Барпы акындык өнөрдүн чебери

Гезитибиздин бул санында өзү социалдык жактан төмөнкү катмардан болсо дагы, азуулуулардын заманында өз позициясынан тайбаган даанышман акындын чыгармачылыгы тууралуу азын-оолак сөз кылмакчыбыз

Барпы апыз жөө айтышкан

Акындар поэзиясынын көрүнүктүү өкүлү Барпы Алыкулов жаштайынан тагдырдын татаал сыноолорун башынан өткөргөн. Кыргызстанга Совет бийлиги орногонго чейин кендирди кескен жокчулук менен кармашып, азабын далай тарткан. Айтыш өнөрүнүн башка өкүлдөрүнөн айырмаланып, Барпы апыз жөө ырдаган. Башкача айтканда, музыкалык аспаптын коштоосу жок эле айтышка чыккан. Бул түштүк акындарына мүнөздүү салтты ал өмүрүнүн акырына чейин сактаган. 15 жаш курагынан тарта чыгармачыл идиреги бар Барпы Алыкулов ар кандай топтордо, жыйындарда өзүнө окшоп эзилген элдин кайгысын, муң-зарын бөлүшүп ырдап, түрдүү айтыштарга түшө баштаган. Анын алгачкы чыгармачыл дебюту “Залим хандын азабы” деген ыры болгон. Оор турмуштун айынан ден-соолугу да бузулуп, көрүүсү начарлап кеткен. 20га чыккан кезинде акындардын пири, тоо булбулу Токтогулга жолугууга барат. Бул окуя 1915-жылы болот. Барпы ырдап, көптүн көзүнө көрүнө баштагандан тартып эле, Токтогулдун кабарын уккан. Токтогул менен жолугушуп, андан үлгү алууга кызыккан. Бирок жардылыктын кесепетинен алыскы Кетмен-Төбөгө барууга мүмкүндүк таба алган эмес. Ошондой болсо да, Токтогулга жолугууну, анын нускалуу сөздөрүн угууну алдына максат кылып алган Барпы акыры Токтогулга жолугуп кайткан. Бул жолугушууда Токтогул Барпыны өз сынынан өткөрүп, үстүнө тон кийгизип, алдына ат тартып батасын берген.

Көпчүлүк акындардай эле Барпы да совет бийлигин кучак жайып тосуп алып, анын идеясын таркатууга салымын кошкон.

 

Барпы – лирик жана даанышман

Барпынын чыгармачылыгындагы негизги багыттардын бири лирикалык жанр болгон. Ата журттун кооздугун ырга салуу менен бирге, адамдын ички сезимин билдирген лирикалык чыгармаларды жогорку чеберчиликте жарата алган. Анын “Аккан суу”, “Шамал”, “От”, “Күн”, Ажал” аттуу санат ырларында табияттын керемет күчү, өмүрдүн утурумдуулугу, өлүмдүн эртеби-кечпи келери, андан эч ким кача албай тургандыгы, ага каршы эч кандай ылаажы табылбасы тууралуу философиялык ой толгоолору чагылдырылган.

Ал эми “Өзгөчөм”, “Мөлмөлүм”, “Гөзөл кыз”, “Ак дилбар”, “Мырзайым”, “Арзыкан” аттуу лирикалык ырлары кыргыз поэзиясындагы махабат тууралуу классикалык чыгармалар бойдон жашап келе жатат.

Ошондой эле улуу акындын адеп-ахлак, дидактикалык багыттагы чыгармаларына баа бербей коюуга мүмкүн эмес. Буга анын “Аялдын жакшысы”, “Аялдын жаманы”, “Өзү заар, тили каар”, “Питина”, “Напси”, “Жоомарттык”, “Ач көз”, “Болор жигит”, “Болбос жигит” аттуу ырлары мисал боло алат. Мындай чыгармаларында акын адамдын табиятындагы терс сапаттарды ашкерелеп, жакшы сапаттарды даңазалаган.

 

Айтыштын чебери

Барпы айтыш өнөрүнүн бардык түрлөрүн жогорку чеберчиликте өнүктүрө алган зээни күчтүү акын болгон. Акындык беттешүүлөрдө күтүүсүз пайда болгон абалдан ыктуу чыгып, беттешкен атаандашынын чыгармачыл ой-дараметин улай алган жөндөмдүүлүгү артыкчылык кылган. Буга анын Токтогул, Жеңижок, Калмырза, Эшмамбет, Нурмолдолор менен айтышканын мисал кылсак болот.

Ак кымкаптан тон албайм,
Ак к
үмүштөн сом албайм.
Ар кимди барып бир мактап,
Ары жок ырчы боло албайм.

Бул төрт сап ыр өткөн замандын улуу ойчул акыны Барпы Алыкуловдун турмуштук кредосу болгон.

Мына окурманым, өтмүштүн улуу акындары өздөрү дүйнөдөн өтүп жок болсо дагы, алардын чыгармаларындагы бийик, түбөлүктүү идеялары урпактардын сезиминде жашай берет экен. Бүгүнкү форматтын чектелүү болгонуна байланыштуу Барпынын чыгармачылыгы тууралуу кыскача баяныбызды ушуну менен соңуна чыгарабыз.

Талгат Деркембаев, «Саресеп», 27.01.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.