Манасбек Мусаев: “Сүймөнкул Чокморов, Таттыбүбү менен иштешип калганыма сыймыктанам”

“Ак кеме”, “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”, “Бөрү зындан” өңдүү фильмдерди кимдер гана көрбөгөн. Мына ошол кайталангыс кинолорду жараткан кинооператор Манасбек Мусаевдин кино өнөрү тууралуу маек курдук.

“Баарыбыз Тарзан болуп кеткенбиз”

– Манасбек агай, киного кызыгып калууңуздун негизги себеби эмнеде?

– Биз Кочкордо жашачубуз. Согуш аяктаган жылдары биз тарапта жарык жок, керосин чырактар менен олтурчу элек. Ошол учурда опера-балет театрынын артисттери оюн коюп келип калышчу. Сары-Дөбө деген жерге эл чогулуп, ошол дөбөдө артисттердин оюндарын көрөр элек. Бир күнү ошол жерде жүрсөк эле, чоочун адамдар биз көрбөгөн аппараттарын алып чыгып, бир нерсе кылып жатышат. Анда биз бала элек, таң калып эле карап калдык. Көрсө алар кинооператорлор экен, сюжет тартып жүрүшүптүр. Анан алар жарактан чыккан плёнкаларын үзүп, бизге оюнчук кылып беришти. Эми жыттап көрсөң жыты укмуш. Ошентип биринчи жолу 6-7 жашымда киночуларды көрдүм.

Кийинчерээк мектепте окуп калганда ата-энем мага “Любитель” деген фотоаппарат алып беришкен эле. Айылда жалгыз еврей сүрөтчү бар болчу. Ал документтерге сүрөт тартып калчу. Ошол адамга кандай тартыш керек деп көтөрүп барсам, ал көргөзүп берди. Бирок, толук үйрөнө алган жокмун. Ленинграддан физика сабагынан берген мугалим келип, сүрөт тартканды үйрөткөн. Ошондон баштап фото сүрөттөрдү тарта баштадым. Кийин кинодогу каармандарды туурай берээр элек. “Тарзан” деген фильм чыкканда балдардын баары бактан-бакка секирип, баарыбыз эле тарзан болуп кеткенбиз.

– Операторлукту кайдан окуп үйрөндүңүз?

– Мектепти бүтөөрдө Москвада кинооператорлук кесипти үйрөтүүчү институт бар дегенди угуп калдым. Анан алдыма кинооператор болом деген максат койдум. Бирок ал кезде операторлук факультетке өтүү үчүн эки жылдык тажрыйба топтош керек эле. Анан киностудияга оператордун жардамчысы болуп орноштум. Адегенде жардамчы, анан ассистент катары эки жыл иштедим. Москвага сынакка бара жатканда Шаршен Усубалиев бизге билет сатып берип, “ал жакта сынактар абдан татаал, өтпөй калсаңар поезддин алдына өзүңөрдү таштабагыла. Быйыл өтпөсөңөр эмки жылы өтөсүңөр деген эле. Көрсө ал киши бизди психологиялык жактан даярдаган экен. Операторлук факультетке мен өтүп, жанымдагы досторум өтпөй калышкан.

manasbek_musaev1

– Оператор камера аркылуу ар бир деталды көрөт эмеспи. Ошол тартып жатканда бир ролго толугу менен кирип кетип, оператор экениңизди унутуп калчу эмес белеңиз?

– “Ак кеме”тасмасын абдан таланттуу артисттер ойноду. Өзгөчө Нургазынын ролу өтө таасирлүү эле. Бала ооруп калып, бугу энеге “Бугу эне, Орозкулга бала берчи” деп кайрылган эпизод бар эле. Ошол мезгилде мен ири планда анын көзүн тартып жаткам. Кичинекей болсо да ушунчалык ийинине жеткирип ойноду. Анын көзүнөн мөлт этип жаш тамса, менин да көзүмөн жаш таамп жатты. Ооба, айрым эпизоддордо ролдорго жан дүйнөбүз менен кирип кеткен учурлар болгон.

 

“Өрт өчүрүүчү машинадан суу чачыратып, кино үчүн жамгыр жасачубуз”

– Болот Шамшиев сыяктуу залкар режиссерлор менен иштедиңиз. Алар ролго ылайыктуу актерлорду кантип тандашчу эле?

– Эл экрандан артисттерди эле көрүп, режиссер, операторлорду таанышпайт да. Кино тартууда артистти туура тандабаса, фильм оюңдагыдай чыкпай калышы ыктымал. Ассистенттер сценарий жазып жатканда болжолдуу түрдө ролдорго тандала турган артисттердин мүнөздөмөлөрүн беришет. Анан Кыргыз драмтеатрынын, райондук театрдын артисттеринин сүрөттөрүн чогултуп жана көчөдөгү башка адамдарды сүрөткө тартып, тандашчу. Ролго ылайыктуу деп тандалган адамды чакырышат. Фильмдин эпизодун ойнотуп көрүшөт, анан экрандан көрүнүшүнө байкоо салып, өтө кылдаттык менен тандашчу.

– Азыр жаанды же шамалды компьютер менен жасап коюшат. Мурда ушундай кубулуштарды кантип тартчу элеңиздер?

– Жаанды өрт өчүрүүчү машинанын жардамы менен жасачубуз. Эгер шамал керек болсо, кадимки эле эски самолёттун желдеткичин колдончубуз. Түнкү эпизоддорду режимдик убакытта тартчубуз. Режимдик убакыт эртең менен күн чыга электеги учур жана кечинде күн батып, бирок иңир киргенге чейинки маалды кармап калчубуз. Бул абдан аз эле убакыт. Жарым сааттын ичинде эпизодду тартып жетишип калыш керек эле. Ал эми азыр бардыгын компьютер менен тартып калышпадыбы, бирок профессионалдарга ал байкалып калат.

– Убара болуп тарткан эмгегиңиздер кандайдыр бир себептер менен өчүп же жараксыз болуп калса, эмне кылчу элеңиз?

– Оой айтпа! Өзгөчө түстүү фильмдерди тартканда маселе көп чыгат. Анткени бизде түстүү лаборатория жок болчу. Биз тасманы тартып, плёнканы Москвага же Ленинградга жиберебиз. Анан бул жактан күтөбүз, күтө берип чачың агарат. Анткени бир тасмада канчалаган адамдын эмгеги камтылган да. Кээде жарабай да калат, анда айла жок, кайра башынан тартууга туура келет. Мындай учурлар көп эле болгон.

– Азыркы тартылып жаткан фильмдерди көрөсүзбү?

– Чындыгында азыр кино деле көрбөй калдым. Бирок, кээде фильмдин бетачарына чакырып калышса барам. Бирок, айтып коюш керек. Азыр таланттуу жаштар чыгып жатат. Мисалы, Мирлан Абдыкалыков кинону атасынан кем калышпай тартып жатат. “Сүтак” деген тасмасы жакшы фильм болду. Айтмакчы, акыркы көргөн фильмим эмдигиче эсимде бар. Марат Сарулунун “Көч” тасмасы профессионалдуулук менен сонун тартылган. Көрүнүшү, оператордук иштери да мыкты экен.

 

“Залкарлар менен иштешип калдым”

– Сүймөнкул Чокморов, Таттыбүбү Турсунбаева кыргыз киносунун жүзү эмеспи. Ушундай адамдар менен иштешүү жеңил болсо керек?

– Мен өзүмдү бактылуумун деп эсептейм. Анткени Сүймөнкул Чокморов, Таттыбүбү Турсунбаева менен көп иштешип калдык. Булардын өзгөчөлүгү ролго толугу менен берилип аткарышар эле. Кино дегенде жанын да аяшчу эмес. Чокморов кийинки жылдары абдан катуу ооруп жаткан. Алгач “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” фильминде толуп турган учуру эле. Анда чуркап бара жаткан атка секирип минчү. Ал эми акыркы фильмде ооруганынан бир канча сүйлөмдү жаттай албай кыйналды. Тепкичтен араң эле түшөт. Көрүп алып жаның кейийт. Ооруп жатканына карабай, фильмди аягына чыгарган.

– Кино тармагы тууралуу китеп жаздыңызбы?

– Мен фильм тартып жүргөн убактарда күндөлүк жазып жүрчүмүн. Ар бир фильм кандай тартылды, кандай техникалык нерселер колдонулду, кайсыл эпизоддо кыйынчылык болгондугун тизмелеп жазып жүрдүм. Ошол күндөлүк сакталган экен. Кийин жыйырма жыл өткөндөн кийин ошол кол жазманы китеп кылып чыгардым. “Кинокадры моей памяти” деп аталып, орус тилинде чыкты.

– Мыкты актёрлор менен бирге иштеп жатып, өзүңүз да актёр болуп кеткиңиз келчү эмес беле?

– Жок, менимче, кинодо башка кесиптер менен алмаштырбай турган бир гана кесип бар. Ал операторлук кесип. Чарли Чаплин өзү режиссер, артист, сценарист, композитор болгон. Бирок оператор болгон эмес. Анткени кинодо операторлук кесип негизги жана оор кесип. Операторлук кесип – менин тагдырым. Ушул кесипти аркалап калганыма жаратканга ыраазымын.

– Мистикалык фильм тартуу оюңузга келди беле?

– Мындан бир топ жыл мурда Болот Шамшиев чакырып, бир фильмди сунуш кылды. Мен алгачкы фильмди да ушул адам менен баштадым да. Анан акыркы фильмди да Шамшиев менен тартсам дейм. Менин чыгармачылыгымдын башы менен аягын байланыштырган бир айлана болот деп ойлодум. Ал тасмада мистикалык эпизоддор бар эле жана “Призраки орехового леса” деп аталмак. Тилекке каршы, түрдүү себептер менен фильм аягына чыкпай калды.

– Ошол мистикалык элементтеринен айтып бербейсизби?

– Анда каармандын көзүнө бир караан көрүнө берет. Мисалы, ошол караандын көлдүн үстүнөн баса турган жери бар эле. Болот Шамшиев жасалмалуулукка жол берчү эмес. Кыз сууга чөкпөш үчүн суунун түбүнө түрдүү материалдар менен атайын түркүк жасадык. Суунун үстү туман болуп, караан бир көрүнүп, бир жок болуп туруш керек эле. Ал туманды түтүн шашкалары менен чыгардык. Бирок шамал ары-бери айдап, бир топ кыйналдык. Ассистенттер чуркап жатып, эпизодду араң тарттык. Кадрдан карасаң чыныгы эле туманга окшоп калды. Дагы бир эпизоддо ал караан терезенин ары жагынан көрүнүш керек . Анан адам басканда билинип калат да, ал эми биз актрисаны оператордук тележкага тургузуп, акырын жылдырып тартканбыз. Кызды дагы да коркунучтуу кылыш үчүн көзүнө атайын ак түстөгү линза жасатканбыз. Кареги аппак болуп турса, карагандан коркосуң. Ушул эмгегибиздин баары текке кетпедиби.

manasbek_musaev2– Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз…

– Келинчегим менен Москвадан таанышкам. Эки кыз, бир уулум бар. Улуу кызым врач-кардиолог, учурда Москвада жашайт. Аспирантураны ошол жактан бүтүрдү. Россияда жаш окумуштуулардын арасынан илимий изилдөө боюнча биринчи орунду алды. Сыйлык катары Барселонага жолдомо беришкен. Уулум азыр Америкада, докторлугун жактаганы жүрөт. Кичүү кызым экономика илимдеринин кандидаты. Азыр Будапештте илимий иштер менен алектенет. Кесибиме байбичем түшүнүү менен мамиле кылат. “Ак кемени” тартып баштаганда, кызым жаңы эмгектеп жүргөн эле. Кино тартып жүрүп кызым бир жашка чыгып калды. Эки күндүк эс алуу бергендиктен, түнкү автобус менен үйгө келдим. Анан байбичем тосуп алды, кобурашып олтурсак эле, эшикти ачып кызым басып келе жатат. Ошентип, кино тартам деп жүрүп кызымдын алгачкы кадамдарын көрбөй калгам.

Мунара Кадырдин кызы, «Полит Клиника», 09.02.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.