Эки акын

“Мен киммин? Мен бир акын жаман сары,
Колунда койко
ңдогон калем сабы.
Энекем эптеп т
өрөп койсо керек,
Кыргыздын к
өбөйсүн деп адам саны.”

Элдик акын

Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоев Талас өрөөнүндө 1932-жылы жарык дүйнөгө келген. Ырлары элдик ырга айланган акындын чыгармачылыгы жөнүндө айтып отурсаң, бүтпөгөн казына. Анын ырлары калктын калың катмарына кеңири таркап, ак менен караны, бар менен жокту, акыйкат жана жалганды таамай сүрөттөгөн сүрөткерлиги менен башкалардан айырмаланып турат.

Байдылда калың кыргызга жогорудагы төрт сап ырда таамай айтылган жөнөкөйлүгү, карапайымдыгы менен алынган. Бул адамда эч кандай менменсинүү, текеберлик сыяктуу касиеттер болгон эмес. Өнөрү, таланты менен өзгөчөлөнгөн эл акыны ар дайым калың массанын катарында өзүн жөпжөнөкөй алып жүргөн. Эл да акындын чыгармачылыгын жогору баалап, өзгөчө урмат-сый менен мамиле кылган. Анын бул жалган дүйнө менен кош айтышканына канча мезгил өтүп кетсе да, “Байдыкем айткандай”, “Байдыкенин окуялары” деген сыяктуу сөздөр дале да болсо айтылып келет.

Байдыке алгачкы чыгармасын 13 жашында жазып, анысы райондук гезитке басылган. Жаштайынан томолой жетим калып, Фрунзе шаарындагы кадимки №5 мектептин интернатында тарбияланып, окуусун бүтүргөн. Мектепти аяктагандан кийин Москва шаарындагы М.Горький атындагы адабият институтунан билим алган.

Байдылда Сарногоевдин жарыкка чыккан алгачкы ырлар жыйнагы “Шумкар” деген аталыш менен жарыяланган. Мындан соң акындын көптөгөн китептери окурман журтчулугунун арзуусуна татыган. Өзгөчө анын “Ашуудан берген отчётум” аттуу ырлар жыйнагы эл арасында өзгөчө бааланып, окурмандардын сүйүп окуган китеби болуп кала берген.

 

Эртерээк көрүп, кеч түшүндүм

Өз өмүрүндө акын көптөгөн кыргыздын залкарлары менен насиптеш болуп, чыгармачылык байланышта болгон. Эмесе анын өзгөчө пир тутуп, өзү айткандай эрте таанышып, кеч түшүнгөн улуу акын Алыкул Осмонов тууралуу эскерүүсүн сиздердин назарыңыздарга суна кетсек.

Ойлонуп көрсөк турмушта
Өмүр бул качкан бир куш да…
Осмондун уулу Алыкул
Опол тоо акын кыргызда.
Ортодо ж
үрбөй «ойт» берди
Ободон учкан жылдызча.

“Алыкул акынды азыр ойлосом, мен аны эртерээк көрүп, кечирээк түшүнүптүрмүн. Анткен себебим, акындын чыгармалары менен бала кезимде таанышсам да баамдап, байкап, маани жагына кийинчерээк түшүндүм. Алыкул жазуучулар союзуна өтө сейрек келчү. Менин байкашымча, келгенде деле көпкө аялдабай, айрым өзүнө сырдаш жоро-жолдоштору менен сүйлөшүп кайра кете берчү. Ал мага өтө түнт, ачылып сүйлөбөгөн, сөзгө сараң же болбосо такыр эле сөзгө чоркок адамдай сезилчү. Акын болсом деп ак эткенден так этип, «чымындуулардын чымыны» жугаар бекен деген ойдо Жазуучулар союзуна көп эле келип, жыйналыштары болсо катышып, чебер, чечен агайлардын эчен сүйлөгөн сөздөрүн уккам. Жыйналыштарда Алыкулдун бир да жолу эл алдында чыгып сүйлөгөнүн уккан да, көргөн да жокмун. Ал өзүнчө ойлуу четкерээк жерде отуруп, оозун бетарчысы менен басып, тык-тык жөтөлүп жатканын көп эле байкагам. Өңү керсары тарткан, узун бойлуураак, арык киши эле. Ошондо ал отуздан ашып калган жигит агасы болсо да, менин жаштыгымданбы, мага улгайган адамдай көрүнчү. Ал кишинин жайын уксам, көрсө, узак жылдардан бери ооруп келаткан учук оорусу бар турбайбы. Элге жакындабай четирээк олтурганы, сүйлөбөгөнү, элдин сөзүн угуп, унчукпай чыгып кете бергени да ошол оорусунан болсо керек. Мен кийин ойлосом, Алыкул акын өзүнөн мурда элге өмүр, элге ден-соолук тилеген сак, кыйла этиканы так кармаган акын экен.

 

Алгачкы таанышуу

1948-жылдын апрель айы. Ал кезде Жазуучулар союзунун төрагасы Аалы Токомбаев эле. Менин ал-жайымды, башымдан өткөргөн жетимдик күндөрүмдү, кандайча шаарга келгенимди, ыр жазымыш болуп жүргөнүмдү бир топ жазуучулар билчү. Бир жолу Жазуучулар союзуна барсам, Алыкул акын ошол жерде экен. Мен ал кишиге салам айтсам, ал күлүмсүрөп саламымды алик алды да:

– Иним, сенин жөн-жайыңды уккамын, бул жерде бир аз ишим бар, бүткөрүп алайын, сен күтө тур, анан мени менен үйүмө барабыз, – деди. Мен ичимден кубанып «макул байке, күтө турайын» дедим. Ошентип, үйүнө бардык (азыркы Сокулук көчөсүндөгү үй). Короосуна кирсек бир орус кемпир жүрөт, башка эч ким көрүнбөйт. «Үй-бүлөсү кайда, жалгыз жашайбы» деген ойго кеттим. Үйүнө кирдик, бир жазма стол, бир керебет, бир топ жыйылган китептер, булардан башка көзүмө эч нерсе урунбады. Алыкул байкем бир аз олтургандан кийин мени ойлуу карап сөзгө киришти. Бетарчысы колунда, оозун басып тык-тык жөтөлүп алып: – Уккун иним, мен да сендей жетим чоңойгом, жетим балдар үйүндө тарбиялангам. Бая күнү Аалы Токомбаев сен жөнүндө мага: «Ушул баланы ини кылып алсаң кантет? Жетим экен, жалгыз жашайсың, баланын пайдасы тиет. Көмөк көрсөтсөң акын болчудай, ыр жазат экен, – деди. Эми иним, мени жакшылап угуп тур. Мен оорулуу кишимин, болгондо да жугуштуу… Сен миң гүлүңдүн бирин жаңы ачкан жаш баласың. Сени аяймын, болбосо сени ини кылып алганга… Сөзүнүн аягына чыга электе жаңкы короодо жүргөн орус кемпир эки чыны чай апкелип алдыбызга койду. Алыкул байкем аягына чыга албай калган сөзүн кайра улады. – Ошентип, иним, жалгыз жашаймын. Мага ушул кемпир гана кир-когумду жууп, тамак-ашымды даярдап жардам берет. Эрте-кеч караан тутканым ушул байбиче. Иним, келечегиң алдыда же акын болорсуң же жумушчу болоорсуң же башка кесиптин ээси… Айтор, жакшы окуп, жакшы жүрсөң, өнөрлүү адам жерде калбайт, — деп стол тарткычынан бир чакан китебин алып колтамгасыз эле мага сунду.

Сыртын окусам «Менин жерим — ырдын жери» деген өзүнүн жыйнагы экен. Рахмат байке деп ичимден кымылдадым. Жөнөөрүмдө тамынын далисинин бурчунан гезитке оролгон бир нерсени колума карматып жатып: — Бул менин өтүгүм, бир, эки жолу кийгем. Бул өтүктү чоң, кичинесине карабай кийип жүр, азыр өтүк мода эмеспи, — деп мээримдүү карап жолума салды.

 

Же акын же жумушчу болосуң

Жолдо келатып “мага китеби менен өтүгүн бергенден көрө ырларымды окуттуруп жакшы, жаман жактарын сындап кеңешин берсе болбойбу. Же акын, же жумушчу болоорсуң дейт. Эмне менин талантым бардыгына ишенбейби? Эмнеси болсо да менин акын болоорума көзү жетпейт го” деп жол бою бушайман болуудамын. Ал кезде мен шаардагы №5 кыргыз орто мектебинде окуп, интернатында жатчумун. Кийим бекер, тамак бекер, мында окуп жаткан балдарга бир гана жакшы билим алуу керек эле. Алыкул байкем берген китеп менен өтүктү балдарга көрсөтсөм:

– Барбалаңдап мактанба, Алыкул агай китебин өзү берсе, сага арнап колтамгасын кошо бермек, өтүгүн берсе бутуңа кийгизип көрүп, чоң, кичинесин байкап туруп бермек. Экөөнү тең сатып алып, атактуу акын берди деп мактанып жатасың да, — дешип күйбөгөн жеримди күл кылышты. Өтүк бутума кенен келгендиктен бир топ жолдошторум менен көк базарга алпарып сатып жибердик. Чын эле ал кезде өтүк мода экен, «каны» жерге тамбай каалаган баабызга өтүп кетти. Китебин болсо ар кимибиз бир окуп жүрүп жыртып, эскирттик окшойт. Кийин жоготуп жибердим. Акыл-эс жетиле элек чакта Алыкул акындын да, анын берген китеп, өтүгүнүн да кадыр-баркын билбептирмин. Кадырын билсем, анда азыркы кездегидей мээм болсо, Алыкул байкемдин ошондо эле улуу акын экенин сезсем эмгиче сактап жүрүп, өтүгү менен китебин өзүнүн музейине өткөрбөйт белем. Чиркин дүйнө… ал акындын эрте өлөрүн ким билсин. Эми мен алтымышка жакындап ак баш болгондо эсиме келип, өткөнгө өкүнүп жатпаймынбы. Ошентип, мен улуу акынды убагында түшүнбөй, эртерээк көрүп, кечирээк түшүндүм.

Памирбек Казыбаевдин «Мезгил жана Алыкул» аттуу китебиненкыскартылып алынды.

 

САГА АЙТКАН СӨЗ

Жыргалдын арт жагында кууралы бар,
Кууралдын арт жагында жыргалы бар.
Карды ачса кай бирөөлөр ток болбойм деп,
Жашоодон үмүт үзгөн урганы бар.

Ток болсо, токмун дайым, жок болбойм деп,
Керсейип кесир сүйлөп турганы бар.
Күлкүнүн арт жагында күйүтү бар,
Күйүттүн арт жагында күлүшү бар.
Ээрчишип жүрө берет кезектешип,
Мезгилдин күнү менен түнү сымал.
Барда бай, жокто бардай жашай билип,
Заманга салым кошуп, үлүшүң ал.
Турмушка туткун болсоң чабалдыгың,
Көрө бил жакшылыгын, жамандыгын.
Адамга кылча болбой арамдыгың,
Заманга тоодой болсун адалдыгың.
Дүйнөдө тири өлүктөй жүрө берсең,
Сөз эмес адамдыгын, амандыгың.
(Б.Сарногоев)

 

* * *

– Улутчул дешет билбеген,
Улутун кимдер сүйбөгөн.
Кызыл эт кезден төрөлтүп,
Кыялым көккө күүлөгөн.

Кыргыз деп келгем дүйнөгө,
Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн.
Толкундап бийик үн менен,
Топтошуп алып сүйлөгөн.

Токсон миң тоскоол болсо да,
Топончо көрбөй үйлөгөн.
Достук деп келгем дүйнөгө,
Достук деп өтөм дүйнөдөн.
(Б.Сарногоев)

Талгат Деркембаев, “Саресеп”, 29.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.