Арстанбек Буйлаш уулу

Арстанбектин өмүрү, чыгармачылыгы кыргыз элинин тагдыр чечүүчү учуруна туш болгон. Ар бир уруу өз бетинче жүргөн кезде, мамлекеттүүлүк идеясы бышып жетилсе дагы мамлекеттүүлүктү тикелей албай турган учурда Кытай, Кокон, Орусия мамлекеттеринин кайсы биринин тегирменинде элдүүлүгүбүздү сактап калабыз деген коркунуч коомдун алдыңкы адамдарынын оюнда бар эле.

Бугулар Арстанбекти хан тоскондой тосуп алышкан

Кыргыздын ак таңдай, көрөгөч, аналитикалык туюму күчтүү акындарынын бири Арстанбек Буйлаш уулу Ысык-Көлдүн сыртында бугунун тынымсейитин бийлеген Буйлаштын үй-бүлөсүндө 1824-жылы туулган. Кыска өмүрүндө маанилүү жашап өткөн. Энеси Төрөкан Буйлаштын салбар аялы болгон. Уруучулук коомдо кыргыздын аттуу-баштуу, малдуу-жандуу адамдардын байлыгына, кадырына карап, көп аял алууну эл терс көрүнүш катары санаган эмес. Арстанбектин балалык курагы көбүнесе айылдын четинде жокчулукта өтөт. Ошол себептүү анын чыгармачылыгында турмуштун нагыз ачуу чындыгы, диалектикалык категориялары таасын чагылдырылган. Энесинин социалдык абалына байланыштуу Арстанбек байбиченин балдарына тең ата боло албай, атасынын назарына көп илинбей, балалыгы мал артында өтөт. Жерден боорун күтөргөнү, өспүрүм курагынан кашкөй мүнөзгө ээ болот. 16 жашынан тартып жүрүм-туруму, чыгармачылыгы менен элге тааныла баштайт. Кыргыздар оруска кошула элек кезинде Кокон хандыгына алым берип турган. Кыргыздарды кыңк дедирбей башкарып, таасирин арттыруу максатында ордодогулардын кыргыз төбөлдөрүнөн жылына “ак үйлүүгө алмай” адаты бар эле. Ак үйлүү деген сөз барымтага алуу деген маанини берет. Ушундай жол менен кокондуктар өздөрүнө караган элди оңой башкарышкан. Бул жолкусунда бугунун мыктыларына кошулуп, Буйлаш да кеткен эле. Буйлаштардын кеткенине жыл айланганда Арстанбек атасынын артынан “Кайдасың Кокон, Анжиян?” деп издеп барат. Сөз өнөрүнүн күчү менен атасын жана бугунун мыктыларын бошоттуруп, Фергана өрөөнүндө сөз кадырын билген Алымбек датканы жандап, көптөгөн ырчы, комузчулар, чечендер, илимдүү адамдар менен беттешип, аларды татыктуу жеңгендиги белгилүү. Алымбек датканын сый-урматына арзып, киндик каны тамган жерге залкар чыгармачыл инсан болуп кайтып келген. Эл-журтуна аман-эсен жеткенде бугулар Арстанбекти ханды тоскондой тосуп алышкан экен.

Арстанбек бабабыздын өнөр мурасын жыйноо иштерин Каюм Мифтаков баштаган. Ал 1920-жылдары эл арасынан чогултуп, Улуттук Илимдер Академиясынын Кол жазмалар фондуна өткөрүп берген.

 

“Тар заман” доор алмашуунун туундусу

Арстанбектин чыгармачылыгында замана темасынын өзгөчө орду байкалат. Айрыкча “Тар заман” деген аталыштагы кара ыр түрүндө сабалап айткан чыгармасынын жанрдык өзгөчөлүгү бар. Чыгарманын тарбиялык, тарыхый мааниси зор. “Тар заман” Арстанбектин замандын оош-кыйышын, элдин келечеги кандай болот деген сыяктуу коомдук, социалдык көйгөйлөрүн козгогон ой жүгүртүү формасындагы чыгармасы десек болот. Арстанбектин чыгармачылыгы падышалык бийликтин кыргыз жергесине орногон учурунда апогейине жеткен. Жаңы турмуш, орус-кыргыздын аралашып жашоосу сезимтал жан дүйнөсүнө бүлүк салып, эртеңки келечек, урпак-муундун көргөн күнү кандай болот деген ой-жорумдар чыгармачылыгындагы борбордук маселеге айланган. Орустардын баскынчы саясатынан чочулаган. Кыргыздарга орустардын келишин акыр замандын белгиси катары түшүнгөн.

Өңү сары, көзү көк,
Орус келе жатыры.
Узун ч
өптүн баарысын,
Оруп келе жатыры.
Кыска ч
өптүн баарысын,
Коруп келе жатыры.
Заманы
ң келди жакындап,
Тайган иттей такымдап
– деп, орустардын келиши менен кыргыз турмушунда кандайдыр бир өзгөрүү болорун сезип, ырга салган. Окумуштуу Батма Кебекова “Арстанбек” деген илимий эмгегинде: “Тар заман” – ырчынын турмуштук жана социалдык көз караштарынын жыйындысы, акындын өз заманы тууралуу позициясы” деп белгилеп кеткен. “Тар заманды” ырдаганда элдин муун-жүүнү бошоп, буркурап токтоно албай ыйлашкан экен. Орус бийлигине ыктаган бий-болуштар Арстанбектин тилин кесүүгө да аракет кылгандыгы тууралуу айтылып жүрөт. Мындай учурлар тарыхта көп эле болгонун билебиз. Легендарлуу Токтогул ырчынын, Толубай сынчынын тагдырлары буга далил. Ырдабай тилин тартып жүрсүн деп, бий-болуштар кийинки эле Калык Акиевдин кызыл өңгөчүн табылгы камчынын сабын отко кызытып туруп, кырып салганы белгилүү эмеспи.

Журтта ургаачы көбөйүп,
Бой азаят деч
ү эле.
Бойго жеткен кыздардын,
Баштагыдай к
өркү жок,
Той азаят деч
ү эле.
Зайып чыгып жыйынга,
Элечегин булгалап,
Чечен болот деч
ү эле.
Ушул кийинкинин баарысы,
Бечел болот деч
ү эле.
Шум жалгандын белгиси,
Карагайдын та
ңында,
Элик болду элибиз.
Каптаган тузду к
өтөргөн,
К
өлүк болду элибиз.
Башка чапса, былк этпес,
Өлүк болду элибиз – деп, кыргыздардын орустарга карата эч бир баш көтөрө албай калган абалына жаны кейиген. Баш көтөргөн кыргыздын Балбай баатырынын, казактардын Шоорук баатырынын көзүн тазалагандыгы тууралуу:

Бул орусту карасаң,
Ченчи салып жерди алды,
Бээден туулган керди алды.
Карды салык байды алды,
Кача турган жайды алды.
Качканы
ң кайда кутулду,
Туурадан салды тозокту,
Кармап алды Кулжадан,
Балбай менен Шоорукту!
Сууга чыккан жекендей,
Орус келсе, сыйлайсы
ң
Ак сакалдуу аке
ңдей.
Илгерки кары калыптыр
Сууга т
үшкөн текедей.
Бул орусту караса
ң,
Суу-сууга салды бекетти,
Болуштарды караса
ң,
Катынындай кекетти.
– деп, “Тар заманда” баса белгилеп өткөн.

 

Арстанбек – айтыш өнөрүнүн чебери

Анын казак акындары Каңтарбай жана Сүйүнбай менен айтышканы белгилүү. Ошондой эле өзүнүн акындык мектеби болгон. Көл башында калың бугудан чыккан Солтобай, тынымсейит Көкөтөй чечен, аксылык Жеңижокту Арстанбектин шакирттери деп атаганга толук негиз бар. Өз заманында Арстанбек атабыз чыгармачыл көрөңгөсү бар адамдарды жанында топтоп, аларга үлгү болгон. Ал арман, кошок, терме, санат-насыят, керээз сыяктуу чыгармаларды жаратып, чебер аткара алган импровизатор, музыкалык туюму күчтүү болгондуктан, ар бир чыгармасын ийине жеткире аткара алган чебер аткаруучу, виртоуз комузчу, талантуу композитор болгон эле деп эскерип жүрүшөт. 500дөн ашык күүнү комуз менен аткара билген. Анын жарымы Арстанбектин жеке өзүнө тиешелүү деп айтылып келет. “Арстанбектин арман күү”, “Кербез”, “Солтон сары”, “Кет бука”, “Ат чубатар ботой” аттуу залкар күүлөрү чоң комузчулардын аткаруусунда жаңырып келген. Акылы зирек, кайраттуу, көп нерседен кабардар болгондугу, билимдүүлүгү ырларынан автопортрет болуп көрүнүп турат. Өз учурундагы жана өзүнөн кийин келген айтыш өнөрүнүн өкүлдөрүнө укмуштуудай таасир берген. Буга мисал катары Жеңижоктун Аксыдан бери ат арытып келип, Арстанбектин батасын алып кетиши, ыр төгүү жагынан алдына адам салбаган феномени анын атын да кылымдарга өчпөй тургандай кылып кеткен. Көп акындар Арстанбекти пир тутушкан. Баскан-турганы, жасаган иш-аракети аны насили манап экенине карабай турмушту терең түшүнүп, байлык, кедейлик деген эмне экендигин чечмелеп, ага баа бере алгандыгын өз учурундагы эң бийик гуманизм деп эсептесек да болот. Акындын кызыктуу өмүрүнүн бир үзүмүн Актан Тыныбековдун Көкөтөй чечен тууралуу эскерүүлөрүнөн тапсаңыздар болот.

Гезитибиздин мурдагы сандарында айтып кеткенибиздей, Арстанбектин чыгармалары эскичил катары сындалып, атайын илимий изилдөөлөргө алынбай, тактап айтканда, соцреализмдин цензурасынан өтпөй калган. 90-жылдардын желаргысы менен гана залкар ырчынын мурастарына кайрылуу колго алына баштады. Арстанбек атабыздын ар кыл жанрдагы көптөгөн ырлары, күүлөрү биздин күндөргө элибиздин жалпы сабатсыздыгынын айынан жетпей калды. Залкар акындын легендарлуу өмүрүнө, бизге жеткен мурастарына суктанып гана тим болосуң! Арстанбектин өнөр көчү ушул күндөрдө дагы уланып келе жаткандай туюлат.

Арстанбектин ал саптарынан үзүндү

Баш ырыскы, мал дөөлөт,
Бар болгону
ң зор дөөлөт.
Тиш ырыскы тил д
өөлөт,
Тир
үүлүгүң зор дөөлөт.
Баш барда келет тууганы
ң,
Баш жаздыктан тайган со
ң,
Баары калат жыйганы
ң.
К
өз барда келет тууганың,
К
өз жумулуп кеткен соң,
Баары калат жыйганы
ң.
Кеткенден кийин келмек жок,
Бир жаны
ңа эрмек жок.
Баргандан кийин кайтмак жок,
Калганга дубай айтмак жок.
Кабары
ң күнгө жетсе да,
Жылдызды колу
ң серпсе да,
Жараткандын д
үйнөсү,
Б
үт колундан өтсө да,
Эл менен сен бийиксин,
Элден чыкса
ң кийиксиң.

Талгат Деркембаев, «Саресеп», 26.10.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.