Элдин эрке кызы: Бурул Раймалиева

“Махабат дастанындагы” Раймалыны баары билет болушу керек. “Аккан арыктан суу агат” демекчи, ошол тасмадагы Раймалынын неберелери Каныкей, Гүлнара, Бурул, Бүбүжан Раймалиевалар ырчылыгы менен таанымал. Алардын бири Бурул гезитибиздин мейманы болуп, ары кызыктуу, ары күлкүлүү маек курду.

Чоң атамдын ыры

– Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов чоң атам тууралуу чыгарма жазса, Дооронбек Садырбаев тасмага түшүрдү. Чоң атам – “Махабат дастанынын” чыныгы турмуштагы прототиби. Ал комузда, орустун мандалининде, балалайкада ойноп, ыр жазып, “Катюшаны” кыргызча которуп ырдаган, “Манасты” орусча которуп айткан көп кырдуу талант болгон. Чоң атамдын эки кызы, эки уулу болуптур. “Эки козу, эки улак. Ойногон жериң күн чубак. Карышкыр алса бирөөнү, табам деп алга умтулат” деген жери бар. Ырдын акырында мындай саптары бар: “Түңүлбөчү өзүмдөн, түбүмдө сага барам ай” деп жазган экен. Ушул ыры дайым жүрөгүбүздө калды.

Атам ыр менен ойготот

– Өзүмдүн атам комузда кол ойнотуп, ыр жазат. Жаш кезинде апама арнап жазган ырларын эми ырдап калышат. Атам эртең менен эрте телефон чалып “Кызым, аталуулар алты тойду, энелүүлөр эки тойду” деп тургузат. Бир күнү эртең менен чалды, уйкулуу көзүм менен телефонду алсам, жийде жөнүндө ыр айтты. “Кайра айтсаңыз, жазып алайын” десем, “унутуп калдым” дейт. Көрсө жийдени мага салыштырып, сагынычын ырдап жатыптыр. “Басып баратып эле жийдени көрүп, сени сагынып кеттим. Ушул жерде чуркап ойноп, жийде жечү эмес белең” дейт. Апам болсо уз. Шырдак шырып, кийим тигет. Кичине кезибизде кечелерге кийимдерди тигип берчү. Бирөөбүз орустун кызы, дагы бирөөсү украин кызы болуп эле калчубуз.

“Эң кичүүсү менмин, партизан бала…”

– Биз жети бир тууганбыз. Каныкей, Гүлнара эжелерим жана мен эл алдында ырдап жүрчүбүз. Быйыл Бүбүжан эжем кошулду. Үйдө тентеги да, эркеси да, өжөрү да менмин. “Эң кичүүсү менмин, партизан бала” деп ырдап калам. Туулган күнүмдө таң атпай апам менен атамды куттуктайм. Чалып туруп “Жарык дүйнө жашоо берген ата-энем” деп ырдап баштасам эле, дагы кайсы кызым төрөлдү эле деп чочуп кетишет.

Мен музыкалык окуу жайга тапшырайын десем, “Апам баарыңар эле музыкант боло бересиңерби” деп, мени педагогикалык жогорку окуу жайга жиберген. Кийин музыкалык окуу жайдан окуп алгам.

Биринчи класстан эле класстагыларды кечелерге даярдап, жаным тынчу эмес. Чоң атам Кадыралы атабыз каза болгондо “Балама” деген ыр жазган экен, аны Гүлнар эжем комузга салган. Мен тогузунчу класста ушул ырды ырдап, көп конкурстарда жеңүүчү болдум.

Каникулга барганда бир туугандарыбыз менен огородго чыгып, ата-энебизге жардам беребиз. Бир жолу кыйын болуп, самоорго чай кайнатам деп калдым. Беркилер колдорун жууп, дасторконго олтуруп, чайды күтүп калышты. Мен отту күркүрөтө жагып жатам. От алоолоп күйөт, бирок самоорум кайнабайт. Бир маалда самоор ийилип барып эле жыгылып калса болобу. “Апа, самоордун эси ооп калды!” деп кыйкырып жатам. Көрсө ага суу куйбай эле кайната бериптирмин.

Бир туугандар менен эриш-аркак

– Чыгармачылыкта бир туугандар менен бирге иштешкен жеңил. Той-топурга чакырганда шашылыш ишиң чыгып калса, ордуңа эжелериңди жиберип иесиң. Бизде аранжировка жасатуу өтө кымбат. Эжелерим менен чогуу ырдаганда, акчаны тең чыгарып төлөп коёбуз. Дуэт, квартет, трио ырдай беребиз.

Кайыңдыдагы маданият үйүндө иштейм, тойлордо ырдайм. Балдарымды эжелерим “Горький” деп коюшат, анткени Горький ар кимдин үйүндө чоңойгон да. Эжемдин үйүнө эртең менен таштачумун, ал күлүп “Күкүк эне кеттиби” деп калчу. Кээде кошуналарыма таштап кетчүмүн. Балдарымдын улуусу так илимдерге жакын, кичүүсүнүн ырга шыгы бар, комуз чертет, ырдайт.

Элдин эрке кызымын

– Атамдын эрке кызымын. Атамдын эле эмес, элдин эрке кызы болуп алдым. Бир күнү тойго шашып келе жатам, жол тыгын. Же ары жыла албайм, же бери жыла албайм. Машинанын “аварийкасын” күйгүздүм да, орто жолго таштап коюп, артист көйнөгүм менен чуркап бара жатам. Элдин баары сигнал берген бойдон калды. Бирок тойго жетишип, жар- жар айтып, кайра келип машинамды айдап кеткем.

“Асыл жарым” деген жаңы ыр жаздырдым. Клипке атам менен апамды алып чыккым келди. Алар 40 жылдан ашык жар болуп жашап келүүдө. Көбүнчө клиптерде жаштардын сүйүүсүн көрсөтүшөт. Бирок адам улгайса деле жүрөгүндө сүйүү жашайт да.

Шодокондун бүркүтүндөй дешет

– Бир концертте испанча ыр ырдамакпыз. Шашып, машинанын ичинен испан костюмду кийип жатам. Бирок башыма кийгенге эч нерсе жок. Эжеме бирөө гүл берген экен. Аны суроо-сопкуту жок эле сындырып алып, чачыма тагып алдым. Акылбек Турганбаев мени Шодокондун бүркүтүнө окшоштурат. Анын бүркүтү жолунан чыкканды койбой эле илип кете берет экен. Мен да тойго чакырган адамга жок дебей, бара берем.

Жолдошум, кайын журтум чыгармачылыгымды колдоп турушат. Келин болуп барганда, эртең менен кайнатама жүгүнүп жатсам, атам да шашып кетип жүгүнүп жиберип атпайбы. Көрсө мындайга көп маани бере беришпейт экен. Кайындарым мени кызындай көрүшөт. Нооруз майрамында айылыбыздагы аксакал батасын берген.

Жолдо бара жатканда МАИге көп кармалам. Анан уялбай эле “эреже буздумбу?” деп сурайм. Кабагын бүркөп келсе, “Эмне маанайыңыз салыңкы, маанайыңызды көтөрөйүн деп “Милициянын капитаны, кең далылуу азамат ” деп ырдап берем.

Мунара Кадырдин кызы, «Полит Клиника», 03.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.