Агындылар

* * *

Зейне экөөбүз баш кошуп, мен айылга, жездемкине алып барган күн эсимде. Жездемдин энеси Батма кудагый көргөндө эле чалкасынан кетти.

– Э, кокуйгүн Шакен, итирейтип муну каяктан таап келгенсиң?

– Жумгалдан, – дедим кебелбей.

– Ботом, аның каякта болот кагылайын?

Мен Ат-Башы дайрасынын күнбатышындагы Кошойдун Кара-Тоосу жакты көргөздүм.

– Тетиги Кара Тоонун ары жак тушунда Жумгал деген жер бар, саяк деген эл бар, ошояктан болот.

– О, кудай, барбадигер! Ошол тоонун ары жагында да биздей кишилер жашайбы?

* * *

– Мунуң күбүйм деп шырдак менен кошо кетчү неме го бу кебетеси менен. Алда-айланайын-ай, байкасаң болмок экен. Өзүң жетим болсоң. Итирейтип, атам тааныбаган муну албай эле, тигил биздин кара тырактирчи Эмилдин өзүнө окшош жоон-жолпу кара кыздарынын бирин алганыңда таш көтөртүп, калып жыгач сүйрөтүп, кыш куйдуртуп, там салып албайт белең, а катыгүн-айе! – деп чындап кейиди.

* * *

Такыр эле сабаты жок Батма энем өмүр бою Ат-Башыдан алты карыш ары аттабагандыктан дүйнө Ат-Башыдан башталып, Ат-Башыдан бүтөт деп ойлочу окшобойбу.

* * *

Жокчулук, каатчылык жонун кайыштай ийлей берип, жедеп кексе, жедеп кыйды кылып таштаган бул кемпир кат тааныбаганы менен кара турмуштун карегинен кан алар эле.

– Ыя, ботом, биз тезек терип жүрүп эле, кап көтөрүп келайтып эле, жолдон толгообуз кармап калса, мындай боло берип эле тууп алып, балабыздын киндигин өзүбүз кесип, өзүбүз ырастап, этегибизге орой салып эле, баланы деле көтөрүп, капты деле көтөрүп, эсен-аман үйгө жетип келер элек. Азыркылар да кишиби, чоң чычып койсо деле догдурга чуркап турат, – деп нааразы боло берчү.

* * *

Бир жолу эки кемпир жүн тытып атып сүйлөшүп олтурду.

– Бечара, баягы Бурма жеңем көптөн бери ооруп төшөктө жатты эле, ошол каза болуп кечээ койду. Ошондо болуп келдим, – деди Калыйча апа.

– Ыйманы саламат болсун. Бурма менден беш жаштай кичүү боло турган эле, – деди Батма энем.

– Ботом, сизден улуу. Бурма жеңем келин болуп келгенде мен такыячан кыз эмес белем.

– Каяктагыны айтпачы? Мал жайлоодон жакага тегиз келип, баягы Буткулдун букасы Оромпой энемдин кыжымы белдемчисин алыстан көрүп калып, күрөң кунаажын экен деп барып жардан учуп өлгөн күздө Бурма келин болуп келбеди беле? Эсиңдеби? Мен Касымды колума көтөрүп жүргөн кезим. Анда сен такыя-макыясы жок эле, көчүгүңдө көйнөгүң жок кыз болчусуң.

– Койдум, койдум, – деп чегинди Калыйча апа.

– Койбой-этпейле, ошондой, – деди Батма энем.

* * *

Батма энем согуш жөнүндө кино болуп атканын немистин самолёттору уңулдап учуп келип бомба таштап, жер астын-үстүн түшүп асманга сапырылып, тарса-күрс болуп атканынан билчү да, телевизор көрүп олтурган балдарына:

– Баарын эле силер көрүп аласыңарбы, өчүрүп коюп, кечинде атаңар келгенде чогуу көрбөйсүңөрбү, – дей берчү.

Бир күнү телевизордун бети менен толтура болуп тоок чыга калды эле:

– Тоок, өлүгүңдү көрөйүн быякка да кирип алган тура, үйдү булгайт экен эми, – деп колу менен үркүтүп жатты.

Ушундайларын уккан сайын Ажар, Майрам, Санталар «олда энем-ай-э!» деп жерге кулап жыгылып, боорун тырмап күлүшөр эле.

* * *

Мен баса, Батма энемдин намаз окуй турган жайнамазын бир да жолу көрө алган жокмун. Таңды-кечке көр-шөр менен алпурушуп жүрүп, бир маалда эле шашып-бушуп кире калып, колуна суулугу тиеби, майлыгы тиеби, жерге төшөй калып намазын окуй салчу. Намазына жыгылары менен басып чыгып кетчүбүз.

– Энеңер намаз окуп атат, кирбегиле, – деп эжем балдарын кайненесинин үстүнө киргизчү эмес.

Бир күнү кокусунан кире калып, Батма энем намазын күндөгүдөй кыбыланы карап окубастан, теңирден тескери, Күнчыгышты карап алып окуп атканын көрүп оозум ачылды. Окуп бүтөрү менен:

– Кудагый, сиз тескери карап алып окубадыңызбы? Кыбыла деген быякта эмеспи?,- десем эле:

– Ыя, катыгүн, эмне дейт? Ырас эле ошенттимби? Атаны алат күн-айе! Ошончодон алдырарда жаздырар болуп карабайсыңбы, кудайдын көчүгүн карап алып окуп атканымды? О, Жараткан, айланайын? Мендей алжыган акмагыңды кечире көр? – деп кудайга улам-улам жалынып, «жайнамазын» шашып-ушуп кыбылага жая салып, кайрадан окуп кирди.

Эми ойлосом, Батма энем намаз окуп аткан убакта Кудай кыбылага туруп алып баарын байкап, баарын карап турат деп ойлочу экен.

* * *

Ошол Батма энем өз уясынан качып башка жерге барып тууган тоокторун каргап-шилеп, качан көрсөң эле чөп коруктун ичинен, күлдүн арасынан, эски тамдын булуң-бурчунан, коңшу-колоңдор менен агороттун чегин бөлгөн кыйрайган зым тосмолордун түбүнөн этегине тукум чогултуп жүрөр эле.

* * *

Жыл сайын инкубатордон элүүгө жакын жөжө алдыртып бакчу. Анысынан өлүп олтуруп он беш, жыйырмадайы гана калып, жыбыратып баарын жыгач жашигине салып алып, сууга умачталган акшагын ийрейтип манжалары менен эринбей үмөлөп берип, улам көлөкө түшкөн жерден жашигин көтөрө качып күн кубалап жүрөр эле. Кээде бир-эки жөжөсү күн кубалаган кемпирдин башына чыгып алып, көздөрүн жаргагы менен жаап алып, жылуу «жерде» жыргап олтурчу. Батма энем ошентип жүрүп бир топ тоок курап алып бакчу. Качан болсо жездемкинен тукум үзүлчү эмес. Сабактан тарагандан кийин бара калганда Тукан эжем мага такай тукум бышырып берчү.

* * *

Ошол Батма энемдин эки небереси – Майрамдын кызы менен Жапардын уулу бир бешикте, бири ойгонсо, экинчиси бөлөнүп, жарым жылча ушул үйдө багылып калды. Балдардын биринин ыйы угулса эле Батма энем:

– Майрамдын кызы, – десең жээни эмеспи:

– И,-и, – деп коёт кайдыгер.

Кокус ыйлап аткан Жапардын баласы болсо дароо чуу салат:

– О, кокуй алгыла? Ичегиси чыгып калмай болду. О Ажар, о, Тукан, кайдасыңар?

* * *

Жездем ыраматылык помидорду аябай жакшы көрчү. Зейне экөөбүз бир жолу Бишкектин коон, дарбызын көтөрүнүп, бапырап барып калдык. Батма энем жарыктык ошондо карылыктын тереңин көздөй кетип, такыр эле башка дүйнөдө жашап калган экен. Учурашып, бетинен өпсөм:

– Сен ким элең? – деди.

– Шакен эмесминби?

– Тааныбайт экем, – деп койду.

Эжем келип чачын тарап, өрүп, жоолугун салынтып берди. Анан биз алып барган коондон жеди.

Эшик ачылып ким кирсе эле:

– Тукан такыр тамак бербейт. Курсагым ачка, бир жыл болду, чачымды тарап бере элек, – деп арыздана баштайт.

– Энем алжып калды, – деди Жаныбек.

Кечинде жездем жумушунан келип үйгө кирди:

– Сен кимсиң? – деди.

– Касым, – деди жездем.

– Касымы ким эле? – деп койду.

* * *

Жарыктык Батма энем, ошентип баарын унутту. Небере, чөбөрөлөрү тургай, өзүнүн карачечекей уулдары Касымын, Айтбайын, Бакасын да, алтургай өзүнүн аты-жөнүн, кайдан келип, кайда баратканын да унутуп жашап калды. Жаңыдан көзүн ачып келаткан наристе жарык дүйнөгө келатканын билбеген сыяктуу эле, Батма энем да өмүрүнүн аяктаганын, акыры өлүм деген бар экенин билбей өтүп кеткен жападан жалгыз кемпир болду.

* * *

Өзүмдүн энем тооктун эти тургай тукумун жечү эмес. Өлөр жылы операция болуп, ичи бүтпөй, догдурлар тооктун сорпосун бергиле, ошол жакшы болот дегенинен жездем тоогунун бирин союп бышырып барса:

– Кудайга күнөкөр болбой, өлсөм жөн өлөйүн, айланайын, «же» деп кыйнабагыла? – деп такыр ооз тийбей койгон.

* * *

– О, кокуй, мобереки Чоң Чүй каналдын суусу өзү эле агып калды деп ойлойсуңарбы? Кетмен-күрөктөп казып жүрүп, кеч күздүн кар аралаш суугунан кайыгып, селейип тоңуп калган кезибизде буттарыбызды заарабыз менен жылыта калып жүрүп курганбыз, – деген эле чүйлүк энелерибиздин бири.

* * *

Кыргызстандын дагы бир бурчунда, жумгалдык башка бир кемпир же жогорудагы менин чоң кайненем Жамиланын Турусбүбү деген эжеси телевизорду жантыгынан жата калып көрчү.

Кийин, кийин, бир күнү эле Чаектеги чоң кайненем Жамыйланын үйүнөн:

– Өлүгүңдү гана көрөйүн, эми аны эмне башыңа көтөрүп ала койдуң дейм да, жөн кетип бараткан эмени жөн койбой! Түшүр жерге! О талтайбай, кара жерге кир, дагы талтайып коёт. Муз көрбөгөнсүгөн кудай албагыр! О кокуй, Жамыйла, чурка, чаты айрылып өлмөй болду, кокуй! Ылдам, кагылайын, жалаңкат музга көтү менен отуруп калды! Эми кантип кобот! – деп эле ызы-чуу түшкөн бирөө бар.

Баратып, тыңшай калдым да:

– Эмне болуп атат?- деп Зейнеден сурадым.

– Чоң апам «Фигурное катание» көрүп атат, – дейт оозумду ачырып.

Акырын барып шыкааласам, сексенге таяп калган кемпир экранга кирип барып кайра чыгып, бели беш бүктөлүп, өзү жалгыз ызы-чууга түшүп, болгон ыкласы менен муз тебүү боюнча дүйнөлүк чемпионатты көрүп олтурган экен. Ушунчалык ыраазы болгонумдан:

– Жашасын кыргыздын кемпирлери! – деп кыйкырып жибердим.

* * *

Кезүүдөн келген койлор айылга кире бергенде өз короосун издегендей, азыр кыргызда да өз уруусун издемей күчөдү. Кезинде депутат болуп, кийин сарбагыш уруусунун арыгын чаап жүргөн жигиттердин бири «Кыргызстан маданияты» гезитинин башкы редактору Нуралы Капаровго келип, сарбагыштарды чогултуп жүргөнүн кеп кылып, жылкы союлган жыйынга чакырат.

Нуралы уруулардын мындай чогулуштарына барбай турганын айтат.

– Барбай койсоң, Сарбагыш Атанын арбагы эмне дээрин билесиңби? – дейт уруучул жигит.

Анда Нуралы:

– А сен айтчы? Сарбагыштан мурда Кыргыз Атанын арбагы эмне дейт болду экен? Ушунуңар уят эмеспи, ансыз да экиге бөлүнүп араң турган кыргызды эми кыркка бөлөсүңөрбү? – дегенде тигил жигит таш тиштегендей шарт бурулуп чыгып кеткенин айтып берди эле.

Шайлобек Дүйшеев, “Де-факто”, 14.08.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.