Кубанычбек Маликов – кыргыз адабиятынын жарык жылдызы

Профессионалдуу кыргыз адабиятын түптөөдө нечен кажыбас кайраткерлер калемин сыяга малып, ак кагаздын дыңын бузушкан. Кыргыз адабиятынын тарыхында аты алтын тамгалар менен чегилген ошондой адамдардын бири Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Кубанычбек Маликов болгон.

Педтехникум – интелегенциянын алтын бешиги

Белгилүү жазуучу 1911-жылы Чүй боорундагы Үч-Эмчек айылында кембагалдын үй-бүлөсүндө туулган. 1924-жылы катаал турмуштун кесепетинен Бишкек шаарына чукул Төкөлдөш айылына көчүп келишет. Азыр Төкөлдөш Бишкектин чок ортосу болуп калбадыбы. Алгач билимди Төкөлдөштөгү айылдык мектептен, кийинчерээк 1926-жылы №6 татар мектебинен билим алган. Мектептен кийин алгачкы кыргыз интелигенттери окуган Фрунзедеги педагогикалык техникумдан билим алган. Педагогикалык техникум ошол кездеги кыргыздын чыгармачыл, саясий интелигенциясынын алтын бешиги болгон.

Кубанычбек Маликов 15 жашында эле колуна калем алып, “Эркин-Тоо” газетасынын кабарчысы болуп иштей баштаган. Ал күндеминдеги жаңылыктар менен бирге уруучулук доордо эзилген аялдардын теңчилиги, жер-суу реформасы тууралуу жана башка темадагы түрдүү макалаларды жаза баштаган. Кубанычбек Маликовдун адабий тушоосу анын 1926-жылы жарыкка чыккан “Жазгы талаа” аттуу ыры менен кесилген. Ушул чыгармасын жараткандан баштап акын ар кандай жанрдагы чыгармаларды жарата баштаган. Ал калемин прозада да, поэзияда да, драматургияда да сынап көргөн. Анын ырларынын текстине жазылып калган обондуу ырлар ушул кундөргө чейин ырдалып, элдик ырларга айланып, популярдуу болуп кеткен. “Ак кептер”, “Аёо” деген ырлары азыр да кесипкөй ырчылардын репертуарынан түшө элек.

1931-жылы Кубанычбек Маликов педтехникумду окуп бүтүрүп, “Ленинчил жаш” гезитинде редактордун орун басары болуп иштеген. 1934-жылдан 1952-жылга чейин “Кызыл Кыргызстан” гезитинин жооптуу катчысы, “Кыргызмамбастын” көркөм адабият редакциясында бөлүм башчы, Ворошилов ГЭСинин курулушунда жумушчу колоннанын комиссары болуп бир топ кызматтарды аркалаган.

Кубанычбек Маликовдун мүнөзүнө жараша калеми да курч болгон. Кандан-бектен кайра тартпаган өткүр мүнөзү, чечкиндүүлүгү бар эле дешет. Ал жазуучулук менен катар мамлекеттик кызматтарда жетекчи да болуп иштеген. Учурунда жазуучулар союзун да башкарган.

Кубанычбек Маликов да өзүнүн кесиптештери сыяктуу эле социалисттик доордун талабына төп келген чыгармаларды жараткан. 30-жылдары анын калеминен “Сен жолдошум”, “Пахтачы кыздын ыры”, “Таш күзгүнүн түбүндө” аттуу сатирасы “Азаматтар” повести, “Жапар менен Шарипа” аттуу лирикалык поэмасы жана башка чыгармалары жарык көргөн.

 

“Балбай” поэмасы

1940-жылдары Кубанычбек Маликов кыргыз тарыхына кайрылып, “Балбай” баатыр поэмасын жазып чыккан. Чыгарма советтик идеологияга туура келбегенинен улам, китепкана текчелеринен алынып салынган. Бул чыгармасында Балбай баатырдын орус империалисттерине каршы көрсөткөн эрдиктери баяндалган. Чындыгында, бул чыгарма реакциячыл деп бааланып, Балбай баатырдын кыргыз тарыхындагы орду жокко чыгарылган. Бул күндөрү биз Балбай баатырды бугу менен сарбагыштын чатагындагы “эрдиги бар, эси жок баатыр” катары карап жүрөбүз. Ал эми тарых күбөлөгөндөй, орус оторчуларынын баскынчылык ниетин сезе билген жолборс жүрөк Балбай атабыз алгачкылардан болуп Улуттук боштондук күрөшүнө аттанып, орус менен кырчылдаша согушуп, ал тургай жеңишке жеткендиги тууралуу маалыматтар атадан балага өткөн санжырада гана айтылып келет. Анын бул жоокердик аракеттеринен улам, 1916-жылдагы Үркүндүн оор трагедиясын сезе билгенби деген ой да кетет. Биздин күндөрдө дагы Балбай баатыр тарыхтан өзүнүн чыныгы ордун ала элек.

Ошол себептүү Кубанычбек атабыздын бул чыгармасы “улутчул” деген жалаа менен жок кылынган. Ушундан улам Байдылда Сарногоевдин:

Улутун кимдер сүйбөгөн,
Улутчул дешет билбеген.

Кыргыз деп келип д
үйнөгө,
Кыргыз деп
өтөм дүйнөдөн, – деген ыр саптары аргасыздан эсиңе түшөт. Улутун жан дилинен сүйүп, элдик баатырларды, элдик дастандарды даңазалаган Кубанычбек Маликовдун бул чыгармасы эл ичинде укмуштуудай уу-дуу жараткан. Акындын тарбиясын алган анын шакирти Омор Султанов бул боюнча мындай деген: “Кубанычбек Маликовдун бул китебин эл түтүнмө-түтүн суратып, тээ кокту-колотуна чейин айылма-айыл ат чаптырып алып келип окушчу. Кийин ага да бирөөлөрдүн ичи жарылып көрө албай, “улутчул чыгарма” деп жазып ийип, бүт алдырып салышты”, – деген экен.

Акындын согушка чейин жазылган айрым чыгармалары каармандардын прототиптери эл душманына айланып кеткендигине байланыштуу жарыкка чыкпай калган.

Улуу Ата мекендик согуштун учурунда Кубанычбек Маликов өз ыктыяры менен Советик Армиянын катарына аттанат. Бирок, өкмөт жиберген атайын “бронь” (согушка жибербей турган кагаз) Түркмөнстандагы аскерлерди даярдоочу бөлүккө артынан барып, согуштан чакыртылып алынган. Согуш учурунда блокадада калган ленинграддыктар үчүн кыргызстандыктар даярдаган азык-түлүктү темир жол менен коштоп баргандардын арасында болгон. Бул окуяга байланыштуу “Ленинград күндөлүгүн” жазган.

Анын ак жерден торго чалынып, сталиндик репрессиянын курмандыгы болуп кете жаздагандарды актоо үчүн кепилдик кат жазып берген учурлары көп болгон дешет. Буга мисал катары, Абдукерим Орозбековго жазылган катты айтсак болот.

 

Кубанычбек Маликов – манасчы

Кубанычбек Маликов өз өмүрүндө “Манас” эпосуна чоң маани берген. Учурда “Манасты” кытай талашып жатса, кезинде казактардын да биздин көркөм дөөлөттөргө сугун арткан учуру болгон экен. Омор Султановдун эскерүүсүндө: “Ошо кезде “Манасты” биздикилер үч китеп кылып чыгарса, шовинисттер” “улутчул чыгарма” деп жалаа жабышып, тыюу салына баштаган. Казактар ошондон пайдаланып, “биздики” деп талашты. Маргулан деген филологу баш болуп жазып, “Манас казактыкы” атыктырууга өттү. Ошондо Турдакун Усубалиев Кубанычбек Маликовду чакыртып, аларга татыктуу жообун бергенге Казакстанга жиберет. Кубанычбек Казакстанга барып, бардык окумуштуу, филологдорунун чогултуп: “Кана, силердин араңарда Манас айтчуңар барбы? Чыксынчы бери, угайын. Чакыргыла”, – дейт. Бирок бирөө да чыга албайт. Ошондо “Манас – кыргыздыкы. Бизде ар бир кыргыз Манастан жок дегенде жүз сапты жатка айта алат. Бизден улуу, касиеттүү манасчылар чыккан. Алар күндөп-түндөп, жумалап, айлап айта алат. Манасчылардын тукуму – бизбиз”, – дейт. Өзү да Манасты эки саат жөн эле айткан киши болгон экен, ошол жерден күпүлдөтө төгүп берет. Ошентип Манасты экинчи эч ким талашкыс кылып, “накта кыргыздыкы” дедиртип келген. Ал кызыл тили сайраган укмуш чечен киши да болуптур. Биз, жаштар, ал кезде андай кишини ээрчип жүрчүбүз, артынан калбай”, – деген экен.

Аалы Токомбаев менен бирге Саякбай, Сагымбайлардын жалпылашкан вариантынан турган “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтигин басууга даярдаган. Жалпыланган эпостун ушул варианты казак, өзбек, тажик тилдерине которулган.

Кубанычбек Маликов котормочулукта да өз калемин сынаган акын болгон. Ал Пушкин, Лермонтов, Маяковский, Маршактын ырларын кыргыз тилине оодарган. Көпчүлүккө белгилүү “Интернационалды” да кыргызчалаганга салым кошкон.

Таланттуу акын драматургия жаатында дагы калемин такшалткан. Сахнага ылайыктап, “Жаңыл”, “Бир көчөнүн кыздары”, “Бийик жерде”, “Адылдын иши”, “Осмонкул” аттуу пьесаларды жазып калтырып кеткен. Анын бул чыгармалары театр сахнасында бүгүн да коюлуп келет.

Акын кыргыз элине, кыргыз адабиятына кылган кызматы үчүн “Ленин”, “Эмгек Кызыл туу”, үч жолу “Ардак белгиси”ордендери жана бир топ медалдар, грамоталар менен сыйланган.

Кубанычбек Маликов 1978-жылы дүйнө салган. Артында калың эли чыгармаларын ардактап окуп, акындын талантына таазим этип келет. “Аккан арыктан суу агат” демекчи, Кубанычбек Маликовдун урпагы Кадыр Маликов бүгүнкү Кыргызстандагы белгилүү теолог. Ал чоң атасынын жолун жолдоп белгилүү адабиятчы болбосо да, дин таануу боюнча бараандуу эмгек кылууда. Кудум чоң атасындай курчтугу жана тайманбастыгы менен чала бышкан жасалма “мусулманмын” дегендердин кыжырына тийип, алардан запкы жесе да, ислам динибиздин акыйкатын талыкпай айтып келгени келген.

“Саресеп”, 29.12.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.