Ботко

Көпчүлүк кичинекей балдардын сүйгөн тамагы ботко. Алардын пайдасы-зыяны, кандай жасалары тууралуу төмөндө кеңири таанышып алыңыз.

botko_mannaТАТТУУ МАННА БОТКОСУ

Манна акшагы буудай данынын эндосперм бөлүгүнөн майдаланып (диаметри 0,25-0,75 миллиметр) алынат. Анда организмге керектүү крахмал, белок, витамин жана минералдык заттар көп. Акшагынан ботко жасалат. Бирок бул диеталык азыкты балдарга 1 жаштан баштап, аптасына 2 ирет гана берүү керек. Анткени акшактагы фитин заты кальцийди сиңирбей коёт. Ал эми кальций сөөктүн өсүшү үчүн керек. Аптасына 4-5 ирет жеген кээ бир балдарда ич өткөктүн жана аллергиянын келип чыгышын шарттайт. Ошондой эле остеопороздон жабыркагандарга аптасына 1 ирет гана сунушталат.

Керектүүлөр:
Сүт – 4 стакан
Манна акшагы – 0,5 стакан
Кумшекер – 1 аш кашык
Майдаланган грек жаңгагы – 2 аш кашык (мунун ордуна кулпунай же банан колдонсо да болот)
Кыям – 2 аш кашык
Туз – татымына жараша
Каймак май каалоого жараша

Даярдоо ыкмасы:
Ботко үчүн түбү калың мискей керек. Сүткө кумшекер, туз кошуп отко коёбуз. Ысып, бирок кайнаганга жете электе аралаштыруу менен манна акшагын чуурутуп салабыз. Кайнагандан кийин отту жайлатып, 5-10 мүнөт кармасак, ботко бышат. Анан жаңгакты кошобуз. Тарелкаларга куюп, үстүнө кыям менен каймак май кошуп, дасторконго коёбуз.

 

botko_taruuТАРУУ БОТКО

Таруу витаминдерге, көмүртекке, май, белокко жана калий, магнийге да бай. Териге жана чачтын өсүшүнө жакшы таасир этип, какачтын алдын алат. Аптасына чоңдор 2 , балдар (1, 5-2 жаштан тартып) 1 ирет жеген туура. Таруудагы калий, магний жүрөктүн иштешине зарыл болгондуктан, таруу боткосун жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандар үзбөй жешсе жакшы. Ал эми ашказанынын кычкылы аздарга, ичи көп каткандарга аптасына 1 гана ирет сууга бышырып жеши сунушталат.

Боткого быштак, ашкабак, жаңгак кошсо даамдуу болот, адамды да ток кармайт.

Керектүүлөр:
Таруу – 1 стакан
Суу – 3 стакан
Сүт – 2 стакан
Кумшекер – 1 аш кашык
Каймак май – 2 аш кашык
Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:
Сууга тарууну салып, отко коёбуз. Кайнап чыкканда көбүгүн алып, отту жайлатып, суу бууланып, ботко коюулангыча күтөбүз (болжол менен 20 мүнөт). Анан сүт, кумшекер, тузду кошуп дагы 20 мүнөттөй кайнатсак, ботко бышат. Үстүнө каймак май кошуп коёбуз. Эми ботко даяр.

 

botko_suluКУРГАТЫЛГАН КАРА ӨРҮК КОШУЛГАН СУЛУ БОТКОСУ

Сулуда организмге керектүү заттар абдан көп. Акшагынан жана сулу үлпүлдөгүнөн (овсянные хлопья) түрдүү ботко жасалат. Сулу боткосу жеңил, сиңимдүү азык келип, ашказан-ичегинин иштөөсүн жана теринин өңүн жакшыртат, гастриттин жана ашказан жарасынын алдын алат. Көп колдонсо өң жылмакай, ажарлуу болуп чыга келет. Чоңдорго жана 1 жаштан өткөн балдарга аптасына 2 ирет жегенге уруксат. Бирок манна акшагындай эле мунун курамында да фитин болгондуктан итий оорусу менен жабыркаган балдарга жана остеопороз дарты барларга аптасына бир ирет гана берилет.

Керектүүлөр:
Сулу акшагы – 100 грамм
Суу – 350-400 грамм
Сүт – 200 грамм
Кумшекер – 1 аш кашык
Каймак май – 20 грамм
Кургатылган кара өрүк – 60 грамм
Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:
Акшакты кайнап жаткан сууга салып, жай отко коюп, коюуланганча кайнатабыз (болжол менен 30 мүнөт). Анан ага кайнаган сүттү, майдаланган кара өрүктү, кумшекерди кошуп отто дагы бир аз кармай түшөбүз. Даяр боткого каймак майды кошуп, дасторконго сунабыз.

Эскертүү! Ботко эрте бышышы үчүн сулу акшагын алдын ала кайнаган сууга 4-5 саат чылап коюу сунушталат.

Канымжан Усупбекова, «Супер-инфо», №628 14-ноябрь-20-ноябрь, 2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.