Дүйшеке Дөкөнбөев

1938-жылы 16-февралда Ысык-Көл областы, Ак-Суу районуна караштуу Курбу айлында төрөлгөн. Талды-Суу орто мектебин бүтүргөндөн кийин Фрунзедеги (азыркы Бишкектеги) Скрябин атындагы айыл чарба институтуна кирип, андан инженер-механик кесибине ээ болгон.

Чыгармачылыгы өткөн кылымдын алтымышынчы жылдары эле башталып, алгачы «Көк-Кыядагы окуя» аттуу аңгемеси 1964-ж. республиканын радиосу аркылуу берилип (ал аңгеме студиянын алтын казынасына жазылган), 1967-жылы Советтик Кыргызстан газетасына жарыяланган. Ушул убактан баштап анын чыгармалары үзбөй «Ала-Тоо», «Кыргызстан Маданияты», «Жаш ленинчи» газета-журналдарына жарыяланып турган.

«Көк-Кыядагы окуя» деген ат менен биринчи аңгемелер жыйнагы 1978-жылы жарык көргөн.

Анын «Санташбек», «Кумайык» повестери сексенинчи жылдары «Ала-Тоо» журналына жарияланып, «Багыт» аттуу повестери менен токсонунчу жылдары (1996 жана 1997ж.ж) өз-өзүнчө китеп болуп чыккан.

2010-жылы «Ариет» романы, 2012-жылы «Жаза» повесттер жана аңгемелер жыйнагы, 2014-жылы «Каргыш тийген аял» аттуу повести, 2015-жылы «Үзөңгү-Кууш кайрыктары» аттуу повести жарык көргөн.

Мындан тышкары анын көптөгөн аңгемелери, макалалары республикалык, облустук  басма сөз каражаттарынан орун алып келет.

Махмуд Кашкаринин миң жылдыгына карата аңгемелер боюнча уюштурулган эл аралык конкурстун Кыргызстан боюнча эки жолку жеңүүчүсү болуп, анын «Каргашалуу күн» жана «Сүрөт» аттуу аңгемелери атайы сыйлыкка татыган.

Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

«Ардак белгиси» ордени, «Эмгекте каармандыгы үчүн медалы» жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эки жолку Ардак грамоталары менен сыйланган.

Ак-Суу районунун ардактуу атуулу.

Учурда Чолпон-Ата шаарында жашайт.

 

Дүйшеке Дөкөнбаев жана анын чыгармачылыгы тууралуу

 

Чыгармалары

Көрөр күн… (аңгеме)

Сүрөт (аңгеме)

Жаза (повесть)

Кумайык (повесть)

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.