Төбөсүнөн жаан өткөн Өзгөн мунарасы жардамга муктаж

Тарыхый күмбөздү оңдоп түзөөгө 152 миң долларлык грант каралганы менен ал кагаз бетинде гана калып жатат дейт музейдин жетекчилиги.

Өзгөн археологиялык-архитектуралык музей комплексинде жайгашкан күмбөздүн төбөсүнөн жамгыр өтүп, тарыхый эстеликке коркунуч жаралууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналистине Өзгөн археологиялык-архитектуралык музей комплексинин башчысы Авазбек Турсунбаев билдирди.

Анын айтымында, көйгөйлүү маселени чечүүгө АКШ жардам берүүгө макул болгон. Бирок ал убада бойдон калууда.

Өзгөн археологиялык-архитектуралык музей комплексинде жайгашкан күмбөздүн төбөсүнөн жамгыр өтүп, тарыхый эстеликке коркунуч жаралууда.
Өзгөн археологиялык-архитектуралык музей комплексинде жайгашкан күмбөздүн төбөсүнөн жамгыр өтүп, тарыхый эстеликке коркунуч жаралууда.

 

Көйгөйлүү маселени чечүүгө АКШ жардам берүүгө макул болгон. Бирок ал убада бойдон калууда.
Көйгөйлүү маселени чечүүгө АКШ жардам берүүгө макул болгон. Бирок ал убада бойдон калууда.

“Жамгырдан дубал урап түшүшү толук мүмкүн. Андыктан тез арада чара көрүү зарыл. Маданият маалымат жана туризм министрлигине кайрылганбыз, маселени чечүүгө АКШнын тарыхый эстеликтер фонду жардам берүүгө макул болгон. Бирок, өкмөт бир тараптуу АКШ менен мамилени үзгөндөн соң фонддон жардам ала албай келебиз”, — дейт Турсунбаев.

Ал кошумчалагандай Өзгөн райондук администрациясы тарабынан археологиялык-архитектуралык музей комплексинин инфраструктурасын чыңдоо боюнча 2014-жылы марафон өткөрүлгөн. Чогулган акчага дарбаза курулуп, брусчаткалар коюлган. Мындан сырткары, кароолкана оңдолуп гүл бакчалар жасалган. Бирок, күмбөздүн маселеси көйгөйлүү бойдон калууда.

“Быйыл Тарых жана мадания жылы болгондуктан Өзгөн районунда тарыхый музей куруу пландалып жатат. Негизи олуттуу пландарыбыз болгону менен каржы жактан аксап жатабыз”, — дейт Турсунбаев.

Жетекчи маалымдагандай аталган күмбөздө караханиддердин өкүмдарларынан сөөктөрү коюлган. Ортоңку күмбөз 11-кылымдын башында курулуп, ал жерге Караханид мамлекетинин негиздөөчүсүнүн сөөгү коюлган. Ал эми 1153-жылы курулган түндүк күмбөзгө Наср Ибн Алинин чебереси, карахандардын ханы Тогрул Хусейин Хасандын сөөгү коюлса, 1187-жылы салынган түштүк күмбөзгө Караханид мамлекетинин аскер башчыларынын сөөктөрү коюлган. 1974-жылы Ленинграддан келген археологдор күмбөздү казып, 60ка чукул сөөк табышкан.

Маданият, маалымат жана туризм министринин башкы адиси Чынарбек Жолдошов күмбөздү оңдоо үчүн министрлик жергиликтүү фонд менен биргеликте 152 миң долларлык грант утуп алганын айтты.

“Төбөсүнөн жамгыр өтүп жаткан Өзгөн археологиялык-архитектуралык музей комплексинде жайгашкан күмбөздүн маселесин чечүү боюнча бардык чаралар көрүлүүдө. Оңдоп-түзөө иштерине 152 миң долларлык грант утуп алганбыз. Археологиялык эстеликтерди оңдоо оңой менен жүрбөйт. Андыктан, илимий изилдөө иштерин жүргүзүүгө көп убакыт талап кылынууда”, — дейт Жолдошов.

Кытайдан келген Хани Жаң Йоң тарыхай эстеликтин кооздугуна суктанып жатканын жашырган жок.

“Мен тарыхый мунарага жана бул күмбөздөргө суктанып турам. Бул бүткүл кыргыз элинин байлыгы. Көздүн карегиндей сактоо керек”, — дейт Жаң Йоң.

Жалал-Абаддын тургуну Алмаз Эшназаров кичинекей балдарын тарыхый эстелик менен тааныштыруу максатында атайын алып келген.

“Бабаларыбыздан калган мурасты бардык кыргыз баласы билиши керек. Ошол максатта мен да балдарыма көрсөтүү үчүн атайын үй-бүлөм менен келдим. Өзгөн мунарасын сактап калуубуз абзел”, — дейт Эшназаров.

Өзгөн архитектуралык комплекси 11-12-кылымдарга таандык. Комплекс мунарадан жана үч күмбөздөн турат. Бул тарыхый эстеликтердин баары бир мезгилде курулган эмес. Айтылуу Өзгөн мунарасынын алгачкы бийиктиги 44 метрге жеткен. Бирок убакыттын өтүшү менен чөгүп, азыркы учурда бийиктиги 27,5 метрди түзөт.

Исмаил Мамытов, Sputnik Кыргызстан, 01.04.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.