Элеси элинин эсинде калган Жолдубай Кайыпов

Коңур үнүнө жүзү төп келген кыргыз дикторлорунун сабында маркум Жолдубай Кайыпов тургандыгын анын замандаштары баса белгилешет. Өлкөгө эмгек сиңирген артист, обончу, аткаруучу жана диктор маркум Жолдубай Кайыпов тирүү болсо бүгүн 70 жашка чыкмак. Залкар талант мындан 32 жыл мурун, 1984-жылы 29-мартта 37 жашында киши колдуу болуп каза тапкан. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Жолдубай Кайыпов 1946-жылы 11-августа Нарын облусундагы Ат-Башы районуна караштуу Жаңы-Күч айылында туулган. 1963-жылы Ысык-Көл айыл чарба техникумун, 1974-жылы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн. Ал эми 1963-1967-жылдары «Пограничник» колхозунда зоотехник, 1965-1973-жылдары Кыргыз опера жана балет театрында солист, 1973-1984-жылдары Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде диктор болуп иштеген. Жолдубай Кайыпов 1981-жылдан тартып жогорку категориядагы диктор болгон. Орто Азия жана Казакстан Республикаларынын ортосунда өткөрүлгөн «Эң мыкты диктор» сынагынын жеңүүчүсү деп табылган. Көптөгөн телеберүүлөрдү, айрыкча «Ыр кесенин» ажарын ача алып барган. 70тей обондун автору. Ошону менен катар мыкты аткаруучу да болгон. Анын “Мекеним», “Атам менен энеме», «Көл үстүндө», «Жашчылык», «Алгачкы кадам», «Кел бийлейли, ырдайлы» жана башка ырлары элге кеңири белгилүү. 1985-жылы көзү өткөндөн кийин «Ырлар» аттуу ыр-обондор жыйнагы жарыкка чыккан. Улуу таланттын ысымы өзү туулуп-өскөн Жаңы-Күч айылындагы мектепке берилген. Кошумчалай кетсек, Жолдубай Кайыповдун «Атам менен энеме» аттуу чыгармасын жаш эстрада ырчысы Айым Айылчиева аткарып чыгып, эл тарабынан жылуу кабыл алынууда. Бизге төмөндө аз өмүрүндө албан иштерди жасап кеткен каарманыбыз тууралуу кызы Айнура Жолдубай кызы атасы тууралуу айтып берет:

“Атам өзгөчө адам, ал биздин коргоочубуз болчу”

– Атам көз алдымда абдан иштерман, эмгекчил адам катары калды. Азыр ойлосом кандай болгон күндө да үч баласына көңүл бурууга убакыт тапчу экен. Бизди ээрчитип алып гүлбактарга көп алып барчу. Атам табиятынан жазууга шыктуу болчу. Эмне тууралуу ойлонсо ал тууралуу шыпылдатып план жаза салчу. Атамдын бизге арнаган программасынын кайсынысында болбосун китеп окуу деген бөлүк менен окула турган китептердин тизмеси сөзсүз болчу. Ушунун баары атамдын артыкчылыгы менен балалыгымдын унутулгус элестери болуп кала берет. Азыр балдарымды эс алдырууда, тарбиялоодо атамдын кылгандарын кайталап, аларга өзүм алган тарбияны берүүгө аракет кылам. Бирок, анчейин окшошпойт. Биздин үйдө апам катуу киши.

А атам баарыбыздын коргоочубуз болчу. Апам кимибизди урушса да атама чалып арызданып жатып калчубуз. А мен бир жакта жүрүп кечигип калган кезде, подъезддин алдында атамдын келишин күтүп тура берчүмүн. Анан атам менен кирип келгенде апам мени уруша албай калчу. (күлүп эскерет).

Мээрим Бактыбек кызы, «Эркин тоо», 29.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.