүп, сел кетпейт. Бул жерибиздин сыйкырга бөлөнгөндүгүнөн деп жорушат.

Тарыхта, илимий булактарда бул күмбөз жөнүндө так аныкталган маалыматтар жок. Себеби, ага азырынча археологиялык казуу, иликтөө иштери жүргүзүлбөй келет. Зыяратчылар тастыктап жүргөндөй бул жайдын касиеттүүлүгү да чоң маселе бирок, биз аны касиеттүү жер катары гана кабыл албастан, тарыхый- маданий эстелик катары көрүп, кайра реставрациялап, кийинки муундарга калтырып кетүүбүз зарыл. Унутта калган бул тарыхый комплекс мүмкүн келечекте жети кереметтин катарына кошулуп калаар.

Жазгүл Кенжетаева, «Эркин тоо», 29.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.