Жаңыл ЖУСУПЖАН: “Кыргыздар Кыргызстанда гана эркин жашап жатышат”

Эл аралык деңгээлдеги журналист Жаңыл Жусупжандын ысымы “Азаттык” радиосу аркылуу журтубузга жакшы тааныш. Бир нече тил билген (орус, немис, англис, чех), дүйнө кезип кайда барбасын, кыргыздардын изин издеп жүргөн бул кызыбыз бир топ жылдардан бери кино тармагында да өз күчүн сынап келет. Анын Түркиядагы кыргыздар тууралуу “Улуу Памир” даректүү тасмасы буга чейин элибизге тартууланган. Жакында Жаңыл Жусупжандын Жерге-Тал кыргыздары тууралуу тартылган “Каратегинден кат” аталган документалдуу, толук метраждуу жаңы тасмасынын бет ачары болуп өтмөкчү. Анын алдында Кыргызстанга анда-санда “төркүлөп” келе калчу таланттуу кызыбызга атайы жолугуп маек курдук.

– Жаңыл, элиңе куш келипсиң! “Каратегинден кат” документалдуу тасмаңда эмнени айтайын дедиң эле?

– …Бүгүнкү күндө кыргыздар көчмөн болуп бүт дүйнөгө таркап кеттик, анан кайсы жерге барбайлы азчылыкты түзүп калабыз. Кезинде тоодон түшүп айылга келгендер деле азчылык болгонбуз туурабы? Биздин жашообузда азчылык деген түшүнүк ошондой ар түрдүү. Мисалы, бир айылда туруп эле эч жакка кетпесем, ошол жактын ыргагы менен күн өткөрүп, тээ атам замандан беркидей, чоң ата-чоң эне, таята-таенелерибиздин бейкапар турмушу менен жашай берсем мен бактылуу болоор белем же эрим алкаш чыгып күндө сабайт беле, тогуз бала төрөп, балпайган байбиче болуп төрдө отурат белем дегендей ойлор болбой койбойт эмеспи.

Кинодо жеке өзүм аркылуу ушул өңдүү ой калчап, Тажикстандагы кыргыздар аркылуу сизге, бизге окшогон азчылыктын тагдырын айткым келди. Азыр бүт дүйнө элдери согуштан жана башка себептерден улам жер которуп атат. Бул тема жалпы эле бүгүнкү адамзатына тиешелүү болгондуктан, анын оош-кыйыш жактары, анын артында турган тагдырлар ар бир адамга кызыктуу болсо керек деп ойлоймун.

Ал эми Тажикстан тарапка биринчи барганыма быйыл беш жыл болду. Төрт жылдан бери кино тарттым. Такай Тажикстандын өкмөтүнөн аккредитация алып иштедик. Ансыз ал жакта кенен жүрө албайсың, көзөмөл күчтүү, сапаттуу кино тарта албайсың. Анан ал жактагы кыргыздарга дагы зыяны тийбеши керек. Себеп дегенде бир кыргыз келип алып, кино тартып жүрөт десе ал ким экен, көздөгөн максаты эмне экен деген суроолор болбошу керек. Ошентип тоолук элдердин тарыхын, турмушун, маданиятын тартабыз дедик. Чындыгында эле ошондой, бардыгы ачык-айкын болду.

– Маданияты деп калдың, Жерге-Талдагы боордошторубуздун маданиятынан эмне өзгөчүлүктөрдү байкай алдың?

– Өзгөчөлүктөрдү чукусак таба беребиз. Менин оюмча окшош жактарын издешибиз керек. Анткени тилди анча-мынча чалып сүйлөсө же чыныны башкача кармаса ошону укмуш ачылыш жасаган катары бабырап канча сөз кылабыз. Алардын жашоосун кинодон көрөсүздөр. Менимче биздин ата-энелерибиз ошондой жашоону башынан өткөргөн — тоодо жөнөкөй турмушта жашаган, неберелерин баккан, адамгерчиликти жогору койгон.

Биз бүгүнкү күндө неберелерибизди эмес, балдарыбызды бакпай атабыз го. Акчанын артынан түштүк, ай талаалап кеттик. Той-топурдан колубуз бошобойт. Илгери той үйдө өтүп, балдар кой сойгонду, боорсок бышырганды үйрөнгөн, конок тосконду билген, коноктордон каадалуу сөз уккан. Бүгүн компьютер ойноп отурушат, анткени биздин алар менен ишибиз жок. Жерге-Талда салттуу үй-бүлө сакталган. Ата-энесине, чоң ата, чоң энесине ишенишип көп балалуу болушат. Бардыгы кимиси эмне кылып жатат көз салып, баланы чоң ата, чоң энеси кезектешип карап, бешик терметип отурушат. Алар бактылуу адамдар.

– Тажикстандагы Жерге-Тал кыргыздарына жарандык согуштун кесепети катуу эле тийсе керек?

– Балээнин баары ошол кезден башталган. Ал жөнүндө сөз болот. Негизи кино ошол жөнүндө. Түз айтылбаган менен, алар кантип качкын болду, кантип өз жерин, киндик каны тамган жерин таштап кетишти, ушунун бардыгынын залдарын көрөбүз. Кинодо зарлаган эне бир кызым Бишкекте, бири Токмокто, ооруп калсам, өлүп калсам эмне болот?” деп күнүгө ойлойм деп жатпайбы. “Согуш болбогондо, СССР кулабаганда биздин жашообуз башкача болбойт беле, элибиз чачылбайт эле, өз жерибизде жакшынакай жашабайт белек” дейт эне. Ошол кезде моджахеддер менен сакалчандар жетекчилик кызматтагы кишилерди өлтүргөнүн өлтүргөн, мууздаганын мууздаган, үйлөрүн өрттөп, жүрөгүнүн үшүн алып, качууга аргасыз кылган. Качканда да балдарын моюнга көтөрүп Алайдын тоолору менен жөө качкан. Биз булардын трагедиясын билбейбиз. Көңүл бурбайт экенбиз. Ал жөнүндө көптөгөн роман жазса, кино тартса болот. Кыймылдабай эле жатат. Ошентип Тажикстандан качып келген кыргыздарды түшүнбөйт экенбиз. Менин максатым деле ушуну туура түшүнсөк, адамгерчиликти унутпасак, негизи адам экенибизди унутпасак дегенди айткым келди. Алардын канча кылымдар бою ошол жакта жашаган, түптүү журт экенин, баарыбыз кыргыз жана негизгиси адам экенибизди аңдай алсак кана?

Мисалга алсак, Кытайдагы кыргыздар башка мамлекеттин тутумунда жашап атат, ошого жараша алардын тилинде кандайдыр бир колорит бар, биз ошого асылып алардан кыйынбыз дейбиз. Атургай менин күйгөнүм, мургаптык кыргыздар жерге-талдык кыргыздардан кыйынбыз деп бой көтөрүшөт. “Тууган күйдүрүп айтат” дейт, эки жагы тең эле Кыргызстанда кыйын шарттарда жашап атышканын билебиз. Абалдары кыйын. Жер, жарандык алалышпайт, жашаганга үй, жумуш таба алышпайт. Анан бири-бирине бой көтөрүшкөнү мени тан калтырат. Кыйналган турмуштан келген элди бул жакта «тажик» деп сөөмөй кезешет.

Ушулардын баары мага түшүнүксүз. Булар бизде, күнүмдүк жашообузда болуп жаткан нерселер. Биз бири-бирибизден жамандык издеп, кемчилигибизди аңдып тургандайбыз. Адамдын адамгерчилигин, адамдык сапатын баалай албай калгандай сезилет мага. Биринчи орунга акча чыккандай, акчага сыйынып жашап жаткандайбыз. Адамды сыйлоо, кыргыз элине мүнөздүү салт, үрп-адат дегендердин кадыры кетип бараткансыйт.

– Мындайга биз өзүбүз көнүп деле калгандайбыз. Ушунча көнгөн окшойбуз кээде өөн учурабайт деле… Өз материалдарыңда жерге-талдык кыргыздардын улак тартканын, улакчылары ким экенин дайыма айтып келесиң, ал жакта улакты катуу тартышат бекен?

– “Улак” дегенди Жерге-Талда эң чоң спорт деп атасак болот. Ар бир жаш улан же кичинекей бала улак дегенде ичкен ашын жерге коет. “Бир жакшы атым болсо, улак тартсам” деп кыялданып өсөт. Улакчыларды урматташат. Улакты кыйын тарткандар жашы сексен-токсонго келип калганда алдынан өтүп, улакты адегенде ошолордун алдына өңөртүп беришет. Бул сыйлагандын белгиси. Бул кинодо улакчы Найман ата бар. Ал чоң улакчы болгон. Андан тышкары Хамид Боронов деген агай бар. Жаш кезинде мыкты улакчы болгон. Быйыл 80 жашына карабай улакка түштү.

Өзүм байкаган бир көрүнүштү айта кетейин. Бишкекке келгенимде компьютердик клубдагы катар-катар тизилген орундуктарда мектеп окуучуларын көп байкайм. Алардын көргөн-билгени ошол компьютер, виртуалдык дүйнө. Ал эми Жерге-Талда мектеп балдары компьютер менен иши жок. Алар эне-атасы улакка жибербей коебу деп кандай иш болбосун аткарууга даяр. Ал балдар ошентип эзелки кыргыздардай ээр үстүндө эр жетишет. Кыргызстандын шаарларында жаштар үчүн улакчылар клубун ачып, ат бакканды, ат таптаганды, улак тартканды үйрөтсөк кана деген тилегим бар.

– Жаңыл, кыргыз журналистикасында дүйнөнү эң көп кыдырган жагынан Гиннес китебине киргидей болдуң окшойт. Ошол учурдагы алган таасирлериў тууралуу айта кетсең? Жаңылбасам былтыр кыргыз туусун желбирете алачыкка илип, Чукоткада бугу минип жүргөндөй болдуң беле?

– Кыргыздар башка айылга барса деле буларда мындай экен, андай экен деп

салыштырып карайт эмеспи. Анын сыңарындай аалам кезип, эл-жер көргөндө дароо салыштыра баштайсың. Мен эл-жер көргөндү өзүңдү таануу дейт элем. Бул бир бүтпөгөн процесс. Канча тил билсең, ошончолук адамсың деп айтылат го, канчалык каякка барба, кайсы элди көрбө адегенде, кимиси менен баарлашпа, өзүңдү, өз элиңди ойлой баштайсың. Мен киммин, бул жашоодогу ордум кайсы дегендей ойго түшөсүң.

Эми Россияны айтып калдыңыз, Чукоткада Россиянын башка жактарындай эле биздин кыргыздар бар экен. Бири врач, бири башка дегендей. Аларга акчаны жакшы төлөйт, эки жарым айлык эмгек эргүүсү бар. Ошого кызыгып иштеп жүрүшсө керек. Көбүнчө жалгыз жарым, кыштын караўгы түндөрүндө аларга кандай ойлор келип, жалгыздыктын мухитине кандай чөмүлөт деп өзүмдөн-өзүм сурайм. Анткени чет өлкөдөгү турмуштун өзгөчөлүктөрү мага бөтөн эмес. Бул тууралуу «Каратегинден катта» да бар. Эми ар ким өзү билет денизчи. Мен бул туура же туура эмес деп айта албайм. Мен болгону алардын мекенинде калган балдары, ата-энеси кантти экен деп кабатырмын. Жанагы акча кубалап кетип, көп нерседен ажырап баратабызбы дегенимдин төркүнү ушул.

Негизи кайда, кайсы өлкөгө барбайын кыргыздарымдын изин издеп жүрөм. Сөз сонунда айтаарым, Кытайда болгонумда артыман атайын кишисин аңдытып коюп, жолуккан кыргыздар менен кенен баарлаша албадым. Бүгүн кыргыздар бир гана Кыргызстанда эркин жашап жатышат. Биз буга анча маани бербейбиз, бирок бул кашкайган чындык. Ошол эркиндигибизди баалап, ар кимдин май токочуна алданбай, өз балдарыбызды өзүбүз тарбиялап, мамлекетибизди чыңдасак деген тилек. Ал үчүн өз арабызда да, коңшулар менен да адамгерчиликтүү, сый мамиле түзүшүбүз милдет, калганы жараткандын колунда эмеспи. Ал эми кинонун бет ачары 9-апрелде, саат үчтө, Ч.Айтматов атындагы Кино Үйүндө өтөт. Бардыгыңыздарды келип көрүп кетүүгө чакырамын. Кирүү акысыз.

Маектешкен Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Жаңы Агым”, 12.04.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.