Чындык сөзүн айтпаса, акындыктан не пайда

Өтүп бара жаткан жыл профессионалдуу адабият, акындар поэзиясы жаатында кандай жыл болду? Өнөрпоздорубуз бул жылы кандай ийгиликтерге жетишти? Бул тууралуу “Алыкул” атындагы жаштар сыйлыгынын лауреаты акын Бердибек Жамгырчиев менен төкмө акын Кубат Тукешов келип, кызыктуу аңгеме-дүкөн куруп беришти.

Адамдыктан кечип кеткен айбанды, калем менен көзгө сайып сүрдөтүү

Мен эч качан өзүмдү акынмын деп айткан эмесмин, акындыкка талапкермин деп гана айтып келем. Биздин келечегибизди тагдыр өзү баалап-таразалап көрсөтөт. Кичине ыр жазып анан “биз акындар” деп акындык өнөрдү жеңил көрүп алгандар да бар. Мен акындыкты төмөнкү төрт сап ыр менен түшүндүрүп бергим келет:

Акын деген төрт тамгадан турган сөз
Аалам жиреп, өлбөстүктү курган сөз
Адамдыктан кечип кеткен айбанды
Калем менен көзгө сайып сүрдөтүү – деп билем.

 

“Бул силер үчүн сыйлык жана жоопкерчилик”

Бул жыл мен үчүн аябай эле жемиштүү жылдардан болду десем болот. Себеби, ушул күнгө чейинки эмгектеримдин бир аз үзүрүн көргөндөй болдум. Башында айтып өткөнүңүздөй, “Алыкул” атындагы жаштар сыйлыгынын лауреаттыгына татыктуу болдук. Чындыгында, бул мен үчүн күтүүсүз белек болду. Нурлан агайыбыз чалып сүйүнчүлөгөндө, болуп көрбөгөндөй толкундандым. Себеби, Алыкул атабызды ырдын пири деп, ырларын сүйүп окуур элем. Сыйлыкты тапшырып жатышкандар: “Бул силер үчүн сыйлык жана эң чоң жоопкерчилик. Окурмандар ырларыңарды мурда жөн гана окуп койсо, мындан ары ырларыңарды сындап, талдап-таразалап окуп калышат” деп айтышты. Мындан бир аз убакыт илгерирээк жаш акын Акбар Кубанычбеков экөөбүз жазуучулар союзуна мүчө болуп, төш белги тагындык. Ушуну менен адабиятка, кенен арыш таштап, дем күч менен кирип келгендей болдук. Мындай жакшылыктарга жетүүмө Анатай агай менен Бактыгүл эжелердин салымы чоң болду.

 

Сын-пикир адамды өстүрүп же чөктүрүп жибериши мүмкүн

Улам китеп чыгарып, элдин көзүнө көрүнгөндөн кийин, сенин артыңда келе жаткан жаштар да изденип аракет кыла баштайт экен. “Нурборбор” аттуу чыгармачыл клубубуз бар. Ал жерде ар бир акындын ырлары сынга коюлуп, сын-пикирлерди угуп турасың. Бирок, бул сын пикир кээ бир адамды өстүрүп, кээ бир адамды чөктүрүп да жибериши мүмкүн. Ошондуктан баарыбыз сынды туура кабыл алганга аракет кылабыз. Ошол эле учурда сынды чындап айткан, ичи тарлык кылып айткандар да болбой койбойт.

 

Максатты масштабдуу койгула

Адамдардын ичинен суурулуп чыгууда же бир ийгиликке жетүү үчүн биринчи өзүнө болгон ишеним керек. Андан кийин сени колдоп турган адамдар, ишенимдүү достор да маанилүү роль ойнойт. “Алма быш, оозума түш” деп жата бербей, изденүү, аракет кылуу керек. Азыр өзүң аракет кылбасаң, сен үчүн эч ким аракет кылбай турган заман. “Максат коёрдо чүнчүңдөбөй, масштабдуу максат койгула”, – деп агайыбыз айтып калчу. Ошондуктан мен дагы Кудай буюрса “Эл акыны” болом деп жакшы ой максаттар менен бирге жашап келем.

Түйүлгөн кабагымдан күн коркуп түнөрчүдөй,
Тагдырдын дөңсөөлөрү таманда түзөлчүдөй.
Толкундай артка кайтпас, жалтантат анык сүрүм,
Тоолорду тамырынан бошотуп жиберчүдөй.

 

Калем менен безге сайып жазып калабыз

Акыркы убактарда саясий ырларды да көп жаздым. Чоңойгондо аким болом деген жаным, кийин бой жетип, ал жакты көрүп, түшүнгөндөн кийин, азыр такыр жологум келбейт. “Сөөмөй менен көзгө сайып, калемдин учу менен безге сайып” деген чоңдорубузга арнап жазылган ырлар да бар. Бул чындыктарды өзүбүз айтпагандан кийин, бизге башкалар келип айтып берет беле? “Кыйын күндө келбесе, жакыныңдан не пайда.Чындык сөзүн айтпаса, акыныңдан не пайда” деген сыяктуу, колдон келишинче ачуу чындыктарды таамай жазганга аракет кылып жүргөн учурубуз.

 

Намыстанып, жүрөгүң ыйлап чыккан учурлар болот

Азыр элге аралашып, кимдин ким экенин да билип калдык. Кээ бир чоңдорубуз ыр окуп жатсаң, телефонун чукуп же сүйлөшүп сыртка чыгып кетишет. Аны көрүп, маанай түшүп, намыстанып, жүрөгүң ыйлап чыккан учулар болот. Аларга сенин адабиятыңдын кереги жок экендигин байкасаң болот. Байлык топтосо, анан өзүнө жараша байлар менен мамиле кылып, бир-бири-бирине кошомат кылып жашоо кечирүүнү жакшы көрүшөт экен. Чоңдордун беш алтоосу эле биригип, маданиятты гүлдөтүп койсо болот эле. “Байлардын байлыгында кедейлердин да үлүшү бар” деген сөз бар эмеспи. Чоңдорго эч жүрөгүм жылыбай келет. Мындан кийинки келечегибиз кандай болот? Аны эми көрө жатарбыз.

Эгер биз улут бойдон сакталып калгыбыз келсе, ар бирибиз мекенибиздин келечегин ойлоп, алдыга гана умтулуп, жакшы иштерге себепчи болуп жүрсөк экен деп тилеймин. Адам болгондон кийин, Кудай сага акыл бергенден кийин, эмне үчүн бирөөнүн куралы болушуң керек. Өзүң ийгилик жарат, өзүң аракет кыл, өзүң умтул. Жаштар бирөөнүн куралы болбой, өз алдынча ийгилик жаратып, Кыргызстанга бир чырпык болсо да сайып, мекенибизге пайда алып келишине тилектешмин. Жалпы эле кыргыз элиме келе жаткан жылда көп жакшылык каалайм. Ар бир үйдө ырыскы уяласын! Эч качан акчанын кулу болбойлу. Жүрөгүбүздөгү аруу сезимдер өчпөсүн. Жараткан ушул аруу тилектерибизди кабыл кылсын!

Жаңы жан дүйнө

Жаңы жылдын көөдөндө жарасы бар,
Шампан, вино, аракка канасыңар.
Кырчын кези бир күндүк курал болуп,
Кыйылышат миңдеген балатылар.

Кытайлардын салютун жаркылдатып,
Кулак мээни тундуруп тарсылдатып.
Мына ушундай ысырап керек беле,
Араң жүргөн элиме там-туң басып.

Биз бириксек бак-таалай конот эле,
Ортобузга ырыскы да толот эле.
Жыл жаңырат, жылда эле жыл жаңырат,
Жан дүйнөнү жаңыртсак болот эле.

 

kubat_tukeshov

Кубат Тукешов: “Түрдүү обон менен чыксакпы деп жатабыз”

Биз төкмө акындардын баары эле “Токтогул” атабыздын мектебинен чыкканбыз деп да айтсак болот. Төкмөлүк өнөр пайда болгондон баштап, ушул күнгө чейин муундан-муунга өтүп келе жаткан өнөр. Азыр төкмөлүк өнөрдө баарыбыз бир эле обонго салып ырдап келе жаткандайбыз. Жаңы жылдан кийин өз алдынча обон менен чыксакпы деп жатабыз.

 

Талант – шык менен кызыгуунун ортосунда

“Ар бир кыргыздын үйүндө төрдө комуз илинип туруш керек”, – деп атам көп айтып калат. Биздин үйдө ар дайым төрдө комуз илинип турар эле. Ошол комузду көрүп чоңойгонумданбы, айтор, 6-класстан комузга кызыгып, комуз черткенди үйрөнө баштадым. Талант деген нерсе шык менен кызыгуунун ортосундагы нерсе экен. Эгер балада шык, кызыгуу болсо, анда ал бул өнөрдү алып кете алат.

 

Жаш төкмө акындар бизди кубантат

Бул өнөрдө чоң акындарыбыздын катарын жаш акындарыбыз толуктаганы бизди аябай кубандырат. Аларды колдоп, жаштардын арасында гана айтыштарды уюштуруп, сыйлыктар жалаң жаштарга берилген жакшы жыл болду. Андан тышкары, “Жумамүдүн Шералиев атабыздын айтышы”, “Ысык – Көл Манасчылардын бешиги”, “Токтогулдун 150 жылдыгына карата” деген аталыштагы айтыштар өттү. Жакында эле “Жаш таңдай” деп өзүбүз эч кимден тыйын сурабай, өз күчүбүз менен айтыш өткөрдүк. Өзгөчө бул жылда кытайлык кыргыздардын, биздин сапка келип кошулуп, ийгилик жаратканы жакшы болду.

 

Ырдатыш үчүн ырдайбыз

“Айтыш – жеңүү, же жеңилип калуу эмес, бул бир улуу баарлашуу” деп устаттарыбыз айтып калат. “Жашаш үчүн жашабай, башкаларды жашатыш үчүн жашайлы” деген сыяктуу, мен да “ырдаш үчүн ырдабай, ырдатыш үчүн ырдаймын” деген принцип менен өнөр көчүн улагым келет.

Өтүп бара жаткан жыл өнөр адамдары үчүн, жалпы эле элибиз үчүн берекелүү жылдардан болду. Келе жаткан 2016-жыл дагы куттуу жылдардан болсун. Эң негизгиси элибиз тынч, ынтымакта жашасын! Элибиздин жан дүйнөсү намазга, илимге, билимге, китепке ток болсун! “Чырыбыз менен эмес, ырыбыз менен, согушубуз менен эмес, комузубуз менен” элибизди тааныткандардан болуп жүрө берели.

Талгат Деркембаев, «Саресеп», 06.01.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.