Омар Хайям: Дүйнө идиш, а биз шарап…

Омар Хайямсыз ислам маданиятынын алтын доорун элестетүү мүмкүн эмес. Анын ырлары 19-кылымдагы Европа маданиятына олуттуу таасир этип, Батыштын Чыгыш поэзиясына кызыгуусун арттырган. Ал түзгөн Күн календары дүйнөдөгү эң так календардын бири деп таанылган.

Ак жүрүп, арам ишке баспай кадам,
Вино ичсем Дилбар менен неси жаман?
Кудайга жалын дешет “ичирбе” деп,
Жалынбайм. Ичпегендин өзү жаман.

 

* * *

Катылган аалам сырын кимдер билет?
Дүйнөдөн бири кетсе бири келет.
Ачыгы: дүйнө идиш, а биз шарап,
Идишке куюштурат бизди ченеп.1

Бул эки рубаи Омар Хайямдын акындык кредосун же дүйнө таанымын таамай чагылдырат деп ойлойм. Эмне үчүн? Ал шарап деп шарапты ырдайбы же өмүрдүбү? Бул суроолорду чогуу талдайлы.

 

Омар Хайямдын өлбөс ырларынын сыры

Омар Хайямдын артында көкүрөккө жеңил кончу рубаилерден башка да математикалык эмгектери, астрономиялык таблицасы жана 900 жылдан ашык кызмат кылган Күн календары калган. Бирок көпчүлүккө Омар Хайям о дүйнөдө жашоо жок экенин, ошон үчүн бул өмүргө рахаттана жашоого чакырган ырлары менен көбүрөөк белгилүү. 1048-1131-жылдары жашаган ойчул-илимпозду тажиктер да, ирандыктар да өз элинин гений уулу деп билишет.

Омар Хайямдын тажиктер арасындагы популярдуулугун жазуучу-журналист Саидкасым Кыямпур эки жагдай менен түшүндүрөт:

– Омар Хайямдын мааниси абдан терең философиялык рубаилери өтө жөнөкөй жана элдик фольклорго, тажик рубаяттарына окшош. Ошон үчүн эл Омар Хайямды жакшы көрөт. Экинчиден, той- үлпөттөрдө тост же каалоо айтканда Хайямдын рубаилерин окуп, көпчүлүккө өзүн көрсөтүү мүмкүн. Акынга болгон сүйүүнү ушундай түшүндүрөт элем. Омар Хайямдын бир ырын тажикче окуп берейин:

Шарап менен ыр жыйнагын колго алып,
Чөнтөгүмө түшсө кесим нан барып,
Урандыда күн өткөрсөк экөөбүз,
Суктанышмак султандарың таң калып.

Мен бул рубаини алгач сегиз жашымда угуп, эсимде тутуп калгам. Андан бери 50 жыл өтсө дале жадымда кыттай отурат. Мундай рубаилер абдан көп. Алар өтө шаңдуу, өтө жөнөкөй болгондуктан элге жугумдуу жана жеңил жатталат.

Ирандык акын Али Ангхаи Касранын айтуусунда, ирандыктар арасында Омар Хайямга болгон кызыгуу чоң. Бирок поэзиясы шарият канонуна сыйбаган акындын өтө популярдуу болуп кетүүсүнө өлкөнү башкарган диний бийлик кызыкдар эмес экен.

– Иран өкмөтү Омар Хайямды таназарга алгысы келбейт. Бирок анысын өтө сыпаа жасоодо. Бийлик Омар Хайямдын ырларына тыюу салган, анын рубаилерин басып чыгара бергиле деп айтпайт. Басмаканаларга Омар Хайямдын китептерин чыгарууга уруксат берет, бирок аз санда чыгартат. Бул тартипти сактабагандарга жылма чара колдонулат. Лекин, китепти базарга чыгарууга жеткенде кандайдыр бир проблемаларды жаратат. Китеп чыккан, аны чыгарууга бир топ каражат кеткен. Бирок китеп сатылбайт. Себеби эл аралык же жергиликтүү көргөзмө-жарманкелерде аз орун берилет. Ошондуктан китеп сатылбай калат. Бул жалгыз Омар Хайямдын гана чыгармаларына тиешелүү эмес. Бул ирандык акын-жазуучулар үчүн мүнөздүү көрүнүш.

Али Касра Иран өкмөтүнүн жылжытма цензурасын өз башынан кечирген. 1998-жылы кезектеги китеби чыккан соң бийлик тарап китеп сатуучуларга Али Касранын китебин сатпашыңар керек деп эскертип, эл оозуна алынып калган акын Ата Мекенин аргасыз таштап кеткен. Али Касра 20дан ашык китептин автору. Ырлары англис, француз, чех, орус тилдерине которулган.

Көнөчөк шарап куйган мобереги,
Каары күч вазир болчу тээ илгери,
Алдагы сен кармаган мөлт-калт бокал
Сулуунун кош алмасы, назик эрди.

 

* * *

Билбейсиң – дүйнө эмне? Өмүр эмне?
Туулабыз, жок болобуз чирип жерде.
Ич жыргап, аны-муну сураба көп,
Жараткан ачпайт сырын пендесине.

 

Шарап суфизмде эмнени түшүндүрөт?

Дагестан акыны, жазуучу Муртазали Дугричалов орус тилине улуу Жалалиддин Руми башындагы суфист акындардын, Омар Хайямдын, ошондой эле дагестандык сопу Узун Хаджинин ырларын которгон. Анын айтышынча, Омар Хайям шарап терминин суфизмден алган жана шарапты Жараткан өз пенделерине тартуу кылган тирүүлүк ирети катары пайдаланат.

– Омар Хайям көпчүлүк ойлогондой шарапты даңктап ырдаган эмес. Ал суфий да болгон эмес. Суфизмде шарап деген термин намаз окууну, сүкүт кылууну, медитацияны түшүндүрсө, мас болуу деген термин зикир чалып, транска түшүүнү, чындыкка, акка жакындаган абалды айтат. Омар Хайям шарап терминин суфизмден алат жана шарап – бул жараткан адамга белек кылган дүйнө деген мааниде колдонот. Эмне үчүн аскет болуп, Кудай таала белек кылган жашоо лазатынан эмнеге баш тартышыбыз керек? Биз ырахатта жана кубанычта жашообуз керек дейт Омар Хайям. Шарап анын рубаилеринде ушу мааниде колдонулган.

Бирок Али Ангхаи Касранын сөзүнө караганда, Омар Хайям жана андан кийин өмүр сүргөн шираздык улуу акындар Саади менен Хафиз ырларында “шарап” деп шарап жөнүндө эле айтышат. Бирок шарапты жашоо деп чечмелөө, акындын оюнча, Иран, Ооганстан, Пакистан сыяктуу шарият катуу кармалган өлкөлөрдө улуу акындын рубаилерин кеңири жарыялоого жол ачат.

– Мен мындай көз карашка каршы эмесмин. Мейли, алар ошентип ойлой беришсин жана Омар Хайям рубаилерин жарыялаганга мүмкүндүк берсин деймин. Бирок андай пикир чындыкка жатпайт деп ойлойм. Не Хафиз, не Саади, өзгөчө Хафиз, шарап жөнүндө сүйлөгөндө чындап эле шарап жөнүндө сөз кылышат. Хайям да ошондой. Себеби, Хайям өз ырларында өз ишеними же эмнеге ишенгени тууралуу ачык эле жазат. Ал өлүмдөн кийин башка жашоо болбогонун, шарапка ишенгенин ырдайт. Акындын биз билген шарап жөнүндө ырдаганына мен ишенем. Алардын Омар Хайям шарап деп, Кудайга болгон сүйүүнү айтууда дешкени мени кубандырат. Алар ушинтип айтса, Омар Хайямдын китептери жана ырлары тоскоолсуз басылып чыгат деп үмүт кылам.

Ичпейин деп бара жаткан жолуман,
Роза көрдүм, кургап калган – соолуган.
“Оо бактысыз, күнөөң кайсы?”- десем ал:
“Ушинттим – дейт – үлпөт куруу шорунан.

 

* * *

Шарап ич, ойлобо көп алда нени,
Ар дайым жанда болсун сүйгөн пери.
Билип кой алтын болуп кетсең дагы,
Өлгөн соң казып албайт кайра сени.

 

Билим артынан жер кезүү каадасы

Орто кылымдарда бүгүнкү Иран, Ооганстан, Пакистан, Орто Азия өлкөлөрү, Азербайжан жайгашкан чөлкөмдө шарап ичүүнүн маданияты болгонун адабий жана тарыхый булактар күбөлөйт. (Алардын бири Кей-Кавус 1082-83-жылдары жазган “Кабус-наме”. Бул китепти кээ бирөөлөр тажик жана перс адабиятынын энциклопедиясы деп аташат). Ошондуктан мага ойчул акын, математик, астроном Омар Хайямдын дүйнө таанымын эки башка булактын негизинде түшүнүү керек деген көз караш жакын. Тактап айтканда, анын рубаилерде айтылган ойлору жана бул рубаилерде сүрөттөлгөн коом аркылуу түшүнүү зарыл.

Омар Хайямдын рубаилери жана илимий эмгектери ал мезгилдин интеллектуалдык жана социалдык абалын, руханий өсүүсүн чагылдырат. Бул жерде болочоктогу ойчул-илимпоз математика, астрономия жана медицина илимдерин 8 жашында Нишапурда үйрөнө баштап, кийин Балхта, анан Чыгыштын илим жана маданият очогу аталган Самаркандда, андан соң Бухарада билимин өркүндөткөнүн эскерте кетмекчибиз.

Бухарада жашаган он жылда ал көп убактысын китепканаларда өткөрүп, медреседе болсо шарият илими болгон фатваны жана медицинаны окуган. Ошон үчүн ислам динин да мыкты билген.

Омар Хайям ал кездеги салт боюнча кезип жүрүп жыйнаган билимин Исфахандагы обсерваторияны жетектеп турганда Күн календарын жана астрономиялык таблицаны түзүүдө пайдаланган. Бирок окумуштууга урмат көрсөтүп, илимий иштерин улантууга кенен мүмкүндүк берген султан Малик шах жана анын вазири Низам ал-Мулк өлгөндөн кийин Омар Хайям Кудайга акарат келтирди деп айыпталып, Исфаханды калтырып кетет. Чөйрө радикалдуу экенине карабай, Омар Хайям дүйнө таанымынан баш тартпаганына Иран акыны Али Касра көңүл бурду.

– Омар Хайям катаал убакта жашаган. Коом жана региондогу бийлик да өтө абдан радикалдуу болгон. Омар Хайям өз ырларында өтө маанилүү маселеге көңүл бурат: бул жашоодон кийинки жашоону танат. Ислам бул жалгандан кийин башка жашоо бар, адамдын өлүмү менен жашоо бүтпөйт деп ырастайт. Омар Хайям болсо сен өлгөндөн кийин жашооң бүттү дейт өз ырларында. Сиз радикалдуу коомдо жашап туруп, шарияттын маанилүү түркүгүн чансаңыз чоң балээге кабыласыз. Анын кесепетинен Омар Хайям сапарга чыгып: “Мен ажыга барам” деп айтканга мажбур болгон. Мен бирок Омар Хайям Мекеге барды деп ишене албайм. Ажыга барбаса аны өлтүрүшмөк. Ошондуктан Омар Хайям өзүн чындап эле исламга берилгенмин, эми ажыга барам деп түр көрсөтүшү ыктымал.

Хайям “Алгебра” деген эмгегинин баш сөзүндө селжуктардын жапырыгы кезде тирүү калган аз сандагы аалымдарга илим арыгын тереңдетүүгө шарт жок экенин айтат: “Ушу чакта илимпоз көрүнгөн адамдардын көбү жалганчылык менен эки жүздүүлүктүн чегинен чыга алышпай калпты чынга орошот. Алар акыйкатты издеп, чындыкты сүйгөнү менен өзгөчөлөнгөн, калпка жана көшөкөрлүккө жетеленбей, мактаныч менен алдамчылыкка барбаганга тырышкан илимпозду көрүшсө, аны жек көрүп, шылдың кылышат”,- деп жазат.

 

Ким менен, качан, канча ичүү керек?

Саидкасым Кыямпур орто кылымдардагы ислам өлкөлөрүндө шарапка шарият тыюу салганы менен шарапканалар болуп, анда элдин орто катмары Күндүн нуру чыкканга чейин шарап ичип, көңүл ачышканын айтат.

– Куран шарап жана алкоголго тыюу салат. Орто кылымдардагы мусулман өлкөлөрүндө шарап ичүүгө шарият тыюу салганы менен, шаарларда майкада деп аталган шарап сатчу үйлөр болгон. Майкадага негизинен мал-мүлктүү адамдар, соодагерлер барышкан. Буга XV-XVI кылымдардагы китептер күбө. Мисалы, улуу тажик акын-жазуучусу Зайнуддин Махмуди Васифинин (1465-1561) “Адабий тарыхтар” деген китебин окуңуз. Же түркиялык режиссерлор тарткан “Султан Сулаймандын даңазалуу доору” деп аталган көп сериялуу фильмди алсаңыз, шарап ичүүчү жайларга көп адамдар барганын көрөсүз. Алар шарапканада таң атканга чейин отурушуп, күн нуру чыкканда акыркы чөйчөктү ичип туруп, үйлөрүнө таркап кетишкен. Деген менен Омар Хайямдын ырларында философия жөнөкөй турмушка караганда артыкчылык кылат.

Ирандык акын Али Ангхаи Касранын ишениминде, Омар Хайям өз рубаилеринде шарапты канчалык даңктабасын аракеч болгон эмес.

– Мен Омар Хайям аракеч болгон деген кеп-сөздөргө ишенбейм. Андай болгондо Омар Хайям чоң акын, чоң математик, чоң астроном, улуу ойчул боло алмак эмес. Омар Хайям шарап ичкен, бирок чени менен ичкен деп ойлойм. Илимпоз катары катаал жашоону жеңилдетүү үчүн шарапты чени менен ичкен. Мен бул сөзүм менен алкогол жаман деген мусулмандарга сөз тийгизгим келбейт, андай кадамга барбайм да. Мен өзүм да мусулман үй-бүлөдөнмүн. Бирок чени менен ичүү ден соолукка пайдалуу экенин илим тастыктады. Ырас, аракты ченемсиз ичсеңиз зыян. Бир отурганда 5 литр суу ичсеңиз, суу уу болбосо дагы эки саатта каныңыз суюлуп, өлөсүз. Ошондуктан Омар Хайям алкоголго илимпоз катары караган. Дагы айтам, эч ким Омар Хайямдын арак ичкенин тастыктай да албайт. Бирок Омар Хайямдын алкоголдун дарылык касиетин туура баалаганы шексиз. Биз муну Омар Хайямдын ырларынан көрөбүз.

Шарап ичпөө бизде тартип, бирок да,
Аздыр-көптүр, ким менен кай убакта,
Мерчемин таап байкап ичсең ичкенде,
Акылдуулук. Кемтик да эмес уят да.

 

* * *

Ким менен, качан, канча ичүү керек?
Ичкенде мына ушуну эске алууң эп.
Сактасаң бул үч шартты айтаары чын,
Кудайдын өзү деле иче бер деп.

 

* * *

Элдер мени ичкич дешет ал ырас.
Ыймансыз деп жемелешет – ал ырас.
Эмне дешсе ошо дешсин, оңолбой,
Хайям бойдон каларлыгым дагы ырас.

 

* * *

Куй, ичем, ичип алсам жанга дабаа,
Баратат жүрөгүмдө ырбап жара.
Ичкилик карт денеге зыян кылбай,
Качанкы жаштыгымды кайрыйт кайра.

Омар Хайямга таандык делген төрт сап рубаилердин саны 5000ден көп. Бирок изилдөөчүлөр Хайямга ал ырлардын 300ү, ашып барса 500дөйү гана таандык дешет. Ал эми калган ырларды өз дилиндеги ойлорун ачык айтканы үчүн жазалануудан корккон акындар жазып, бирок улуу Омар Хайямдыкы деп коюшкан деп боолгошот илимпоз-адабиятчылар.

——————————————

1 Омар Хайям. Рубаилер. Которгондор Жалил Садыков, Турарбек Шаршембиев. Фрунзе: Адабият, 1989. Бардык ырлар ушул жыйнактан алынды.

Амирбек Азам уулу, “Азаттык”, 23.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.