«Солкулдатып биздин бекем үчтүктү, кете бердиң бир капталды эңшерип…»

20-кылымдын 70-80-жылдарында кыргыз кыздар поэзиясына бир башкача жумшак маанайда жазылып, жүрөктү дирилдеткен, кусалыкка толгон ырлары менен кыздар толкуну келип кирген. Алардын катарында Айгүл Узакова, Үрүниса Маматова жана Калбүбү Сариева эжелер бар. Ушул үч курбунун ичинен 12-сентябрда акын Айгүл Узакованын дүйнөдөн өткөнүнө бир жыл толот. Ал “Жылдыздуу күз” (1980), “Кеч жарык”(1990), “Түнкү асман”1997, “Жүрөгүм менен сүйлөшүү” (2006) деген ыр жыйнактардын, алардын ичинде бир катар обондуу ырлардын автору эле. Анын ырлары ар мезгилдин окурмандарынын жүрөгүнөн орун таап, анын өмүрүн улай берээри анык.

Калбүбү Сариева

АЙГҮЛГӨ

Өгөйлөй бербечи эми жаш сүйүүңдү,
Улгайган сезим менен күндөрдү өткөн.
Толбостой тагдырыңда бүтүндүк бар,
Жетпей да чексиздикке өтүп кеткен.

Сүйүүгө жетүү, жетпөө арман эмес,
Сүйүүгө эч тушукпай калган арман.
Курусун сүйбөй өтүү – жанбай калуу,
Жетпөөдө бир маңыз бар жалбырттаган.

Чөкпөгүн бир жай тирдик күтпөдүм деп,
Сезимдин агымында өзүңдү экчеп.
Сүйүүгө башты саюу, кур намысты,
Жеңүү, анан эне болуу оңой бекен.

Аялсың парзың актап перзент тапкан,
Акынсың, эч ким жазбас жакшы ыры бар.
Жаштыкта сүйүү эркине башты ийген,
Адамсың, өзүнчө өз тагдыры бар.

Улгайган акыл менен жаштыгыңды,
Өгөйлөй бербечи эми күндөрдү өткөн.
Энесиң уулга узак жол тандаган,
Учурдан келечектин, кеңдигинен.

Бар дечи баарыбызда бир кусалык,
Жаштыктын жалынынан кыйын узаш.
Жакынбыз оттой-суудай, жайдай-кыштай,
Өмүрдүн көрүнбөс көп жагы туташ.
1999-ж.

 

* * *

Үчүнчү курчоосунда мен жашаган,
Жети айлампа бу Лондон жети айлампа.
Издешпей калдык эле Бишкекте эле,
Түшүмө кириптирсиң Узакова.

Сүйлөшүп алган өңдүү кезектешип,
Эртеси кирди түшкө Үрүниса.
Эсиме эски достор түшкүдөй бу,
Эл-жерге боло элекмин анча куса.
2004-ж.

 

БИР КҮНКҮ ЫР

Айгүл Узаковага

Ал жүргөндүр кайнар сууга жуунуп,
Көңүл бүгүн көчүп турат кубулуп.
Өмүр саатын аяйм азыр бир башка,
Жаштык да жок – жашыруун кеп сырдашма.

Жалгыздыктын жайын жакшы билчү элең,
Жай күндү эле майрам кылып ийчү элең.
Жеткире бир көңүл жайын адамга,
Айтмайың бар ал гана эмес шамалга.

Келчи бүгүн мен шамалың болоюн,
Мен да өзүмчө сага ээ бербей согоюн.
Өзгө айланган кыялыбыз келишпей,
Өөн көрбөй, көнүккөнбүз терикпей.

Биз жаралсак кайра таза жубардай,
Бул мүнөздөр гана жетпей турардай.
Баарыбызды тең жазгырып жашынган,
Бул көңүлдө жаштык күндөр жазылган.

Сапыралы кайра баштан бир мертем,
Ыр окуйлу, андан көрө сен келсең.
Сырттан сүйүп, ырга айланган кусалык,
Жыш каптаган жаштыгыңдан тутанып,

Бүгүн бизди каптап кетип тымызын,
Кыскалыгын туйсун кыйноо түн узун.
Алоолонуп, тур ааламга жагылып,
Мээрим төгүп, уулуң үчүн агылып.

Ушу күнү ырлар окуп, сен келсең,
Өткөн жашты сапыралы бир мертем.

 

Үрүниса Маматова

* * *

Супсулуу болуп муңайым түшкөн сүрөтүң,
Бир китептин арасында жүрөсүң.
Өлбөй-житпей алып турат бул сүрөт,
Өткөн-кеткен өмүрүңдүн бир өчүн.
04.10.2009

 

* * *

Күн мурунтан Күздүн сырын чечмелеп,
Жок жердеги жоболорду тапчу элең.
Кымбат кездин баркын бетер ашырып,
Кыял менен кыйма-чийме акчу элең.

Күндөштөргө күн көрсөтпөй бир шектен,
Күйөөлөр да өлүп тынды бир четтен.
Өрүн карай баратасың өмүрдүн,
Өзүң болсо дале чыкпай бир чектен.

 

* * *

Иште-иште, сен эч кимди сагынба,
Жазбай калсаң, убал жарты сабың да.
Жетет, бүттүң тайгаланып, жыгылып,
Эми кайтпа, калгын ушул табыңда.

Бизди көбү бир булуттай таанышат,
Бизден алар жетпегенин табышат.
Биздин ырлар, демек, керек жазылыш,
Бизге ар бир ыр сабында калыш ак.

Ар бир сөздүн багын ачып, гүлдөтүп,
Өзүң дагы ачыл бирге гүлдөшүп.
Канча күнөө мойнубузда жүктөлүү –
Канча сөздөр ырдалбастан тим кетип.

Чечендигиң таңдайыңан чаң чыккан,
Чынчылдыгың жалган айтсаң жан чыккан.
Калыш керек белек болуп урпакка,
Ырларыңда сүрөтүңдү тартышкан.
17.02.2013

 

ЫСЫК-КӨЛ

Бир кыз балаң жээгиңде төрөлгөн,
Толкуп күтүү – алмустактан жөрөлгөң.

Айдай сулуу, Айдай сырдуу кызыңын,
Ылайыктап Айгүл койдуң ысымын.

Анан, Айгүл айдыңыңда торолгон,
Сени карап бой бербеген бороонго,

Сени карап кыш чилдеде тоңбогон,
Жай чилдеде бууланбаган, соолбогон,

Жан дүйнөсүн кереметиң даарыган,
Бул дүйнөнү сен аркылуу тааныган.

Сербең-сербең сени бойлоп жүгүргөн,
Жүрөгүнө шоокумуңду сиңирген.

Ойлору, анан, сендей толкуп-чалкыган,
А кыялы чардагыңдай кайкыган.

Шамалыңа жибек чачын тараткан,
Шапатаңан сергип ырлар жараткан.

Эркең эле эч ким аны тыйбаган,
Ээленгенде элдин баарын кыйнаган.

Бороон болсо толкундарың сыйбаган
Өзүңө окшош эле кызың кыйраган.

Сенде жатат сенек болгон денеси,
Менде, элде калды жаркын элеси.
04.10.2009

 

АЙГҮЛ

Жалгыз элең мени мендей түшүнгөн,
Сенде дагы жалгыз болгон үчүн мен,
Кудуреттүү, ишенимдүү жүрчү элем,
Ажырадым эми ошол күчүмдөн.

Билинбестен ичтен үңүп жеп жүргөн,
Шум ажалды азыр эмес деп жүргөм.
Сага айтчуну эми айтпасмын эч кимге,
Сени айтчуну эми укпасмын эч кимден.

Ушул жолу күзүң менен үндөшүп,
Далай ырды жазсаң болмок гүлдөтүп.
Сен башкача жашаймын деп турганда,
Келе калды кантип ушул күн жетип!

Өзүң баркын биле жүргөн Күзүңдүн,
Доорун сүрбөй, ырын жазбай үзүлдүң.
Сабак-сабак гүл теришээр дестелеп,
Санап-санап саптарыңдан изиңди.
12.09. – 20.09. 2014

 

* * *

Биз үчөөбүз алыс, жакын жүрсөк да,
Бир жашоонун агым күүсүн туйчубуз.
Ар бирибиз сезимди ырга айланган,
Бапестеп бир ыр деңизге куйчуубуз.

Бириккенден чачылганы көбүрөөк,
Бул жашоонун агымында бир элек.
Бир жыл болду үчөөбүздө бир топко,
Бириктирбей калды эми бул дарек.

Бир бөксөрүп, бирде толуп туруучу,
Жашоо-турмуш шарты менен илээшип.
Таянышып, таарынышып, табышып,
Көз салышып туруучу элек күрөшүп.

Бул жашоонун ысык менен суугуна
Бир жыл өттү, болбой калдың теңшерик.
Солкулдатып биздин бекем үчтүктү,
Кете бердиң бир капталды эңшерип.

 

* * *

Түн бир оокум…
Сен телефон чалбайсың.
А мен чалсам эми эч качан албайсың.
Бир чындыкты канча какшап айткансың,
“Сен мендейди бул дүйнөдөн таппайсың”.

Ыр дагы окубайсың, түндүн бир оокумунда,
Үргүлөп, уйку-соодо олтурбайм мен да тыңшап.
Тепкесин телефондун баса албай, сени сыйлап…
Эми орток болалбаймын бирде тынч, бирде күү-шаа,
Буйланган деңиз сымал көңүлдүн шоокумуна.
Сурана да албаймын “уктачы”, “уктайлы” деп.
Түндүн бир оокумунда…
Уруша да албаймын, “токтоткун, жетишти, чек”
Эми эч качан чыдамым чыгып чектен…
Өчүрүп телефонду туруп кетпейм…

Түн бир оокум…
Сен телефон чалбайсың,
А мен чалсам, эми эч качан албайсың.
“Ии десең”,- деп кадимкидей үн салсаң,
“Ии дебейм” деп, адатымдай чыр салбай.
“Айгүлүм” деп айтаар элем сурантпай,
Азыр ичтен айтып жатам тынч албай…
Уйкум келбейт…
Таң атаарга аз калды…
Атар таң да бир сөзүңдү айткансыйт:
“Сен мендейди бул дүйнөдөн таппайсың».

 

* * *

Асманына жылдыздар жык чачылып,
Түндөр сени эске салат сырдашкан.
Жандаш эле келаткандай жашынып,
Жолдор сени эске салат бир баскан.

Көпкө чейин кабарлашпай калышкан,
Кезектеги таарынычтын бириндей.
Бир күн кайра жолугушуп калчудай,
Сезим бийлеп бир жыл өттү билинбей.

Болбогондой арабызда эч нерсе,
Адаттуудай жолугуша калчудай.
Сууй түшкөн арабызды ысытып,
Сагынычтын коломтосу жанчудай.

Кадимки жай жашоом өткөн менен да,
Калгансыдым жалгызсырап элеңдеп.
Сендей эркин батыналбай башкага,
Жасайм азыр мамилемди чебердеп.

Назгүл Осмонова, «Де-факто», 17.09.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.