Үрүниса Маматова

Акын Үрүниса Маматова Кара-Кулжа районундагы Октябрь айылында 1951-жылы 29-январда туулган.

1968-жылы Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, эки жыл өз айылында башталгыч класстын мугалими болуп иштеп, 1972–1977-жж. «СССРдин 50 жылдыгы» атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде окуган.

Университетти аяктагандан кийин Кыргыз совет энциклопедиясынын физика, математика, техника редакциясында кенже редактор, 1985–1990-жж. Кыргыз Жазуучулар союзунда машинистка болуп иштеген. Андан кийин 2007-жылга чейин соода менен алектенип келген.

Чыгармачылык жолу 8-классты аяктап жатканда, акыркы коңгуроо күнү Өзгөн райондук «Октябрь туусу» гезитине «Кош мектебим» деген ырынын чыгышы менен башталган. Андан кийин ырлары облустук, республикалык басмасөздө жарыяланып келди.

«Ак куш» денен алгачкы ырлар жыйнагы 1982-жылы жарык көргөн.

1991-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамотасы менен сыйланган.

 

Үрүниса Маматова жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Колдо бар алтын

Кусадан, сагынчытан жалкып калдым

Аялдар поэзиясы: кечээ жана бүгүн

 

Ырлар

* * *

Супсулуу болуп муңайым түшкөн сүрөтүң,
Бир китептин арасында жүрөсүң.
Өлбөй-житпей алып турат бул сүрөт,
Өткөн-кеткен өмүрүңдүн бир өчүн.
04.10.2009

 

* * *

Күн мурунтан Күздүн сырын чечмелеп,
Жок жердеги жоболорду тапчу элең.
Кымбат кездин баркын бетер ашырып,
Кыял менен кыйма-чийме акчу элең.

Күндөштөргө күн көрсөтпөй бир шектен,
Күйөөлөр да өлүп тынды бир четтен.
Өрүн карай баратасың өмүрдүн,
Өзүң болсо дале чыкпай бир чектен.

 

* * *

Иште-иште, сен эч кимди сагынба,
Жазбай калсаң, убал жарты сабың да.
Жетет, бүттүң тайгаланып, жыгылып,
Эми кайтпа, калгын ушул табыңда.

Бизди көбү бир булуттай таанышат,
Бизден алар жетпегенин табышат.
Биздин ырлар, демек, керек жазылыш,
Бизге ар бир ыр сабында калыш ак.

Ар бир сөздүн багын ачып, гүлдөтүп,
Өзүң дагы ачыл бирге гүлдөшүп.
Канча күнөө мойнубузда жүктөлүү –
Канча сөздөр ырдалбастан тим кетип.

Чечендигиң таңдайыңан чаң чыккан,
Чынчылдыгың жалган айтсаң жан чыккан.
Калыш керек белек болуп урпакка,
Ырларыңда сүрөтүңдү тартышкан.
17.02.2013

 

ЫСЫК-КӨЛ

Бир кыз балаң жээгиңде төрөлгөн,
Толкуп күтүү – алмустактан жөрөлгөң.

Айдай сулуу, Айдай сырдуу кызыңын,
Ылайыктап Айгүл койдуң ысымын.

Анан, Айгүл айдыңыңда торолгон,
Сени карап бой бербеген бороонго,

Сени карап кыш чилдеде тоңбогон,
Жай чилдеде бууланбаган, соолбогон,

Жан дүйнөсүн кереметиң даарыган,
Бул дүйнөнү сен аркылуу тааныган.

Сербең-сербең сени бойлоп жүгүргөн,
Жүрөгүнө шоокумуңду сиңирген.

Ойлору, анан, сендей толкуп-чалкыган,
А кыялы чардагыңдай кайкыган.

Шамалыңа жибек чачын тараткан,
Шапатаңан сергип ырлар жараткан.

Эркең эле эч ким аны тыйбаган,
Ээленгенде элдин баарын кыйнаган.

Бороон болсо толкундарың сыйбаган
Өзүңө окшош эле кызың кыйраган.

Сенде жатат сенек болгон денеси,
Менде, элде калды жаркын элеси.
04.10.2009

 

АЙГҮЛ

Жалгыз элең мени мендей түшүнгөн,
Сенде дагы жалгыз болгон үчүн мен,
Кудуреттүү, ишенимдүү жүрчү элем,
Ажырадым эми ошол күчүмдөн.

Билинбестен ичтен үңүп жеп жүргөн,
Шум ажалды азыр эмес деп жүргөм.
Сага айтчуну эми айтпасмын эч кимге,
Сени айтчуну эми укпасмын эч кимден.

Ушул жолу күзүң менен үндөшүп,
Далай ырды жазсаң болмок гүлдөтүп.
Сен башкача жашаймын деп турганда,
Келе калды кантип ушул күн жетип!

Өзүң баркын биле жүргөн Күзүңдүн,
Доорун сүрбөй, ырын жазбай үзүлдүң.
Сабак-сабак гүл теришээр дестелеп,
Санап-санап саптарыңдан изиңди.
12.09. – 20.09. 2014

 

* * *

Биз үчөөбүз алыс, жакын жүрсөк да,
Бир жашоонун агым күүсүн туйчубуз.
Ар бирибиз сезимди ырга айланган,
Бапестеп бир ыр деңизге куйчуубуз.

Бириккенден чачылганы көбүрөөк,
Бул жашоонун агымында бир элек.
Бир жыл болду үчөөбүздө бир топко,
Бириктирбей калды эми бул дарек.

Бир бөксөрүп, бирде толуп туруучу,
Жашоо-турмуш шарты менен илээшип.
Таянышып, таарынышып, табышып,
Көз салышып туруучу элек күрөшүп.

Бул жашоонун ысык менен суугуна
Бир жыл өттү, болбой калдың теңшерик.
Солкулдатып биздин бекем үчтүктү,
Кете бердиң бир капталды эңшерип.

 

* * *

Түн бир оокум…
Сен телефон чалбайсың.
А мен чалсам эми эч качан албайсың.
Бир чындыкты канча какшап айткансың,
“Сен мендейди бул дүйнөдөн таппайсың”.

Ыр дагы окубайсың, түндүн бир оокумунда,
Үргүлөп, уйку-соодо олтурбайм мен да тыңшап.
Тепкесин телефондун баса албай, сени сыйлап…
Эми орток болалбаймын бирде тынч, бирде күү-шаа,
Буйланган деңиз сымал көңүлдүн шоокумуна.
Сурана да албаймын “уктачы”, “уктайлы” деп.
Түндүн бир оокумунда…
Уруша да албаймын, “токтоткун, жетишти, чек”
Эми эч качан чыдамым чыгып чектен…
Өчүрүп телефонду туруп кетпейм…

Түн бир оокум…
Сен телефон чалбайсың,
А мен чалсам, эми эч качан албайсың.
“Ии десең”,- деп кадимкидей үн салсаң,
“Ии дебейм” деп, адатымдай чыр салбай.
“Айгүлүм” деп айтаар элем сурантпай,
Азыр ичтен айтып жатам тынч албай…
Уйкум келбейт…
Таң атаарга аз калды…
Атар таң да бир сөзүңдү айткансыйт:
“Сен мендейди бул дүйнөдөн таппайсың».

 

* * *

Асманына жылдыздар жык чачылып,
Түндөр сени эске салат сырдашкан.
Жандаш эле келаткандай жашынып,
Жолдор сени эске салат бир баскан.

Көпкө чейин кабарлашпай калышкан,
Кезектеги таарынычтын бириндей.
Бир күн кайра жолугушуп калчудай,
Сезим бийлеп бир жыл өттү билинбей.

Болбогондой арабызда эч нерсе,
Адаттуудай жолугуша калчудай.
Сууй түшкөн арабызды ысытып,
Сагынычтын коломтосу жанчудай.

Кадимки жай жашоом өткөн менен да,
Калгансыдым жалгызсырап элеңдеп.
Сендей эркин батыналбай башкага,
Жасайм азыр мамилемди чебердеп.

 

КАЛЕНГЕ

Жалгыз өзүң күрөшүп, жалгыз өзүң
Эс-акылсыз эркектин баары менен.
Бир шилтесең бир тобун кыйратасың,
Жаңыл Мырза эжеңдин жаалы менен.

Коркуп кетем кантет деп карап туруп
Карсылдашып күрөшкө чыкканыңда.
Каныкейби, Каленби тааный албай
Таң калам да, таң берем утканыңда.

Аял болуш кыйын ов, аял болуш
Сеникиндей жүрөктүн жаалы менен.
Жакшы жашайт бекен деп ойлой берем,
Тагдырынан табышкан жары менен.

 

ТОКТОГУЛГА

Сарсанаа болбо:
“Кантти экен катаал кезде”, – деп,
Кудайга шүгүр, тиричилигим тың эле.
Урабай турган улуу бир нерсе бар тура,
Урматтап мени, унутпай жүрсөң чын эле.

Жакпасын кимге эсинде болсо бирөөнүн,
Жарыңдан уктум, оюңда жылуу жүрүпмүн.
Даркан талаада даңканым учпай туяктан,
Байлоодо турам бириндей жолсуз күлүктүн.

Жакшы эле жүрөм, өзгөргөн жокмун анчалык,
Сырымды бербей зыңгырап коём дагы эле.
Көктүгүм менен турмуштун билдим өчтүгүн,
Жалгыз ыр бүтпөйт, табылбайт жалгыз сап эле.

Бүтпөс ыр бүтпөй, табылбас сабың табылбай,
Ит турмуш менен ит болуп каңгып кетмей бар.
Периштең конуп оң ийиниң оттой күйгөндө,
Акының болсом, жакының болсом эстей кал.

 

РАИСАГА

Мен жөнүндө ыр жазчы,- деп калчусуң,
Ал ырды анан кошмок элек обонго.
Жаздым беле, калдым беле же жазбай,
Көп ырларым жазып-жазбай жоголгон.

Сезээр элем бир бийикти дилиңен,
Барктуу эле ал байлыктын баарынан.
Бийик эле ал мансаптын түрүнөн,
Жандүйнөңдү поэзия даарыган!

Ал бийиктик бороондору турмуштун
Чөктүрдүбү, өстүрдүбү? Көрүнбөйт.
Көкүрөккө көп толкунду сыйгыздың,
Көз алдыңда Көл чайпалат, төгүлбөйт.

 

СВЕТАГА

Ырбилгилер жолугат канат болуп,
Ошондо бир көкөлөйм, ошондо бир
Байыйм дейсиң байпагым манат болуп,
Бүт өмүрдүн мааниси ошондодур.

Ырдай болгон жакшынам, жолугуп кет,
Ачык күндүн өзүндөй жарык болуп.
Анан, барып “Кыргыз тили” сабагыңы өт,
Ар бир сөзүң калгыдай тарых болуп.

 

КАРГАШАЛУУ ОШ ОКУЯСЫНА КАБЫЛГАН АЙЫЛЫМА

Жакшы атыңды чыгарсам деп жүрчү элем,
Жакшы тилек ишке аша албай созулду –
«Өктөбүрүм» өзөгүнөн өрт кетип,
Жаман атың чыгарчулар озунду.

Не бир коңур, кой оозунан чөп албас,
Бир жупуну, момун моңол журт элең.
Бейпил күндүн берекеси төгүлүп,
Бешенеси ачык жашап турчу элең.

Жакшы уулдар чыкса чыгаар, чыкпаса,
Жалаң кызым бар деп жүрсөң мейли эле,
Тууруңдан бир шумкарың учпаса,
Туяксыздай туюк жүрсөң мейли эле.

Ээликкенди эрдик санап топ бейбаш
Элдин атын, жердин атын булгаптыр.
Жакшыларың, мыктыларың бар туруп
Ушуларга эч ким көңүл бурбаптыр.

Аш-тойлордо бышык сүйлөп, тың сүйлөп
Жүрүшчү эле эстүүлүгүн билгизип,
Алааматта акыл-эсти токтотоор
Бир айылдан табылбаптыр бир киши.

Боорукердик, адилеттик, токтоолук —
Ар жигиттин эр белгиси деп айтпай,
Кайда жүрдүм, эмне кылдым, ушунча
Өмүрүмдө айтчу бир ак кеп айтпай?

Оңой менен жуга бербейт акыл-эс,
Бузукунун күчтүү болот таасири,
Эл заарына маашырланат эл бузаар
Арам оюн алды ишке ашырып.

Наадан урпак өсүп жатса артымдан
Чечендигим, акындыгым курусун.
Жети катар жерге кирип турамын,
Бир суу ичкен жакындыгым курусун.

Мейли өлүмдү, мейли узак түрмөнү,
Кай жазаны алсаңар да кайгырам.
Кайышамын, бирок да эч бирөөңү
Арачалап кала албаймын айбыңан.

Капилеттен каргашага кабылып,
Канга забын болуп канжар калтырайт.
Камырдан кыл суургандай иш кылып
Жылма кайрак карап турат жалтырап.

 

АРЫК МЕНЕН ДАРЫЯ

– Ала кет мени, дарыя,
Шарыңа кошуп алкынган.
– Тура албайм токтоп көз ирмем
Жүгүм бар албан артынган.

Кошулсаң болмок тээ тоодон,
Дарыя боло электе.
Дарыя атым ааламга
Жарыя боло электе.

Кол арык менен бар дагы,
Сиңе бер эгин талаага
Армандуу карап шарыма
Алыскы жолду самаба.

Баарыга милдет бир гана
Сен үчүн дагы, мен үчүн –
Алыста, мейли жакында
Кызматта жүрүш эл үчүн.

 

ГҮЛДӨРДҮН АРМАНЫ

Коё тур, дыйкан, коё тур,
Биз турган жерди айдабай?
Жан киши үзүп жыттабай
Калабы бизде арман ай!

Коё тур, дыйкан, коё тур,
Кыз-жигит мында келе элек.
Боз улан бизди дестелеп
Селкиге арнап бере элек.

Коё тур, дыйкан, коё тур,
Жаңыдан гүлдөй баштадык.
Билбедик эле кетерин
Кош айдоо эрте башталып.

 

ИТ

Каңгыйсың ачка, ток болуп,
Ток күнү катуу шоктонуп,
Үрөсүң өткөн-кеткенге.
Ач калып, алың кеткенде,
Көңүлүң келбей үргөнгө,
Көрүнгөн чоочун үйлөргө,
Үмтөтүп, шимшип барасың,
Буюрса шыбага аласың.
Бир киши билбейт жашыңы,
Атүгүл билбейт атыңы,
Күчүгү элең кайсы иттин,
Эскерип аны айтат ким?!
Мойнуңа таккан тогооң жок,
Кайтарган же бир корооң жок.
Айып жок сенде, арман бар.
Үйрөткөн эмес адамдар,
Ууруну таап келгенди,
Же ээрчип алып мергенди,
Ууга түк чыккан эмессиң.
Санабайт итке сени эч ким.
Байлоодо багууң жарашса,
Тагдырың гана бак ачса,
Адамдар жайың билишсе,
Болмоксуң сен да бир итче.

 

АТ

Атмын дейсиң, арабага чегилген,
А божусу мага эмне үчүн берилген?
Кеч киргенде арабадан чыгарган,
Агын сууга алып барып сугарган,
Адам кайда арабаны айдаган,
Арабаны, атты тейлеп, жайлаган?
Такаң кайда, ташыркаптыр туягың,
Мен саяпкер, — тулпарлыгың туямын.
Түйшүгүң оор, ооздугуң бек чайнап,
Дүбүрт уксаң, көздөрүңдө от жайнап,
Жер чапчыйсың, желдей сызып кеткиң бар,
Каран калган каамытыңды чечким бар.
Болсоң деймин, бул дүйнөнүн дарканы,
Аргымактын көккө ыргыса ай, даңканы.
Арабага тулпар чексе кээ болот,
Каамытыңды чечип салсам не болот…
Атмын дейсиң, арабага чегилген,
А божусу мага эмне үчүн берилген?!

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.