Алыкулдун акыркы он күнү

(Башы 18-март, 2016-жыл, №11 санда)

d_kulbatyrovЖетинчи декабрь. Алыкулдун Чоӊ-Сары-Ойго келгенине үчүнчү күн. Асман ачык, көл көпкөк, айлана мемиреп жылуу.

Алыкул меймандан келгенден кийин бир топко жөтөлүп жатып, таӊга жуук тынчыгандай болду. Акырын эшикти ачып карасам, суналып уктап жатат, аппак шейшеп менен өӊү бирдей. Жүрөгүм опкоолжуй түшүп, дем алып атканын укканда санаам тынып, ишиме кеттим.

Мен келгенде Алыкул туруп, чай ичип жатышкан экен. Иреӊи жакшы, көӊүлү көтөрүӊкү. — Үйдүн иши кандай, бардыӊбы? — деп сурады.

Мен барбаганымды айттым. «Анда барып көрөлү» — деди.

Эки уста чечинип салып, полдун астына төшөлө турган устундарды тегиздеп коюп жатыптыр.

– Тактайлар сүрүлүү экен, эртеӊ түшкө чейин бүтөбүз, — дешти.

Алыкул буга сүйүнүп, «азаматсыӊар» деп алкады.

Биз жээкке келгенде саат эки эле. Көл тыптынч. Майда толкундары кубалашып келип, жээктеги кумга жайпала жоголуп жатты. Өйдөрөөк жакта эки өрдөктүн карааны көрүнөт. Алыкул аларды карап туруп:

– Ак куу көрүнбөйт го. Бул жерге ак куу кыштабайбы? — деп сурап калды.

Мурда ак куу, каз, өрдөк быкбырдай кайначу. Көлдүн жээгин калыӊ чычырканак каптап, анын арасында кыргоол, түлкү көп болчу. Согуш маалында отун кылып жагып олтуруп, чычырканак жок болду. Аны менен бирге аңдар да, илбесиндер да жоголду. Азыр ак куулар Кара-Ойдун төмөн жагындагы булуӊдарга кээде келип калат, — деди Жумалы деген мугалим.

Алыкул көк нооту пальтосунун жакасын көтөрүп коюп, көлдү көпкө тиктеп турду. Ал бул турушунда өзүнө тааныш көлдүн дагы бир жаӊы көрүнүшүн көрүп, жаӊы сырын ачып, көлдөн дагы бир жаӊы ыр сүзүп алгысы келген шекилдүү. Биз анын оюн бузбоого аракет кылып, окчунураак турдук.

Алыкул көл бойлоп, бизден узап кетти. Артынан ээрчий бастык. Ал жээктеги белчесинен кумга батып турган карагайга көчүк басты. Ушул калыбында көлдү тиктеп, дагы көпкө турду. Дегеле жээктен кеткиси жок. Күн кечтеп, сыдырым боло баштады.

Эртеси эртеӊ менен турсак жер аппак, күн ачык. Түндө Дөрөнү ашкан булут Тамгага өтүп баратып, кар бүркүп кеткен экен. Алыкул бул күнү эшикке чыккан жок.

– Жумушту бүтүрүп кел, — деп коюп, өзү үйдө калды. Усталар бешим оогондо полду төшөп бүтүштү. Аларды «эс ала тургула, мен акынды ээрчитип келейин» деп үйгө бастым. Алыкем пальтосун жамынып, терезени карап турган экен, мен киргенде:

– Бүттүбү? — деп сурады.

Көк «Победага» олтуруп, дароо жетип келдик. Бөлмөнүн ичи таза, жарык, карагай жыттанат. Алыкем ыраазы болду. Жанындагы шопуру Жапарга акча берип, «дүкөнгө барып кел, усталарга ырахмат айталы» деди.

Кечинде сүйлөшүп олтуруп, эртеӊ мешин жагып көрөлү, жылытат бекен, болбосо аны да дароо оӊдотолу деп чечтик. Ал жылдарда айылдагылар таш көмүр жагышчу эмес, негизги отун көӊ болчу. Андыктан көӊ жагууга ылайыкталып, мештерге тор темир төшөлүп, жабыла турган эшик салынчу эмес. Бул үйдүн меши да ошондой болуп чыкты. Коӊшу айыл Курскиге келип, сураштырып жүрүп, орус печкасын сала турган кишини таап, кечке печканы оӊдотуп, кечинде от жагылды.

Аӊгыча терезеси бир кабат экени байкалды. Кыргыз үйлөрүнүн терезеси жалаӊ кабат боло турган. Мен ага маани бербептирмин. Алыкем аны мурда эле байкап, мезгили келгенде айтуу үчүн сактап койгон экен.

«Дүйшеке, мен сени дагы бир ишке кыйнайын» деп, терезенин жалаӊ кабат экенин айтты, ушул чыныгы кыйноо болмок болду. Терезенин кутусу эки кабат айнекке ылайык жасалбаптыр, анын үстүнө ал жылдарда айнек табылчу эмес. Бир жуманын ичинде бүтүрүүгө убада бердим.

9-декабрда үйдүн ичин кайра актатып, 10-декабрь күнү Алыкемди «көчүрүп» келип, үйгө киргизүүнү чечтик.

Үй акталып, печка жагылды. Бир эки саатта ысып чыкты. Алыкемди кечке жуук чакырып келип, үйүн көрсөттүк. Жактырды:

– Не было ни гроша, вдруг алтын, — деди.

Кечинде үйгө от жагып, каралаша турган киши жөнүндө, керебет, үстөл, отургуч, айтор, тиричилик маселесин уюштурууну пландаштырдык.

Эртеси менен чай ичип отуруп Алыкем ооз узатты.

– Буюрса, жакшы иш бүттү, мен Фрунзеге барып келейин, капыстан эле чыгып жүрө бердим эле. Дайындай турган иштер бар. Анын үстүнө, эжемди да жеткирейин. Уулу үйдө жалгыз калган.

Өзүм биротоло жамынып иштей турган иштеримди алып келейин.

Ошентип 10-декабрь күнү саат он экилерде Алыкул жолго чыкты.

Коштошуп жатып:

– Кайрат кылып, быйыл да оору менен бир кармашып көрөйүн. Эки-үч күндө келип калам – деди.

Эки-үч күн өттү. Алыкул келген жок.

15-декабрь. Бешим ченде мен сабак берип жаттым эле. Эшикти ачып колуна гезит кармап, жолдошум Бүбүайша кирип келди. Чочуп кеттим. Алыкем деген сөздү айтып, гезитти мага сунду.

Кийин Жапардан уктум, Балыкчыга келгенде районго токтоп Курманга жолуктук. Ал үйүнө алып барып: бүгүн меникине консун деп жибербеди. Коноорубуз анык болгон соӊ деп кийин мен Кочкорго барып келейин деп байкесинен сурадым.

Кочкорго барып, ишимди бүтүрүп түн болсо да келе жаткам.

Орто Токойдун көлүнүн орто чениндеги айдарым ачыкка келгенде ылай-дүлөй түшүп бороон болуп, кар жаап келди, эч нерсе көрүнбөйт. Бир паста жолду күрткү басып, машина туруп калды. Жолдон же ары же бери машина өтпөйт. Баарысы мага окшоп токтоп калган окшойт. Эртеси таӊ атып жарык болгондо машина өттү. Артынан ээрчип айдап Балыкчыга келдим. Келсем кечеки мен көргөн байкем жок, эриндери көгөрүп, көзү тереӊ чөгүп, ийнинен дем алып, энтигип жатыптыр.

Доктур келип ийне сайып кетиптир. Курмандын «ооруканадан орун караштырайын» дегенине болбой, Фрунзеге доктурума барам деп коюптур.

Алыкулду даарылаган врач Блюмкина Эвелина Михайловна көлгө барам дегенинен «шайыӊ жок барбасаӊчы» деген экен, тилин албай кетиптир. Оорусу күч алып кайтыптыр. Кыш күнү болчу, шам жаккан маалда бир бала чуркап келди, таякем жаман болуп жатат деп, өӊ-алаты жок. Барсам оозку үйдө керебетте жатыптыр, абалы начар экен, колун жаӊсап, жаӊы чыккан орусча китебин алдырып мага берген, жазууга шайы жетпеди. Жанагы мен айткан «Мой дом» деген китеби экен. Чай кайнагандан кийин тилден калды.

Фрунзеге келгенде доктур көрүп эле жок дегенде үч саат мурда келгенде болот эле, кеч болуп калыптыр деди. Байкемди эки жыл ажылдап ала качып жүрүп, куткарып кете албадым, – деп Жыпар муӊайды.

Алыкул кыска, бирок өрнөктүү өмүрүнүн акыркы аптасы ушундай болду.

Чыйрыкса да чыдап, көл жээгине кеткиси келбей турган сыры ушул тура. Көл жээгинде акыркы ирет турганын сезген окшобойбу.

Акындын баркын өлүм кайдан билсин, көлөкөсүндөй ээрчип жүрүп, акыры алып тынды.

Болотбек Искенов, Ардагер экономист, Алыкул изилдөөчү,
“Кутбилим”, 01.04.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.