Мурза ГАПАРОВ, жазуучу: “Негедир Киотого кетким келет…”

1936- жылы Нооруз күндүн эртеси – 22-мартта Ноокаттын үстүндө Чечме-Сай айлында жазуучу, драмачы, киносценарист Мурза Гапаров агабыз жарыкка келген. Ал кыштын акыр-чикирин тазалап өткөн Нооруздай кыргыз адабиятын бир тазалап өтүп кетти. Анын ошол ажайып дүйнөсүнүн айрым жактарын ачып берген Абдыкерим Муратовдун “Көпөлөктөр өрөөнүн көксөгөн Мурза Гапаров” аттуу китеби жарык көрдү. Экөө бирге иштеген, чогуу жүрүп, бири-бирин жакшы билишкен. Экөө “Асаба” баягы “Асаба” болуп, коомго таасири ушундай бир күчтүү кезде газетабызда баяндамачы да болушкан.

Эми минтип маркум жазуучу тууралуу Абдыкерим агайдын эсселерин окурмандарыбызга сунуштап отурабыз.

Сөз

Акын, “Асабанын” кабарчысы Шайлообек Дүйшеев келиптир редакциябызга саарлап биз эми иш баштайлы деп атсак, Мурза аканын дарегин сурап, биз үйүнүн адресин айттык. Кеткен. Акшамда иш бүтүп троллейбуста үйүмө өтүп баратсам, экөө кан жол боюнда, Мурза акенин кылбаат жайы болгон Совет көчөсүнүн Физприбор аялдамасынын бет маңдайындагы бункерден чыга калган эле жерде сүйлөшүп турган экен. Тоо-ба, Күн асманды бир кыдырып чыкканча кеп урушуптур да экөө.

 

Кыял жана чындык

Жазуучунун көп каармандары турмуштун алынган, мисалы, “Кыштакчадагы” жаш завуч – бул Мурза ака менен акыркы учурга чейин байланышып жүргөн Азиз Сейитбеков, мергенчи – кадимки Мургабдагы атактуу аңчы Чыныбай аба, “Көчөдөгү” Аваз – өзүнүн үкаси, Коңурбай раис – Мамасыдык Коңурбаев, Малике – Инаят эже, Ормотой шыбакчы, Туман мерген, Абдилла бешикчи, шыпыргы сатуучу Нышанбай – баары бир айылдын жашоочулары.

Ал сюжет издеп, каарман издеп, эчен жолу өзүнчө эле кайыш курткасын кийип, торбосун асынып, кеткиси келген жакка кетип калчу. Жазуучу болом деген киши ата журтун бир сыйра жөө кыдырып чыгышы керек деп, жетимишинчи жылдардын соңунда Баткендин Кыштут айылынан ары эки мугалим жигит менен кырк чакырым жол басып, сокмо жолдордон, жалгыз аяк кыялардан, кылкылдак көпүрөктөрдөн, кылт этсең Сох дайрага кулай турган баш айлантма аска боолорунан өтүп Зардалиге барат. Нойгуттун кызын издеп барат. Нойгуттар Сакы аттуу жигиттин жетегинде 15-16-кылымдарда азыркы аймактык бөлүнүш боюнча Кытай жактан, Лобнор көлүнүн атарабынан келип ушул Зардалига түшкөн деп калчу. Ошондон тарайт, ноокаттык нойгуттар.

Ал көп чыгармаларын кыялый элестерден жазчу, анын кыялы өтө учкул, романтикасы бай эле. Чындык менен кыялды укмуштай ашташтырчу…

 

Гапкана гап ээсин жоктойт

Чын эле Мурза ака узун сөздүн, кыска чыгармалардын чебери эле. Оозеки сөзгө уста эле, элестүү кылып айтат эле, сүйлөп бараткан түз жолунан чыгып, башка темага түшүп кетет эле. Алым Токтомушев менен акыркы жылдары “Асаба”-“Агымда” сүйлөшүүлөрү эл тарабынан ушунчалык кызыгуу менен кабыл алынгандыгы кыргыз маданиятына жаңы форманын, жаңы жанрдын киришинде гана эмес, Мурза аканин тээ балалыгын төкпөй-чачпай кинодогудай кылып айтып бергендигинде да эле. Түштүктүн турмушун ал кишинин ошол газеттик баянынчалык эч кимден окуган эмес экем. Жыргап окучумун, унут калган бала чакка – Ноокатка барып келгендей болчумун.

Мурза ака башка эч нерсе жазбаган күндө да ошол гапканасындагы гаптары менен өзүнүн маданиятын, сүрөткерлигин, гуманисттигин жаамы журтка көрсөтө алды. Ошол шаар четиндеги бир дүкөнчөнүн эски үстөлдөрүн эшикке чыгарып бергенине ыраазы боло кечке отуруп эки таланттын баарлашуусун “Жаңы Ала-Тоодон” азыр кайра окуп кыргыз классикасынан дагы бир жолу даам таттым, ашкере чаңкоом дагы бир жолу канды…

 

Сууктан коркуу

Мурза ака дайыма айтчу: кыш келатканда эле корком дечү, сууктан корком дечү. Ушундай дечү да чыйрыккансып, ичиркенип алчу. Быйылкы кыштан кандай чыгаар экемин деп басып кетчү.

Коркуп калчумун.

Мурза ака, кыштын суугунан корккон Мурза ака, 2002-жылы 11-июнда, жайдын ысыгында – балким кылымдын эң ысык күнүндө – саратандын асатинде үзүлдү…

 

Арзыматтардан – сакуралардын саясына

Өткөн кылымдын 90-жылдарынын аягында акын-жазуучулар бийликке аябай кошоматтанууга өтүп алды. Мурза Гапаровго да үй алып бергендер, үй бергендер аны өздөрү тарапка имерип көрдү. Болбоду. А түгүл жаны ачыганда мындай саптарды жазып жиберди: “… Сары-Өзөндүн даанышман уулу Шабдан баатырдын ошондой (Токтогул менен айтышкан Арзыматтай кошоматчы – М.А.) ырчысы болгон турбайбы, кара жаак Калмырза деген. Баатыр ажылыкка аттанганда Калмырза минтип атказган имиш:
“Ак боз бээни сойсок да,
Атын Шабдан койсок да,
Ааламдан чыкпайт сизге тең,
Баатыр Шабдан кеменгер,
Ажыга аман барып, аман кел…”

Ушул жерге жеткенде Шабдандын жан жигити Баяке: “Токтот, токтот… Ар жагын бузуп аласың” деген дешет. Ырчы дароо басылып, андан жогорку кыска жана нуска саптар гана калыптыр. Атаганат, азыркы биздин элбашчы, жолбашчыларыбыздын жанында дагын Баякедей эр жигиттер бар болсочу. Анан ал жигиттер ар кандай айлакер кошоматчылардын алдын тороп, алардын аяр арзуусун аңдып, үлкөн үмүттөрүн үзүп, үшкүртүп турушса” (Гапаров М. Ак үйгө арналган серенада // Асаба, 1998, 3-апр.).

Мурза Гапаров мына ушинтип бийлик жана жазуучу, кошоматчылык жана чындык, көшөкөрлүк жана түздүк тууралуу ойлорун айтып келип, негедир жазып аткандарын маанайы чөгүңкү уруй менен мындай куласалайт:

“Биздин өлкө баатырларга муктаж. А биздин баатырлар – арзыматтар.

Айта берсе арман көп…
Негедир уйкум келет… уйкум келет…
Негедир Киотого кетким келет… Ал жакта азыр сакуралардын чатырап гүлдөгөн маалы. Сакуралардын саясында чачтары карганын канатындай жалтылдаган, ажары айдай айымдар, айымкыздар баратышат. Ааламдагы эң сулуу аялдар Киотодо жашашат. Киото-сан… Сакура-сан…”

 

Ташпанар – эстелик

Мурза ака сүрөтчү уулу Исраилге айтыптыр, өлгөндө бейит башыма сүрөтүмдү койбогула дептир. Жапан стилиндеги ташпанар коюп койгула дептир. Ошентишти. Өлгөнгө чейинки элиталардын заңгыраган мүрзөлөрүнүн арасында жөпжөнөкөй бир эстелик-фонарь турат. Белгисиз бир кол дал ошол фонарды көтөрүп, жапандардын байыркы шаары Киотого, же тазалыктын тоосу Фудзиямага быжырап аябай көп ажайып гүлдөрүн самсалатып төгүп турган сакураларды аралап, дервиш сымал жай басып бараткандай…

 

Геннадий Базаров, кинорежиссер: “Мукем менен сүйлөшкөн өзүнчө ырахат эле…”

Геннадий Базаров агабыз да Мурза Гапаров жакшы көргөн, жакын көргөн досторунан. “Мукем менден улуурак эле. Чыгармачылык жолубуз кесилишкен күндөн байланышыбыз үзүлгөн жок. Аны менен сүйлөшкөн өзүнчө ырахат эле, азыр ал күндөрдү эстеп жетимсиреп бөксөрүп калам” дейт режиссер агабыз.

– Мурза Гапаров менен таа­ныш­тыгыңыз ал киши сценарийин жазган, сиз тарткан “Көчө” тасмасынан башталганбы?

– Жо-ок, ага чейин эле башталган. Мен Москвада ВГИКте окуп жатканда Мурза Кинематографисттер союзунун алдындагы сценаристтер курсунда окуп жүрүптүр. Ошондо жолукканбыз. Мен каникулга келгенде курстук иш катары “Молитва” деген 30 мүнөттүк кыска метраждуу тасма тартып барып, ошону Москвадан көрсөтүп, ошол жерден таанышканбыз. Чыгармачылык жолубуз кесилишкен ошол күндөн Мурза менен чогуу окуган Кубаныч Усубалиев үчөөбүз тыгыз чыгармачылык, адамдык жакшы мамиледе болдук. Биринчи тарткан тасмаларымды аларга көрсөтүп, алар аны жаздык, муну жаздып мага айтып турушчу…

– “Көчөнүн” сценарийин да чогуу талкууладыңар беле?

– 1971-жылы Мурза: “Менде бир сценарий бар, “Көчө” деген, окуп көрчү” деп калды. Окуп көрсөм, ушундай жарык, ушундай кызыктуу сценарий экен, дароо эле “Муке, уруксат берсең, мен тартайын” дедим. Анан тартып баштадык, 1971-жылы баштап, 1972-жылы бүттүк. Съемка учурунда Мурза биз менен жүрдү. Тартып жатканда ал жазган сценарийден эч нерсе калган жок. Рыскулов, Кыдыкеева, Жумадылов, Жангорозова сындуу залкарлар тартылды да, алар ойноп жатып импровизация кылып тексттерди алмаштырып жиберишчү. Алардын табылгаларына Мурза өзү да күлүп, “макул, макул, ушундай болсун” деп жатып сценарийи юморго байып, акыры жумшак юморлуу тасма жаралган.

– Мурза аганын эмнесин көп эстейсиз?

– Мукем турган турпаты менен алтын адам болчу. Ачык, жөнөкөй, кичипейил, интеллигент эле. Улуу-кичүү дебей сиз деп сүйлөшчү. Кээде кичинекей балдарды да сиз деп койчу. (Күлүп) Ички маданияты ушунчалык жогору, изденип көп окуган, не бир укмуштарды билген эрудит болчу. Аны менен сүйлөшкөн өзүнчө ырахат эле, азыр ал күндөрдү эстеп жетимсиреп бөксөрүп калам… Экөөбүз жолукканда кофе ичип көпкө сүйлөшүп отурчубуз. Жакшы кабарга сүйүнчү, жаман көрүнүшкө күйүнчү… А азыр… Мукем аман турса, ушундай турмушка, түндүк-түштүк болуп бөлүнгөнгө катуу кайгырмак, түйшөлмөк… Менин бир өкүнгөнүм: 96-жылдардан бери экранга чыгып келаткан “Альтернатива” деген берүүм бар, далай залкарлардын жүзүн, үнүн тартып калдым, бирок ушул Мукемди тартканга үлгүрбөй калдым…

– Үй-бүлөсү менен да тааныш болсоңуз керек?

– Ооба. Татынакай үй-бүлөсү бар эле. Балдары да жакшы чыкты… Айкыз деген татынакай кызы атасынын жолун жолдоп сценарий жазып, тасма тартып баштаган, кийин Москвага кетти. “Гена байке, кетип жатам” деп кеткен, ошол бойдон байланышыбыз үзүлдү. “Каракызга” башында ушул Айкызды тартайын дегем, окшоштуруп кокустан Гүлсинаны таптым…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы, «Асаба» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 20.03.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.