Токтогул – акындардын пири

Чыныгы ырчы дегенде атуулдук позициясы бар, чындык үчүн кандан-бектен кайра тартпаган, кай бир учурда албуут мүнөзү бар адам көз алдыбызга тартылса, кай бир учурда жүзүнөн нур тамган мээримдүү, санат-насыят, терме, дидактикалык ырларды сабалатып төгүп ырдаган, руханий жан дүйнөсү бай коомдук тарбиячыны, идеологду түшүнүүбүз керек.

Сөзгө маани бербегендер наадан аталган

“Шагылы болбой жер болбойт, шайыры болбой эл болбойт”, – деп айтылган элдик акылмандуулуктун асыл саптары кыргыз элинин өнөр баккан, сөз баккан кеменгер эл болгонунан кабар берет. Эл ичинде айтылган: “Кылычынан кан тамганды тилинен бал тамган ийге келтириптир”, “Кыргыз баласы сөздөн өлүп, сөздөн тирилген” – деген сыяктуу афоризмдер элибиздин кеп маданиятына өзгөчө маани бергенин тастыктап турбайбы. Эки сөздүн башын кошуп, көзүнө көрүнгөндү сүйлөп коюуну эле сөз деп түшүнө берген эмес кыргыздар. Сөздүн күчүнө, энергетикалык таасирине муюган, уюган. Сөзгө маани бербегендерди “кеп жебес наадан” деп да атап коюшкан. Мындайлардын руханияты дүнүйөлүк кызыкчылыктардын туткунунда кул бойдон кала берген.

Көчмөн турмуш шартында жашаган кыргыздардын жазма адабияты анчейин өнүкпөй, оозеки сүйлөшүү маданияты, оозеки чыгармачылыгы кадыресе өнүккөн. Кепти кыябына келтирип, капилет жерден чукугандай сөз таап сүйлөгөн адам чечен аталып, эл алдында турмуштук чындыкты комуздун коштоосунда поэтикалык формада тайсалдабай бетке айтып ырдаган адам ырчы аталган. Урматтуу окурман, ырчы десе, кайсы бир обондуу ырды мукам ырдаган адамды түшүнүп албообуз керек. Кийинки учурларда обондуу ырды аткарган адам ырчы аталып жүрөт. Ал болгону обончу чыгарган ырды аткаруучу (вокалист) болуп эсептелет. Ал эми чыныгы ырчы атуулдук позициясы бар, чындык үчүн кандан-бектен кайра тартпаган, кай бир учурда албуут мүнөзү бар адам болсо, кай бир учурда жүзүнөн нур тамган мээримдүү, санат-насыят, терме, дидактикалык ырларды сабалатып төгүп ырдаган, руханий жан дүйнөсү бай коомдук тарбиячыны, идеологду түшүнүүбүз керек. Чыныгы акындар карапайым элдин кайгысын, муң-зарын төбөлдөрдүн бетине айткандар гана боло алат. Гезитибиздин бул чыгарылышында чыгармачылыгы, өнөрү бүгүнкү күндө да уланып келе жаткан улуу адам, улуу тарбиячы тууралуу кеп кылмакчыбыз.

 

Токтогул деген аттан айлан

Эсил кайран союз учурунда төкмөлүк өнөр эл ырчысы Эстебес, Ашыке, Тууганбай, Замирбектер менен бүтөт дешчү эле. Бактыга жараша, түгөнүп бараткан өнөр капыстан дүрт этип от алып, Ала-Тоонун койнунда “айтыш” өнөрү айрыкча, жаштар арасында популярдуу мүнөзгө ээ болуп бара жатат. Кызыгы, баары өздөрүн качанкы өтүп кеткен Токтогул атабыздын шакирттерибиз деп атаганы көңүлүңдү көкөлөтүп, жүрөгүңдү жылытат. Бала кезимде белгилүү бир адамдын бирөө менен урушуп жатканынын күбөсү болгон жайым бар эле. Каршысында урушуп жаткан адамдын аты Токтогул экен. “Токтогул деген аттан айлан! Токтогул да сендей болчубу. Жок дегенде ысымыңды сыйласаң боло” деген наалышты кулагым чалып калган. Көп жылдар арадан өтсө да ушул реплика жадыман кетпейт. Көрсө, Токтогул деген атты алып жүрүү дагы өзүнчө жоопкерчиликти, бийиктикти талап кылып калган экен. Токтогул деген атка татыктуу болуу үчүн адамда жогорку адамкерчилик болуу керек экен. Учурунда өз тегерегине сөз өнөрүнө талапкер ышкыбоздорду жыйнап, аларга таалим берип, адамгерчиликтин бийик үлгүсүн көрсөтүп, аты жок келгенине ат мингизип, тону жогуна тон кийгизип, аталык камкордугун көрсөткөн ушул Токоң эмеспи. Өнөрдүн күчү менен элдин арзуусуна ээ болгон Токоң барда жоктой, жокто бардай жүргөн токпейилдиги, кең пейилдүүлүгү менен катарлаш жүргөн чыгармачыл адамдардан өзгөчөлөнүп турган.

 

Токтогул советтик идеологиянын куралы

Актаңдай акындын чыгармачылынгынын СССР учурунда изилденип калышы бир беткей болуп калган. Анын чыгармалары советтик идеологиянын кызыкчылыктарына ылайыкташып, айрымдары жок кылынганга чейин жеткен.

Токтогул өлгөндөн кийин 1934-жылы биринчи жолу Москвада СССР Жазуучуларынын биринчи съезди чакырылган. А кезде бул союзду Максим Горький жетектеп турган. Ал киши чыгармачыл адамдарды компартиянын идеологиялык куралына айландырууга көп аракеттерди жасаган. Бул съездде авар элинин төкмө акыны Сулейман Стальский жалындуу сүйлөп, өзүнүн ырларын окуйт. Анын сөздөрү М.Горькийге катуу таасир берип, кийинчерээк ушул адам тууралуу “ХХ кылымдын Гомери, элдик поэзиянын акак-берметтери деп атап, мындай адамдарга камкордук керек” деп дүйнөгө даңазалап жиберет. Мына ушул окуядан кийин советтик социалисттик республикаларда бардыгы өздөрүнүн Стальскийлерин издеп киришет. Казактар Абайды даңазалап чыгышса, тажиктер Айнини көтөрүп чыгышат, түркмөндөр Кайсын Кулиевди даңазалап чыгышса, кыргыздар бул параметрге Токтогулду ылайык көрүшөт. Себеби Токтогул падышалык бийликтен запкы көргөн революциялык духу бар адам деп бааланган. Кыргыз ССРинин Борбордук аткаруу комитетинин президиуму “Кыргыз эл акыны Токтогул Сатылгановдун 70 жылдыгын белгилөө тууралуу” токтомун чыгарып, Кыргызстан Жазуучулар союзуна, кыргыз мамлекеттик Басмасына акындын чыгармаларын жыйноону жана жарыялоону тапшырат.

Бул буйруктан соң акындын чыгармачылыгына мамлекеттик деңгээлде көңүл бөлүнүп, Кетмен-Төбө, Талас жергесине Ж.Бөкөмбаев. А.Токомбаев, Т.Үмөталиев баш болгон акын жазуучулар жиберилет. Алар Токтогулдун шакирттери болгон А.Үсөнбаев, К.Акиев, К.Досуев, А.Огонбаев сыяктуу элдик өнөрпоздордон анын көркөм мурастарын жазып ала башташат.

Токтогулдун өмүрүн жана чыгармачылык ишин изилдөөдө Жоомарт Бөкөмбаевдин эмгеги зор болгон. Ал бул ишке өмүрүнүн төрт жылын арнаган.

 

Айдалып кетип болуштан, азапты көрдүм орустан

Совет мамлекетинин кызыкчылыктарынан улам Токонун ырлары аябагандай бурмаланган. Анын “Айдалып кетип болуштан, азапты көрдүм орустан” деген саптары “айдалып кетип болуштан, агаин таптым орустан” деп саясий бурмалоого кабылып, А.Токомбаев, Ж.Бөкөмбаев, Ө.Жакишев баш сөз жазышып, китеп кылып чыгарышкан.

Адабиятчы А.Муратовдун айтуусунда: “20-жылдардын соңунда жана 30-жылдардын башында эле Т.Сатылгановдун өз оозунан Б.Карпыков жана А.Кулукеев бир топ ырларын жазып алышкан экен,тилекке каршы, ал ырлардын көбү табылбай калган, же жок кылынган”, – дейт. Балким бул чыгармалар учурда бийик көркөм-эстетикалык зор мааниге ээ болор беле?…

Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар бөлүмүнүн башчысы, окумуштуу Омор Сооронов: “Токтогул бизге беш колдой белгилүү деп жүргөнбүз да. Көрсө, ушул эле кол жазмалардын ичинде окулбаган, эл билбеген материалдар бар экен. Мампландын кызматкери агроном Н.С.Ладышевдин Токтогулдун өз оозунан жазып алган материалдары бар. 1927-жылдан 1931-жылга чейин Кетмен-Төбөнүн Мазар-Сай айылына пахта эгиле турган болуп, Ладышев республикадан атайын комиссия болуп барат. Ошол комиссияга Токтогул беш жыл котормочу болуп жүргөн.

Токтогул адамдан башкача жаралган, ар кандай нерсени шарт илип алган зээндүү киши экен. Ладышев Токтогул жөнүндө минтип жазып жатпайбы: “Неизменным спутником нашей комиссии был всегда любопытный и интересующейся по всем вопросам весельчак и комик, музыкант и певец, прекрасный и толковый переводчик, и всеми уважаемый, любимый гость”, – деп эскерген жерлери бар. Ушул орустун сөздөрүнөн улам Токоңдун кандай адам болгонун боолголоп койсоңуз болот. Өз учурунда алтымыштан ашык шакирт күтүп, ар бирине астейдил жакшы мамиле кылган. Башынан көп азап өтсө да, ноюп койбогон кеменгер адам болгон. Адам күткөндү билген, агынан жарылган берешен, жоомарт, төрт аягы тыбыраган жорго болгон эле деп эскеришет.”

 

Токтогул чебер комузчу

Комузда кол ойноткон чоң комузчу, куудул, чечен, композитор, акын, жадакалса, далысы жерге тийбеген балбан да болгон дешет. Токтогул комузда аткарыла турган өзгөчө жанрлардын бири – айтым күүлөрдүн баштоочусу, негиздөөчүсү болуп саналат. Чертээрде ар бир күүсүнүн тарыхын айтып, ырдап, кол ойнотуп, кубултуп түрдүү ыкмаларды пайдаланып чыгарманы чебер аткарган. Ал черткен “Тогуз кайрык”, “Карөзгөй”, “Эрке сары”, “Чайкама”, “Армандуу чымчык”, “Торгой менен турумтай”, “Миң кыял”, “Кербез”, “Шыңгырама”, “Камбаркан”, “Ботой”, “Шыңгырама кыз ойготор” сыяктуу 18 күүнү москвалык музыка изилдөөчү А.Затаевич Токтогулдун өзүнүн аткаруусунда жазып алган. Ошондой эле Токтогул атабыз эпикалык чыгармаларды да келиштире айткан чебер дастанчы, жомокчу да болгон. Ар бир дастанды жогорку чеберчилик менен аткарган. “Жаныш-Байыш”, “Курманбек”, “Саринжи-Бөкөй”, “Кедейкан”, “Олжобай менен Кишимжан” аттуу элдик дастандарды келиштире айткан экен. Токтогул атабыз өзбекче, татарча, казакча, орусча мыкты сүйлөп, чыгармаларын дагы чебер аткара алган.

Баарынан өкүнүчтүүсү, акындын чыгармаларын эл арасынан жыйноо учурунда кандай болсо ошол бойдон калтырылбай, бир беткей идеологиялык максатта курал катары пайдаланып калгандыгында. Жыйноочулар балким эстүүлүк кылып, актаңдай акындын баа жеткис мурастарын өз кунунда бузбай жашырып койгон чыгар. Балким бир күнү ошол оригиналдар жарк этип чыгып калат деген изги үмүт менен жашап туралы.

Токтогулдун биз билбей калган сырларын окумуштуу, жазуучу Омор Соороновдун “Биз билген жана билбеген Токтогул” аттуу китебинен жана педагог А.Муратовдун Токтогул тууралуу изилдөөлөрүнөн окуп көрсөңүздөр болот.

Кыргыздын маданият, адабият, искусство жаатында ыйгарылган “Токтогул” атындагы эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы бар. Бул наамга жетүү чыгармачыл адамдар үчүн зор сыймык болуп саналат. Жыл артынан кубалашып жылдар өтүп, кылым айланып баратканына карабай Токтогул атабыздын иши уланып келет. Анткени бул адамдын элине калтырып кеткен көркөм мурастарынан да, адамгерчилигинин эң жогорку деңгээлде болгону деп түшүнөм.

Талгат Деркембаев, «Саресеп», 20.01.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.